Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Балдар, ата-энеңерге баш ийгиле»

«Балдар, ата-энеңерге баш ийгиле»

«Балдар, ата-энеңерге баш ийгиле»

«Балдар, ата-энеңерге баш ийгиле, бул Теңирге жагат, анткени ушундай кылганыңар туура» (Эфестиктерге 6:1).

1. Баш ийүү бизди кандайча коргошу мүмкүн?

АСМАНДЫ кара булут каптаганын көрүп, күндүн күркүрөгөнүн угуп, шамалдын күчөй баштаганын сездик дейли. Мындайда чагылган түшүп, чоң мөндүр жааса, өмүргө коркунуч тууларын билгендиктен, коопсуз жай издеп, баш калкалоого шашарыбыз күмөнсүз. Көзүбүздүн, кулагыбыздын, «таң каларлык жаратылган» денебиздин мындай «эскертүүлөрүнө» кулак каксак, аман калышыбыз мүмкүн. Ал эми тил албагандар өмүрүнөн айрылып калышы ыктымал (Забур 138:14).

2. Балдар эмне үчүн эскертүүлөргө муктаж жана алар эмне себептен ата-энесинин тилин алышы керек?

2 Жаштар, силер кооптуу нерселерге байланыштуу эскертүүлөргө муктажсыңар. Андай эскертүүлөрдү ата-энеңер берип турат. Алардын силерге мындай деп айткандары эсиңердедир: «Тийбе: күйүп каласың». «Сууга жакын барба: агызып кетет». «Жолдон эки жагыңды карап өт». Тилекке каршы, кээде балдар мындай эскертүүлөргө тил албагандыктан өздөрүнө зыян келтиришет же андан да жаманы, өмүрүнөн айрылышат. Ата-эненин тилин алуу «туура», ошондой эле акылдуулукка жатат (Накыл сөздөр 8:33). Ыйык Китептеги дагы бир аятта тил алуу Ыйса Машайакка «жагары» айтылган. Ооба, Кудай силерден ата-энеңерге баш ийишиңерди талап кылат (Колосалыктарга 3:20; 1 Корунттуктарга 8:6).

Баш ийүүнүн узакка созулган пайдасы

3. Көпчүлүгүбүз үчүн «түбөлүк өмүр» деген эмнени билдирет жана балдар канткенде ага жетүүгө үмүттөнө алышат?

3 Ата-энеге тил алуу «азыркы» жашоодо коргойт, ошондой эле «келечектеги жашоонун» — «түбөлүк өмүрдүн» — ырахатын көрүүгө шарт түзөт (1 Тиметейге 4:8; 6:19). Көпчүлүгүбүз үчүн түбөлүк өмүр Кудайдын жаңы дүйнөсүндө жер үстүндө чексиз өмүр сүрүүнү билдирет. Кудай андай өмүрдү анын осуяттарын берилгендик менен аткаргандарга берүүнү убадалаган. Негизги осуяттардын биринде: «„Ата-энеңди сыйла“ деген осуят — убадалуу осуяттардын биринчиси: „Сага жакшы болуш үчүн жана жер үстүндө өмүрүң узак болуш үчүн, ата-энеңди сыйла“»,— делген. Демек, ата-энеңе баш ийсең, бактылуу болоруң шексиз. Келечегиң коопсуз болот жана жер үстүндөгү бейиште түбөлүк өмүр сүрөсүң! (Эфестиктерге 6:2, 3).

4. Балдар канткенде Кудайды сыйлаарын көрсөтөт жана андан кандай пайда алышат?

4 Ата-энеңдин тилин алып, аларды сыйлоо менен сен Кудайды сыйлаарыңды көрсөтөсүң. Себеби Ал сенден ата-энеңе баш ийүүнү талап кылат. Мындан өзүң да пайда аласың. Ыйык Китепте: «Сени пайдалуу нерсеге үйрөткөн... Кудай-Теңириң Менмин»,— деп айтылган (Ышайа 48:17; 1 Жакан 5:3). Баш ийүүнүн кандай пайдасы бар? Ал атаңды да, апаңды да кубантат. Өзүңдү аларга жаккандай алып жүрсөң, алар да сага жаккандай мамиле кылары шексиз (Накыл сөздөр 23:22—25). Баарынан маанилүүсү, тилалчаактыгың менен асмандагы Атаңды кубантасың, ошондуктан Ал сага көп батасын берет. Ыйса: «Мен ар дайым Ага [Атасына] жакканды кылам»,— деген (Жакан 8:29). Анда келгиле, Жахабанын Ыйсаны кандай жолдор менен коргоп, ага батасын бергенин карап чыгалы.

