Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыраазычылыгыбызды арттыра берели!

Ыраазычылыгыбызды арттыра берели!

Ыраазычылыгыбызды арттыра берели!

«Кудайым, Сенин ойлоруң мен үчүн кандай баалуу, алардын саны кандай көп!» (Забур 138:17).

1, 2. Эмне себептен Ыйык Китепти баалашыбыз керек жана Дөөт ал тууралуу эмне деген?

АЛ УКМУШТУУДАЙ табылга эле. Жахабанын Иерусалимдеги ийбадатканасы оңдолуп жатканда, башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкия 800 жылдай мурун жазылган «Теңирдин Муса аркылуу берген мыйзам китебин» таап алат. Китепти Кудайдан корккон Жошия падышага алып келишет. Ошондо падышаны кандай сезимдер чулгаганын ойлоп көрсөң. Ал китеп Жошия үчүн абдан баалуу болгону шексиз. Падыша аны дароо эле Шапан аттуу катчысына үн чыгара окутат (2 Жылнаама 34:14—18).

2 Бүгүнкү күндө Кудай Сөзүн толугу менен же анын айрым бөлүктөрүн миллиарддаган адамдар окуй алышат. Ыйык Китеп баштагыдай эле баалуубу? Албетте. Анткени анда биздин пайдабыз үчүн жазылган Кудурети Күчтүү Кудайдын ойлору камтылган (2 Тиметейге 3:16). Жахабанын Сөзү жөнүндө Дөөт: «Кудайым, Сенин ойлоруң мен үчүн кандай баалуу, алардын саны кандай көп!» — деп айткан (Забур 138:17).

3. Дөөттүн рухий нерселерди баалаганын эмнеден көрүүгө болот?

3 Дөөт Жахабага, анын Сөзүнө жана чыныгы сыйынуу үчүн караштырган чараларына дайыма ыраазычылык көрсөткөн. Дөөттүн сезими көркөм жазылган көптөгөн забурларда чагылдырылган. Мисалы, Забур 26:4тө ал мындай деп жазган: «Теңирден мен бир гана нерсени сурадым, ошону гана издеп келем: өмүр бою Теңирдин үйүндө болгум келет, Теңирдин сулуулугун көргүм келет, Анын ийбадатканасына барып тургум келет [«Анын ийбадатканасын суктанып карайм», «ЖД»]». Байыркы эврей тилиндеги «суктанып карайм» деген сөз айкашы терең ой жүгүртүүнү, көңүл коюп, ырахаттанып, кубанып, кызыгып кароону билдирет. Ооба, Дөөт Жахабанын караштырган рухий чараларын чындап баалаган. Ал Кудай ачып берген ар бир чындыктан ырахат алган. Бул жагынан Дөөт бизге эң сонун үлгү калтырган (Забур 18:8—12).

Ыйык китептик чындыкты билүү артыкчылыгын баалайлы

4. Ыйса эмнеге кубанган?

4 Кудай Сөзүн түшүнүү адамдын акылдуулугунан же текебердикке себеп болгон бул дүйнөдөн алган билиминен көзкаранды эмес. Жахаба рухий муктаждыктарын сезген момун, акниет адамдарга ырайымдуулугунан улам өз чындыгын ачып берет (Матай 5:3; 1 Жакан 5:20). Жеткилеңсиз айрым адамдардын аты асманда жазылары тууралуу ой жүгүртүп, Ыйса: «Ата, Сен асман, жердин Теңирисиң! Муну акылдуулардан, эстүүлөрдөн жашырып, балдарга ачып бергендигиң үчүн, Сени даңктаймын» — деп кубанган (Лука 10:17—21).

5. Ыйсанын шакирттери Падышалык жөнүндөгү чындыкты эмне себептен кадимки нерседей кабыл албашы керек эле?

