Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба «сурагандарга ыйык рухту берет»

Жахаба «сурагандарга ыйык рухту берет»

Жахаба «сурагандарга ыйык рухту берет»

«Силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берери анык» (Лука 11:13).

1. Ыйык рухтун жардамына өзгөчө кандай учурларда муктажбыз?

«МЕН бул кыйынчылыкты өз күчүм менен көтөрө албайм. Ыйык рухтун жардамы менен гана көтөрө аларым анык». Сенде да ушундай сезимдер болду беле? Андай ой-сезимдер Ыйсанын жолдоочуларынын көбүнө тааныш. Балким, сен да катуу оорууга чалдыкканыңды билгенде же өмүрлүк жарыңдан айрылганда, же болбосо бир кездердеги жайдары маанайың депрессиянын айынан өзгөргөндө ушинтип ойлогондурсуң. Жашооңдогу ушул сыяктуу оор күндөрдө Жахаба ыйык руху аркылуу «кудуреттүү күч» бергендиктен гана туруштук бере алгам деп эсептейттирсиң (2 Корунттуктарга 4:7—9; Забур 39:2, 3).

2. а) Ыйсанын жолдоочулары кандай кыйынчылыктарга кабылууда? б) Бул макалада кайсы суроолор каралат?

2 Ыйсанын жолдоочулары катары биз азыркы бузулган дүйнө тарабынан катуу кысымга жана каршылыктарга дуушар болобуз (1 Жакан 5:19). Андан сырткары, Шайтан Ибилис да Ыйсанын жолдоочуларына кол салып, «Кудайдын осуяттарын аткарган, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүнө ээ» болгон адамдарга каршы аёосуз согуш жүргүзүп келет (Аян 12:12, 17). Ошондуктан биз, албетте, Кудайдын рухунун жардамына азыр айрыкча муктажбыз. Анда Кудайдын ыйык рухун мындан ары да мол алуу үчүн эмне кылышыбыз керек? Кыйынчылыктарга кабылганда Жахабанын бизге күч берүүнү абдан каалаарына эмне үчүн ишене алабыз? Бул суроолордун жообун Ыйсанын эки көрсөтмөлүү мисалынан табабыз.

Кайра-кайра тиленүү

3, 4. Ыйса кандай мисал айтып берген жана анын тиленүү менен кандай байланышы бар?

3 Бир жолу Ыйсанын окуучуларынын бири: «Теңир... бизге да сыйынууну үйрөтчү»,— деп суранган (Лука 11:1). Ыйса жооп катары шакирттерине бири-бири менен байланышкан эки көрсөтмөлүү мисал келтирген. Биринчиси — үйүнө конок келген адам, экинчиси — уулунун сураганын берген ата тууралуу мисал. Келгиле, ошол мисалдарды карап чыгалы.

4 Ыйса мындай деген: «Силердин араңардан бирөөнүн досу бар деп коёлу. Ал түн ортосунда досуна барып: „Досум, мага карызга үч нан бере турчу. Анткени алыстан досум келиптир, ага бере турган эч нерсем жок эле“,— десе, ичкериден: „Менин тынчымды албачы, эшик бекитилүү, өзүм да, балдарым да жатып алдык. Тура да албайм, сага бир нерсе бере да албайм“,— деп жооп берет. Силерге айтып коёюн, эгерде ал ага дос болгону үчүн ордунан туруп нан бербесе да, анын тажаткандыгынан улам туруп, канча сураса, ошончо берет». Ыйса бул мисалдын тиленүүгө кандай байланышы бар экенин көрсөтүп, мындай деген: «Ошондуктан Менин силерге айтарым: Сурагыла, ошондо силерге берилет; издегиле, ошондо табасыңар; тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат. Анткени сураган адам алат, издеген адам табат, тыкылдаткан адамга эшик ачылат» (Лука 11:5—10).

5. Тиленүү жөнүндө биринчи мисалдан эмнени билебиз?

5 Тажаткан дос жөнүндөгү бул көрсөтмөлүү мисалдан кантип тиленүү керектиги айкын көрүнүп турат. Байкасаңар, Ыйсанын айтымында, ал киши көздөгөнүнө «тажаткандыгынан улам» жеткен (Лука 11:8). «Тажатуу» деген сөз Ыйык Китептин түпнускасында бир эле жолу кездешет. Бул сөз түзмө-түз «уялбастык» деген маанини берген грек сөзүнөн которулган. Көбүнчө ал терс мааниде колдонулат. Бирок уялбастык менен тажатуу зарыл учурда көрсөтүлсө, жакшы сапат катары каралат. Үйүнө конок келген адамдын мисалында ал сапат дал ошондой мааниде айтылган. Ал киши керектүү нерсесин досунун жанын койбой сурай берүүдөн эч уялган эмес. Ыйса аны үлгү катары келтиргендиктен, биз да кайра-кайра тиленишибиз керек. Жахаба Кудай да биздин үзгүлтүксүз сурашыбызды, издешибизди жана тыкылдатышыбызды каалайт. Ошондо «сурагандарга Ыйык Рухун берет».

