Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба кызматыңарды жогору баалайт!

Жахаба кызматыңарды жогору баалайт!

Жахаба кызматыңарды жогору баалайт!

«Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн... көрсөткөн сүйүүңөрдү... унутпайт» (Эврейлерге 6:10).

1. Жахабанын мааптык Руттун иштерин баалаганын эмнеден көрүүгө болот?

ЖАХАБА анын эркин аткарууга чын жүрөктөн умтулгандардын күч-аракетин жогору баалайт жана аларга батасын мол берет (Эврейлерге 11:6). Ишенимдүү Бууз Жахабанын касиет-сапаттарын жакшы билгендиктен, өзүнүн кайненеси Наамиге боорукердик менен кам көргөн мааптык Рутка: «Бул ишиң үчүн Теңир сага тиешеңди берсин, Ысрайылдын Кудайынан сага толук сыйлык берилсин»,— деген (Рут 2:12). Рут Кудайдын батасын алды беле? Ооба. Ыйык Китепте ал тууралуу жазылганы да ошол себептен. Андан тышкары, Рут Буузга турмушка чыгып, Дөөт падыша менен Ыйса Машайактын чоңенелеринен болуу сыймыгына ээ болгон (Рут 4:13, 17; Матай 1:5, 6, 16). Бул Жахабанын өз кызматчыларын жогору баалаарын көрсөткөн Ыйык Китептеги мисалдардын бири гана.

2, 3. а) Жахабанын өз кызматчыларын баалаганы эмнеси менен өзгөчө? б) Жахаба үчүн кызматыбыз абдан баалуу экенин кайдан билебиз? Мисал менен бышыкта.

2 Жахаба кимдир бирөөнүн жакшы иштерин баалабай коюуну адилетсиздик деп эсептейт. Эврейлерге 6:10до: «Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн ыйыктарга көрсөткөн сүйүүңөрдү, аларга кылган жана кылып жаткан кызматыңарды унутпайт»,— деп айтылган. Ооба, Кудай ага берилгендик көрсөткөндөрдү, алардын күнөөкөр экенине жана Анын даңкынан айрылганына карабай, абдан баалайт (Римдиктерге 3:23).

3 Жеткилеңсиздиктен улам кылып жаткан кызматым эч нерсеге арзыбайт же Кудайдын батасын алууга татыксызмын деп ойлошубуз ыктымал. Бирок Жахаба биздин каалоо-ниеттерибизди, жагдай-шартыбызды жакшы түшүнөт жана жан-дилибиз менен аткарган кызматыбызды чынында эле баалайт (Матай 22:37). Мисалы, эне үстөлдө жаткан жөнөкөй эле шуруну көрөт дейли. Башында ага көп деле маани бербей, аны ары алып коюшу мүмкүн. Бирок жанындагы открыткадан ал шуруну кичинекей кызы ага белек кылыш үчүн, чогултуп жүргөн акчасына сатып алганын билет. Эми ал шуру эне үчүн абдан баалуу болуп калат. Ал кызын кучактап, чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, атүгүл, көзүнө жаш алышы ыктымал.

4, 5. Ыйса ыраазычылык көрсөтүүдө Жахабаны кандайча туураган?

4 Жахаба биздин ниетибизди, мүмкүнчүлүгүбүздү беш колдой билет. Андыктан азбы, көппү, ага кызмат кылууда эң жакшы нерсебизди берсек, ал аны баалабай койбойт. Бул жагынан Ыйса Атасын жеткилең түрдө чагылдырган. Жакыр жесир аял тууралуу Ыйык Китептеги билдирүүнү эстесек. Анда мындай деп айтылган: «Ыйса курмандыктар салына турган кутуга өздөрүнүн Кудайга деген тартууларын салып жаткан бай адамдарды көрдү. Ага эки лепта салып жаткан жарды, жесир аялды да көрүп, мындай деди: „Силерге чындыкты айтып коёюн, мына бул жарды жесир аял бардыгынан көп салды. Анткени башкалардын баары өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды“» (Лука 21:1—4).

