Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкаларга Ыйык Китепте айтылгандарга баш ийүүгө жардам бер

Башкаларга Ыйык Китепте айтылгандарга баш ийүүгө жардам бер

Башкаларга Ыйык Китепте айтылгандарга баш ийүүгө жардам бер

«Жакшы жерге түшкөн үрөндөр болсо мындай адамдарды билдирет: алар сөздү угуп, жакшы, таза жүрөктөрүндө сактап, чыдамдуулук менен жемиш беришет» (Лука 8:15).

1, 2. а) «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китеби кандай максатта чыгарылган? б) Акыркы жылдары Жахаба өз элинин шакирт даярдоо ишине кандай батасын берүүдө?

«БУЛ эң сонун китеп экен. Кызыгуучуларга да, бизге да аябай жакты. Анын жардамы менен ыйык китептик изилдөөлөрдү босогодон эле баштоо оңой». Бул сөздөрдү толук убакытта пионер болуп кызмат кылган Жахабанын Күбөсү «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» * китеби жөнүндө айткан. Ал эми жашы өр тартып калган биртууганыбыз: «Мен 50 жылдан бери кабар айтуу кызматына активдүү катышып келатам жана көптөгөн кишилерге Жахаба жөнүндө билим алууга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүм болду. Жаңы окуу куралы тууралуу өзүмдүн оюмду айта турган болсом, ал китеп өзгөчө экен, андагы көрсөтмөлүү мисалдар менен сүрөттөр мага абдан жакты». «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китеби сага да жактыбы? Ал китеп Ыйсанын: «Баргыла да, бардык элдерди... шакирт кылгыла... Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө»,— деген тапшырмасын аткарууга жардам берүү үчүн караштырылган (Матай 28:19, 20).

2 Алты жарым миллиондон ашуун Күбөсүнүн шакирт даярдоо ишине ынталуулук менен катышып жатканын көргөндө, Жахабанын кубанары шексиз (Накыл сөздөр 27:11). Жахаба алардын аракетине батасын берүүдө. Мисалы, 2005-жылы кабар айтуу иши 235 өлкөдө жүргүзүлүп, орто эсеп менен 6 061 500дөн ашуун ыйык китептик изилдөө өткөрүлгөн. Натыйжада көптөр Ыйык Китепти «адамдын сөзү катары эмес, Кудай Сөзү катары кабыл алышкан» (1 Тесалоникалыктарга 2:13). Ал эми акыркы эки жылда жарым миллиондон ашык киши жашоосун Ыйык Китепке ылайык өзгөртүп, өздөрүн Жахабага арнаган.

3. «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебин колдонууга байланыштуу кандай суроолорду карайбыз?

3 Ыйык китептик изилдөө өткөрүүдөн кубаныч алдың беле? Дүйнөдө «жакшы, таза жүрөккө» ээ, Кудай сөзүн угуп «чыдамдуулук менен жемиш бере» турган адамдар дагы деле көп (Лука 8:11—15). Келгиле анда, шакирт даярдоо ишинде «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебин кандайча колдонсо болорун карап чыгалы. Буга байланыштуу төмөнкү үч суроону талкуулайбыз: 1) ыйык китептик изилдөөнү кантип баштаса болот? 2) изилдөө өткөрүүдө ийгиликке жетүү үчүн кандай ыкмаларды колдонууга болот? 3) кызыгуучуга Кудай Сөзүнүн окутуучусу болууга кантип жардам бере алабыз?

Ыйык китептик изилдөөнү кантип баштасаң болот?

4. Эмне себептен айрымдар Ыйык Китепти изилдөөгө макул болбошу мүмкүн жана аларга кантип жардам берүүгө болот?

