Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Майрам өткөрүп... кубан»

«Майрам өткөрүп... кубан»

«Майрам өткөрүп... кубан»

«Кудайыңа арнап... майрам өткөрүп... кубан» (МЫЙЗАМ 16:15, СК).

1. а) Шайтан кандай талаш маселелерди көтөргөн? б) Биринчи түгөйдүн козголоңунан кийин Жахаба эмнени алдын ала айткан?

ШАЙТАН Адам менен Обону Жаратканына каршы чыгууга түртүп, эки талаш маселе көтөргөн. Биринчисинде, Жахабанын башкаруу укугун туура колдонушуна шек туудурган. Экинчисинде, Шайтан адамдар Кудайга өз кызыкчылыгын гана көздөп кызмат кылат деп ырастаган. Бул маселе, кийинчерээк, Аюбдун убагында айкын болгон (Башталыш 3:1—6; Аюб 1:9, 10; 2:4, 5). Ошентсе да Жахаба биринчи түгөй Эйден багынан куулуп чыгарыла электе, бул талаш маселелер көтөрүлгөндө эле, аларды чечүүгө алдын ала чара көргөн. Ал «тукум» келерин, анын согончогу чагыларын жана ал Шайтандын башын биротоло жанчарын алдын ала айткан (Башталыш 3:15).

2. Жахаба Башталыш 3:15теги пайгамбарлыкты кантип аткарарын кандайча ачып берген?

2 Убакыттын өтүшү менен Жахаба ал пайгамбарлыкка байланыштуу көбүрөөк маалымат берген. Ошентип, ал толугу менен аткарыларын көрсөткөн. Мисалы, Кудай Ыбрайымга «тукум» анын урпактарынан чыгарын айткан (Башталыш 22:15—18). Ыбрайымдын небереси Жакып 12 уруудан турган Ысрайылдын атасы болгон. Б.з. чейин 1513-жылы ал уруулар өзүнчө эл болуп уюшулганда, Жахаба аларга мыйзамдар жыйнагын берген. Анда жыл сайын өткөрүлүүчү ар кандай майрамдар да бар эле. Элчи Пабыл ал майрамдар «келечектегинин көлөкөсү» экенин айткан (Колосалыктарга 2:16, 17; Эврейлерге 10:1). Майрамдар Жахабанын Тукумга байланыштуу ой-ниетинин аткарылышынын прообразы болгон. Ал майрамдарды өткөрүүдөн Ысрайыл эли чоң кубаныч алганы шексиз. Ошол майрамдарды кыскача карап чыгуу Жахабанын өз убадаларын аткарарына болгон ишенимибизди бекемдейт.

«Тукумдун» келиши

3. Убадаланган Тукум ким болгон жана анын согончогу кандайча чагылган?

3 Убадаланган Тукум — Ыйса — пайгамбарлык айтылгандан 4 000 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин келген (Галатиялыктарга 3:16). Ыйса жеткилең адам катары өмүрүнүн аягына чейин Кудайга берилгендигин сактап, Шайтандын ырастоолорун төгүнгө чыгарган. Ал күнөөсүз болгондуктан, анын өлүмү Адам менен Обонун ишенимдүү урпактарын күнөөдөн жана өлүмдөн куткара турган баалуу курмандык болгон. Ыйса кыйноо мамысында өлгөндө, анын — убадаланган Тукумдун — «согончогу чагылган» (Эврейлерге 9:11—14).

4. Эмне Ыйсанын курмандыгынын прообразы болгон?

4 Ыйса б.з. 33-жылы 14-нисанда өлгөн *. Байыркы Ысрайылда 14-нисанда Пасах майрамы өткөрүлчү. Жыл сайын ошол күнү ар бир үйбүлө козу союп жеген. Муну менен алар б.з. чейин 1513-жылы 14-нисанда болуп өткөн окуяны эскеришкен. Ал күнү ажал периштеси мисирликтердин тундарын кырганда, ысрайылдыктардын тундары козунун каны аркылуу аман калышкан (Чыгуу 12:1—14). Пасах козусу Ыйсанын прообразы экенин айтып, элчи Пабыл: «Пасах Козусу — Машайак курмандыкка чалынган»,— деген (1 Корунттуктарга 5:7). Ырас, Пасах козусунун каны аркылуу көптөр куткарылгандай эле, Ыйсанын төгүлгөн каны аркылуу да көптөр куткарылат (Жакан 3:16, 36).