6. Ыйсанын күндөрүндө меймандостукка кандай карашкан?

6 Ыйса «тажатып» же талыкпай тиленүү керектигин эле эмес, эмне себептен ошентип тиленүү маанилүү экенин да көрсөткөн. Муну жакшы түшүнүү үчүн, Ыйсанын мисалын ошол кезде угуп тургандар меймандостукка кандай карашканын талдап чыгышыбыз керек. Байыркы убакта, Ыйык Китепте айтылгандай, конок тосууга олуттуу маани берилген. Бул, өзгөчө, Кудайдын кызматчылары үчүн чоң парыз болгон (Башталыш 18:2—5; Эврейлерге 13:2). Меймандарга сый көрсөтпөө уят катары эсептелген (Лука 7:36—38, 44—46). Ушуну эске алуу менен, келгиле, Ыйсанын мисалын дагы бир сыйра карап чыгалы.

7. Ыйсанын мисалындагы үй ээси эмне үчүн досунун уйкусун бузууга батынган?

7 Көрсөтмөлүү мисалдагы үй ээсине түн ортосунда конок келип калат. Мейманына даам ооз тийгизейин десе, «бере турган эч нерсеси жок» болуп чыгат. Мындай жагдайда калуу ал үчүн абдан уят иш эле. Эмнеси болсо да нан таап келиши керек болчу. Ошондуктан ал досуна барып, уйкусун бузууга батынат. «Досум, мага карызга үч нан бере турчу»,— деп эшиктен кыйкырат. Ал керектүүсүн алмайын, көшөрүп сурап туруп алат. Себеби нан алгандан кийин гана коногун тийиштүү түрдө тосо алмак.

Канчалык муктаж болсоң, ошончолук көп тилен

8. Ыйык рухту туруктуулук менен сурап тиленүүгө эмне түрткү берет?

8 Биз эмне себептен кайра-кайра тиленишибиз керек? Көрсөтмөлүү мисалдагы үй ээсинин көзкарашы боюнча, кожоюндук милдетин аткаруу үчүн ага нан сөзсүз керек болгон. Ошондуктан ал сураганын токтоткон эмес (Ышайа 58:5—7). Ошо сыяктуу эле, Кудайга кызмат кылуу үчүн биз ыйык рухка абдан муктаж экенибизди түшүнүп, анын рухун сурап тиленүүнү токтотпойбуз (Захария 4:6). Ыйык рухсуз биз кызматыбызды аткара албайбыз (Матай 26:41). Мисалда кандай маанилүү корутунду камтылганын байкадыңарбы? Кудайдын руху өтө зарыл экенин аңдасак, биз аны талыкпай сураарыбыз шексиз.

9, 10. а) Эмне үчүн ыйык рухту сурай беришибиз керектигин мисал менен түшүндүр. б) Өзүбүзгө кандай суроо беришибиз керек жана эмне үчүн?

9 Бул мисалды азыркы жашоого ылайыкташтырып көрөлү. Үйүңдөгүлөрдөн бирөө түн жарымда ооруп калды дейли. Жардам сурап кайсы бир доктурду ойготот белең? Эгерде бир аз гана сыркоолоп жатса, тынчын албайын дешиң мүмкүн. Бирок жакының жүрөгүнөн инфаркт болсо, доктурду чакыруудан уялат белең? Жок. Эмне үчүн? Анткени жагдай өтө кооптуу болгондуктан, создуктуруу туура эмес болмок. Андайда туура жардам көрсөтө билген адиске кайрылуу абдан зарыл экени белгилүү. Жардам сурабай коюу өлүмгө алып келиши ыктымал. Ошо сыяктуу эле, Кудайдын кызматчылары да күн сайын кооптуу жагдайга кабылышат. Себеби Шайтан «айкырган арстан» сыяктуу бизди жутуп жиберүүгө умтулууда (1 Петир 5:8). Ошондуктан рухий жактан сергек бойдон калуу үчүн Кудайдын ыйык руху абдан зарыл. Кудайдан жардам сурабай койсок, зыян тартышыбыз мүмкүн. Андыктан биз талыкпастан Кудайдын рухун сурап тиленебиз (Эфестиктерге 3:14—16). Ушундай кылуу менен гана «акырына чейин чыдоого» күчүбүз жетет (Матай 10:22; 24:13).

