Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эркек менен аял бири-бири үчүн жаратылган

Эркек менен аял бири-бири үчүн жаратылган

Эркек менен аял бири-бири үчүн жаратылган

ЭРКЕК менен аял дайыма бирге болууга умтулушат. Андай каалоону аларга Кудай берген. Жахаба Кудай биринчи эркектин, Адам атанын, жалгыз жүрүшү жакшы эмес экенин көргөндө, «ага ылайык жардамчыны жаратып» берүүнү чечкен.

Жахаба Адамды катуу уйкуга салып, анын бир кабыргасынан «аял жаратат». Адам Жахабанын сулуу жаратуусун көргөндө: «Бул — менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, этимден чыккан эт»,— деп сүйүнөт. Аялзатка таандык назиктиги менен жеткилең аял, Обо, чынында эле сулуу болгон. Эркекке таандык касиет-сапаты бар жеткилең Адам болсо урматтоого татыган. Ооба, эркек менен аял бири-бири үчүн жаратылган. Ыйык Китепте: «Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот»,— деп айтылат (Башталыш 2:18—24).

Бирок бүгүн үйбүлөлөрдүн ынтымагы ыдырап, аял менен эркектин бири-бирин кордогон учурлары аз эмес. Алардын ортосунда өзүмчүлдүк, атаандаштык руху өкүм сүргөндүктөн, талаш-тартыш, чыр-чатак көп. Мындай көрүнүштөр Кудайдын эркек менен аялга байланыштуу ой-ниетине карама-каршы келет. Чынында, эркекке жердеги эң бир сонун милдет тапшырылган. Аял болсо эркектин жанында ары өзгөчө, ары барктуу орунду ээлемек. Экөө жашоодо эриш-аркак кадам шилтөөгө тийиш эле. Адамзат тарыхынын башталышынан тартып, Кудайдан корккон аялдар менен эркектер өз милдеттерин берилгендик менен аткарууга аракет кылып келишкен. Бул аларды бактылуу кылып, канааттануу берген. Ал кандай милдеттер жана биз аларды кантип аткара алабыз?

[3-беттеги сүрөт]

Кудай эркек менен аялга ардактуу милдеттерди ыйгарган