Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ийгилик деп эмнени айтууга болот?

Ийгилик деп эмнени айтууга болот?

Ийгилик деп эмнени айтууга болот?

ЖЕССИ Ливермор Уолл-Стриттеги ири банктардын биринде иштечү. Ал акция сатуу боюнча эң мыкты ишкер катары таанылган. Натыйжада ал көп байлык топтогон. Жесси атайын тиктирилген кымбат кийимдерди кийчү, 29 бөлмөлүү заңгыраган үйдө жашап, Роллс-Ройс маркасындагы кара машине минип жүрчү. Анын жеке айдоочусу да бар эле.

Дейвиддин да жашоосу ушуга окшош эле *. Ал көркөм долбоорлоо боюнча ири фирманын вице-президенти болгон. Кийинчерээк компаниянын президенти да боло алмак. Анын аркасында ал байлыкка тунуп, кадыр-баркка жетмек. Бирок Дейвид президент болуудан баш тарткан. Ал: «Мындай мүмкүнчүлүк эми эч качан болбоорун билем»,— деген. Кандай деп ойлойсуң, Дейвид туура эмес чечим чыгарганбы?

Көптөр байлыкка, атак-даңкка жана көрүнүктүү абалга ээ болууну ийгилик деп эсептешет. Бирок майкөл-сүткөл жашоо өткөргөндөр деле өздөрүн бактылуу сезишпейт. Буга жогоруда айтылган Ливермор мисал боло алат. Сансыз байлыгына карабастан, ал жашоодон эч кандай канааттануу алган эмес. Нечен ирет көңүл кайттыкка учурап, өмүрү кайгы-муңга толуп, жашоосу маңызсыз болуп калган. Депрессиядан, үйбүлөсү урагандыктан, балдары менен болгон мамилеси сууп калганынан улам кыйналган. Ошентип ал бир күнү кымбат мейманкананын барында отуруп, жоготууларын ойлоп катуу кайгырат. Ичимдикке заказ бергенден кийин, сырты булгаары чөнтөк дептерин алып, аялына коштошуу катын жазат да, кийим чечкен караңгы бөлмөгө кирип, жашоосу менен кош айтышат.

Албетте, Ливермордун өлүмүнө сөзсүз эле байлык себеп болбошу мүмкүн. Ошентсе да аны менен болгон окуя Ыйык Китептеги: «Баюуну каалагандар... өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышат»,— деп айтылган сөздөрдүн калетсиздигин тастыктап турат (1 Тиметейге 6:9, 10).

Байлыкка, көрүнүктүү абалга, атак-даңкка ээ болууну ийгилик деп эсептегендер жаңылышып жатабы? Сен өзүңдү ийгиликке жеттим деп ойлойсуңбу? Эмне үчүн? Ийгилик деп эмнени эсептейсиң? Андай көзкарашыңа эмне таасир этүүдө? Эмки макалада миллиондогон адамдарга ийгиликке жетүүгө жардам берген пайдалуу кеңештер каралат. Анда эмесе, канткенде сен да жашооңдо ийгиликке жете аларыңды карап көрөлү.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.