Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китептеги чындыкка окуталы

Ыйык Китептеги чындыкка окуталы

Ыйык Китептеги чындыкка окуталы

«Бардык элдерди... шакирт кылгыла... буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө» (Матай 28:19, 20).

1. Ыйык Китеп канчалык кеңири таралган?

ЖАХАБАНЫН СӨЗҮ, Ыйык Китеп, дүйнөдөгү эң байыркы, кеңири таралган китептердин бири. Ал толугу менен же жарым-жартылай 2 300дөн ашуун тилге которулган. Жер калкынын 90дон ашык пайызы аны өз эне тилинде окуй алышат.

2, 3. а) Ыйык китептик окууларга карата башаламандыктын болушунун себеби эмнеде? б) Кайсы үч суроону карап чыгабыз?

2 Миллиондогон адамдар Ыйык Китепти күнүгө окушат. Айрымдар аны башынан аягына чейин бир нече ирет окуп чыгышкан. Миңдеген диний топтор окутууларын Ыйык Китепке негизделген деп ырасташканы менен, анда жазылгандарга макул эмес. Андан тышкары, бир динди туткандардын ортосундагы диний көзкараштарга байланыштуу өз ара келишпестиктер да көп кездешет. Кээ бирөөлөр болсо Ыйык Китептин Кудай Сөзү экенине ишенишпейт жана аны баалашпайт. Башкалары аны сот алдында чындыкты айтууга ант берүүдө колдонулуучу китеп катары гана көрүшөт.

3 Чынында, Ыйык Китепте Кудайдын адамзат үчүн жазылган сөзү, же маанилүү кабары камтылган (Эврейлерге 4:12). Жахабанын Күбөлөрү катары биз адамдардын Ыйык Китеп эмнеге окутарын билишин каалайбыз. Биз Ыйса Машайактын: «Баргыла да, бардык элдерди... шакирт кылгыла... буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө»,— деген тапшырмасын кубаныч менен аткарууга ынтызарбыз (Матай 28:19, 20). Кабар айтууда дүйнөдө кеңири таралган диний башаламандыктан улам көңүлү чөккөн акниет адамдарды жолуктурабыз. Алар Жаратканыбыз тууралуу чындыкты жана жашоонун маңызы жөнүндө Ыйык Жазмада эмне айтыларын билүүнү каалашат. Келгиле анда: «Кудай бизге кам көрөбү? Биз эмне үчүн жаратылганбыз? Адам өлгөндө эмне болот?» — деген көптөрдү кызыктырган үч суроону талкуулап көрөлү. Ушул суроолордун ар бирине токтолуп, диний жетекчилердин туура эмес көзкараштары менен Ыйык Китепте чынында эмне айтыларын салыштырып чыгабыз.

Кудай бизге кам көрөбү?

4, 5. Эмне үчүн адамдар Кудайдын бизге кам көрөрүнө шектенишет?

4 Адегенде: «Кудай бизге кам көрөбү?» — деген суроону карап чыгалы. Өкүнүчтүүсү, көптөр бул суроого «жок» деп жооп беришет. Эмне үчүн? Негизги себептердин бири — дүйнөдөгү абал. Бүгүнкү күндө азап-кайгы жана жек көрүүчүлүк көп, согуш болсо болуп көрбөгөндөй кулач жаюуда. Ошондуктан андай адамдар: «Эгер Кудай бизге чындап эле кам көрсө, мындай кырсык-каргашаларга жол бербейт эле да»,— дешет.