Биринчи болуп тирилгендер

5, 6. а) Ыйса качан тирилтилген жана Мыйзамда буга байланыштуу кандай прообраз бар эле? б) Ыйсанын тирилтилиши Башталыш 3:15тин аткарылышына кандайча өбөлгө түзгөн?

5 Ыйса өлгөнүнө үч күн болгондо, Атасына өзүнүн курмандыгынын баасын тапшыруу үчүн тирилтилген (Эврейлерге 9:24). Анын тирилүүсүнө дагы башка майрам прообраз болгон. Адатта, 14-нисандан кийинки күнү Ачыткысыз нан майрамы башталчу. Анын эртеси, 16-нисанда, ысрайылдыктар арпанын биринчи боосун — Ысрайылдагы эң алгачкы түшүмдү — ыйык кызмат кылуучуга алып келишчү. Ал аны Жахабанын алдына силкилдетип алып барчу (Лебилер 23:6—14). Б.з. 33-жылында, дал ушул күнү, 16-нисанда, Жахаба өзүнүн «ишенимдүү жана чыныгы күбөсүн» жок кылууга аракеттенген Шайтандын иштерин «бузуп», Ыйсаны рухий жашоого тирилткени кандай гана жөндүү болгон! (Аян 3:14; 1 Петир 3:18).

6 Ыйса «өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилген» (1 Корунттуктарга 15:20). Тирилтилген башка адамдардан айырмаланып, ал эч качан өлбөйт. Андан сырткары, Ыйса асманга көтөрүлүп, Жахабанын оң жагына отурган жана Анын Падышалыгында Падыша болуп дайындалганга чейин күткөн (Забур 109:1; Элчилер 2:32, 33; Эврейлерге 10:12, 13). Падыша болгон соң, Ыйса башкы душман Шайтандын башын биротоло жанчып, анын тукумун түп-тамыры менен жок кыла алгыдай бийлик алган (Аян 11:15, 18; 20:1—3, 10).

Ыбрайымдын тукуму

7. Жумалар майрамы кандайча өткөрүлгөн?

7 Жахаба Шайтандын «иштерин талкалоо» үчүн колдоно турган Эйденде убадаланган Тукум Ыйса болгон (1 Жакан 3:8). Бирок Жахаба Ыбрайымга анын тукуму бир эле кишиден турарын айткан эмес. Алар «асмандагы жылдыздардай, деңиз жээгиндеги кумдай» көп болмок (Башталыш 22:17). «Тукумдун» башка мүчөлөрү да болоруна дагы бир майрам прообраз болгон. 16-нисандан элүү күн өткөн соң, Жумалар майрамы башталчу. Ал тууралуу Мыйзамда мындай көрсөтмө берилген: «Жети жума, бир күн болгондо (эсептегенде элүү күн болот), Теңирге арнап биринчи түшүмдөн нан курмандыгын алып келгиле. Үйүңөрдөн биринчи түшүм катары Теңирге арнап нан курмандыгына эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унунан ачыткы кошулуп бышырылган эки нан алып келгиле» (Лебилер 23:16, 17, 20) *.

8. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында кандай маанилүү окуя болгон?

8 Ыйса жерге келгенде, Жумалар майрамы Элүүнчү күн майрамы деп аталып калган. Биздин замандын 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Башкы ыйык кызмат кылуучу — тирилтилген Ыйса Машайак — Иерусалимге чогулган 120 шакиртинин чакан тобуна ыйык рух берген. Ошондо алар Кудайдын майланган уулдары жана Ыйса Машайактын биртуугандары болуп калышкан (Римдиктерге 8:15—17). Алар эми жаңы эл катары «Кудайдын Ысрайылы» деп аталган (Галатиялыктарга 6:16). Аз сандагы майлангандардын тобу бара-бара 144 000ге жетмек (Аян 7:1—4).

9, 10. Элүүнчү күн майрамы кандайча Ыйсанын майланган жолдоочуларынын жыйналышынын прообразы болгон?