Ыйса эмгекчил болгон

5. Эмне үчүн Ыйсаны эмгекчил болгон дей алабыз?

5 Ыйса Мариямдын тун уулу эле. Асырап багып алган атасы Жусуп жыгач уста болгондуктан, Ыйса андан устачылыкты үйрөнгөнү айкын (Матай 13:55; Марк 6:3; Лука 1:26—31). Ыйса кандай уста болгон деп ойлойсуң? Ал асманда жүргөндө, кереметтүү жол менен кыздын боюна көчүрүлгөнгө чейин, өзүн акылмандык катары сүрөттөп мындай деген: «Мен Анын [Кудайдын] жанында сүрөтчү [же чебер жардамчысы] болчумун. Ар күнү Анын кубанычы болчумун». Кудай Ыйсанын асманда күжүрмөн эмгектенгенине ыраазы болгон. Анда Ыйсанын жерде жүргөндө да жаш кезинен тартып эмгекчил, жакшы уста болууга көп күч жумшаганы талашсыз (Накыл сөздөр 8:30; Колосалыктарга 1:15, 16).

6. а) Ыйса бала кезинде үй жумуштарын жасаган деп ырастоого кандай негиз бар? б) Балдар Ыйсаны кайсы жагынан туурай алышат?

6 Албетте, бала кезинде Ыйсанын, Ыйык Китепте айтылган балдар сыяктуу эле, ойногон учурлары болгон (Захария 8:5; Матай 11:16, 17). Анткен менен ал чоң карапайым үйбүлөдөгү балдардын улуусу катары, Жусуптан усталык кесипти үйрөнгөндөн тышкары, ар кандай үй жумуштарын да жасаган. Кийинчерээк Ыйса кабар айта баштаган да, өз кызыкчылыктарынан кечип, өзүн бүт бойдон кызматка арнаган (Лука 9:58; Жакан 5:17). Сен аны кайсы жактардан туурай аларыңды байкадыңбы? Ата-энең сага үй жыйноону же башка жумуштарды жасоону тапшырабы? Алар сени Кудайга сыйынып, жыйналыш жолугушууларына катышууга жана ишенимиң тууралуу башкаларга айтууга үндөйбү? Ыйса бала кезинде ата-энесинин ушу сыяктуу көрсөтмөлөрүнө кандай караган деп ойлойсуң?

Мыкты изилдөөчү жана Окутуучу

7. а) Ыйса Пасахка ким менен барган? б) Баары кайра жол тартканда, Ыйса кайда эле жана эмне үчүн?

7 Ысрайылдыктардын бардык эркектеринен жылына үч жолу жүйүттөрдүн майрамында Жахабага сыйынуу үчүн ийбадатканага баруу талап кылынган (Мыйзам 16:16). Он эки жашында Ыйса да үйбүлөсүнө кошулуп, Пасахты майрамдоо үчүн Иерусалимге жөнөгөн. Ал жакка анын ини-карындаштары да барса керек. Алар менен чогуу, болжолу, Мариямдын тууганы Саломия күйөөсү Зебедей менен, ошондой эле алардын кийинчерээк Ыйсанын элчиси болгон уулдары Жакып, Жакан да барышы мүмкүн эле * (Матай 4:20, 21; 13:54—56; 27:56; Марк 15:40; Жакан 19:25). Кайра келатканда Жусуп менен Мариям, кыязы, Ыйсаны туугандары менен келатат деп ойлогондуктан, анын жоктугун байкабай калышкан. Акыр-аягы, үч күндөн кийин, Мариям менен Жусуп аны ийбадатканадан табышканда, ал «устаттардын ортосунда сөз угуп, суроо берип отурган» болот (Лука 2:44—46).

8. Ыйса ийбадатканада эмне кылып отурган жана башкалар эмнеге таң калган?

