Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ийгиликке канткенде жете аласың?

Ийгиликке канткенде жете аласың?

Ийгиликке канткенде жете аласың?

АТА-ЭНЕ балдарынын жашоодо ийгиликке жетишин, бактылуу болушун каалайт. Анын сыңарындай, асмандагы Атабыз да биздин ийгиликке жетишибизди каалайт жана ошол үчүн кам көрөт. Кандайча? Ал Ыйык Китеп аркылуу ийгилик эмне экенин түшүндүрөт. Ыйык Китепте Кудайдын тилин алып жашаган адам тууралуу: «Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет»,— деп айтылат (Забур 1:3).

Кудайдын тилин алган адам, көптөр самаган ийгиликке жетип, бактылуу жана маңыздуу жашоо өткөрөт деп эмне үчүн ишенимдүү түрдө айтууга болот? Ыйык Жазманын Забур китебинде буга байланыштуу эмне айтылганын кененирээк талдап көрүү бул суроого жооп алууга жана канткенде ийгиликке жете аларыбызды түшүнүүгө жардам берет.

«Кудайсыздардын кеңешмеси»

Забурчу «кудайсыздардын кеңешмесине» баруунун кооптуулугун эскерткен (Забур 1:1). Кудайдан эң биринчи болуп Шайтан Ибилис баш тарткан. Жазмада ал «бул дүйнөнүн төрөсү» деп аталып, «бүт дүйнө амалкөйдүн [Шайтандын] бийлиги астында экени» айтылат (Жакан 16:11; 1 Жакан 5:19). Ошондуктан бул дүйнө сунуштаган нерселердин көбүндө Шайтандын ой жүгүртүүсү чагылдырылганы таң калыштуу эмес.

Кудайсыздар эмнени сунушташы мүмкүн? Адатта, алар Кудайды тоготушпайт (Забур 9:34). Бүгүнкү күндө Кудайдын көзкарашын эсепке албаган адамдардын таасири күчтүү. Азыркы коом «дене кумарына, көз кумарына жана турмуш-тиричиликтеги текебердикке» үндөйт (1 Жакан 2:16). Массалык маалымат каражаттары байлыкка умтулууга, «бир келген жашоонун ырахатын көрүүгө» чакырат. Дүйнө жүзү боюнча компаниялар жарнамаларына жыл сайын 500 миллиарддан ашуун доллар коротуп, товарларын элге кереги барбы, жокпу, сатып алууну таңуулашат. Албетте, мунун баары адамдардын материалдык нерселерге жана ийгиликке карата туура эмес көзкарашта болушуна таасир эткен.

Натыйжада көптөр мурун эңсегендерине жетсе да, андан да көбүрөөк нерселерге умтулуп, дүнүйөкор болуп калышкан. Ошондой эле андай нерселерсиз бактылуу болуу мүмкүн эмес деген ой кеңири таралган. Мындай ой жүгүртүү натуура, анткени ал «Атадан эмес, бул дүйнөнүкү» (1 Жакан 2:16).

Жаратканыбыз канткенде чындап ийгиликтүү боло аларыбызды билет. Анын кеңештери кудайсыздардын кеңештеринен кыйла айырмаланат. Андыктан Кудайдын батасына ээ болууну кааласак, бирок ийгиликке карата көзкарашыбыз бул дүйнөнүкүндөй болсо, бир учурда эки жол менен басууга аракеттенип жаткандай болуп калмакпыз. Албетте, андай кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла»,— деген эскертүү берилген (Римдиктерге 12:2).

Дүйнөнүн таасирине алдырба

Шайтандын таасири астындагы дүйнө сенин жыргалчылыгыңды көздөп жаткандай сезилет. Бирок сак болгонуң абзел. Шайтандын биринчи аялга, Обого, өз кызыкчылыгын көздөгөндүктөн жалган айтканын эстесең. Анан ал Обону колдонуп, Адамды Кудайга каршы күнөө кылууга түрткөн. Ошо сыяктуу эле, бүгүн да Шайтан өзүнүн арам ойлорун таңуулоо үчүн адамдарды колдонот.

