Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабадан коркуудан кубаныч ал

Жахабадан коркуудан кубаныч ал

Жахабадан коркуудан кубаныч ал

«Теңирден корккула, Кудайдын ыйыктары, анткени Кудайдан корккондор эч нерсеге муктаж болушпайт» (Забур 33:10).

1, 2. а) Кудайдан коркуу тууралуу христиан диндери эмнеге окутушат? б) Кайсы суроолорду карайбыз?

ХРИСТИАН диндеринин өкүлдөрү Кудайдан коркуу керек деп окутушат. Алардын көзкарашы Кудай күнөөкөрлөрдү тозокто түбөлүк кыйнайт деген окутууга негизделген. Ыйык Китепте Жахаба сүйүүнүн жана адилеттүүлүктүн Кудайы экени айтылгандыктан, андай окутуу ага карама-каршы келет (Башталыш 3:19; Мыйзам 32:4; Римдиктерге 6:23; 1 Жакан 4:8). Ошол эле диндердин айрым өкүлдөрү Кудайдан коркууга карата таптакыр башкача ойдо. Алар Кудайдан коркуу тууралуу деги эле сөз кылышпайт. Тескерисинче, Кудай бардык адамдарды, алар кандай жашоо өткөрбөсүн, жактырат дешет. Бул да Ыйык Китепке дал келбейт (Галатиялыктарга 5:19—21).

2 Чынында, Ыйык Китеп бизди Кудайдан коркууга үндөйт (Аян 14:7). Ушундан улам төмөнкүдөй суроолор пайда болушу мүмкүн: «Эмне үчүн мээримдүү Кудай биздин Андан коркушубузду каалайт? Кудайдан коркуу деген эмнени билдирет? Кудайдан коркуу эмне үчүн пайдалуу?» Бул суроолорду 33-забурду талкуулоону улантуу менен карайбыз.

Кудайдан эмне үчүн коркуу керек?

3. а) Кудайдан коркуу дегенди кандай түшүнөсүң? б) Жахабадан корккондор эмне үчүн бактылуу?

3 Ааламдын Жаратуучусу жана Эгедер Башкаруучусу катары Жахаба биздин аны урматташыбызга, андан коркушубузга татыктуу (1 Петир 2:17). Бирок бул ырайымсыз кудайдын алдында титиреп коркууну билдирбейт. Бул Жахабанын кандай Кудай экенин билгендиктен, аны терең урматтоону, ага карата кастарлоо сезимде болууну, ошондой эле анын жактыруусунан айрылып калуудан коркууну билдирет. Кудайдан коркуу сезими жүрөктүн үшүн алып, адамды кыйнабастан, ага дем-шык берип, анын жыргалчылыгына өбөлгө түзөт. Жахаба — «бактылуу Кудай», андыктан ал адамдардын жашоодон ырахат алышын каалайт (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»). Чындап бактылуу болууну кааласак, Кудайдын талаптарына ылайык жашашыбыз керек. Ан үчүн көптөргө жашоо мүнөзүн өзгөртүүгө туура келиши мүмкүн. Андай зарыл өзгөрүүлөрдү жасагандар Дөөттүн: «Татып көргүлө, ошондо Теңирдин кандай жакшы экенин көрөсүңөр! Теңирге таянган адам бактылуу! Теңирден корккула, Кудайдын ыйыктары, анткени Кудайдан корккондор эч нерсеге муктаж болушпайт»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенине ынана алышат (Забур 33:9, 10). Ооба, Жахабадан корккондордун баары Аны менен жакшы мамиледе болгондуктан, чыныгы баалуу нерселерге ээ болушат.

4. Дөөт да, Ыйса да Кудайдын кызматчыларын эмнеге ынандырышкан?

