Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эркек менен аялга ыйгарылган милдеттер

Эркек менен аялга ыйгарылган милдеттер

Эркек менен аялга ыйгарылган милдеттер

ЖАХАБА КУДАЙ Обо энеден мурун Адам атаны жараткан. Обо жаралганга чейин Адам, жашоодо тажрыйбага ээ болгондон сырткары, Жахабадан белгилүү бир көрсөтмөлөрдү алып турган (Башталыш 2:15—20). Кийин ал, Кудайдын өкүлү катары, ошол көрсөтмөлөрдү аялына айтып берген. Албетте, Адам сыйынууга байланыштуу маселелерде да демилгени колго алган.

Жыйналышта да ошондой тартип сакталып келет. Ал тууралуу көбүрөөк билүүдөн биз пайда алабыз. Элчи Пабыл: «Аял кишинин окутушуна, күйөөсүнө бийлик кылышына тыюу салам, ал унчукпасын. Анткени адегенде Адам ата, андан кийин Обо эне жаратылган»,— деп жазган (1 Тиметейге 2:12, 13). Бирок бул аялдардын жыйналышта үндөбөй отурушу керек экенин билдирбейт. Пабыл аял киши эркек менен талашып-тартышпайт, анын кадыр-баркын түшүрбөйт жана жыйналышта окутууга умтулбайт дегиси келген. Эркектер жыйналышты көзөмөлдөө жана окутуу үчүн дайындалса, аялдар жыйналышка ар кандай жолдор менен колдоо көрсөтүп, чоң салым кошо алышат.

Кудайдын эркек менен аялга ар башка милдет бергенин түшүндүрүп элчи Пабыл мындай деген: «Эркек аял аркылуу эмес, аял эркек аркылуу жаратылган... Бирок Теңирдин алдында аял эркекке, эркек аялга көз каранды. Анткени аял эркек аркылуу жаратылгандай эле, эркек аялдан төрөлөт, бирок баары Кудайдан» (1 Корунттуктарга 11:8—12).

Аялдарга ыйгарылган милдет

Кудайдын Ысрайылга берген Мыйзамына ылайык, аялдардын көптөгөн ардактуу милдети бар эле. Алар аны аткарууда өздөрүн эркин сезишкен. Мисалы, Накыл сөздөр 31:10—31-аяттарда «жакшы аял» жөнүндө сөз кылынат. Ал сапаттуу кездемелерден үйүндөгүлөрүнө мыкты кийим тиккен, «жабуу жасап» сатып турган (13, 21—24-аяттар). «Соодагерлердин кемелерине окшоп», алыс жактан болсо да, тамактын эң жакшысын таап келе турган (14-аят). Андан сырткары, «жер алгысы келсе, ага да ээ болуп», өз колу «менен жүзүмзар отургузган» (16-аят). Иштери жакшы болгондуктан, үйүнө көп киреше киргизген (18-аят). Жахабадан корккон ал иштүү аял, «өз үйүндөгү чарбасына көз салгандан» сырткары, башкаларга чын дилден жардам берген (20, 27-аяттар). Анын мактоого татыктуу болгону шексиз (31-аят).

Жахабанын Муса аркылуу берген мыйзамдары аялдардын рухий жактан өсүшүнө жакшы өбөлгө түзгөн. Алсак, Жашыя 8:35тен: «Бүткүл Ысрайыл элинин алдында, алардын аялдарына, балдарына, алардын арасындагы келгиндерге Мусанын Жашыяга калтырган осуяттарынан Жашыя окубаган бир да сөз калган жок»,— дегенди окуйбуз. Ал эми ыйык кызмат кылуучу Эзранын күндөрү жөнүндө Ыйык Китепте минтип баяндалат: «Эзра китепти жетинчи айдын биринчи күнү жамааттын, эркектер менен аялдардын жана мыйзамды түшүнө алгандардын алдына алып келди. Анан ал андан Суу дарбазасынын алдындагы аянтта таң сүргөндөн чак түшкө чейин эркектер менен аялдарга жана аны түшүнө алган адамдарга окуп берди. Элдин бардыгы мыйзам китебин кунт коюп угушту» (Некемия 8:2, 3). Ооба, аялдар Мыйзамды угуудан көп пайда алышчу. Андан сырткары, алар диний майрамдарга да катыша турган (Мыйзам 12:12, 18; 16:11, 14). Баарынан маанилүүсү, байыркы Ысрайылдагы аялдар Жахаба Кудай менен жекече мамиле өрчүтүп, ага өз алдынча тилене алышкан (1 Шемуел 1:10).