Мурунку макалада айтылган Дейвидди мисалга алалы. Ага кошумча иштөөгө, көпчүлүк убактысын жумушуна байланыштуу иш сапар менен өткөрүүгө туура келген. Ал: «Үйүмөн дүйшөмбү күнү таң атпай кетип, бейшемби күнү кара күүгүмдө келчүмүн»,— дейт. Ийгиликке жетишин чын жүрөктөн каалаган достору, үйүндөгүлөрү жана чогуу иштешкендери, аны «үйбүлөсү үчүн» ушундай курмандыктарга барышы керектигине ынандырышчу. Алар: «Жок дегенде, бутуңа туруп алгыча, ушинтип иштей тур»,— дешчү. «Алардын ою боюнча, көбүрөөк акча тапканым үйбүлөмө жакшы болмок жана жашоодо ийгиликке жетмекмин. Досторум мени аялым, балдарым менен чогуу боло албасам да, алар үчүн көптү кылып жатканыма ишендиришчү»,— дейт Дейвид. Ооба, көптөр Дейвидке окшоп, жакындарын өздөрү зарыл деп эсептеген нерселер менен камсыз кылуу үчүн, кара жанды карч уруп иштешет. Бирок жогоруда айтылган сунуштар туурабы? Үйбүлө чынында эмнеге муктаж?

Дейвид үйбүлөсү чынында эмнеге муктаж экенин бир жолу иш сапарында жүргөндө түшүнгөн. «Кызым Анжелика экөөбүз телефон менен сүйлөшүп калганда, ал: „Ата, сен эмне үчүн биз менен болгуң келбейт?“ — деп сурады. Бул мага катуу таасир этти»,— дейт ал. Кызынын айтканы ага жумушун таштоого түрткү берген. Ошентип Дейвид үйбүлөсүнө алар чынында муктаж болгон нерсени — убактысын, сүйүүсүн, мээримин — «берүүнү» чечкен.

Кудайдын тилин алуу ийгиликке жеткирет

Дүйнөдөгү ийгиликке карата кеңири тараган туура эмес көзкарашка канткенде туруштук бере аласың? Забурчу ийгиликке жеткен, бактылуу адам жөнүндө: «Ал Кудайдын мыйзамынан кубаныч алат, Анын мыйзамы тууралуу күнү-түнү ойлонот»,— деп айткан (Забур 1:2).

Кудай Жашыяны Ысрайыл элине башчы кылып дайындаганда, өз Сөзүндө айтылгандар тууралуу: «Күнү-түнү ой жүгүрт»,— деген. Ооба, Кудай Сөзүн окуу жана ал тууралуу ой жүгүртүү абдан маанилүү болгон. Бирок Жашыя «анда жазылгандардын бардыгын так аткарышы» да керек эле. Албетте, Ыйык Китепти окуп коюунун өзү эле адамды ийгиликке жеткирбейт. Окугандарыңды иш жүзүндө да колдонушуң керек. Андыктан Жашыяга: «Ошондо сен өз жолдоруңда ийгиликке жетишесиң жана акылмандуулук менен иш кыласың»,— деп айтылган (Жашыя 1:8).

Мээримдүү атасынын тизесинде отурган баланын атасы менен чогуу жакшы көргөн аңгемесин окуп жатканын элестетсең. Ал экөө аны буга чейин канча жолу окубасын, мындай учурлар аларга өзгөчө кубаныч тартуулайт. Ошондой эле Кудайды чын жүрөгү менен сүйгөн адам Ыйык Китепти күнүгө окуудан — асмандагы Атасы менен бирге жагымдуу убакыт өткөрүүдөн — ырахат алат. Жахабанын берген кеңештерин угуп, анын жетекчилигине баш ийген адам «суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет» (Забур 1:3).

Забурчу сүрөттөгөн бак өзүнөн өзү эле өсүп калган эмес. Багбан аны суу боюна отургузуп, жакшы караган. Ошо сыңарындай эле, асмандагы Атабыз өзүнүн Сөзүндө камтылган кеңештери аркылуу ой жүгүртүүбүздү өзгөртүүгө, оңдоого жардам берет. Натыйжада биз гүлдөп, жакшы мөмө беребиз.

Ал эми «кудайсыздар андай эмес». Алар гүлдөп жаткандай көрүнгөнү менен, акыр-аягы «соолушат». Андай адамдар «сотто туруштук бере алышпайт», себеби «өз жолунда жок болушат» (Забур 1:4—6).

Андыктан көзкарашыңа, максаттарыңа дүйнөнүн таасир этишине жол бербе. Балким, бул дүйнөдө ийгиликке жеткире турган кандайдыр бир талантың, ал тургай, мүмкүнчүлүгүң бардыр. Анда аларды кантип колдонуп жатасың? Аларды колдонууда дүйнөнүн таасиринен сак бол. Байлыктын артынан сая түшүү адамдын «соолушуна» себеп болушу ыктымал. Ал эми Кудай менен жакшы мамиледе болгондор, чындап ийгиликке жетип, бактылуу болушат.

Канткенде ийгиликке жете аласың?

