Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кыйынчылыктарга туруштук бере аласың

Кыйынчылыктарга туруштук бере аласың

Кыйынчылыктарга туруштук бере аласың

АЗЫРКЫ оор убактарда көптөр башынан кыйынчылыктарды кечирип жатышат. Бирок Ыйсанын жолдоочуларына мындай кыйынчылыктарды көтөрүүгө Кудайга болгон сүйүү жана анын принциптерине кармануу жардам берет. Кандайча? Буга Ыйса Машайактын көрсөтмөлүү мисалынан жооп таба алабыз. Ал өзүнүн тил алчаак шакирттерин «үйүн таштын үстүнө курган акылдуу адамга» салыштырган. Ыйса: «Шамал согуп, жамгыр төгүп, өзөндөр ташып, ал үйдү каптады. Бирок үй кулаган жок, анткени ал үй таштын үстүнө курулган эле»,— деген (Матай 7:24, 25).

Көрсөтмөлүү мисалдагы киши акылдуу болсо да, нөшөрлөгөн жамгыр, ташкындаган суу жана катуу шамал менен сүрөттөлгөн кыйынчылыктарга дуушар болгонуна көңүл бурсаң. Ыйса шакирттери эч кандай кыйынчылыктарга кабылбайт жана бейпил, тынч жашоо өткөрөт деген эмес (Забур 33:20; Жакып 4:13—15). Бирок ал Кудайдын ишенимдүү кызматчылары оор кыйынчылыктарга даяр болуп, аларды жеңе алышарын айткан.

Ыйса көрсөтмөлүү мисалын: «Ким менин ушул сөздөрүмдү укса жана аткарса, ал үйүн таштын үстүнө курган акылдуу адамга окшош»,— деп баштаган. Ал кадимки үй куруу жөнүндө эмес, жашоого байланыштуу нерсе тууралуу айткан. Машайактын сөзүнө кулак каккандар кыраакылык жана акыл-эстүүлүк көрсөтөт. Алар үйрөнгөндөрүн жашоодо колдонушса, каалоо-ниеттерин жана иштерин Машайактын окутуулары болгон бекем таштын үстүнө курушат. Кызыктуусу, каймана маанидеги таш жердин бетине коюлган эмес. Мисалдагы киши пайдубалды тургузуш үчүн жерди «терең» казышы керек болгон (Лука 6:48). Анын сыңарындай, Ыйсанын шакирттери Кудайга жакындоого өбөлгө түзгөн жакшы сапаттарды өстүрүүгө көп күч жумшашат (Матай 5:5—7; 6:33).

Ыйсанын жолдоочуларынын «пайдубалынын» бекемдиги сыналганда эмне болот? Кыйынчылык учурунда, өзгөчө, жакында боло турган Армагедондо, Машайактын окутууларына даярдуулук менен тил алуу жана жакшы сапаттар алар үчүн күчтүн булагы болот (Матай 5:10—12; Аян 16:15, 16). Ооба, Машайактын окутууларына кармануу менен көптөр кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңип жатышат. Сен да жеңе аласың (1 Петир 2:21—23).