4 Дөөт өзүнүн жанындагы кишилерди «ыйыктар» деп атап, аларга урмат көрсөткөнүн байкасаңар. Себеби алар Кудайдын ыйык элинин мүчөлөрү болушкан. Ошондой эле Шабулдан качып жүргөн Дөөткө жөлөк-таяк болуш үчүн, өмүрүн тобокелге салышкан. Дөөт өзүнүн да, жанындагылардын да муктаждыктарына Жахаба кам көрөрүнө бекем ишенген. Ошондуктан ал: «Жаш арстандар жокчулуктун каарын тартып, ачка калышат, ал эми Теңирди издегендер эч бир жакшы нерседен кур калышпайт»,— деген (Забур 33:11). Ыйса да жолдоочуларын дал ушуга ынандырган (Матай 6:33).

5. а) Ыйсанын жолдоочуларынын көбү кандай адамдар эле? б) Кимден коркуу керектигине байланыштуу Ыйса эмне деген?

5 Ыйсанын сөзүн уккандардын көбү жөнөкөй, карапайым жүйүттөр болгон. «Койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калган» элди көрүп, Ыйсанын боору ооруган (Матай 9:36). Алар тайманбастан Ыйсанын жолун жолдой алат беле? Ан үчүн алар адамдардан эмес, Жахабадан коркушу зарыл эле. Ошондуктан Ыйса аларга мындай деген: «Денени өлтүрүп, андан кийин эч нерсе кыла албай тургандардан коркпогула. Бирок силерге кимден коркушуңар керектигин айтайын: өлтүргөндөн кийин оттуу көлгө түшүрө ала турган Кудайдан корккула! Ооба, силерге айтарым, Ошондон корккула. Беш таранчы эки ассарийге эле сатылат эмеспи. Ошондой болсо да Кудай алардын бирин да унутпайт. Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар» (Лука 12:4—7).

6. а) Кудайдын кызматчыларын Ыйсанын кайсы сөздөрү бекемдейт? б) Кудайдан коркуу жагынан Ыйса эң сонун үлгү калтырган деп эмне үчүн айтууга болот?

6 Жахабадан корккондор душмандары Кудайга кызмат кылышын токтотуу үчүн кысым көрсөткөндө, Ыйсанын: «Ким Мени адамдардын алдында ачык тааныса, Адам Уулу да аны Кудайдын периштелеринин алдында ачык тааныйт. Ал эми ким адамдардын алдында Менден баш тартса, Кудайдын периштелеринин алдында Мен да андан баш тартам»,— деген сөздөрүн эстей алышат (Лука 12:8, 9). Бул сөздөр Ыйсанын жолдоочуларын, өзгөчө, тыюу салынган өлкөлөрдө кызмат кылгандарды, бекемдейт. Алар эстүүлүк көрсөтүп, этияттык менен Жахабаны жыйналыштарда, кабар айтуу кызматында даңазалоону улантышууда (Элчилер 5:29). Ыйса Кудайдан коркуу жагынан эң сонун үлгү калтырган (Эврейлерге 5:7, «ҮН»). Ал тууралуу мындай пайгамбарлык айтылган: «Анын үстүнө Теңирдин Руху... Теңирден коркуу руху түшөт. Ал Теңирден коркуу рухуна толот» (Ышайа 11:2, 3). Ооба, Кудайдан коркууга бизди Ыйсадан башка дагы ким жакшы үйрөтө алат?!

7. а) Биз Дөөт айткандай чакырыкты канткенде кабыл алган болобуз? б) Дөөт ата-энелер үчүн кандай үлгү калтырган?

7 Ыйсанын окууларына карманып, аны жолдогондордун баары чынында Дөөттүн: «Келгиле, балдарым, мени уккула. Силерге Теңирден коркууну үйрөтөм»,— деген чакырыгын кабыл алган болушат (Забур 33:12). Дөөттүн өзүнүн жоро-жолдошторуна «балдарым» деп кайрылганы таң калыштуу деле эмес. Анткени алар аны жолбашчысы катары көрүшчү. Дөөт аларга рухий жактан жардам берип, биримдикте болууга жана Кудайдын жактыруусуна ээ болууга көмөк кылган. Ыйсаны жолдогон ата-энелер үчүн бул кандай сонун үлгү! Жахаба аларга балдарын «Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялоо» жоопкерчилигин берген (Эфестиктерге 6:4). Рухий нерселер жөнүндө күнүгө сүйлөшүп, ыйык китептик изилдөөнү үзгүлтүксүз өткөрүп, ата-энелер балдарына Жахабадан коркуудан кубаныч алууга жардам беришет (Мыйзам 6:6, 7).