4 Эгер сага кимдир бирөө чоң арыктан секир десе, макул болот белең? Антериң шектүү. Ал эми арыкта өтүү үчүн коюлган таштар болсо, анда, балким, аттап өтүүгө аракет кылып көрмөктүрсүң. Ошо сыяктуу эле колу бош эмес кишиге ыйык китептик изилдөө сунуш кылынганда, ал макул болор-болбосун билбей, олку-солку болушу мүмкүн. Ал буга көп убакыт, күч-аракет талап кылынат деп ойлошу ыктымал. Анда ага изилдөө баштоого кантип жардам бере аласың? Ан үчүн ар бир барганыңда «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебиндеги айрым ойлорду кыскача талкуула, ошентип бара-бара изилдөөңөрдү үзгүлтүксүз өткөрө аласыңар. Жакшы даярдансаң, ар бир кайра жолугууң арыктан аттоого жардам берген таш сыяктуу, анын Жахаба менен дос болушуна өбөлгө түзөт.

5. Эмне үчүн «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебин окуп чыгышың керек?

5 Кимдир бирөөгө «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинен пайда алууга жардам берерден мурун, аны өзүң жакшылап окуп чыгышың керек. Китепти башынан аягына чейин окуп чыктыңбы? Мисалы, бир түгөй ал китепти өргүүгө ала барып, деңиздин жээгинде эс алып жатканда окуй башташкан. Туристтерге ар нерсе сатып жүргөн аял алардын жанына келип, китептин аталышына көңүл бурат. Ал аял бир нече саат мурун эле дал ушу суроого жооп табууга Кудайдан жардам сурап тиленгенин айтканда, түгөй китепти ага берет. «Убакытты пайдалана билип», балким, бирөөнү күтүп жатканда, жумушта дем алуу же мектепте тыныгуу маалында аны окууга эмне үчүн болбосун? (Эфестиктерге 5:15, 16). Эгер ошентсең, китептин мазмуну менен таанышып чыга аласың, ошондой эле андагы ойлорду башкаларга айтып берүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

6, 7. «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китеби менен кантип изилдөө баштасаң болот?

6 Китепти сунуштоодо, анын 4, 5-беттериндеги сүрөттөргө, аяттарга жана суроолорго көңүл бурсаң болот. Мисалы, сөздү мындай деп баштай аласың: «Сиздин оюңузча, азыркы көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн жакшы жетекчиликти кайдан табууга болот?» Жообун кунт коюп уккан соң, 2 Тиметейге 3:16, 17ни окуп бер. Анан адамзаттын бардык көйгөйлөрү кандайча чечилери тууралуу Ыйык Китепте эмне айтыларын түшүндүр. Андан кийин, үй ээсинин көңүлүн «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинин 4, 5-беттерине буруп: «Ушул өзгөрүүлөрдүн кайсынысынын болушун өзгөчө каалайт элеңиз?» — деп сура. Үй ээси көрсөтүлгөн сүрөттүн бирин тандагандан кийин, китепти ага кармата туруп, Ыйык Китептен ага байланыштуу аят окуп бер. Анан 6-беттеги маалыматты окуп: «Төмөнкү алты суроонун кайсынысына жооп алгыңыз келет?» — деп сурасаң болот. Үй ээсин кызыктырган суроонун жообу камтылган бөлүмдү көрсөтүп, китепти ага таштап кетсең болот. Ал суроону кийинки жолукканда талкуулоо үчүн кайра качан келериңди сүйлөшүп ал.

7 Бул сунуштоого беш мүнөттөй убакыт кетет. Бир нече мүнөттүн ичинде, адамдын эмнеге кызыгарын билүүгө, ошондой эле бир-эки аят окуп, түшүндүрүүгө жана кийинкиде талкуулоо үчүн ачык суроо калтырууга мүмкүнчүлүгүң болот. Экөөңөрдүн кыскача маектешүүңөрдөн, ал көптөн бери муктаж болуп келген бекемдөө, сооротуу алышы мүмкүн. Натыйжада, атүгүл, колу бош эмес киши да, сени менен көбүрөөк сүйлөшүүнү каалашы ыктымал. Ошентип сен ага «өмүргө алып баруучу» жолго түшүшү үчүн кийинки кадам жасоого жардам бере аласың (Матай 7:14). Адамдын кызыгуусу өскөн сайын, изилдөө убактысын узартсаң болот. Ан үчүн отуруп, көбүрөөк убакыт изилдөөнү сунуш кыл.