Ал эми б.з. I кылымында Кудайдан корккон аялдар Ыйсага кызмат кылуу сыймыгына ээ болушкан (Лука 8:1—3). Бетанияда кечки тамак маалында бир аял Ыйсанын башы менен бутун жыпар жыттуу май менен майлаган (Матай 26:6—13; Жакан 12:1—7). Ыйса тирилгенде шакирттерине, алардын арасында аялдарга да көрүнгөн (Матай 28:1—10; Жакан 20:1—18). Ал асманга кеткенден кийин, б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында 120га жакын шакирти чогулганда, «бир топ аялдар менен, Ыйсанын энеси Мариям» да барган (Элчилер 1:3—15). Ошондо Ыйсанын шакирттери Иерусалимдеги бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүндө отурушканда баарына ыйык рух түшүп, керемет жолу менен бөтөн тилдерде сүйлөй башташкан. Ошол учурда алардын арасында жогоруда айтылган аялдардын көбү же баары болгону күмөнсүз (Элчилер 2:1—12).

Элүүнчү күн майрамында Жоел 2:28, 29-аяттардагы пайгамбарлыктын аткарылышын эркектер да, аялдар да өз көзү менен көрүшкөн. Элчи Петир ал пайгамбарлыктан мындай деп үзүндү келтирген: «Мен [Жахаба] ар бир адамдын үстүнө Өз Рухумду төгөм, ошондо уулдарыңар менен кыздарыңар пайгамбарчылык кылышат... Ошол күндөрдө Мен кулдарымдын үстүнө да, күңдөрүмдүн үстүнө да Өзүмдүн Рухумду төгөм» (Элчилер 2:13—18). Ыйсаны жолдогон аялдар б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан кийин ыйык рухтун шык-жөндөмдөрүнө ээ болушкан: алар бөтөн тилде сүйлөп, пайгамбарчылык кыла башташкан. Бирок бул алардын келечекти алдын ала айтып киргенин эмес, Ыйык Жазмадагы чындыкты тарата баштаганын билдириши ыктымал.

Римдеги жыйналышка жолдогон катында элчи Пабыл Пойбе аттуу аялды мактап, биртуугандардан аны кабыл алууну өтүнгөн. Ошондой эле Трифайна менен Трипоса аттуу аялдардын Теңирге көп кызмат кылганын айткан (Римдиктерге 16:1, 2, 12). Ал аялдар Ыйсанын жолдоочуларынын алгачкы жыйналышында эркек биртуугандардай болуп дайындоо алган эмес. Бирок Кудай аларга жана башка көптөгөн аялдарга Ыйса Машайак менен бирге асман Падышалыгында башкаруу сыймыгын берген (Римдиктерге 8:16, 17; Галатиялыктарга 3:28, 29).