Кудайдан коркорубузду кантип көрсөтөбүз?

8, 9. а) Кудайдан коркуп жашоо эмне үчүн маанилүү? б) Тилди «жаман сөздөн сактоо» деген эмнени билдирет?

8 Буга чейин айтылгандай, Жахабадан коркуу бактылуу болушубузга өбөлгө түзөт. Дөөт: «Адам жакшы жашап, узак өмүр сүрүп, жыргал турмушту көргүсү келеби?» — деп сураган (Забур 33:13, «Мукаддас»). Жахабадан коркуу узак өмүрдүн, жыргал турмуштун ачкычы экени талашсыз. Бирок «Кудайдан корком» деп айтуу менен аны жашоодо көрсөтүүнүн айырмасы асман менен жердей. Анда Кудайдан коркорубузду кантип көрсөтө аларыбызды Дөөт кандайча түшүндүргөнүнө көңүл буралы.

9 Ал мындай деген: «Тилин жаман сөздөн, оозун жалган сөздөн сактасын» (Забур 33:14). Элчи Петир ишенимдештерине биртуугандык сүйүүгө карата кеңеш бергенден кийин, 33-забурдун ушул аятын цитата кылган (1 Петир 3:8—12). Тилди «жаман сөздөн сактоо» деген ушак таратуудан качуу керектигин билдирет. Андыктан башкалар менен сүйлөшүп жатканда, сөздөрүбүздүн бекемдээрлик болушуна умтулганыбыз абзел. Ошондой эле дайыма чындыкты айтууга аракет кылышыбыз керек (Эфестиктерге 4:25, 29, 31; Жакып 5:16).

10. а) «Жамандыктан баш тартуу» деген эмнени билдирет? б) «Жакшылык кылууга» эмнелер кирет?

10 «Жамандыктан баш тартып, жакшылык кыл. Тынчтыкты издеп, ошого умтул» (Забур 33:15). Биз Кудай айыптаган нерселерден, мисалы, жыныстык адеп-ахлаксыздыктан, порнография көрүүдөн, уурулуктан, спиритизмден, зордук-зомбулуктан, аракечтиктен, баңгизат колдонуудан жана ушундай нерселер камтылган көңүл ачуулардан качабыз (Эфестиктерге 5:10—12). Анын ордуна убактыбызды жакшы иштерге жумшайбыз. Биз кылып жаткан эң жакшы иш — бул Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу жана шакирт даярдоо ишине дайыма катышып, башкалардын куткарылышына көмөк кылуу (Матай 24:14; 28:19, 20). Ошондой эле жакшы иш кылууга жыйналыш жолугушууларына баруу жана аларга даярдануу, бүткүл дүйнөлүк ишти каражатыбыз менен колдоо, Падышалык залыбызды күтө билүү жана муктаж болгон ишенимдештерибизге жардам берүү да кирет.

11. а) Дөөт тынчтыкка умтулганын кантип көрсөткөн? б) Жыйналыштын тынчтыгын канткенде сактай алабыз?

11 Дөөт тынчтыкка умтулуу жагынан да жакшы үлгү калтырган. Шабулду өлтүрүүгө эки жолу мүмкүнчүлүгү болсо да, ал зордук-зомбулук кылуудан качкан. Кийинчерээк Дөөт Шабулга кездешкенде, аны менен кайрадан жакшы мамиледе болуу үчүн, ага урмат-сый көрсөтүп сүйлөгөн (1 Шемуел 24:8—11; 26:17—20). Ал эми бүгүнкү күндө кандайдыр бир жагдайдан улам жыйналыштын тынчтыгына коркунуч туулса, эмне кылышыбыз керек? Андайда «тынчтыкты издеп, ошого умтулганыбыз» зарыл. Андыктан кайсы бир ишенимдешибиз менен келишпестиктер болуп жатса, Ыйсанын: «Адегенде бир тууганың менен элдеш»,— деген кеңешине ылайык иш кылганыбыз абзел. Ошондон кийин гана чыныгы сыйынууга байланыштуу башка иштерибизди уланта алабыз (Матай 5:23, 24; Эфестиктерге 4:26).