9 Ар бир Элүүнчү күн майрамында Жахабага алып келинүүчү ачыткы кошулуп бышырылган эки нан Ыйсанын майланган жолдоочуларынын жыйналышынын прообразы болгон. Ачыткы кошулган ал нандар майлангандарда тукум кууп өткөн күнөөнүн «ачыткысы» бар экенин көрсөткөн. Ошентсе да алар Жахабага Ыйсанын куткаруу курмандыгынын негизинде жакындай алышмак (Римдиктерге 5:1, 2). Эмне үчүн эки нан болгон? Бул Кудайдын майланган уулдары эки топтон — жүйүттөр менен бутпарастардан — турарын айгинелеген (Галатиялыктарга 3:26—29; Эфестиктерге 2:13—18).

10 Элүүнчү күн майрамында курмандыкка алып келинген эки нан буудайдын биринчи түшүмүнөн жасалган. Ошо сыяктуу эле, рухтан төрөлгөн Ыйсанын майланган жолдоочулары «жараткандарынын ичинен биринчилерден» болгон (Жакып 1:18). Андан тышкары, алар Ыйсанын төгүлгөн каны аркылуу күнөөсү кечирилгендердин биринчилери эле. Бул аларга асмандагы рухий жашоого тирилтилүүгө жана Ыйса менен анын Падышалыгында башкарууга жол ачкан (1 Корунттуктарга 15:53; Филипиликтерге 3:20, 21; Аян 20:6). Ушундай бийликке ээ болгондуктан, алар жакында элдерди «темир таяк менен кайтарат» жана бутунун астында Шайтандын «тебеленгенин» көрөт (Аян 2:26, 27; Римдиктерге 16:20). Майлангандар жөнүндө элчи Жакан: «Алар — Козу кайда барбасын, Анын артынан ээрчигендер. Алар — Кудайга жана Козуга арналган, адамдардын арасынан сатылып алынган туңгучтар»,— деп жазган (Аян 14:4).

Куткарылуу күнү

11, 12. а) Күнөөдөн арылуу күнүндө эмнелер кылынчу? б) Букачар менен текелердин курмандыкка чалынышынан ысрайылдыктар кандай пайда алышкан?

11 Эйтаним айынын (кийин тишри деп аталып калган) * онунчу күнүндө өткөрүлгөн майрам Ыйсанын куткаруу курмандыгынын кандайча колдонуларынын жана анын кандай пайда алып келеринин прообразы болгон. Ошол майрамда, Күнөөдөн арылуу күнү, бүтүндөй эл чогулуп, күнөөлөрү кечирилиш үчүн курмандык алып келишчү (Лебилер 16:29, 30).

12 Күнөөдөн арылуу күнүндө башкы ыйык кызмат кылуучу букачар союп, анын канын Ыйыктардын ыйыгындагы сандыктын капкагына жети жолу чаччу. Ал кан Жахабага алып келинүүчү тартуу эле. Андай курмандык башкы ыйык кызмат кылуучунун өзүнүн, «үйүндөгүлөрүнүн» жана ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин күнөөлөрү үчүн чалына турган. Андан кийин ыйык кызмат кылуучу эки теке алып келчү. Алардын бирөөсү «элдин күнөөсү үчүн» союлчу. Анын канын да Ыйыктардын ыйыгына алып кирип, сандыктын капкагына чаччу. Андан кийин ал эки колун экинчи текенин башына коюп, Ысрайыл уулдарынын бардык күнөөлөрүн, мыйзамсыздыктарын ачык айтып, элдин күнөөсүн каймана мааниде алып кетиш үчүн текени чөлгө коё берчү (Лебилер 16:3—16, 21, 22).

13. Күнөөдөн арылуу күнү кандайча Ыйсанын ролунун прообразы болгон?

13 Майрам учурундагы расмилер Башкы ыйык кызмат кылуучу — Ыйса — өз курмандыгынын баасын күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн колдонорун көрсөткөн. Биринчиден, анын төгүлгөн канынын баасы «рухий үйгө» — 144 000 адамдан турган майлангандарга — колдонулган. Анын аркасында алар ыйыкталып, Жахабанын алдында адил деп жарыяланышкан (1 Петир 2:5; 1 Корунттуктарга 6:11). Курмандыкка чалынган букачар ушунун прообразы болгон. Ошентип, аларга асмандагы мурасты алууга жол ачылган. Экинчиден, текенин курмандыкка алып келиниши, Ыйсанын төгүлгөн канынын баасы ага ишеним көрсөткөн миллиондогон башка адамдар үчүн да колдонуларын символдоштурган. Алар жерде түбөлүккө өмүр сүрүп, калыбына келтирилген бейишти мурасташат (Забур 36:10, 11). Теке Ысрайылдын күнөөсүн каймана мааниде чөлгө алып кеткендей эле, Ыйса да төгүлгөн канынын негизинде адамзатты күнөөдөн арылтат (Ышайа 53:4, 5).