Окутуу ыкмалары

8, 9. а) Кызыгуучуну сыноолорду көтөрүүгө кантип даярдай аласың? б) Ишенимди бекем кылып «куруу» үчүн отко чыдамдуу «материалдарды» кайдан табууга болот?

8 Кызыгуучу Ыйык Китепте айтылгандарды аткара баштаганда, рухий жактан ийгилик жасоого жолтоо кылган сыноолорго дуушар болушу мүмкүн. Элчи Пабыл: «Машайак Ыйса жолунда такыбаа жашагысы келгендердин бардыгы куугунтукка алынат»,— деген (2 Тиметейге 3:12). Андай сыноолорду Пабыл отко салыштырган. Ал эми отко алтын, күмүш жана кымбат баалуу таштардан жасалган курулуш материалдары гана чыдамдуу келет (1 Корунттуктарга 3:10—13; 1 Петир 1:6, 7). Ошондуктан кызыгуучу дуушар боло турган сыноолорго туруштук бере алышы үчүн, ага керектүү сапаттарды өстүрүүгө жардам берүү зарыл. Ан үчүн отко чыдамдуу «материалдардан кур».

9 Забурчу Жахабанын сөзүн «топурактан тазаланып, меште жети жолу эритилген күмүшкө» салыштырган (Забур 11:7). Чынында эле, Ыйык Китепте ишенимди бекем кылып «куруу» үчүн кымбат баалуу «материалдардын» баары бар (Забур 18:8—12; Накыл сөздөр 2:1—6). «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китеби болсо Жазманы натыйжалуу колдонууга жардам берет.

10. Кызыгуучунун көңүлүн кантип Ыйык Китепке бурсаң болот?

10 Изилдөө учурунда кызыгуучунун көңүлүн ар бир бөлүмдө шилтеме берилген аяттарга бур. Кызыгуучуга негизги аяттарды жана аларды жашоосунда кантип колдонсо болорун түшүнүүгө жардам берүү үчүн суроолорду бер. Бирок ага эмне кылуу керектигин айтуудан кач. Анын ордуна, Ыйсадан үлгү ал. Мыйзамда жазылгандарга карата суроо берген кишиге Ыйса: «„Тоорат“ китебинде эмне деп жазылган? Андан кандай сөздөрдү окуп жүрөсүң?» — деп кайра өзүнөн сураган. Ал киши Жазма боюнча жооп бергенде, Ыйса андагы принципти кандайча колдонуу керектигин көрсөткөн. Андан тышкары, Ыйса көрсөтмөлүү мисал келтирип, ага туура тыянак чыгарууга жардам берген (Лука 10:25—37). «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебиндеги жөнөкөй көрсөтмөлүү мисалдар да кызыгуучуга ыйык китептик принциптерди жашоосунда кантип колдонсо болорун көрүүгө жардам берет.

11. Ар бир бөлүмгө канча убакыт бөлүү керек?

11 Ыйса түшүнүүгө татаал болгон нерселерди жөнөкөй эле сөз менен жеткирчү. «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинде да Кудай Сөзү жөнөкөй тил менен түшүндүрүлгөн (Матай 7:28, 29). Ыйсадай болуп, маалыматты жөнөкөй, так-айкын жеткирүүгө аракет кыл. Бөлүмдү тезирээк бүтүрүүгө шашылба. Ар бир изилдөөдө канча абзац талкуулаарыңар кызыгуучунун жагдай-шартынан, мүмкүнчүлүгүнөн көзкаранды болот. Ыйса өзүнүн шакирттеринин мүмкүнчүлүктөрүн билгендиктен, аларга көп маалымат берген эмес (Жакан 16:12).

12. «Тиркемени» кантип колдонууга болот?

