Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын ысмын бирге даңазалайлы

Жахабанын ысмын бирге даңазалайлы

Жахабанын ысмын бирге даңазалайлы

«Мени менен бирге Теңирди мактагыла, Анын ысымын баарыбыз бирге даңазалайлы» (Забур 33:4).

1. Ыйса бизге кандай үлгү калтырган?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылы 14 нисан күнү түнүчүндө Ыйса жана анын шакирттери Иерусалимдеги бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чогулуп, Жахабаны даңктап ырдашкан (Матай 26:30). Ошондо Ыйса элчилери менен акыркы жолу бирге болгон. Алар жолугушуусун Жахабаны даңктоо ырлары менен бүтүргөнү кандай гана жөндүү эле. Ыйса жердеги кызматынын акырына чейин Атасын даңктап, анын ысмы жөнүндө башкаларга ынталуулук менен айткан (Матай 4:10; 6:9; 22:37, 38; Жакан 12:28; 17:6). Ал: «Мени менен бирге Теңирди мактагыла, Анын ысымын баарыбыз бирге даңазалайлы»,— деген забурчунукундай маанайды чагылдырган (Забур 33:4). Бул биз үчүн кандай сонун үлгү!

2, 3. а) 33-забур пайгамбарлык мааниге ээ экенин кайдан билебиз? б) Ушул жана кийинки макалада эмнелер каралат?

2 Алар даңктоо ырларын ырдап бүткөндөн бир нече саат өткөндөн кийин, элчи Жакан үрөй учурарлык окуяга күбө болот. Ал Устатынын эки кылмышкер менен өлүм жазасына тартылып, устунга кадалганын көрөт. Андан кийин Рим жоокерлери эки кылмышкердин өлүмүн тездетиш үчүн, буттарын сындырышат. Бирок, Жакандын Инжилинде жазылгандай, алар Ыйсанын бутун сындырышкан эмес, себеби ал өлүп калган эле. Жакан ал окуянын 33-забурдагы: «Анын... бир да сөөгү сынбайт»,— деген пайгамбарлыктын аткарылышы экенин көрсөткөн (Жакан 19:32—36; Забур 33:21).

3 33-забур Кудайдын азыркы кызматчылары үчүн да көп жагы менен пайдалуу. Ушул жана кийинки макалада биз Дөөттүн бул забурду кандай жагдай-шарттарда жазганын жана анда бизди бекемдээрлик кандай ойлор камтылганын карап чыгабыз.

Дөөт Шабулдан качат

4. а) Эмне себептен Дөөт Ысрайылдын кийинки падышасы болуп дайындалат? б) Шабул Дөөттү эмне үчүн жактырат?

4 Дөөттүн бала кезинде, Ысрайылда Шабул падышалык кылат. Бирок Шабул Жахабага баш ийбегендиктен, анын жактыруусунан айрылат. Ошондо Шемуел пайгамбар ага: «Теңир бүгүн сенден Ысрайыл падышачылыгын тартып алып, аны сенден жакшы жакыныңа берди»,— дейт (1 Шемуел 15:28). Кийинчерээк Жахаба Шемуелди Жышайдын кенжеси Дөөттү Ысрайылдын кийинки падышасы кылып дайындоого жиберет. Ошол учурда Жахабанын рухунан айрылган Шабул падыша көңүлү чөгүп, кыйналып жүргөн болот. Ошондо кыл аспапта чебер ойногон Дөөттү Гибадан падышага кызмат кылышы үчүн алып келишет. Дөөттүн кубулжута ойногон музыкасын укканда, көңүлү көтөрүлүп, жеңилдей түшкөн Шабул аны абдан жактырат (1 Шемуел 16:11, 13, 21, 23).

5. Шабулдун Дөөткө болгон мамилеси эмнеден улам өзгөрөт жана Дөөт эмне кылууга аргасыз болот?

5 Убакыт өткөн сайын, Жахабанын Дөөттү колдогону айкын боло берген. Дөөт Кудайдын жардамы менен Голийат аттуу алпты жеңет, ошондой эле Анын колдоосу менен Ысрайылдын баатыры болот. Дөөттүн Жахабадан алган баталарынан улам Шабул көрө албастык кылып, аны жек көрө баштайт. Шабул Дөөттү найза менен сайып салууга эки ирет аракет кылат. Дөөт экөөндө тең буйтап кетет. Шабул аны өлтүрүүгө үчүнчү жолу аракет кылганда, ал аман калуу үчүн качуу керектигин түшүнөт. Шабул Дөөттү өлтүрүүгө кылган аракетин токтотпойт. Ошондо Дөөт Ысрайылдан башка жерге качып кетүүгө аргасыз болот (1 Шемуел 18:11; 19:9, 10).