5 Адамдардын Кудайдын бизге кам көрөрүнө шектенгенине кээде диний кызматчылар да себепкер. Кырсык-каргашалар болгондо, диний кызматчылар көбүнчө эмне деп айтышат? Жол кырсыгынын айынан эки чиедей баласынан айрылган энеге бир диний кызматкер: «Кудайдын буйругу ушундай турбайбы... Кудайга дагы эки периште керек болгон окшойт»,— деген. Диний кызматчылар ушул сыяктуу сөздөрү менен Кудайды күнөөлүү кылып көрсөтүшөт. Бирок шакирт Жакып: «Азгырылып жатканда, эч ким: „Кудай мени азгырып жатат“,— деп айтпасын. Анткени Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт»,— деп жазган (Жакып 1:13). Жахаба Кудай дүйнөдө болуп жаткан жамандыктарга жооптуу эмес. Анткени «Кудуреттүү Кудайда адилетсиздик болбойт» (Аюб 34:10).

6. Жамандык менен азап-кайгынын болуп жатканына ким жооптуу?

6 Анда эмне үчүн азыр жамандык, азап-кайгы ушунчалык көп? Мунун бир себеби адамзаттын Кудайды Башкаруучу катары четке кагып, анын адил мыйзамдарына, принциптерине баш ийүүнү каалабаганында. Адамдар өздөрү билбей Кудайдын айыгышкан душманына, бул дүйнөнү башкарган Шайтанга, баш ийүүдө (1 Жакан 5:19). Бул жашоонун азыр эмне үчүн оор болуп жатканын түшүнүүгө жардам берет. Шайтан — каардуу, митаам жана мыкаачы. Андыктан анын бийлиги астында жаткан дүйнө да башчысынын сапаттарын чагылдырат. Жамандыктын ушунча көп болушунун себеби дал ушунда.

7. Кандай себептерден улам азап чегишибиз мүмкүн?

7 Кыйынчылыктарга кабылып жатканыбыздын дагы бир себеби — биздин жеткилеңсиздигибиз. Күнөөкөр адамдар үстөмдүк кылууга жакын, ошондуктан согуш, бири-бирин эзүү, кайгы-капа күчөп келет. Насаатчы 8:9да айтылгандай, «адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирет». Ошондой эле азап-кайгыга «мезгил менен кокустуктун» айынан дуушар болобуз (Насаатчы 9:11, «ЖД»). Адамдар көбүнчө ылайыксыз учурда, ылайыксыз жерде болуп калып кырсыкка дуушар болушат.

8, 9. Жахабанын бизге кам көрөрүн кайдан билебиз?

8 Жахабанын азап-кайгыга себепкер эмес экенин билүү сооротот. Бирок Кудай ар бирибиздин жашообузда эмне болуп жатканына кызыкдарбы? Ооба, кызыкдар. Муну биз анын рухунун жетеги менен жазылган Сөзүнөн билебиз. Анда ал адамдардын жаман жолго түшүшүнө эмне үчүн жол бергени айтылат. Буга эки нерсе — Жахабанын эгедерлиги жана адамдардын актыгына байланыштуу маселе — себеп болгон. Жахаба кудуреттүү Жараткан катары эмне үчүн тигиндей же мындай иш кылганын айтууга милдеттүү эмес. Ошентсе да ал бизге кам көргөндүктөн, жамандыкка эмне үчүн жол берип жатканын түшүндүрөт.

9 Кудайдын бизге кам көрөрүнө байланыштуу дагы бир далилди карап чыгалы. Ыйык Китепте Нухтун күндөрүндө жер бети жамандыкка толуп кеткенде, Кудай «өз ичинен өтө кайгыргандыгы» айтылат (Башталыш 6:5, 6). Андан бери Кудай өзгөрдүбү? Жок, өзгөргөн жок (Малахия 3:6). Ал адилетсиздикти дагы деле жек көрөт жана адамдардын кыйналып жатканын көрүү ал үчүн абдан оор. Ыйык Китепте Кудайдын жакында Шайтандын таасири жана адамдардын башкаруусу алып келген зыянды жоёру айтылат. Бул Кудайдын бизге кам көрөрүнүн далили эмеспи?

10. Жахаба адамдардын азап тартып жатканына кандай карайт?