5 Аялдын абалын — жесир жана жакыр экенин — көргөн Ыйса, анын тартуусунун абдан баалуу экенин билген. Ал Жахаба үчүн да абдан баалуу болгон (Жакан 14:9). Жагдай-шартың кандай болбосун, эмгегиңди эч качан унутпаган Кудайдын жана анын Уулунун жактыруусуна ээ боло аларыңды билүү кандай гана бекемдейт!

Кудайдан корккон эфиопиялык киши

6, 7. Жахаба Эбет-Мелекке эмне үчүн ыраазы болгон жана аны кандайча билдирген?

6 Ыйык Китепте Жахаба анын эркин аткаргандардын иш-аракеттерин унутпаарын көрсөткөн бир нече билдирүү бар. Мисалы, эфиопиялык Эбет-Мелек менен болгон окуяны карап көрөлү. Ал Жеремиянын учурунда Жүйүт падышасы ишенимсиз Ситкиянын падыша сарайында кызмат кылган. Эбет-Мелек Жүйүт төрөлөрү Жеремия пайгамбарга козголоң чыгарып жатат деп жалаа жаап, ачкадан өлтүрүш үчүн аны орго салышканын угат (Жеремия 38:1—7). Жеремия айтып жүргөн кабарынан улам жек көрүндү болгонун билген Эбет-Мелек өз өмүрүн тобокелге салып падышага кайрылат. Ал кайраттуулук менен: «Мырзам падышам! Бул адамдар Жеремия пайгамбарды орго салып, жаман иш кылышты. Ал ошол жерде ачкадан өлөт»,— деп айтат. Андан соң, падышанын буйругу боюнча жанына 30 киши алып, Кудайдын пайгамбарын ордон алып чыгат (Жеремия 38:8—13).

7 Жахаба Эбет-Мелекке коркуу сезимин жеңүүгө анын бекем ишеними жардам бергенин көргөн. Ошондуктан ал ага ыраазы экенин билдирип, Жеремия аркылуу: «Мен бул шаар тууралуу жакшылыкка эмес, жамандыкка айткан Өзүмдүн сөзүмдү аткарам... Бирок Мен сени ошол күнү куткарам... сен өзүң корккон адамдардын колуна салынып берилбейсиң. Мен сени куткарам... сенин жаның олжо ордуна өзүңдө калат, анткени сен Менден үмүт кылдың»,— деп айттырат (Жеремия 39:16—18). Жахаба Жеремияны да, Эбет-Мелекти да Жүйүттүн ырайымсыз төрөлөрүнөн, кийинчерээк Иерусалимдин таш-талканын чыгарган бабылдыктардан аман алып калган. Чынында эле, Забур 96:10до айтылгандай, «[Жахаба] Өзүнүн ыйыктарынын жанын сактайт. Аларды кудайсыздардын колунан куткарат».

Жахаба «сага тиешелүүнү ачык эле берет»

8, 9. Жахабага кандай тиленүүлөр өзгөчө жагымдуу экенин Ыйса кантип көрсөткөн?

8 Жахаба ага берилгендик менен кызмат кылгандарды жогору баалаарын Ыйык Китепте тиленүү жөнүндө айтылгандардан да көрүүгө болот. Ыйык Жазмада: «Адил адамдардын сыйынуусу Ага жагат»,— делет (Накыл сөздөр 15:8). Ыйсанын күндөрүндө көптөгөн диний жетекчилер элдин көзүнчө тиленишчү. Бирок алар такыбаа болгону үчүн эмес, башкаларды таасирлентүү үчүн ошентишкен. Ыйса: «Алар өз сыйлыгын алышты»,— деген. Ал эми жолдоочуларына: «Сен сыйынарда, бөлмөңө кирип, эшигиңди жап да, көрүнбөгөн Атаңа сыйын. Жашыруун сыйынганыңды көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет»,— деп айткан (Матай 6:5, 6).