12 «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинде 14 темадан турган «Тиркеме» бар. Окутуучу катары кызыгуучунун муктаждыктарына жараша, аны кантип колдонсо болорун аныктап ал. Мисалы, кызыгуучуга кайсы бир теманы түшүнүүгө кыйын болуп жатса же анын мурунку көзкараштарынан улам суроолору пайда болсо, «Тиркемедеги» ойлорго көңүлүн буруп, өз алдынча окуп чыгууну сунуш кылганың жетиштүү болушу мүмкүн. Айрым учурларда андагы маалыматты аны менен чогуу талкууласаң болот, бирок бул анын муктаждыктарынан көзкаранды. Маселен, «Тиркемеде»: «Жан жана рух деген эмне? „Улуу Бабыл“ деген эмне?» — деген ыйык китептик маанилүү суроолордун жооптору камтылган. Ушу сыяктуу орчундуу темаларды кызыгуучу менен бирге талкуулоону чечеттирсиң. «Тиркемеде» суроолор жок болгондуктан, ылайыктуу суроо даярдап алуу үчүн, андагы маалымат менен жакшылап таанышып чык.

13. Ишенимди бекемдөөдө тиленүү канчалык маанилүү?

13 Забур 126:1де: «Эгерде үйдү Теңир курбаса, анда аны куруп жаткандардын иштегени — бекер»,— деп айтылган. Андыктан изилдөөгө даярданып жатып, Жахабадан жардам сурап тилен. Ошондой эле изилдөөнүн башындагы жана аягындагы тиленүүң Жахаба менен тыгыз мамиледе экениңди чагылдырып турсун. Кызыгуучуну да Жахабадан анын Сөзүн түшүнүүгө, андагы кеңештерди колдонууга акыл жана күч беришин сурап тиленүүгө үндө (Жакып 1:5). Бул ага ишенимин бекемдөөгө, сыноолорго туруштук берүүгө жардам берет.

Кызыгуучуларга окутуучу болууга жардам бер

14. Кызыгуучулар эмне кылууга умтулушу керек?

14 Кызыгуучулар Ыйса буйругандардын «бардыгын аткарууну» каалашса, Кудай Сөзүн изилдөөчүлөр гана эмес, аны окутуучулар да болушу керек (Матай 28:19, 20; Элчилер 1:6—8). Аларга кантип жардам берүүгө болот?

15. Эмне үчүн кызыгуучуну жыйналыш жолугушууларына барууга үндөшүң керек?

15 Биринчи изилдөөдөн тартып эле, кызыгуучуну өзүң менен кошо жыйналыш жолугушууларына барууга чакыр. Алар жыйналыштан Кудай Сөзүнүн окутуучусу болуу үчүн керектүү таалим-насааттарды ала алышарын түшүндүр. Изилдөөнүн аягында жыйналыштарда жана жыйындарда айтылган ойлор менен бөлүш. Алардан кандай пайда алып жатканыңды шыктануу менен айтып бер (Эврейлерге 10:24, 25). Эгер ал жыйналышка үзгүлтүксүз катышса, бара-бара Кудай Сөзүнүн окутуучусу боло алат.

16, 17. Кызыгуучу кандай максаттарга жете алат?

16 Ыйык Китепти изилдеп жаткан адамга максаттарды коюуга жардам бер. Мисалы, аны Ыйык Китептен билгендерин досторуна же туугандарына айтып берүүгө үндө. Ошондой эле Ыйык Китепти толугу менен окуп чыгууну максат кылууну сунуш кылсаң болот. Эгер сен ага Ыйык Китепти күнүгө окууну адат кылууга жардам берсең, анын пайдасы ал чөмүлтүлгөндөн кийин да тиет. Андан сырткары, «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинин ар бир бөлүмүнөн негизги суроого жооп берген, жок дегенде, бир аятты эстеп калууга жардам берүүгө эмне үчүн болбосун? Ошентип ал «уятка калбаган, чындык сөзүн туура жеткирген кызматчы болот» (2 Тиметейге 2:15).