5 Чын жүрөктөн тиленген соң, Ыйса шакирттерине бурулуп мындай деген: «Силер көргөн нерселерди көрүп турган көздөр бактылуу! Анткени силерге айтып коёюн, көптөгөн пайгамбарлар жана падышалар силер көргөндү көрүүнү каалашкан, бирок көрүшкөн жок. Силер укканды угууну каалашкан, бирок угушкан жок». Ооба, Ыйса өзүнүн жолдоочуларын Падышалык жөнүндөгү баалуу чындыктарды кадимки нерседей кабыл албоого үндөгөн. Ал чындыктар Кудайдын алардан мурун жашаган кызматчыларына ачылып берилбесе, анда Ыйсанын учурунда жашаган «акылдуулар» менен «эстүүлөргө» ачылышы мүмкүн эмес эле (Лука 10:23, 24).

6, 7. а) Кудай ачып берген чындык үчүн ыраазы болууга кандай себептер бар? б) Чыныгы дин менен жалган диндин ортосундагы кандай айырмачылыкты байкоого болот?

6 Бүгүн бизде Жахабага ачып берип жаткан чындыктарына, өз Сөзүн «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу тереңирээк түшүндүрүп берип жатканына ыраазы болууга көптөгөн себептер бар (Матай 24:45; Даниел 12:10). Акыркы убакка байланыштуу Даниел пайгамбар: «Аны [Кудай Сөзүн] көптөр окушат, билим көбөйөт»,— деп жазган (Даниел 12:4). Бүгүн Кудай жөнүндөгү билимдин «көбөйгөнүнө» жана Жахабанын кызматчылары рухий жактан жакшы тамактанып жатканына макул эмессиңерби?

7 Ооба, Кудайдын элинин рухий жактан гүлдөп жатышы Улуу Бабылдагы диний башаламандыктан кандай гана айырмаланат. Жалган динден көңүлү калган көп адамдар чыныгы сыйынууга тартылууда. Ал кой мүнөздүү адамдар Улуу Бабылдын «күнөөлөрүнө ортоктошуп, анын башына түшө турган алааматтарга» кабылууну каалашпайт. Андыктан Жахаба жана анын кызматчылары аларды жалган динден чыгууга чакырат (Аян 18:2—4; 22:17).

Ыраазычылык көрсөткөндөр Кудай тарапты ээлешүүдө

8, 9. Акай 2:7деги сөздөр бүгүн кандайча аткарылууда?

8 Каймана маанидеги сыйынуу жайы тууралуу Жахаба: «Бардык элдерди солкулдатам, ошондо бардык элдер өздөрүнүн кымбат баалуу нерселери менен [«бардык элдердин асылдары», МАК] келишет, бул үйдү даңкка толтурам»,— деп алдын ала айткан (Акай 2:7). Бул пайгамбарлык Кудайдын туткундан кайтып келген эли Иерусалимдеги ийбадаткананы калыбына келтиргенде аткарылган. Акайдын сөздөрү бүгүн да Жахабанын улуу рухий ийбадатканасына карата аткарылууда.

9 Миллиондогон адамдар Кудайга «рух менен, чындык боюнча» сыйынуу үчүн каймана маанидеги ийбадатканага агылып келүүдө. Аларга жыл сайын «бардык элдердин асылдары» деп сүрөттөлгөн жүз миңден ашуун киши кошулууда (Жакан 4:23, 24). Мисалы, бүткүл дүйнөлүк отчётко ылайык, 2006-кызмат жылында Жахабага арналып 248 327 киши чөмүлтүлгөн. Орто эсеп менен алганда, күнүнө 680 жаңы жарчы кошулуп турган. Алардын чындыкка болгон сүйүүсү, Падышалыктын жарчылары катары кызмат кылууга болгон каалоосу, аларды Жахаба өзү «чакырганынын» далили (Жакан 6:44, 65).

10, 11. Адамдардын ыйык китептик чындыкты баалаарын көрсөткөн мисал келтир.