Бүгүнкү күндө да Кудайдан корккон аялдар кандай гана маанилүү иш аткарууда! Забур 67:12де: «Теңир сөз айтат, аны көп адамдар [«аял-кыздар», «Мукаддас»] жар салат»,— деп айтылат. Алар чынында эле мактоого татыктуу. Мисалы, алар ыйык китептик изилдөөлөрдү натыйжалуу өткөргөндүктөн, көптөр Кудайга жаккан окууларды кабыл алууда. Үйбүлөсү бар аялдар да мактоого татыйт. Себеби алар, балдарын Кудайдан корккон адамдардан кылып тарбиялоого аракеттенгенден сырткары, жыйналышта көп жоопкерчиликтерди аткарган күйөөлөрүнө колдоо көрсөтүшөт (Накыл сөздөр 31:10—12, 28). Жалгыз бой эже-карындаштар да Кудайдын уюмунда татыктуу орунду ээлешет. Ошондуктан Ыйсаны жолдогон эркектер улгайгандарга энеси катары, жаштарына болсо карындашы катары «адеп-ахлактуулук менен акыл-насаат айтууга» чакырылышат (1 Тиметейге 5:1, 2).

Эркектерге түрдүү жоопкерчилик артылган

Кудай Ыйсаны жолдогон эркектерге башчылык милдетин берген жана алардан ошого ылайык иш кылуу күтүлгөн. Пабыл: «Муну билип алышыңарды каалайм: ар бир эркектин башчысы — Машайак, аялдын башчысы — эркек, Машайактын башчысы — Кудай»,— деп айткан (1 Корунттуктарга 11:3). Эркектин да башчысы бар. Ал — Ыйса Машайак. Ошондуктан эркек Ыйсанын алдында, демек, Кудайдын алдында да жооптуу. Кудай эркектердин сүйүү менен башчылык кылышын каалайт (Эфестиктерге 5:25). Башчылык тартиби адамзат жаралганынан тартып эле бар.

Ыйык Китепте Кудайдын эркектерге башчы катары ээлеген абалына жараша тапшырмаларды берип турганы айтылат. Мисалы, Жахаба Нух деген кишиге Топон суудан үйбүлөсү менен кошо тирүү жандыктарды сактап калуу үчүн кеме курууну буйруган (Башталыш 6:9—7:24). Ал эми Ыбрайым аттуу кишиге убада берип, анын тукуму аркылуу жер жүзүндөгү бүт элдер бата аларын айткан. Бул убада боюнча, башкы тукум Ыйса Машайак болуп чыккан (Башталыш 12:3; 22:18; Галатиялыктарга 3:8—16). Андан сырткары, Кудай Муса деген кишини ысрайылдыктарды Мисирден алып чыгуу үчүн дайындаган (Чыгуу 3:9, 10, 12, 18). Ал Мусага мыйзамдардын жыйнагын (Мыйзам келишимин же Мусанын мыйзамын) берген (Чыгуу 24:1—18). Ошондой эле Ыйык Китепти жазгандардын баары эркек болгон.

Жыйналыштын Башчысы катары Ыйса «адам түрүндөгү белектерди берген» (Эфестиктерге 1:22; 4:7—13, «ЖД»). Пабыл жыйналыштын көзөмөлчүсү боло тургандар үчүн коюлган талаптарды айтып жатканда, эркектерге кайрылган (1 Тиметейге 3:1—7; Титке 1:5—9). Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарында аксакал жана кызмат жардамчысы болуп эркектер дайындалат (Филипиликтерге 1:1, 2; 1 Тиметейге 3:8—10, 12). Жыйналышта кайтаруучулук милдетин эркектер гана аткарат (1 Петир 5:1—4). Анткен менен, жогоруда айтылгандай, Кудай аялдарга да ардактуу милдеттерди берген.

Өз милдетин аткаруудан кубаныч алышат

Эркек да, аял да Кудай берген милдетин тийиштүү түрдө аткарганда кубаныч табышат. Үйбүлөдө күйөө менен аял Ыйсанын жана жыйналыштын үлгүсүнө карманышса, бактылуу болушат. Пабыл: «Күйөөлөр, аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген... Күйөөсү аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн»,— деп жазган (Эфестиктерге 5:25—33). Күйөөлөрдөн башчылык милдетин өзүмчүлдүк менен эмес, сүйүү менен аткаруу талап кылынат. Ыйсанын жыйналышы жеткилең эмес адамдардан турат. Ошентсе да Ыйса аларды сүйүп, аларга кам көрөт. Анын сыңарындай эле, Кудайдан корккон күйөө аялын сүйүүгө, ага кам көрүүгө тийиш.