8 Ыйса кандай мааниде устаттарга «суроо берип отурган»? Ал балалык кызыгуусун канааттандыруу үчүн же тек гана маалымат алуу үчүн суроо берген эмес. Бул жерде колдонулган грек сөзү сот учурунда жүргүзүлгөн суракты жана бири-бирине суроо берүүнү билдириши мүмкүн. Ооба, Ыйса жаш болсо да, Ыйык Жазманы мыкты билгени менен билимдүү диний устаттарды таң калтырган. Бул жөнүндө Ыйык Китепте: «Угуп отургандардын бардыгы Анын акылына жана берген жоопторуна таң калышты»,— деп айтылат (Лука 2:47).

9. Ыйык Китепти изилдөөдө Ыйсаны кантип туурай аласың?

9 Кандай деп ойлойсуң, Ыйса эмне үчүн кичине кезинде эле Жазмадан алган билими менен тажрыйбалуу диний устаттарды таң калтырган? Албетте, буга Ыйсанын Кудайдан корккон ата-энеси зор салым кошкон. Алар ага ымыркай кезинен тартып эле рухий тарбия беришкени айкын (Чыгуу 12:24—27; Мыйзам 6:6—9; Матай 1:18—20). Ошондой эле Жусуп аны кичинесинде Жазманын окулуп, талкууланганын угуу үчүн синагогага алып барып турганы күмөнсүз. Сенин да Кудайдан корккон ата-энең барбы? Алар сени менен Ыйык Китепти изилдеп, сени жыйналышка алып барышабы? Ыйса ата-энесинин эмгегин баалагандай, сен да ата-энеңдин аракетин баалайсыңбы? Ыйсадай болуп, башкаларга үйрөнүп-билгендериң тууралуу айтып жатасыңбы?

Ыйса ата-энесине баш ийген

10. а) Ыйсанын ата-энеси эмне үчүн аны каяктан издөөнү билиши керек эле? б) Ыйса балдарга кандай сонун үлгү калтырган?

10 Сенин оюң боюнча, Жусуп менен Мариям үч күндөн кийин Ыйсаны ийбадатканадан табышканда, кандай сезимде болушкан? Албетте, жеңилдей түшүшкөн. Ыйса болсо ата-энесинин анын каерде экенин билбегенине таң калган. Себеби, экөө тең анын төрөлүшүнүн өзү эле керемет болгонун билишкен. Андан тышкары, алар Ыйсанын келечекте Куткаруучу жана Кудайдын Падышалыгынын Башкаруучусу болору жөнүндө ийне-жибине чейин болбосо да, жетишерлик билишкени шексиз (Матай 1:21; Лука 1:32—35; 2:11). Ошондуктан Ыйса алардан мындай деп сураган: «Мени эмнеге издейсиңер? Атамдын үйүндө болушум керек экендигин билген эмес белеңер?» Бирок ал алардын тилин алып, Назаретке — үйүнө — кайтат. Анан Ыйык Китепте анын «ата-энесине тилалчаак болгону», ал эми «энеси болсо бул сөздөрдүн баарын көкүрөгүнө түйүп» алганы айтылат (Лука 2:48—51).

11. Ыйсадан баш ийүүгө байланыштуу эмнени үйрөнө аласың?

11 Ыйсанын үлгүсү боюнча ата-энеңе дайыма баш ийүү сен үчүн оңойбу? Же алар сага «замандан артта калгандай», аларга караганда сен көптү билгендей сезилеби? Ооба, сен айрым нерселер, мисалы, чөнтөк телефон, компьютер жана башка ушу сыяктуу заманбап буюмдар тууралуу көбүрөөк билишиң ыктымал. Бирок «акылы жана берген жооптору» менен тажрыйбалуу устаттарды «таң калтырган» Ыйса жөнүндө ойлонуп көрсөң. Ага салыштырмалуу сен аз билесиң, чынбы? Ошентсе да Ыйса ата-энесине баш ийген. Бул анын алардын чыгарган чечимин дайыма эле туура деп эсептегенин билдирген эмес. Бирок ал өспүрүм кезинде да «ата-энесине тилалчаак» болгон. Анын үлгүсүнөн эмнеге үйрөнө алам деп ойлойсуң? (Мыйзам 5:16, 29).