10 Кырсык болгондо, диний жетекчилер: «Кудайдын эрки ушундай экен»,— деп айтышат. Мындай сөздөр Кудай жөнүндө туура эмес ой туудурат. Чынында, Жахаба адамзатты азап-кайгыдан арылтууну абдан каалайт. 1 Петир 5:7де: «Ал силер үчүн кам көрөт»,— деп айтылат. Ыйык Китеп чынында ушуга окутат.

Биз эмне үчүн жаратылганбыз?

11. Адамдардын жашоосу тууралуу дүйнөдөгү диндер эмнеге окутушат?

11 Келгиле анда, көптөрдү кызыктырган: «Биз эмне үчүн жаратылганбыз?» — деген экинчи суроого токтололу. Диндердин көбү адамдар бул дүйнөгө убактылуу гана жашоо үчүн келишкен деп окутушат. Алар жердеги жашоону «тиги дүйнөгө» кетердин алдындагы «токтоочу жай» деп эсептешет. Чиркөө кызматчыларынын айрымдарынын айтымында, Кудай жерди жакында жок кылат. Мындай туура эмес окутуулардын натыйжасында, көптөр бир келген өмүрдө, кийин өкүнбөгүдөй болуп, ойноп-күлүп алуу керек деп ойлошот. Ал эми Ыйык Китеп бул тууралуу чынында эмнеге окутат?

12—14. Кудайдын жерге жана адамзатка карата ой-ниети тууралуу Ыйык Китеп эмнеге окутат?

12 Кудайдын жерге жана адамзатка карата эң сонун ой-ниети бар. Ал жерди «бекер эмес, жашоо үчүн жараткан» (Ышайа 45:18). Жахаба «жерди бекем негизге орноткон», андыктан «ал кылымдан кылымга бекем турат» (Забур 103:5). Кудайдын жерге жана адамзатка байланыштуу ой-ниеттери жөнүндө билим алуу эмне үчүн жаратылганыбызды түшүнүүгө жардам берет.

13 Башталыш китебинин 1, 2-бөлүмүнөн Жахаба камкордугу менен адамдар жашашы үчүн, жерди даярдаганын билебиз. Жаратуу мезгили аяктаган соң, бардык нерсе «абдан жакшы» болгон (Башталыш 1:31). Кудай биринчи эркек менен аялды, Адам менен Обону, кооз Эйден багына жайгаштырып, мол тамак-аш менен камсыз кылган. Ал аларга: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула»,— деп айткан. Алар жеткилең балдардын ата-энеси болушмак, ошондой эле өзүнүн үйүн — бейиш багын — кеңейтишмек жана жаныбарларга сүйүү менен кам көрүшмөк (Башталыш 1:26—28).

14 Жахаба жер бетинде жеткилең адамдардын түбөлүк өмүр сүрүшүн каалайт. Кудай Сөзүндө: «Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүккө жашашат»,— деп айтылат (Забур 36:29). Ооба, адамзат жердеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүп, ырахаттанып жашашы керек. Бул Кудайдын эрки. Ыйык Китеп чынында ушуга окутат.

Адам өлгөндө эмне болот?

15. Дүйнөдөгү диндердин көбү өлгөндөр тууралуу эмнеге окутушат?

15 Эми көптөрдү тынчсыздандырган: «Адам өлгөндө эмне болот?» — деген үчүнчү суроону талкуулайлы. Дүйнөдөгү диндердин көбү адам өлгөндө, анын ичиндеги бир нерсе денесинен бөлүнүп чыгып, андан ары жашай берет деген окууну жакташат. Айрым диндер болсо Кудай жаман адамдарды жазалап, тозок отунда кыйнайт деп ишенишет. Чын эле ушундайбы? Өлгөндөр тууралуу Ыйык Китепте чынында эмне деп айтылат?

16, 17. Ыйык Китепте өлгөндөрдүн абалы тууралуу эмне делет?