Ал эми Кудайдан корккон аялдар күйөөсүн терең урматтайт (Эфестиктерге 5:33). Бул жагынан аялдар жыйналыштан үлгү ала алышат. Эфестиктерге 5:21—24-аяттарда мындай делген: «Кудайдан коркуу менен бири-бириңерге баш ийгиле. Аялдар, күйөөңөргө Теңирге баш ийгендей баш ийгиле, анткени дененин Куткаруучусу Машайак Жыйындын башчысы болгон сыяктуу эле, күйөө да аялдын башчысы. Жыйын Машайакка баш ийгендей эле, аялдар да бардык нерседе күйөөлөрүнө баш ийишсин». Аялга күйөөсүнө баш ийүү кээде оңойго турбагандай сезилиши мүмкүн. Бирок ал ошону менен Теңирге жаккандай иш кылып жатканын билет (Колосалыктарга 3:18). Башчысына баш ийүүнү Ыйса Машайак туура көрөрүн унутпаган зайыпка күйөөсүнө баш ийүү оңоюраак болот.

Күйөөсү Кудайга ишенбесе да, ыймандуу аял ага баш иет. Элчи Петир: «Аялдар күйөөңөргө баш ийгиле. Кимиңердин күйөөңөр Кудайдын сөзүнө баш ийбесе, ал силердин таза, Кудайдан корккон жашооңорду көрүп, силердин сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүш-турушуңар аркылуу Кудайга баш ийгидей болсун»,— деген (1 Петир 3:1, 2). Күйөөсүн — Ыбрайымды — урматтаган Саара деген аял Кудайдын батасы менен Ыскак аттуу уул төрөгөн жана Ыйса Машайактын чоңенеси болуу сыймыгына ээ болгон (Эврейлерге 11:11, 12; 1 Петир 3:5, 6). Өздөрүн Саарадай алып жүргөн аялдар да Кудайдан көптөгөн бата алары шексиз.

Кудай берген милдетин жакшы аткарган эркек менен аялдын үйүндө тынчтык, ырыс-ынтымак өкүм сүрөт. Натыйжада алар жашоодон ыракат алып, өзүлөрүн бактылуу сезишет. Андан сырткары, Ыйык Жазманын талаптарына жооп беришсе, экөө тең Кудай ыйгарган милдеттерин тийиштүү түрдө аткарган болушат.

[7-беттеги кутуча]

Айрымдар Кудайдын ыйгарган милдети жөнүндө кандай ойдо?

«Менин күйөөм башчылык милдетин сүйүү менен, боорукердик менен аткарат,— дейт Сюзан.— Адатта, биз кандайдыр бир маселени талкуулагандан кийин, жолдошум чечим чыгарат. Мен анын чечими бизге пайда гана алып келерин билем. Жахабанын аялдар үчүн караштырган чарасы мени, чынында эле, бактылуу кылат жана никебизди бекемдейт. Ошондуктан биз абдан ынакпыз. Рухий максаттарга жетүү үчүн да дайыма биргелешип иш-аракет кылабыз».

Минде аттуу аял мындай дейт: «Жахабанын элинин арасындагы аялдарга караштырган орду — анын сүйүүсүнүн далили. Мен жолдошумду урматтап-сыйлайм, ага жыйналыштагы көптөгөн милдетин аткарууда колдоо көрсөтөм. Ошонун аркасында Жахабанын тартиби үчүн ыраазычылык билдирем».

[5-беттеги сүрөт]

Башчылык милдетин эркектерге ыйгаргандыктан, Кудай Нухка, Ыбрайымга жана Мусага түрдүү тапшырма берген

[7-беттеги сүрөт]

Жакшы кабарды көп сандаган аялдар таратууда