6. Эмне себептен Шабул Ноптун тургундарын өлтүртүп салат?

6 Ысрайыл жеринен качып баратып, Дөөт Нопко, Жахабанын жыйын чатыры жайгашкан шаарга, токтойт. Кыязы, аны коштоп жүргөн кишилери болгон, андыктан Дөөт аларга да, өзүнө да токтоочу жай издейт. Шабул Ноптогу башкы ыйык кызмат кылуучу Дөөткө жана анын кишилерине тамак-аш менен Голийаттын кылычын бергенин билип калат. Каары кайнаган падыша ал шаардын бүт тургундарын, алардын арасында 85 ыйык кызмат кылуучуну да өлтүртүп салат (1 Шемуел 21:1, 2; 22:12, 13, 18, 19; Матай 12:3, 4).

Дагы бир ажалдан кутулат

7. Дөөттүн Гатка барып жашынам деген ою эмне үчүн ордунан чыкпай калган?

7 Дөөт Ноптон чыгып, батышты көздөй, Пелишти жерине бет алат. Ал 40 километрдей алыстыкта жайгашкан Голийаттын туулган шаарына, Акиш аттуу падыша башкарган Гатка, качып барат. Гат шаары алыс болгондуктан, Дөөт Шабул аны ал жерге чейин издеп келбейт деп ойлогон көрүнөт. Бирок Гат падышасынын кулдары аны таанып коюшат. Ошондо Дөөт «Гат падышасы Акиштен абдан коркуп кетет» (1 Шемуел 21:10—12).

8. а) 55-забурга ылайык, Дөөт Гатта кандай окуяга дуушар болот? б) Дөөт дагы бир ажалдан кантип кутулат?

8 Пелиштиликтер Дөөттү туткундап алышат. Сыягы, Дөөт: «Көз жашымды Өз идишиңе куй»,— деген сөздөрдү, өзүнүн жалындуу тиленүүсүн камтыган бул забурду, ошол убакта жазган (Забур 55:1, 9). Муну менен ал Жахабанын анын кыйналганын унутпаарына, ага көм көрөрүнө, аны коргооруна бекем ишенгенин билдирген. Ошол эле учурда Дөөт Пелишти падышасынан качып кутулуу айласында өзүн акылынан адашкан адамдай кылып көрсөткөн. Аны көргөн Акиш падыша «акылынан айныган адамды» алып келгени үчүн кулдарына ачууланган. Дөөттүн ойлоп тапкан амалына Жахаба батасын бергени шексиз. Ошентип Дөөт шаардан куулуп чыгат да, дагы бир ажалдан кутулат (1 Шемуел 21:13—15).

9, 10. Дөөткө 33-забурду жазууга эмне түрткү болгон жана ал сөздөр кимдерге айтылган?

9 Дөөт Гатка качып барганда, жоро-жолдоштору аны менен бирге болгону же аны күтүп Ысрайылдын тегерегиндеги айыл-кыштактарда калганы тууралуу Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Кандай болбосун, Дөөт алар менен кайрадан көрүшүп, Жахабанын аны дагы бир ирет кандайча сактаганын айтып бергенде, алардын кубанганы күмөнсүз. 33-забурдун биринчи аяттарынан көрүнүп тургандай, ал забур ошол окуянын негизинде жазылган. Анын биринчи сегиз аятынан Дөөт Кудайды аны куткаргандыгы үчүн даңктаганын жана Жахабаны өз элинин Улуу Куткаруучусу катары даңазалоого жоро-жолдошторун да чакырганын окуйбуз (Забур 33:4, 5, 8).

10 Дөөт кишилери менен Ысрайылдын тоолуу өрөөнүндөгү Гаттан чыгышка карай 15 километрдей аралыкта жайгашкан Адулам үңкүрүндө жашынат. Ал жерге Шабул падышанын башкаруусуна нааразы болгондор да келип, Дөөткө кошула башташат (1 Шемуел 22:1, 2). Дөөттүн Забур 33:9—23-аяттардагы сөздөрү ошолорго карата айтылган көрүнөт. Ал аяттагы эскертүүлөр биз үчүн да маанилүү. Көркөм жазылган ал забурду кылдат карап чыгуу менен биздин да пайда аларыбыз шексиз.

Маанайың Дөөттүкүндөйбү?

11, 12. Жахабаны ар дайым даңктоого бизде кандай себептер бар?