9 Албетте, Ыйса эл алдында тиленүүнүн туура эместигин айткан эмес. Ал өзү да эл алдында тиленчү (Лука 9:16). Бирок Жахаба биздин ага башкаларды таасирлентүү үчүн эмес, чын жүрөктөн кайрылганыбызды жогору баалайт. Жеке тиленүүлөрүбүз Кудайга болгон сүйүүбүздүн күчтүүлүгүн, ишенимибиздин бекемдигин көрсөтөт. Андыктан Ыйсанын көп учурда Кудайга жекече кайрылуу үчүн мүмкүнчүлүк издегени таң калыштуу эмес. Мисалы, бир жолу ал «таң ата электе туруп», ээн жерге барып тиленген. Башка учурда Ыйса Атасы менен сүйлөшүү үчүн тоого чыккан. Ал эми 12 элчисин тандаарда, ал түнү бою тиленген (Марк 1:35; Матай 14:23; Лука 6:12, 13).

10. Чын жүрөктөн, жалындуу тиленгенибизде эмнеден шектенбесек болот?

10 Жахаба өзүнүн Уулунун жалындуу тиленүүсүн кунт коюп укканы шексиз. Ооба, Ыйсанын «катуу үн менен... көз жаш менен жалбарып» тиленген учурлары болгон. «Кудайды урматтагандыгы үчүн, Анын сыйынуусу угулган» (Эврейлерге 5:7; Лука 22:41—44). Асмандагы Атабызга жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ой-сезимдерибизди айтып, чын жүрөктөн тиленсек, анын бизди да кунт коюп угарына шектенбесек болот. Чынында эле, «Теңир Өзүн чакыргандардын бардыгына... Өзүн чын жүрөктөн чакыргандардын бардыгына жакын» (Забур 144:18).

11. Дайыма тил алчаак болуу менен эмнени көрсөтөбүз?

11 «Жашыруун» айткан тиленүүлөрүбүз Жахаба үчүн баалуу болсо, башкалар бизди көрөбү-көрбөйбү, кайсы учурда болбосун, ага тил алчаактык көрсөткөнүбүз андан бетер баалуу эмеспи?! Ооба, ал бизге дайыма назарын салат (1 Петир 3:12). Чынында, бизди эч ким көрбөгөндө да ишенимдүү, тил алчаак болсок, бул Жахабага чын жүрөктөн, башкача айтканда, таза ниет менен кызмат кыларыбызды, туура иш кылууга чечкиндүү экенибизди айгинелейт (1 Жылнаама 28:9). Мындай жүрүм-турум Жахабанын жүрөгүн кандай гана кубантат! (Накыл сөздөр 27:11; 1 Жакан 3:22).

12, 13. Акылыбыз менен жүрөгүбүздү кантип таза сактай алабыз жана канткенде Натанаелге окшош болобуз?

12 Ошондуктан Кудайдын ишенимдүү кызматчылары акылын, жүрөгүн булгаган жашыруун күнөөлөрдөн, мисалы, порнография көрүүдөн же зордук-зомбулук камтылган көңүл ачуулардан сак болушат. Айрым күнөөлөрдү адамдардан жашыра алсак да, Кудайдын «көз алдында баары ачык-айкын. Анын алдында жооп беребиз» (Эврейлерге 4:13; Лука 8:17). Жахаба жек көргөн нерселерден качуу менен абийирибизди таза сактап, анын ырайымына ээ экенибизди билүүдөн канааттануу алабыз. Ырас, «күнөөсүз жашаган, адилеттик кылган, жүрөгүнөн чындыкты сүйлөгөн» адам Жахабанын алдында абдан баалуу (Забур 14:1, 2).

13 Жамандыкка толгон бул дүйнөдө акылыбыз менен жүрөгүбүздү канткенде таза сактай алабыз? (Накыл сөздөр 4:23; Эфестиктерге 2:2). Жахаба ишенимибизди бекем сакташыбыз үчүн рухий жактан бардык нерселерди караштырган. Бирок биз тараптан да күч-аракет жумшоо талап кылынат. Жамандыкты четке кагып, жакшылык кылышыбыз үчүн, жаман каалоолор «түйүлүп», күнөө «туула электе» эле, тезинен иш-аракет жасашыбыз керек (Жакып 1:14, 15). Ыйса сен жөнүндө да, Натанаелге айткандай: «Куулугу жок... [киши] мына ушул»,— десе, кандай гана сүйүнөт элең! (Жакан 1:47). Кийин Натанаел (Барталамей деп да аталган) Ыйсанын 12 элчисинин бири болгон (Марк 3:16—19).