10 Жүрөгү таза адамдар «адил адам менен ыймансыз адамдын, Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы» көрүп, чындыкка тартылышкан (Малахия 3:18). Алсак, протестант динин туткан Уэйн менен Виргиния деген жубайлар көптөгөн суроолоруна жооп таба албай келишкен. Алар согушту жек көргөндүктөн, диний жетекчисинин жоокерлерге батасын берип, курал-жарактарды «ыйыктаганын» көргөндө иренжип, кыжалат болушчу. Күйөөсү экөөнүн жашы өр тартып калганына, Виргиниянын жекшембилик мектепте көп жыл иштегенине карабай, чиркөөсүндөгүлөр аларга кошкөңүл мамиле кылышчу. «Биздин үйгө эч ким келчү да эмес, рухий жыргалчылыгыбызды сурап да коюшчу эмес. Чиркөөдөгүлөр биздин акчабызга гана кызыкчу. Биз өзүбүздү эч кимге кереги жоктой сезчүбүз»,— дешкен алар. Ал эми чиркөөсү гомосексуализмге уруксат бергенде, алардын ого бетер көңүлү калган.

11 Ошол учурда алардын небереси менен кызы Жахабанын Күбөсү болушат. Башында Уэйн менен Виргиния буга капаланышса да, кийин оюн өзгөртүп, Ыйык Китепти изилдей башташат. Уэйн мындай деген: «Ыйык Китеп тууралуу 70 жылдын ичинде билгениме караганда, үч эле айдын ичинде алда канча көптү билдим. Мен Кудайдын ысмы, анын Падышалыгы, жер үстүндө бейиш болору жөнүндө эч нерсе билчү эмесмин». Көп өтпөй, алар жыйналыш жолугушууларына барып, кызматка катыша баштайт. «Чындык тууралуу бардыгына айтып бергибиз келет»,— дейт Виргиния. Алар 2005-жылы 80 жашында чөмүлтүлүшкөн. Уэйн менен Виргиния: «Биз Кудайга жаккан чыныгы динди таптык»,— дешкен.

«Бардык жакшы ишке даярдалып» жатканыбызга болгон ыраазычылык

12. Жахаба кызматчыларын дайыма эмне менен камсыз кылат жана андан пайда алыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

12 Жахаба кызматчыларына өз эркин аткарууга ар дайым жардам берет. Маселен, Нух кеме курууга байланыштуу так-даана көрсөтмөлөрдү алган. Тактыкты талап кылган ал ишти Нух өмүрүндө биринчи жолу аткарып жатса да, аны аягына чейин чыгара алган. Эмне үчүн? Себеби ал бардыгын «Кудай кандай буйруса... так ошондой жасаган» (Башталыш 6:14—22). Бүгүн да Жахаба өзүнүн эркин аткаруу үчүн кызматчыларын зарыл болгон бардык нерселер менен камсыз кылууда. Биздин негизги ишибиз — Кудайдын орнотулган Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айтуу жана Ыйса Машайактын болочок шакирттерин даярдоо. Нухтун мисалынан көрүнүп тургандай, бул ишти аткарууда ийгиликке жетер-жетпесибиз тил алуубуздан көзкаранды. Андыктан Жахабанын өзүнүн Сөзү жана уюму аркылуу берип жаткан жетекчилигине баш ийип, тил алчаактык көрсөтүшүбүз керек (Матай 24:14; 28:19, 20).

13. Жахаба бизди кантип үйрөтөт?

13 Ыйык Китеп «үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот». Андыктан Жахаба тапшырган ишти аткаруу үчүн анын Сөзүн «туура жеткирүүнү» үйрөнүшүбүз зарыл (2 Тиметейге 2:15; 3:16, 17). Биринчи кылымдагыдай эле, Жахаба бизге жыйналыш жолугушуулары аркылуу баалуу насааттарды берет. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 99770 жыйналышта жума сайын өткөрүлгөн Теократиялык кызмат мектеби жана Кызмат жолугушуусу Кудайдын эркин аткарууга көмөк кылат. Ал маанилүү жолугушууларга үзгүлтүксүз катышуу жана билгендериңди колдонуу менен аларды баалаарыңды көрсөтүп жатасыңбы? (Эврейлерге 10:24, 25).

14. Жахабанын кызматчылары кызмат кылуу артыкчылыгын баалаарын кандайча көрсөтүүдө? (27—30-беттердеги таблицаны карагыла).