Кудайдан корккондор мол баталарга ээ болушат

12, 13. а) Кудайдан корккондор азыртадан эле кандай пайдаларды алышууда? б) Жахабанын ишенимдүү кызматчылары жакында кандай сыйлыкка ээ болушат?

12 «Теңирдин көздөрү адил адамдарды көрүп турат, кулагы алардын зар-муңун угат» (Забур 33:16). Бул сөздөрдүн калетсиздигин Кудайдын Дөөттү куткаргандыгы жөнүндө билдирүү тастыктайт. Жахабанын дайыма көз салып турарын билүү, бизди да кубанычка бөлөп, жандүйнө бейкуттугуна ээ кылат. Биз Жахабанын муктаждыктарыбызга ар дайым, атүгүл, оор сыноолорго дуушар болгондо да, кам көрөрүнө бекем ишенебиз. Жакында Кудайдын эли Магок жериндеги Гоктун алдын ала айтылган кол салуусуна дуушар болорун, андан соң Жахабанын «өтө коркунучтуу» күнү келерин да билебиз (Жоел 2:11, 31; Жезекиел 38:14—18, 21—23). Келечекте кандай кыйын кырдаалга туш болбойлу, Дөөт айткандай, «адил адамдар чакырганда, Теңир аларды угуп, бардык кыйынчылыктарынан куткарат» (Забур 33:18).

13 Жахабанын улуу ысмынын даңазаланышын көрүү кандай гана толкундандырарлык болот! Ошондо Ага болгон кастарлоо сезимибиз болуп көрбөгөндөй өсөт. Кудайга каршы чыккандар болсо маскара өлүмгө дуушар болуп, жок кылынышат. Анткени Забурда: «Бирок Теңирдин жүзү жамандык кылгандарга каршы, алардын ысымын жер үстүнөн биротоло өчүрөт»,— деп айтылат (Забур 33:17). Аман калып, Кудайдын жаңы дүйнөсүнө өтүү чынында эле чоң сыйлык эмеспи?!

Жахабанын убадалары күч берет

14. Кыйынчылыктарды көтөрүүгө эмне жардам берет?

14 Бул бузулган, каардуу дүйнөдө Жахабага тил алчаак бойдон калуу үчүн туруктуулук талап кылынат. Тил алчаак болууга Кудайдан коркуу жардам берет. Бүгүнкү оор күндөрдө кыйынчылыктардан улам Жахабанын айрым кызматчыларынын ындыны өчүп, көңүлү чөгүшү мүмкүн. Бирок алар Жахабага таянышса, анын сыноолорду көтөрүүгө жардам берерине кымындай да шектенишпесе болот. Алар Дөөттүн: «Теңир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын, моюн сунгандарды куткарат»,— деген сөздөрүнөн жубатуу ала алышат (Забур 33:19). Забурчу андан ары төмөнкүдөй бекемдээрлик ойду айткан: «Адил адамдын кайгысы көп, бирок Теңир аны бардык кайгысынан куткарат» (Забур 33:20). Ооба, бардык кайгыбыздан арылтууга Жахабанын кудурети жетет.

15, 16. а) 33-забурду жазгандан көп өтпөй, Дөөт кандай каргашалуу окуя тууралуу угат? б) Сыноолорду көтөрүүгө эмне жардам берет?

15 33-забурду жазгандан көп өтпөй эле, Дөөт каары кайнаган Шабулдун Ноп жеринин тургундары менен ыйык кызмат кылуучуларынын көпчүлүгүн кырып салганын угат. Андай каргашалуу окуяга өзүнүн Ноп шаарына барганы себеп болгонун эстеген сайын, Дөөт катуу кыйналса керек (1 Шемуел 22:13, 18—21). Ошол кыйын кезеңде Дөөттүн Жахабадан жардам издегени күмөнсүз. Андан сырткары, ал «адилеттүүлөрдүн» тирилтилерин билүүдөн да жубатуу алган (Элчилер 24:15).