«Ырайымдуу, ишенимдүү Башкы ыйык кызмат кылуучу»

14. Башкалардан айырмаланып, Ыйса Мариямдын кылган ишине кандай караган?

14 «Көрүнбөс Кудайдын бейнеси» болгондуктан, Ыйса таза жүрөк менен кызмат кылгандардын эмгегин баалоо жагынан Атасын дайыма жеткилең түрдө туураган (Колосалыктарга 1:15). Маселен, өлөрүнө беш күн калганда, Ыйса бир нече шакирти болуп Бетаниядагы Шымондукуна конокко барат. Ошол кечте, Лазар менен Мартанын биртууганы Мариям абдан кымбат (наркы бир жылдык эмгек акыга барабар) «нард деген өсүмдүктөн жасалган жыпар жыттуу, таза майдан бир фунт алып келип», Ыйсанын башы менен бутуна куят (Жакан 12:3). Ошондо айрымдар: «Мындай ысырапчылыктын эмне кереги бар?» — дешет. Бирок Ыйса аны берешендик катары эсептеп, абдан баалаган. Ыйсанын өлөрүнө жана сөөгүнүн коюларына аз калгандыктан, Мариямдын кылганы чынында терең мааниге ээ эле. Ошондуктан ал Мариямды жемелеген эмес, ага урмат көрсөтүп: «Жакшы Кабар дүйнөнүн кайсы гана жеринде таратылбасын, бул аял эске алынып, анын кылганы жөнүндө да айтылат»,— деген (Матай 26:6—13).

15, 16. Ыйсанын жерде жашап кетиши бизге эмнеси менен пайдалуу?

15 Ыйсанын Башчыбыз болгону биз үчүн кандай гана чоң сыймык! Жердеги жашоо Ыйсаны Жахаба дайындай турган ишке даярдаган. Ал алгач майланган жолдоочуларына, андан кийин бүткүл адамзатка Башкы ыйык кызмат кылуучу жана Падыша катары кызмат кылмак (Колосалыктарга 1:13; Эврейлерге 7:26; Аян 11:15).

16 Ыйса жерге келгенге чейин эле адамдарды сүйгөн жана аларга терең кызыгуу көрсөткөн (Накыл сөздөр 8:31). Жерде жашап кеткендиктен, Кудайга кызмат кылууда кандай кыйынчылыктарга дуушар болорубузду ал жакшы түшүнөт. Бул тууралуу элчи Пабыл: «Ал [Ыйса]... ырайымдуу, ишенимдүү Башкы ыйык кызмат кылуучу болуш үчүн... бардык жагынан бир туугандарына окшош болууга тийиш эле. Өзү сыналып азап чеккендиктен, сыналып жаткандарга да жардам бере алат»,— деген. Ыйса биздин алсыздыктарыбызга боору ооруй алат, анткени ал «биз сыяктуу бардык жагынан сыналган, бирок күнөө кылган эмес» (Эврейлерге 2:17, 18; 4:15, 16).

17, 18. а) Жети жыйналышка жиберилген каттардан Ыйсанын ыраазычылыгы жөнүндө эмне билүүгө болот? б) Ыйсанын майланган жолдоочулары эмнеге даярдалышы керек эле?

17 Ыйса өзүнүн жолдоочуларынын кыйынчылыктарын түшүнөрү ал тирилгенден кийин дагы жакшыраак айкын болгон. Анын Кичи Азиядагы жети жыйналышка элчи Жакан аркылуу жаздырган каттарына токтололу. Ыйса Смирнадагы жыйналыштагыларга: «Мен сенин... тарткан азаптарыңды жана жакырдыгыңды билем»,— деп айткан. Башкача айтканда, Ыйса: «Мен сенин көйгөйлөрүңдү, эмнеге дуушар болуп жатканыңды жакшы түшүнөм»,— деген. Азап чегүү, атүгүл, өлүм эмне экенин билгендиктен, ал боорукердик менен ишенимдүү түрдө: «Өмүрүңдүн акырына чейин ишенимдүү бол, ошондо Мен сага өмүр таажысын берем»,— деп кошумчалаган (Аян 2:8—10).