11 «Теңирди ар убакта мактаймын, оозумдан түшүрбөй даңктаймын» (Забур 33:2). Дөөт качкын болуп жүргөн кезде көп нерселерге муктаж болгону айтпаса да белгилүү. Бирок, жогорудагы сөздөрдөн көрүнүп тургандай, ал тынчсызданууларынын айынан, Жахабаны даңктоого болгон каалоосунун сууп калышына жол берген эмес. Башыбызга кыйынчылык түшкөндө, анын ушундай маанайы биз үчүн кандай сонун үлгү болот. Кайсы жерде болбойлу, мектептеби, жумуштабы, ишенимдештерибиз мененби, кабар айтуу кызматындабы, биз ар убакта Жахабаны даңктоого умтулушубуз керек. Буга бизде көптөгөн себептер бар. Мисалы, Жахабанын изилденгис кереметтүү жаратуулары бизге чексиз кубаныч тартуулайт. Ошондой эле Жахаба өз уюмунун жердеги бөлүгү аркылуу кандай зор иштерди кылып жатканы жөнүндө ойлоп көрсөң. Жахаба азыркы убакта ишенимдүү адамдарды, алар жеткилеңсиз болсо да, эң сонун колдонууда. Кудай жасаган иштерди бүгүнкү дүйнөдө кудай катары эсептелген адамдардын кылган иштери менен салыштырууга болобу?! Дөөттүн: «Кудайлардын арасында Сендей жок, Теңирим, Сенин иштериңдей иш жок»,— деп айтканына сен дагы кошуласыңбы? (Забур 85:8).

12 Ооба, биз да Дөөттөй болуп, укмуштуудай иштери үчүн Жахабаны дайыма даңктагыбыз келет. Дөөттүн түбөлүктүү мураскору — Ыйса Машайак — Кудайдын Падышалыгында Падыша катары бийлик кылып жатканын билүү да бизди кубандырбай койбойт (Аян 11:15). Бул азыркы каардуу түзүлүштүн акыры жакын калганын билдирет. Алты миллиарддан ашуун адамдын өмүрү коркунучта турат. Кудайдын Падышалыгы жана анын жакында адамзат үчүн эмне кылары жөнүндө айтуу, адамдарга Жахабаны даңктоого жардам берүү азыр болуп көрбөгөндөй маанилүү. Ошол себептүү ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кеч болуп кала электе, башкаларга ал «Жакшы Кабарды» кабыл алууга көмөк кылуу жашообуздагы эң маанилүү нерселердин бири болушу керек (Матай 24:14).

13. а) Дөөт ким менен мактанган жана бул кандай адамдарга таасир эткен? б) Бүгүн момундар Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышына эмнеден улам кошулууда?

13 «Жаным Теңир менен мактанат, аны момундар угуп кубанат» (Забур 33:3). Дөөт өзүнүн кандайдыр бир жетишкендиктерин, мисалы, Гат падышасынан кантип кутулганын айтып, мактанган эмес. Ал Гат шаарында жүргөндө, аны Жахаба коргоп-колдоп, жардам бергендиги үчүн, качып кете алганын билген (Накыл сөздөр 21:1). Дөөттүн өзү менен эмес, Жахаба менен мактанганы момун адамдарга Жахабага жакындоого түрткү болгон. Ыйса да Жахабанын ысмын ар дайым даңктагандыктан, момун, үйрөнүүгө ынтызар адамдар Жахабага жакындашкан. Бүгүн Ыйсанын майланган жолдоочуларынын эларалык жыйналышына ар улуттагы момун адамдар кошулууда. Ал жыйналыштын Башчысы — Ыйса Машайак (Колосалыктарга 1:18). Ыйсанын момун жолдоочулары Кудайдын ысмын даңктап, жакшы кабарды жарыялап жатышат. Ал кабарды ыйык рухтун жардамы менен түшүнгөн момун адамдардын жүрөгү козголбой койбойт (Жакан 6:44; Элчилер 16:14).

Жолугушуулар аркылуу ишенимибиз бекемделет

14. а) Жахабаны башкалар да макташы үчүн, Дөөт эмне кылган? б) Ыйса кандай үлгү калтырган?

14 «Мени менен бирге Теңирди мактагыла, Анын ысымын баарыбыз бирге даңазалайлы» (Забур 33:4). Дөөт жанындагыларын да өзү менен бирге Жахабаны даңазалоого чакырган. Улуу Дөөт — Ыйса Машайак — да Жахабаны синагогада, Кудайдын Иерусалимдеги ийбадатканасында өткөрүлгөн майрамдарда, ошондой эле жолдоочулары менен бирге даңазалаган (Лука 2:49; 4:16—19; 10:21; Жакан 18:20). Ыйсаны туурап, ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып, Жахабаны ишенимдештерибиз менен бирге даңктоо биз үчүн кандай гана чоң сыймык! Бул «ал күндүн жакындап калганын билгендиктен», өзгөчө маанилүү (Эврейлерге 10:24, 25).