14 Кудайдын дүйнө жүзүндөгү миллиондоп саналган эли кызматка бүт күч-аракетин жумшап катышуу менен алып жаткан таалим-насааттарды баалаарын көрсөтүүдө. Алсак, 2006-кызмат жылында Падышалыктын 6741444 жарчысы кызматтын ар кандай түрүнө катышып жалпы жонунан 1333966199 саат кабар айтышкан жана 6 286 618 ыйык китептик изилдөө өткөрүшкөн. Бул бүткүл дүйнөлүк отчёттогу бекемдээрлик билдирүүлөрдүн айрымдары гана. Биринчи кылымдагы биртуугандарыбыз ошол убактагы кабар айтуу ишиндеги ийгиликтер тууралуу билип, бекемделишкени шексиз. Бүткүл дүйнөлүк отчётту карап чыгуу сени да бекемдейт (Элчилер 1:15; 2:5—11, 41, 47; 4:4; 6:7).

15. Жахабага жан-дили менен кызмат кылгандар эмне үчүн ындынын өчүрбөшү керек?

15 Жахабанын жыл өткөн сайын даңкталып-даңазаланышы анын кызматчыларынын ал тууралуу билим алганына жана анын ысмын алып жүрүү сыймыгына ээ болгонуна терең ыраазы экенин көрсөтүп турат (Ышайа 43:10). Улгайган, оорукчан же бейкаруу айрым биртуугандарыбыздын алып келген мактоо курмандыктары жесир аялдын эки жез тыйынындай эле сезилиши мүмкүн. Бирок Жахаба жана анын Уулу жан-дили менен, колунан келишинче кызмат кылып жаткандардын баарын жогору баалаарын эч качан эстен чыгарбайлы (Лука 21:1—4; Галатиялыктарга 6:4).

16. Жахаба акыркы жылдары бизди кандай окуу куралдары менен камсыз кылды?

16 Жахаба кызматыбызды аткарууну үйрөтүп эле койбостон, уюму аркылуу эң сонун окуу куралдарын да берүүдө. Мисалы, акыркы жылдары «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» (ор.), «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» (ор.), «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» аттуу китептер чыгарылган. Андан тышкары, жакында эле «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китепти алдык. Мындай окуу куралдарын чындап баалагандар аларды кызматта натыйжалуу колдонушат.

«Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебин натыйжалуу колдонуу

17, 18. а) «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинин кайсы бөлүмдөрүн кабарда колдонууну жакшы көрөсүң? б) Бир райондук көзөмөлчү ал китеп тууралуу эмне деген?

17 Он тогуз бөлүмдөн турган, терең маалыматтар камтылган тиркемеси бар, жөнөкөй, түшүнүктүү жазылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китеп кызматыбызда эң сонун курал болуп саналат. Китептин «Жашооңду Кудайга жаккыдай өткөр» деп аталган 12-бөлүмүн мисалга алалы. Андан Ыйык Китепти изилдеп жаткан адам, көптөр, балким, эч качан ойлонбогон нерсени — кантип Кудайдын досу боло аларын — биле алат (Жакып 2:23). Ал эми жарчылар бул китепке карата кандай ойдо?

18 Австралияда кызмат кылган бир райондук көзөмөлчү «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинин жардамы менен «адамдар менен оңой эле сөз баштоого болорун» белгилеген. Анан мындай деп кошумчалаган: «Бул китеп көптөгөн жарчыларга кызматта өздөрүн кайрадан ишенимдүү сезүүгө, көбүрөөк кубаныч алууга өбөлгө түздү. Айрымдар айткандай, ал „накта алтын“ экен!»

19—21. «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинин баалуулугун көрсөткөн айрым окуяларды айтып бер.