Жахабанын алдында кубануу

14, 15. Алачыктар майрамы кандайча өткөрүлгөн жана бул ысрайылдыктарга эмнени эсине салып турган?

14 Күнөөдөн арылуу күнүнөн кийин Ысрайылда жылдын абдан кубанычтуу майрамы — Алачыктар майрамы — өткөрүлчү (Лебилер 23:34—43). Ал Эйтаним айынын 15—21не чейин созулуп, 22синде салтанаттуу түрдө аяктачу. Анда оруп-жыюунун бүткөнү белгиленип, мол түшүм берген Кудайга ыраазычылык билдирилчү. Ошондуктан Жахаба өз элине: «Сенин ала турган түшүмүңө, бардык иштериңе Кудай-Теңириң батасын берет, сен болсо көңүл ачасың»,— деп айткан (Мыйзам 16:15). Ал абдан кубанычтуу убак болгону шексиз.

15 Майрам болуп жатканда ысрайылдыктар жети күн алачыкта жашаган. Бул аларга бир кездерде, чөл кезип жүргөндө, чатырларда жашаганын эстеткен. Андан сырткары, алар Жахабанын ошондо көрсөткөн аталык мээрими жөнүндө ой жүгүртө алышкан (Мыйзам 8:15, 16). Андай алачыктарда баары: кедейлер да, байлар да жашаган. Бул ысрайылдыктарга Кудай алдында бардыгы бирдей экенин эсине салып турган (Некемия 8:14—16).

16. Алачыктар майрамы эмненин прообразы болгон?

16 Салтанат менен өткөрүлгөн Алачыктар майрамы оруп-жыюуга арналган жана бул Ыйса Машайакка ишеним көрсөткөндөрдүн чогултуларынын прообразы болгон. Алардын чогултулушу б.з. 33-жылы Ыйса 120 шакиртин «ыйык кызмат кылуучулар» катары майлаганда башталган. Ысрайылдыктар алачыкта жети күн гана жашаган, анын сыңарындай, майлангандар бул каардуу дүйнөдө убактылуу эле «келгиндер» экенин билишет. Анткени алар асмандагы жашоого үмүттөнүшөт (1 Петир 2:5, 11). 144 000дин акыркы мүчөлөрүнүн чогултулушу азыркы «акыркы күндөрдө» соңуна чыгууда (2 Тиметейге 3:1).

17, 18. а) Ыйсанын курмандыгынан майлангандар гана пайда алышпаарын эмне көрсөтүүдө? б) Каймана маанидеги Алачыктар майрамынан дагы кимдер пайда алышууда жана ал майрам качан аяктайт?

17 Алачыктар майрамында курмандыкка 70 букачар чалынганына көңүл бурсаңар (Сандар 29:12—34). 70 деген сан 7ни 10го көбөйткөндөн келип чыгат. Ыйык Китеп боюнча, жети деген сан асмандагы, ал эми он деген сан жердеги толуктукту билдирет. Андыктан Ыйсанын курмандыгы Нухтун уулдарынан тараган 70 үйбүлөдөн чыккан бардык ишенимдүү адамдарга пайда алып келет (Башталыш 10:1—29). Азыр Ыйсага ишеним көрсөткөн жана жер бетинде бейиште жашоого үмүттөнгөн ар кайсы улуттагы элдер чогултулууда.