16 Кудай Сөзүндө: «Тирүүлөр өлө турганын билишет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билишпейт, алар эми иштерине жараша тиешесин ала алышпайт»,— деп айтылат. Өлгөн адамдар «эч нерсе билбегендиктен», уга да, көрө да, сезе да, ой жүгүртө да албайт. Алар тиешесин да ала алышпайт. Чынында эле, эгер алар эч иш кыла албаса, тиешесин кантип алмак эле?! Маркумдардын «сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кызганчаактыгы да жок болот». Демек, аларда эч кандай сезим жок (Насаатчы 9:5, 6, 10).

17 Өлгөндөрдүн абалы жөнүндө Ыйык Китепте ачык-айкын түшүндүрүлгөн: адам өлгөндө, анын жашоосу токтойт. Андан жашоосун уланта турган эч нерсе бөлүнүп чыкпайт жана көптөр ишенгендей, жаны башка түргө өтүп кетпейт. Өмүрдү шамдын жалынына салыштырууга болот. Шамды үйлөсө, анын жалыны өчөт. Ал башка жерде күйүп калбайт.

18. Ыйык Китепти изилдеп жаткан адам өлгөндөрдүн абалы тууралуу эмнени биле алат?

18 Жөнөкөй, бирок маанилүү ушул чындык тууралуу ойлонуп көрсөң. Ыйык Китепти изилдеп жаткан адам өлгөндөрдүн эч нерсе сезбээрин билгенде, өлгөн ата-бабалары, аларды тирүү кезинде кандай катуу таарынтпасын, ага эч зыян келтире албаарын түшүнөт. Ошондой эле өлгөн жакындарынын уга да, көрө да, сүйлөй да, сезе да, ой жүгүртө да албаарын билет. Андыктан алар «тиги дүйнөгө» барышпайт жана тозок отуна түшүп, түбөлүк азап чегишпейт. Ыйык Китепке ылайык, Кудайдын эсиндеги маркумдардын баары тирилет. Кандай гана кереметтүү үмүт! (Жакан 5:28, 29).

Жаңы окуу куралы

19, 20. Биз эмне кылууга милдеттүүбүз жана кызматыбызда колдонушубуз үчүн кандай китеп чыгарылган?

19 Биз көптөрдү кызыктырган үч суроону гана карап чыктык. Алардын ар бирине Ыйык Жазмадан так-даана жооп алдык. Ыйык Китепте эмне айтылганын билүүнү каалагандарга бул чындыктар жөнүндө айтып берүү чоң кубаныч тартуулайт. Бирок көптөгөн дагы башка маанилүү суроолорго жүрөгү таза адамдар канааттандырган жооп издеп келишет. Кудайдын кызматчылары катары биз алардын суроолоруна жооп табууга жардам берүүгө милдеттүүбүз.

20 Ыйык Китептеги чындыкты ачык-айкын, жүрөккө жеткидей кылып айтуу дайыма эле оңойго турбайт. Ошол себептүү «ишенимдүү жана акылдуу кул» кызматыбызда колдонушубуз үчүн атайы китеп чыгарды (Матай 24:45—47). Ал — «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» аттуу 224-беттен турган китеп.

21, 22. «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин айрым өзгөчөлүктөрү кайсылар?

21 2005—2006-жылдары өткөрүлгөн «Куткарылуу күнүнө аз калды!» аттуу облустук жыйында жаңы китеп алганбыз. Анын кээ бир өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурсак. Мисалы, китептин беш беттен турган кириш сөзү ыйык китептик изилдөөлөрдү баштоодо чоң жардам боло алат. Андагы сүрөттөрдү, аяттарды башкалар менен талкуулоо оңой. Ошондой эле кириш сөздөгү кутучаны колдонуп, кызыгуучуга шилтеме берилген аяттарды кантип табууга болорун көрсөтсөң болот.