10 Ошон үчүн маал-маалы менен өзүбүздөн: «Мен канчалык туруктуулук менен тиленем?» — деп сурап, ой жүгүртүп көргөнүбүз өтө маанилүү. Биз толугу менен Кудайдын жардамына муктаж экенибизди сезсек, ыйык рух сурап тиленүүдөн талыкпайбыз.

Шектенбей тиленүүгө эмне түрткү берет?

11. Ыйса атасы менен баласы жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалды тиленүү менен кандайча байланыштырган?

11 Ыйсанын тажаткан дос тууралуу көрсөтмөлүү мисалында адамдын Кудайга кантип тилениши керектиги баса белгиленет. Кийинки мисалда болсо тиленүүлөрдү уккан Жахаба Кудайдын мамилеси көрсөтүлөт. Ыйса мындай деп сураган: «Араңарда кандай ата баласы нан сураса, таш берсин? Же балык сураса, жылан берсин? Же жумуртка сураса, чаян берсин?» Анан Ыйса мындай деген: «Демек, силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берери анык» (Лука 11:11—13).

12. Баласынын өтүнүчүн аткарган ата тууралуу мисал Жахабанын жооп берүүгө даяр экенин кандайча көрсөтөт?

12 Баласынын өтүнүчүн аткарган ата жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисал менен Ыйса Жахабанын тиленгендерге кандай мамиле кыларын ачып берген (Лука 10:22). Адегенде эки мисалдын айырмасына көңүл буралы. Биринчи мисалдагы тажаганынан эле жардам берген адамдан айырмаланып, Жахаба балдарынын муктаждыктарын канааттандырууну каалаган камкор атага салыштырылат (Забур 49:15). Андан сырткары, Ыйса асмандагы Атабыздын жердеги аталардан кыйла айырмаланарын баса белгилеген. Ыйса айткандай, жердеги аталар тукум кууп өткөн күнөөнүн айынан «жаман болуп туруп» балдарына жакшы белек бере алса, анда айкөл Атабыз кызматчыларына ыйык рухун ого бетер даярдуулук менен бербейби?! (Жакып 1:17).

13. Жахабага тиленгенде эмнеден шектенбесек болот?

13 Биз мындан кандай сабак ала алабыз? Асмандагы Атабызга ыйык рух сурап тиленгенде, анын суранычыбызды аткарууга даяр экенине шектенбесек болот (1 Жакан 5:14). Кайра-кайра тилене берсек да, Жахаба эч качан: «Менин тынчымды албачы, эшик бекитилүү»,— дебейт (Лука 11:7). Анын үстүнө, Ыйса: «Сурагыла, ошондо силерге берилет; издегиле, ошондо табасыңар; тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат»,— деп айтпады беле (Лука 11:9, 10). Ооба, Жахаба биз «чакырганда, үнүбүздү угат» (Забур 19:10; 144:18).

14. а) Кыйынчылыкка кабылгандарды кандай туура эмес ой кыйнашы мүмкүн? б) Сыноолордо эмне үчүн Жахабага бекем ишеним менен тиленсек болот?

14 Ошондой эле Ыйсанын камкор ата тууралуу мисалында Жахабанын боорукердиги адам баласынын боорукердигинен алда канча күчтүү экени көрсөтүлөт. Андыктан эч кимибиз Жахаба мага нааразы болгондуктан кыйынчылык тартып жатам деп ойлобошубуз керек. Ошондой ойдо болушубузду башкы душманыбыз Шайтан каалайт (Аюб 4:1, 7, 8; Жакан 8:44). Антип өзүбүздү жемелөөгө ыйык китептик негиз да жок. Себеби Жахаба бизди «жамандыкка... азгырбайт» (Жакып 1:13). Кудай бизге «жылан» же «чаян» сыяктуу сыноолорду жибербейт, ал «сурагандарга жакшы нерсени» гана берет (Матай 7:11; Лука 11:13). Чынында, Жахабанын кандай боорукер, жардам берүүгө даяр Кудай экенин терең түшүнгөн сайын, ага ошончолук бекем ишеним менен тиленүүгө түрткү алабыз. Ошондо биз да забурчудай болуп: «Кудай укту, менин жалынган үнүмө кулак салды»,— дейбиз (Забур 9:38; 65:19).

Ыйык рух — жардамчыбыз

15. а) Ыйса ыйык рухка байланыштуу кандай убада берген? б) Ыйык рух кандайча жардам берет?