16 Тирилүүгө болгон үмүт бизди да бекемдейт. Душмандарыбыз бизге кандай зыян келтирбесин, Жахабага мүмкүн болбогон эч нерсе жок (Матай 10:28). Дөөттүн да тирилүүгө ишенгенин: «Ал анын бардык сөөктөрүн сактайт, бир да сөөгү сынбайт»,— деген сөздөрүнөн көрүүгө болот (Забур 33:21). Бул сөздөр Ыйса тирилгенде аткарылган. Ырайымсыздык менен өлтүрүлсө да, анын бир да сөөгү «сынган» эмес (Жакан 19:36). Забур 33:21деги пайгамбарлык Ыйсанын майланган жолдоочулары менен «башка койлорго» да тиешелүү. Алар кандай гана сыноолорго туш болбосун, түбөлүккө зыянга учурабаарына ишенишет. Каймана мааниде айтканда, алардын сөөгү эч качан сынбайт (Жакан 10:16).

17. Жахабанын элине каршы чыгып, өкүнбөгөндөр эмне болушат?

17 Ал эми кудайсыздар эмне болот? Алар эмне себишсе, жакында ошону орушат. Забурда айтылгандай, «күнөөкөрдү жамандык өлтүрөт, адил адамды жек көргөндөр ойрон болушат» (Забур 33:22). Кудайдын элине каршылык көрсөтүүнү токтотпогондор Ыйса Машайак соттоо үчүн келгенде, чоң каргашага кабылышат, башкача айтканда, «түбөлүк өлүм жазасына тартылышат» (2 Тесалоникалыктарга 1:9).

18. «Эбегейсиз көп адамдар» кандай мааниде азыртадан эле куткарылышкан жана келечекте кандайча куткарылышат?

18 Дөөт забурун мындай бекемдээрлик сөздөр менен аяктайт: «Теңир Өз кулдарынын жанын куткарат, Ага таянгандардын бири да өлбөйт» (Забур 33:23). 40 жылдык башкаруусунун аягында ал: «Менин жанымды бардык кайгыдан куткаруучу Теңир тирүү!» — деген (1 Падышалар 1:29). Дөөткө окшоп, Жахабадан корккондор жакында күнөөдөн арылганына жана бардык сыноолор артта калганына кубанышат. Ыйсанын майланган жолдоочуларынын көбү куткарылышкан, тактап айтканда, асмандагы сыйлыгын алышкан. Ал эми ар улуттан турган «эбегейсиз көп адамдар» Ыйсанын майланган жолдоочуларынын калдыгы менен бирге Жахабага кызмат кылып, Анын алдында адил деп эсептелинишет. Анткени алар Ыйсанын төгүлгөн канынын куткаруучу күчүнө ишенишет. Алар Машайактын жакында баштала турган Миң жылдык башкаруусунда жеткилеңдикке жетип, Машайактын курмандыгынан толук пайда алышат (Аян 7:9, 14, 17; 21:3—5).

19. «Эбегейсиз көп адамдар» эмне кылууга чечкиндүү?

19 «Эбегейсиз көп адамдар» ушул баталардын бардыгына эмне себептен ээ болушат? Анткени алар Жахабадан коркушат жана ага кастарлоо сезими менен кызмат кылып, тил алчаактык көрсөтүшөт. Чынында эле, Жахабадан коркуу эмитеден эле бактылуу жашоо өткөрүүгө жана чыныгы жашоону, жаңы дүйнөдөгү түбөлүк өмүрдү, «бек тутууга» жардам берет (1 Тиметейге 6:12, 18, 19; Аян 15:3, 4).

Эсиңердеби?

• Кудайдан эмне үчүн коркушубуз керек жана ал эмнени билдирет?

• Кудайдан коркуу жашообузга кандай таасир этиши керек?

• Кудайдан коркуу кандай баталарды алып келет?

• Жахабанын кайсы убадалары бизге күч берет?

[Изилдөө суроолору]