Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кыскартылганы менен такпы?

Кыскартылганы менен такпы?

Кыскартылганы менен такпы?

АНГЛИЯ чиркөөсү 2005-жылы сентябрда «100 мүнөттүк Ыйык Китептин» чыгарылышын колдогон. Аны 100 мүнөттүн ичинде окуп чыгууга болот. Ал китепте Эврей Жазмалары — 17, ал эми Грек Жазмалары 33 бөлүктөн турат. Алардын ар бир бөлүгү бир бетти түзөт. Аны окуп чыккан бир кишинин айтымына ылайык, анда «кызыксыз жерлер» алынып салынган. Бирок кыскартылган ал китептин тактыгы жөнүндө эмне айтууга болот?

Ыйык Китепти жакшы билгендер ал китепте Жахабанын ысмы алынып салынгандан тышкары, көп жерлердин мааниси жагынан бурмаланганын байкабай коюшпайт (Забур 82:19). Мисалы, анын биринчи бөлүгүндө Кудайдын асман менен жерди алты күндүн ичинде жаратканы айтылат. Бирок Ыйык Жазманын Башталыш китебинин 1-бөлүмүнүн 1-аятында: «Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деп эле айтылган. Андан ары жердеги бардык нерсе кийинки алты «күндүн» ичинде жаратылганы сүрөттөлөт. Ал «күндөрдүн» ар бири кандайдыр бир убакыт аралыгын камтыган. Ошондой эле Ыйык Китептин түпнускасындагы Башталыш 2:4тө айтылган жаратуу мезгили жалпы жонунан «күн» деп берилген.

«100 мүнөттүк Ыйык Китепке» ылайык, адил Аюбка «адамзатка жалаа жаап айыптоо үчүн дайындалган бир кызматчы [Кудайдын кызматчысы] — Шайтан» кол салган. Мындагы карама-каршылыкты байкадыңарбы? «Шайтан» деген сөз «душман» дегенди билдирет. Демек, ал Кудайдын кызматчысы болушу мүмкүн эмес, тескерисинче, Шайтан Кудайдын эң башкы душманы жана Кудай аны адамзатка жалаа жаап айыптоо үчүн дайындаган эмес (Аян 12:7—10).

«100 мүнөттүк Ыйык Китептеги» Грек Жазмалары тууралуу эмне айтууга болот? Ал китепте Ыйсанын койлор жана эчкилер жөнүндөгү мисалында «кимдир бирөөгө, ал кандай жөнөкөй киши болбосун», жардам бергенге Ыйса ырайымдуулук көрсөтөрү айтылат. Ал эми Ыйык Китепте Ыйса анын жолун жолдогондорго — «бир туугандарына» — жакшылык кылгандар бата алышары айтылган (Матай 25:40). Кыскартылган Аян китебинде болсо «Рим — Улуу Бабыл — биротоло талкаланат» деп жазылат. Бирок Ыйык Китепти изилдегендер «Улуу Бабыл» Римди билдирери тууралуу Ыйык Жазманын бир да жеринде айтылбаарын билишет (Аян 17:15—18:24).

Жаратканыбыз тууралуу билим алууну жана анын ой-ниетин түшүнүүнү каалагандар Ыйык Китепти абдан баалашат. Андыктан аны толугу менен окуганга эмне жетсин?! Ыйык Китепти окуу 100 мүнөттөн ашык убакытты талап кылса да, анын аркасында баа жеткис сыйлыкка ээ боло алабыз (Жакан 17:3). Ыйык Китепти окууга болгон күч-аракетиңди жумшасаң, көптөгөн баталарды аласың (2 Тиметейге 3:16, 17).