Эмне үчүн Кудайдын кеңештери боюнча иш кылган адам бардык нерседе ийгиликтүү боло алат? Забурчу бул дүйнөдөгү ийгилик жөнүндө сөз кылган эмес. Кудайдан корккон адамдын ийгиликке жетиши Кудайдын эркин аткаруудан көзкаранды, анткени Анын эрки ар дайым ийгиликтүү түрдө ишке ашат. Келгиле анда, ыйык китептик принциптерди колдонуу канткенде ийгиликке жеткирерин талдап көрөлү.

Үйбүлө. Ыйык Жазмада күйөөлөргө: «Аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек»,— деген кеңеш берилет. Ал эми аялдарга: «Күйөөсүн урматтасын»,— деп айтылат (Эфестиктерге 5:28, 33). Ата-энелер болсо балдары менен бирге убакыт өткөрүүгө, чогуу ойноп-күлүүгө жана аларды жашоодогу маанилүү нерселерге үйрөтүүгө үндөлөт (Мыйзам 6:6, 7; Насаатчы 3:4). Ошондой эле Кудай Сөзүндө ата-энелерге: «Балдарыңарды кыжырдантпагыла»,— делет. Эгер алар ушуга ылайык иш кылса, балдарына: «Ата-энеңерге баш ийгиле... Ата-энеңди сыйла»,— деген кеңешти колдонуу оңой болот (Эфестиктерге 6:1—4). Бул кеңештер боюнча жашоо үйбүлөнүн бактылуу болушуна өбөлгө түзөрү шексиз.

Достор. Бардык адамдар дос күтүүнү каалайт. Биз башкаларды сүйүүгө жөндөмдүүбүз жана өзүбүз да сүйүүгө муктажбыз. Ыйса жолдоочуларына: «Бири-бириңерди сүйгүлө»,— деп айткан (Жакан 13:34, 35). Ишенимдештерибиздин арасынан жакшы, атүгүл, жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ойлорубуз, сезимдерибиз менен бөлүшө ала турган ишеничтүү досторду тапсак болот (Накыл 18:24). Ыйык Китептеги принциптерге кармансак, эң негизгиси, «Кудайга жакындап» жана Ыбрайымга окшоп, «Кудайдын досу» боло алабыз (Жакып 2:23; 4:8).

Жашоонун маңызы. Чындап ийгиликке жеткендердин жашоосу максатсыз, маңызсыз болбойт. Алар азыркы оомалуу-төкмөлүү дүйнөгө таянышпайт. Максаттары жашоонун маңызына байланыштуу болгондуктан, алар узакка созулган чыныгы канааттануу алышат. Ал эми жашоонун маңызы эмнеде? Ыйык Китепте: «Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул адамга өтө керек»,— деп айтылат (Насаатчы 12:13).

Үмүт. Кудай менен дос болуу эң сонун келечекке үмүттөнүүгө негиз берет. Элчи Пабыл ишенимдештерин байлыкка эмес, «Кудайга таянууга» үндөгөн. Ошондой кылуу менен «алар түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, өздөрүнө келечек үчүн жакшы негиз боло турган кенч жыйнашмак» (1 Тиметейге 6:17—19). Ал түбөлүк өмүр жакында орной турган Кудайдын Падышалыгы жер бетине бейишти калыбына келтиргенде мүмкүн болот (Лука 23:43).

Бардык көйгөйлөрүңдү Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу менен чече албасаң да, Кудайга кызмат кылбагандар дуушар болгон көңүл кайттыктан, кайгы-кападан кача аласың. Жогоруда айтылган Дейвидке окшоп, миллиондогон адамдар ыйык китептик принциптерди колдонуу канчалык пайдалуу экенин баамдашкан. Дейвид өзүнө ыңгайлуу жумуш тапкан соң: «Азыр үйбүлөм менен эң сонун мамиледемин. Ошондой эле Жахаба Кудайга жыйналыштын аксакалы катары кызмат кылып жатканымды жогору баалайм»,— деген. Ооба, забурчунун Кудайдын кеңештерине ылайык жашаган адам жөнүндө: «Ал эмне иш кылбасын бардык ишинде ийгиликке жетишет»,— деп айтканы калетсиз.

[6-беттеги кутуча]

Ийгиликке жетүү үчүн беш кадам

1 Бул дүйнөнүн таасирине алдырба.

Забур 1:1; Римдиктерге 12:2.

2 Кудай Сөзүн күнүгө оку жана ал тууралуу ой жүгүрт.

Забур 1:2, 3.

3 Ыйык Китептеги кеңештерди колдон.

Жашыя 1:7—9.

4 Кудай менен дос бол.

Жакып 2:23; 4:8.

5 Чыныгы Кудайдан корк жана анын айткандарын аткар.

Насаатчы 12:13.

[8-беттеги сүрөт]

Ийгиликке жеткирүүчү кадамдарды жасап жатасыңбы?