18 Ал каттардан Ыйсага шакирттеринин кыйынчылыктары алаканга салгандай белгилүү экенин, ошондой эле алардын Кудайга болгон ишенимдүүлүгүн сактап жаткандыгына ал чындап ыраазы экенин көрүүгө болот (Аян 2:1—3:22). Ал сөздөр кийин аны менен асманда бийлик кылуу сыймыгына ээ боло тургандарга — Ыйсанын майланган жолдоочуларына — жазылганына көңүл бурсаңар. Алар да Машайактын куткаруу курмандыгынын баасын адамзаттын пайдасына боорукердик менен колдонууга жардам берүү үчүн, Башчысындай болуп даярдалышы керек эле (Аян 5:9, 10; 22:1—5).

19, 20. «Эбегейсиз көп адамдар» Жахаба менен Ыйсага өздөрүнүн ыраазычылыгын кандайча билдиришүүдө?

19 Албетте, Ыйса майланган жолдоочуларына эле эмес, «улуу кайгыдан» аман өтүүгө үмүттөнгөн, ар бир улуттан чогулган «эбегейсиз көп адамдарга» — «башка койлорго» — да сүйүү көрсөтөт (Жакан 10:16; Аян 7:9, 14). Алар Ыйсанын куткаруу курмандыгына жана түбөлүк өмүргө болгон үмүткө абдан ыраазы болгондуктан, Жахабанын уюмуна кошулушкан. «Башка койлор» ыраазычылыгын кантип көрсөтүшөт? Алар Кудайга «күнү-түнү кызмат кылышат» (Аян 7:15—17).

20 2006-жылдын бүткүл дүйнөлүк отчёту көрсөтүп тургандай (27—30-беттерде), Жахабанын ал ишенимдүү кызматчылары чындап эле «Ага күнү-түнү кызмат кылышууда». Өткөн жылы бардык жарчылар, Ыйсанын майланган жолдоочуларынын аз сандагы «калдыгын» кошо эсептегенде, жалпы жонунан кабар айтуу кызматына 1 333 966 199 саат жумшашкан. Бул 150 000ден ашык жылга барабар.

Ыраазычылыгыбызды арттыра берели!

21, 22. а) Ыраазычылык көрсөтүүгө байланыштуу эмнеден сак болууга тийишпиз? б) Эмки макалада эмне талкууланат?

21 Жахаба менен Ыйсанын жеткилеңсиз адамдарга ыраазычылык билдиргени чынында эле чоң сыймык. Өкүнүчтүүсү, адамдардын көбү керт башынын гана кызыкчылыгын көздөп, Кудай жөнүндө көп ойлонушпайт. Элчи Пабыл акыркы күндөрдө адамдардын «өзүмчүл, акчаны сүйүүчү... ыраазы болбогон» болорун айткан (2 Тиметейге 3:1—5, «Мукаддас»). Ыйсанын жолдоочулары андай адамдардан кандай гана айырмаланат! Алар жалындуу тиленип, даярдуулук менен тил алчаактык көрсөтүп жана жан-дили менен кызмат кылып Кудайдын бардык кылган жакшылыктарына ыраазы экенин айгинелешет (Забур 61:9; Марк 12:30; 1 Жакан 5:3).

22 Эмки макалада Жахабанын биз үчүн сүйүү менен караштырган рухий иш-чаралары талкууланат. Андай «жакшы нерселер» тууралуу ой жүгүрткөн сайын, Кудайга болгон ыраазычылыгыбыз арта берери шексиз (Жакып 1:17).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабанын өз кызматчыларынын эмгегин баалаарын эмнеден көрүүгө болот?

• Башкалар көрбөгөндө да, биз Жахабанын жүрөгүн кандайча кубанта алабыз?

• Ыйса кандайча ыраазычылык көрсөткөн?

• Ыйсанын жерде жашап кеткени боорукер, башкаларды баалаган Падыша болууга кандайча жардам берген?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Баласынын жөнөкөй белегин баалаган ата-эне сыяктуу, Жахаба ага берген эң жакшы нерсебизди баалайт