Баш ийүү кыйын болгондо...

12. Тилалчаактык өмүрүңдү кандайча сактап калышы мүмкүн?

12 Баш ийүү же тил алуу дайыма эле оңой боло бербейт. Муну бир нече жыл мурун болгон бир окуя тастыктап турат. Мектеп жашындагы эки кыз жөө өтүүгө караштырылган көпүрөдөн өткөндүн ордуна, алты багыттуу чоң жолдон чуркап өтмөкчү болушкан. Алар менен кошо келаткан бала көпүрө жакка бурулганда, кыздар: «Жүр, Жон! Биз менен өтөсүңбү?» — деп чакырышкан. Жон тайсалдай түшкөндө, кыздардын бири: «Жеткен коркок турбайсыңбы!» — деп шылдыңдаган. Жон, чынында, корккон эмес. Ал: «Мен апамдын айтканын угам»,— деп чечкиндүү айткан. Анан ал көпүрөдөн өтүп баратканда, катуу келаткан машиненин тормозу басылганын угуп, ылдый караса — экөөнү машине сүзүп кеткен экен. Кыздардын бири өлүп, экинчиси оор жаракат алган. Кийинчерээк анын бутун кесип таштоого туура келген. Апасы аларга дайыма көпүрө менен өткүлө деп эскертчү экен. Анан ал Жондун апасы менен сүйлөшүп жатканда: «Менин кыздарым сенин балаңдай тилалчаак болсо кана...» — деп кейиген (Эфестиктерге 6:1).

13. а) Ата-энеге баш ийүү эмне үчүн зарыл? б) Кайсы учурда балдар ата-энесинин айтканын жасашпайт?

13 Кудай эмне үчүн: «Балдар, ата-энеңерге баш ийгиле»,— деген? Алар ата-энеге баш ийүү менен Кудайга баш ийгенин көрсөтүшөт. Анын үстүнө, ата-энелер алда канча тажрыйбалуу. Мисалы, жогоруда айтылган окуядан беш жыл мурун так ошол жолдон Жондун апасынын таанышынын баласын машине уруп кеткен. Ооба, балким, ата-энеге баш ийүү дайыма эле оңой болбошу мүмкүн. Бирок Кудай сенин тил алышыңды каалайт. Ал эми ата-энең же кимдир бирөөлөр сени калп айтууга, уурдоого же Кудайга жакпаган дагы башка иш кылууга түртүшсө, «биринчи иретте адамдарга эмес, Кудайга баш ийишиң керек». Мына ошондуктан Ыйык Китепте ата-энеге «Теңирге жаккан» жол менен баш ийүү зарыл экени айтылган. Бул Кудайдын мыйзамдарына каршы келбеген бардык учурда ата-энеге баш ийүү керектигин билдирет (Элчилер 5:29).

14. Жеткилең адамга тил алчаак болуу эмне үчүн оңой болушу ыктымал, бирок ал эмне себептен ага үйрөнүшү зарыл?

14 Сен: «Ыйсадай „кемчиликсиз, күнөөкөрлөрдөн бөлүнгөн“, жеткилең адам болсом, ата-энеме оңой эле баш иймекмин»,— деп ойлойсуңбу? (Эврейлерге 7:26). Албетте, жеткилең болсоң, азыркыдай жаман нерсени жасоого ийкемдүү болмок эмессиң (Башталыш 8:21; Забур 50:7). Анткен менен жеткилең Ыйса да тилалчаактыкка үйрөнгөн. Ыйык Китепте: «Ал Кудайдын Уулу болгонуна карабастан, азап чегүү аркылуу моюн сунууга үйрөндү»,— делет (Эврейлерге 5:8). Ыйса жерде азап тартуу менен асманда эч качан үйрөнө албай турган нерсеге, башкача айтканда, тил алууга кандайча үйрөнгөн?

15, 16. Ыйса тил алууга кандайча үйрөнгөн?

15 Жахабанын көрсөтмөсү боюнча, Жусуп менен Мариям Ыйсаны кичине кезинде өлүмдөн сактап калган (Матай 2:7—23). Бирок Кудай аны өлөр алдында коргогон эмес. Ыйса денелик да, психикалык да жактан абдан кыйналгандыктан, Ыйык Китепте айтылгандай, «катуу үн менен сыйынып, көз жаш менен жалбарган» (Эврейлерге 5:7). Качан?