15 Өлөрүнө аз калганда Ыйса шакирттерин ыйык рух берилерине дагы бир жолу ынандырып: «Мен Атамдан өтүнүп сурайм, Атам силерге башка Сооротуучуну [«жардамчыны», «ЖД»], чындык Рухун берет: Ал түбөлүк силер менен болот»,— деген (Жакан 14:16). Ошентип, Ыйса жардамчынын, тактап айтканда, ыйык рухтун анын жолдоочуларына келечекте да, биздин күндөрдө да берилерин убадалаган. Ыйык рухтун жардамы бизге кандай жолдор менен көрсөтүлөт? Мисалы, анын жардамы менен биз ар кандай сыноолорду көтөрө алабыз. Кандайча? Башынан көп кыйынчылыктарды өткөргөн элчи Пабыл Корунттагы Ыйсанын жолдоочуларына жазган катында Кудайдын рухунун ага кандай колдоо көрсөткөнүн айткан. Келгиле анда, анын жазгандарын кыскача карап чыгалы.

16. Биздин абалыбыз эмнеси менен Пабылдыкына окшош болушу ыктымал?

16 Биринчиден, Пабыл ишенимдештерине «денесинде тикенек» бар экенин же кандайдыр бир сыноо менен күрөшүп жатканын ачык айткан. Анан: «Менден аны четтетүүсүн өтүнүп, Теңирге [Жахабага] үч ирет сыйындым»,— деген (2 Корунттуктарга 12:7, 8). Пабыл Кудайдан ал кыйынчылыкты алып салууну суранса да, жагдайы өзгөргөн эмес. Балким, сенин да абалың ушундайдыр. Жахабадан бекем ишеним менен кайсы бир көйгөйдү четтетишин, Пабылга окшоп, кайра-кайра суранаттырсың. Бирок ал көйгөй чечиле электир. Бул Жахабанын тиленүүлөрүңдү укпай, анын руху жардам бербей жатканын билдиреби? Жок (Забур 9:22, 38). Себебин элчи Пабылдын андан аркы айткандарынан билебиз.

17. Жахаба Пабылдын тиленүүлөрүнө кантип жооп берген?

17 Пабылдын тиленүүлөрүнө жооп берип Кудай: «Сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот»,— деген. Пабыл болсо: «Ошондуктан Машайактын күчү менден орун алат [«үстүмө чатыр катары тартылат», «ЖД»] деп, өзүмдүн алсыздыгым менен артыгыраак мактанам»,— деп айткан (2 Корунттуктарга 12:9; Забур 146:5). Пабыл Машайак аркылуу Кудайдын күчтүү коргоосу чатырдай болуп жаап турганын сезген. Бүгүн Жахаба биздин тиленүүлөрүбүзгө ушул сыяктуу жооп берет. Ал өзүнүн кызматчыларын, үстүнө чатыр жапкан өңдүү, колдоп-коргоп келет.

18. Биз сыноолорду эмне себептен көтөрө алабыз?

18 Албетте, чатыр жамгырдын жаашын, шамалдын согушун токтотпосо да, кандайдыр бир деңгээлде алардан коргой алат. Ошо сыяктуу эле, «Машайактын күчүнүн» чатыры биз кабылган кыйынчылыктар менен кайгы-капалардын пайда болушун токтотуп койбойт. Анткен менен «Машайактын күчү» бизди бул дүйнөнүн зыяндуу таасиринен жана анын башкаруучусунун, Шайтандын, кол салуусунан рухий жактан коргойт (Аян 7:9, 15, 16). Андыктан сен «четтетилбеген» сыноо менен күрөшүп жатсаң, Жахаба кыйналып жатканыңды билерине жана «ыйыңдын үнүн угуп», жооп берерине ишенсең болот (Ышайа 30:19; 2 Корунттуктарга 1:3, 4). Пабыл: «Кудай ишенимдүү, Ал силердин көтөрө алгыс сыноо менен сыналышыңарга жол бербейт. Сыноону көтөрө алышыңар үчүн, сыноо учурунда чыгуу жолун да берет»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 10:13; Филипиликтерге 4:6, 7).

19. Эмне кылууга чечкиндүүбүз жана эмне себептен?

19 Ооба, азыр биз каардуу дүйнөнүн акыркы «оор күндөрүндө» жашап жатабыз (2 Тиметейге 3:1). Ошентсе да, Кудайдын кызматчылары үчүн бул убак күрөшө албай калгыдай оор эмес. Эмне үчүн? Себеби Жахаба андан талыкпай, шектенбей сурагандардын баарына даярдуулук, берешендик менен ыйык руху аркылуу жардамын жана коргоосун берип келет. Ошондуктан, келгиле, Кудайга күн сайын ыйык рух сурап тиленүүгө чечкиндүү бололу (Забур 33:7; 1 Жакан 5:14, 15).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кудайдын ыйык рухун алыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

• Жахабага ыйык рух сурап тиленгенде жооп берерине эмне үчүн ишенсек болот?

• Ыйык рух сыноолорго чыдоого кандайча жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Камкор ата жөнүндөгү мисалдан Жахаба тууралуу эмнени билебиз?