22 Китеп жөнөкөй, түшүнүктүү, талкуулоого кызыгуучу да катыша ала тургандай жазылган. Андыктан анын жардамы менен чындык сөзүн адамдын жүрөгүнө жеткире алабыз. Ар бир бөлүм кызыктуу суроолор менен башталат, андан тышкары бөлүмдүн аягында «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» деп аталган кутуча бар. Ал кутучада бөлүмдүн башында берилген суроолорго ыйык китептик жооптор камтылган. Ошондой эле китептеги сүрөттөр менен көрсөтмөлүү мисалдар изилдеп жаткан адамга жаңы ойлорду эстеп калууга көмөк кылат. Китеп жалпы жонунан жөнөкөй жазылса да, кызыгуучу менен, зарыл болсо, айрым маанилүү чындыктарды тереңирээк изилдөө үчүн 14 темадан турган «Тиркеме» караштырылган.

23. Изилдөөлөрдү өткөрүүдө «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебин кантип колдонууга болот?

23 «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебин бардык адамдарга — билим деңгээлине карабай, кайсы динди тутпасын — жардам берүүдө колдоно алабыз. Эгер адам мурда Ыйык Китеп менен тааныш эмес болсо, анда бир бөлүмдү бөлүп-бөлүп өтсөңөр болот. Бөлүмдү тезирээк бүтүрүүгө шашылбастан, чындыкты кызыгуучунун жүрөгүнө жеткирүүгө аракет кыл. Китептеги айрым мисалдар түшүнүксүз болсо, аны түшүндүрүп бер, же башка мисал келтир. Жакшы даярданып, китепти колуңдан келишинче натыйжалуу колдонууга аракеттен. «Чындык сөзүн туура жеткирүү» үчүн Кудайдан жардам сурап тилен (2 Тиметейге 2:15).

Артыкчылыгыбызды баалайбыз

24, 25. Жахаба элине кандай баа жеткис артыкчылык берген?

24 Жахаба өз элине баа жеткис артыкчылык берген. Ал бизге өзү жөнүндө чындыкты башкаларга айтууну тапшырган. Мындай артыкчылыгыбызды ар дайым баалайлы. Ооба, чындап эле, Кудай өзүнүн ой-ниеттерин текеберлерден жашырып, момундарга ачып берген. Бул тууралуу Ыйса мындай деген: «Ата, асман менен жердин Теңири! Муну даанышмандар менен акылмандардан жашырып, наристелерге ачып бергениң үчүн Сени даңктайм!» (Матай 11:25). Ааламдын Эгедери Жахабага кызмат кылган момундардын арасында болуу кандай гана чоң сыймык.

25 Ошондой эле Жахаба бизге өзү жөнүндө чындыкты башкаларга үйрөтүү артыкчылыгын берген. Кудай жөнүндө жалган окутууларды тараткандардын айынан көптөр аны таптакыр башкача элестетишерин унутпа. Адамдардын көпчүлүгү Кудай кошкөңүл, ташбоор деп ойлошот. Ушундай туура эмес көзкараштарды жокко чыгарууга даярсыңбы? Жүрөгү таза адамдардын Кудай жөнүндөгү чындыкты билишин каалайсыңбы? Анда бүт күч-аракетиңди жумшап, ынтызарлык менен кабар айт. Башкаларга маанилүү суроолорго байланыштуу Ыйык Китепте эмне айтыларын үйрөтүп, Кудайга тил аларыңды далилде. Чындыкты издегендер Ыйык Китеп чынында эмнеге окутарын билүүгө муктаж.

Кантип жооп берет элеңер?

• Кудай бизге кам көрөрүн кайдан биле алабыз?

• Биз эмне үчүн жаратылганбыз?

• Адам өлгөндө эмне болот?

• Сага «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинин кайсы өзгөчөлүктөрү абдан жагат?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Адил адамдар жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашашат

[10-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепте азап-кайгынын жок болору айтылат

Top right, girl: © Bruno Morandi/age fotostock; left, woman: AP Photo/Gemunu Amarasinghe; bottom right, refugees: © Sven Torfinn/Panos Pictures