19 Гайанада мындай окуя болгон. Дүкөнүнүн жанында турган бир аял, ага кабар айтып келген пионерге: «Сени Кудай жиберди окшойт»,— деп айткан. Ал аялды жакында эле күйөөсү эки кичинекей баласы менен таштап кеткен. Пионер «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебинин 1-бөлүмүн ачып, «Кудай адилетсиздикке кандай карайт?» деген бөлүмчөдөн 11-абзацты окуп берген. Пионер мындай дейт: «Ал жердеги сөздөр ага абдан таасир эткендиктен, ал аял өзүн кармай албай дүкөнүнүн аркасына барып, буркурап ыйлады». Азыр болсо ал аял жыйналыштагы бир эже менен Ыйык Китепти изилдеп, жакшы ийгиликтерди кылып жатат.

20 Испанияда жашаган Хосе болсо жол кырсыгынын айынан аялынан айрылган. Ал күйүтүн басуу үчүн, баңгизат колдоно баштайт. Психологдорго да кайрылып көрөт. Бирок алардын бири да анын: «Кудай эмне үчүн аялымдын өлүп калышына жол берди?» — деген суроосуна жооп бере алган эмес. Бир күнү ал өзү иштеген компаниядагы Франческ менен сүйлөшүп калат. Франческ ага «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебиндеги «Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?» деп аталган 11-бөлүмдү талкуулап көрүүнү сунуш кылат. Ыйык Китептеги айкын жооп жана мугалим менен окуучу жөнүндөгү мисал Хосеге абдан таасир этет. Ал Ыйык Китепти ынтызарлык менен изилдей баштап, райондук жыйынга да барат. Азыр болсо жыйналыш жолугушууларына катышууда.

21 Польшалык 40 жаштагы Роман аттуу ишкер Кудай Сөзүн абдан баалачу. Анткен менен жумушунан такыр колу бошобой, Ыйык Китепти изилдөөнү токтотуп койгон. Ошентсе да облустук жыйынга барып, ал жерден «Ыйык Китеп эмнеге окутат?» китебин алат. Ошондон кийин Ыйык Китепти изилдөөгө олуттуураак карап калат. Роман мындай дейт: «Майда кесилген сүрөттү чогултканда, кандайдыр бир сүрөт чыккандай эле, бул китеп Ыйык Китептин бардык негизги окууларын толугу менен түшүнүүгө жардам берди». Азыр ал да Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдеп, эң сонун ийгиликтерди кылып жатат.

Ыраазычылыгыбызды арттыра берели!

22, 23. Келечекке карата үмүтүбүздү жогору баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

22 «Куткарылуу күнүнө аз калды!» аттуу облустук жыйында айтылгандай, биз Ыйса Машайактын төгүлгөн каны аркылуу мүмкүн болгон, Кудай убадалаган «түбөлүк куткарылууну» чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Андыктан «тирүү Кудайга кызмат кылышыбыз үчүн... өлүк иштерден тазаланууну» улантуу менен, ал баалуу үмүтүбүз үчүн чын жүрөктөн ыраазы экенибизди көрсөтөбүз (Эврейлерге 9:12, 14).

23 Падышалыктын алты миллиондон ашуун жарчысы өз кызыкчылыгын көздөөгө үндөгөн дүйнөдө жашаганына карабай, Кудайга ишенимдүүлүк, туруктуулук менен кызмат кылып жатышканы керемет эмей эмне?! Ошондой эле бул алардын Жахаба үчүн «кылган эмгеги текке кетпесин» билип, кызмат кылуу сыймыгын жогору баалаарын көрсөтүп турат. Келгиле анда, Жахабага болгон ыраазычылыгыбызды ар дайым арттыра берели! (1 Корунттуктарга 15:58; Забур 109:3).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кудайга анын караштырган рухий иш-чараларына ыраазы болуу жагынан Дөөттөн эмнеге үйрөнө алабыз?

Акай 2:7деги сөздөр бүгүн кандайча аткарылып жатат?

• Жахаба ага натыйжалуу кызмат кылышыбыз үчүн бизди эмнелер менен камсыз кылууда?

• Жахабанын мээримдүүлүгүнө ыраазы экенибизди кантип көрсөтөбүз?

[Изилдөө суроолору]

[31-беттеги сүрөт]

Жахаба бизди анын эркин аткарышыбыз үчүн бардык нерселер менен камсыз кылууда