18 Элчи Жакан бул жөнүндө аян көргөн. Ал 144 000дин акыркы мүчөлөрүнө мөөр басылганынын жарыяланышын уккан. Андан кийин ал «эч ким санай алгыс эбегейсиз көп адамдардын» Жахаба менен Ыйсанын алдында «колдоруна курма пальмасынын бутагын кармап турганын» жана алардын «улуу кайгыдан» аман өткөнүн көргөн. Эбегейсиз көп адамдар да — азыркы дүйнөдө убактылуу келгиндер. Алар Ыйсанын башкаруусунун алдында «тирүү суунун башатына» барышарына шектенишпейт. Ошондо «Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт» (Аян 7:1—10, 14—17). Каймана маанидеги Алачыктар майрамы Машайактын Миң жылдык башкаруусунун соңунда аяктайт. Ошондо «эбегейсиз көп адамдар» жана тирилтилген ишенимдүү адамдар түбөлүк өмүр белегин алышат (Аян 20:5).

19. Байыркы Ысрайылдагы майрамдарды карап чыгуу эмнеси менен пайдалуу?

19 Байыркы Ысрайылдагы майрамдардын мааниси тууралуу ой жүгүртүү менен биз да кубаныч алабыз. Эйденде айтылган пайгамбарлыкка байланыштуу прообраздарды карап чыгуу жана анын аткарылып жатканына күбө болуу жүрөктү козгобой койбойт. Биз бүгүн Тукумдун келгенин, анын согончогу чагылганын, азыр болсо ал асманда Падыша экенин билебиз. Андан тышкары, 144 000дин көбү акырына чейин берилгендигин сактаганы да белгилүү. Дагы кандай пайгамбарлыктар аткарылышы керек? Тукум жөнүндөгү пайгамбарлык толугу менен качан аткарылат? Бул суроолорго эмки макаладан жооп алабыз.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Нисан айы биздин календарь боюнча март, апрель айларына туш келет.

^ 7-абз. Ачыткы кошулуп бышырылган эки нанды силкилдетип курмандыкка алып келгенде, адатта, ыйык кызмат кылуучу аларды өйдө көтөрүп ары-бери кыймылдатчу. Мындай кыймыл Жахабага ыйык нерселерди тартуулоону символдоштурган. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жазманы түшүнүү» эмгегинин (англ.) 2-томун, 528-бетин карагыла.

^ 11-абз. Эйтаним же тишри биздин календарь боюнча сентябрь, октябрь айларына туш келет.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Пасах козусу кимдин прообразы болгон?

• Элүүнчү күн майрамы кимдердин чогултулушунун прообразы эле?

• Ыйсанын курмандыгынын кандайча колдонуларын Күнөөдөн арылуу күнүндөгү кайсы расмилер көрсөткөн?

• Кандай мааниде Алачыктар майрамы Ыйсанын жолдоочуларынын чогултулушунун прообразы болгон?

[Изилдөө суроолору]

[24/25-беттеги кутучалар]

Пасах

14-нисан

Окуя:

Пасах козусу союлат

Прообраз:

Ыйса өзүн курмандыкка берет

Ачыткысыз нан майрамы (15—21-нисан)

15-нисан

Окуя:

Ишемби

16-нисан

Окуя:

Курмандыкка арпа алып келинет

Прообраз:

Ыйса тирилтилет

50 күн

Жумалар майрамы (Элүүнчү күн майрамы)

6-сибан

Окуя:

Эки нан тартуу кылынат

Прообраз:

Ыйса майланган биртуугандарын Жахабага тартуулайт

Күнөөдөн арылуу күнү

10-тишри

Окуя:

Курмандыкка букачар менен эки теке чалынат

Прообраз:

Ыйса өз канынын баасын бүткүл адамзат үчүн тартуулайт

Алачыктар майрамы (Чогултуу)

15—21-тишри

Окуя:

Ысрайылдыктар алачыктарда жашашат; оруп-жыюуга кубанышат; курмандыкка 70 букачар чалынат

Прообраз:

Майлангандар менен «эбегейсиз көп адамдар» чогултулат

[23-беттеги сүрөт]

Пасах козунун канындай эле, Ыйсанын каны да көптөрдү куткарат

[24-беттеги сүрөт]

16-нисанда тартуу кылынган арпанын биринчи түшүмү Ыйсанын тирилтилишинин прообразы болгон

[25-беттеги сүрөт]

Элүүнчү күн майрамындагы курмандыкка алып келинген эки нан майлангандардын жыйналышын билдирет

[26-беттеги сүрөт]

Алачыктар майрамы майлангандар менен ар улуттагы «эбегейсиз көп адамдардын» чогултулушун билдирет