17 Кызыгуучу анын ишеними тууралуу сурагандарга туура жооп бергенди үйрөнгөнү зарыл. Демек, аяттарды жөн гана жаттап алышы же аны өз сөзү менен айтып коюшу жетишсиз, ал Жазмадан ылайыктуу аят окуп, аны түшүндүрүп бере алгыдай болушу керек. Мисалы, тууганынын же чогуу иштешкендеринин суроолоруна кантип жооп бере аларын көрсөткөн кыскача инсценировка койсоңор болот. Ал көзкарашын түшүндүрүп бүткөн соң, «момундук жана кичи пейилдик менен жооп берүүнүн» маанилүүлүгүн баса белгиле (1 Петир 3:15, «ҮН», 2001).

18. Кызыгуучу чөмүлтүлбөгөн жарчы болгондо, ага кошумча кандай жардам көрсөтсөң болот?

18 Убакыттын өтүшү менен кызыгуучу кабар айтуу кызматына катышууга даяр болушу мүмкүн. Бул ишке катышуу чоң артыкчылык экенин баса белгиле (2 Корунттуктарга 4:1, 7). Аксакалдар кызыгуучу чөмүлтүлбөгөн жарчыга коюлган талаптарга жооп берет деп табышса, ага жөнөкөй сунуштоо даярдоого жардам бер. Аны менен кабар айтуу кызматынын ар кандай түрүнө катышууну уланта бер. Ошондой эле кайра жолугууларды кантип натыйжалуу жасоо жана ага кандайча даярданууга болорун үйрөт. Сенин жакшы үлгүң ага жакшы таасир берерин унутпа (Лука 6:40).

«Өзүңдү да, угуучуларыңды да куткар»

19, 20. Биз кандай максат коюшубуз керек жана эмне үчүн?

19 Албетте, башкаларга «чындыкты таанып билүүгө» жардам берүү үчүн көп күч-аракет талап кылынат (1 Тиметейге 2:4). Бирок кимдир бирөөгө Ыйык Китепте айтылгандарга баш ийүүгө жардам берүүдөн алган кубанычка эмне жетсин?! (1 Тесалоникалыктарга 2:19, 20). Дүйнө жүзү боюнча өткөрүлүп жаткан окутуу ишине катышып, «Кудайдын кызматташтары» болуу биз үчүн кандай гана чоң сыймык! (1 Корунттуктарга 3:9).

20 Жакында Жахаба Ыйса Машайак жана күчтүү периштелери аркылуу «Кудайды тааныбагандарды жана биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын Жакшы Кабарына баш ийбегендердин» үстүнөн сот жүргүзөт (2 Тесалоникалыктарга 1:6—8). Адамдардын өмүрү коркунучта. Андыктан «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китеби менен, жок дегенде, бир изилдөө баштоону максат кылып коюуга эмне үчүн болбосун? Бул тапшырманы аткарып жатып, сен «өзүңдү да, угуучуларыңды да куткара» аласың (1 Тиметейге 4:16). Башкаларга Ыйык Китепте айтылгандарга баш ийүүгө жардам берүү азыр болуп көрбөгөндөй маанилүү.

[Шилтемелер]

^ 1-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Эмнелерди билдиңер?

• «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китеби кандай максатта чыгарылган?

• «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китеби менен кантип изилдөө баштоого болот?

• Окутууда кайсы ыкмалар натыйжалуу?

• Кызыгуучуга Кудай Сөзүнүн окутуучусу болууга кантип жардам берүүгө болот?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Бул китепти натыйжалуу колдонуп жатасыңбы?

[14-беттеги сүрөт]

Кыскача талкуулоо адамдын каалоосун өстүрөт

[15-беттеги сүрөт]

Кызыгуучунун көңүлүн Ыйык Китепке буруу үчүн эмне кылсаң болот?

[16-беттеги сүрөт]

Кызыгуучуга рухий ийгиликтерди кылууга жардам бер