16 Жердеги жашоосунун акыркы сааттарында. Ошондо Шайтан аны актыгынан тайдырууга бүт күчүн жумшаган. Ыйса өзүнүн кылмышкер катары өлүшү Атасынын беделине кандай таасир этерин ойлоп, абдан тынчсызданган. Ошондуктан Гетсемани багында тиленгенде, «анын тери кандын тамчысына окшоп» тамчылаган. Бир нече сааттан кийин, кыйноо мамысында асылып турганда ал ушунчалык азап чеккендиктен, «катуу үн... көз жаш менен жалбарган» (Лука 22:42—44; Марк 15:34). Мындай сыноолордун аркасында Ыйса «азап чегүү аркылуу моюн сунууга үйрөнгөн» жана Атасынын жүрөгүн кубанткан. Азыркы учурда Ыйса биздин тил алчаак болуу үчүн кандай күч-аракет жумшап, канчалык кыйналып жатканыбызды көрүп, түшүнүп турат (Накыл сөздөр 27:11; Эврейлерге 2:18; 4:15).

Баш ийүүгө үйрөнүү

17. Тарбияга кандай көзкарашта болушубуз керек?

17 Атаң менен апаңдын берген тарбиясы алардын сени жакшы көрөрүн, сага жакшылык каалаарын көрсөтөт. Ыйык Китепте: «Атасы жазалабаган уул барбы?» — делет. Эгер алар сени жакшы көрбөй, сени тарбиялоого көңүл бурбай, эч кандай чара көрбөй коюшса, кандай өкүнүчтүү болмок. Ошо сыяктуу эле, Жахаба да сени жакшы көргөндүктөн тарбиялайт. Ооба, «убагында ар бир жаза кубанычтай эмес, кайгыдай туюлат. Бирок ал аркылуу тарбиялангандан кийин, ал адилеттиктин тынчтык берүүчү жемишин берет» (Эврейлерге 12:7—11).

18. а) Тарбиялоо эмненин далили? б) Андай тарбиядан адам кандай пайда алат?

18 Байыркы Ысрайыл падышасы Сулайман ата-энелик тарбиянын зарылдыгын баса белгилеп, мындай деген: «Чыбык аяган адам уулун жек көрөт, ал эми уулун сүйгөн адам аны бала чагынан жазалайт». Ошондой эле адамга сүйүү менен жаза берилсе, «жаны өлгөндөр жаткан жайдан сакталып каларын» айткан (Накыл сөздөр 13:24; 23:13, 14; Матай 12:42). Бир эже бала кезинде жыйналыштан тентек кылганын эскерет. Андай учурларда атасы «үйгө барганда жазалайм» дечү экен. Азыр болсо ал эже атасынын мээримдүүлүк менен берген тарбиясына ыраазы болот. Себеби бул ага туура жолдон чыкпоого жардам берген.

19. Ата-энеңе баарынан мурда кайсы себептен улам баш ийишиң керек?

19 Ата-энең сени жакшы көрсө, сүйүү менен тарбиялоого аракет кылса, сенде ыраазы болууга толук негиз бар. Ыйса Машайак Жусуп менен Мариямга баш ийгендей, ата-энеңе баш ий. Баарынан маанилүүсү, тил алышыңды асмандагы Жахаба Атаң каалайт. Анын үстүнө, мындан өзүң да пайда аласың. Анда эмесе, «сага жакшы болушу үчүн жана жер үстүндө өмүрүң узак болушу үчүн, ата-энеңди сыйла»! (Эфестиктерге 6:2, 3).

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жазманы түшүнүү» эмгегинин (англ.) 2-томун, 841-бетин карагыла.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Балдар ата-энеге баш ийүүдөн кандай пайда алышат?

• Бала кезинде Ыйса ата-энеге тил алуу жагынан кандай үлгү көрсөткөн?

• Ыйса баш ийүүгө кандайча үйрөнгөн?

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги сүрөт]

Он эки жашар Ыйса Жазманы жакшы билген

[22-беттеги сүрөт]

Ыйса баш ийүүгө кандайча үйрөнгөн?