15. а) Дөөттүн башынан өткөргөндөрү анын жоро-жолдошторуна кандай таасир эткен? б) Жолугушуулардан бири-бирибизди кантип бекемдей алабыз?

15 «Мен Теңирди издедим, ошондо Ал мени угуп, бардык коркунучтан куткарды» (Забур 33:5). Дөөт бул сөздөрдү өз тажрыйбасынан улам айткан. Ал андан ары: «Азап чегип жаткан адам чакырганда, Теңир угуп, аны бардык азаптарынан куткарды»,— деген (Забур 33:7). Ишенимдештерибиз менен пикир алышып жатканда, Жахабанын бизге оор жагдайларда кантип жардам бергендиги тууралуу бөлүшүүгө көп мүмкүнчүлүгүбүз болот. Бул алардын ишенимин бекемдээри шексиз. Дөөттүн айткандары анын жоро-жолдошторунун ишенимин бекемдеген. Ошол себептүү алар анын: «Ага [Жахабага] тике карагандарга жарык болду, алардын жарык жүзү уятка калбайт»,— деп айткан сөздөрүнө толугу менен кошулушкан (Забур 33:6, «Мукаддас»). Алар Шабул падышадан качып жүргөндө уялышканбы? Жок, алар Дөөттү Кудай колдоп жатканына бекем ишенишкен, ошондуктан алардын жүзү жарык болгон. Анын сыңарындай, жаңыданбы же көп жылдан бериби, Жахабага кызмат кылгандардын баары Ага таянышат. Алар Жахабанын колдоорун өз тажрыйбасынан билишет. Кудайдын кызматчыларынын мындан ары да ага ишенимдүүлүгүн сактоого чечкиндүү экенин алардын жарык жүздөрүнөн көрүүгө болот.

Периштелердин жардамы

16. Жардам берүү үчүн, Жахаба периштелерин кантип колдонот?

16 «Теңирдин периштеси Кудайдан корккондорду курчап турат, аларды куткарат» (Забур 33:8). Дөөт Жахаба жалгыз аны эле куткарбаарын жакшы билген. Ал Ысрайылдын майланган болочок падышасы болгон, бирок Дөөт Жахаба өзүнө сыйынган бардык ишенимдүү адамдарды, алардын ээлеген абалына карабай, периштелерин колдонуп куткарарын түшүнгөн. Жахаба азыркы кызматчыларын да колдоп-коргоодо. Алсак, нацисттик Германиянын, Анголанын, Малавинин, Мозамбиктин жана көптөгөн башка өлкөлөрдүн бийлик башчылары Жахабанын Күбөлөрүн жер менен жексен кылууну көздөшкөн. Бирок алардын андай аракеттеринен эч кандай майнап чыккан эмес. Ал өлкөлөрдөгү Күбөлөр дагы деле Жахабанын ысмын даңазалап, рухий жактан гүлдөп жатышат. Себеби Жахаба өзүнүн ыйык периштелери аркылуу өз элин колдоп, жетектеп келет (Эврейлерге 1:14).

17. Периштелер бизге кантип жардам берет?

17 Ошондой эле кимдир бирөөлөр башкаларга кедерги болсо, периштелер андай адамдардын Жахабанын элинин арасында калышына жол беришпейт (Матай 13:41; 18:6, 10). Периштелердин ыйык кызматыбызды аткарууга тоскоол кыла турган нерселерди жок кылып, Жахаба менен болгон мамилебизди буза турган коркунучтардан сактап калганын да өз учурунда байкабашыбыз мүмкүн. Баарынан маанилүүсү, алар «түбөлүктүү Жакшы Кабарды» дүйнө жүзү боюнча жарыялоо ишин, ал турсун, кабар айтуу коркунучтуу болгон жерлерде да, жетектешет (Аян 14:6). Периштелердин жардам бергендиги тууралуу Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган ыйык китептик көптөгөн адабияттардан окуй алабыз *. Андай окуялар абдан көп болгондуктан, аларды кокустук деп айтууга болбойт.

18. а) Периштелер бизге жардам бериши үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Эмки макалада кайсы суроолор талкууланат?

18 Периштелер жетектеп, жардам бергендиктен, биз, каршылыктарга карабай, Жахабанын ысмын даңазалоону мындан ары да уланта беришибиз керек. Периштелер «Кудайдан корккондорду» гана курчап турарын эсиңден чыгарба. Кудайдан коркуу деген эмнени билдирет? Кудайдан коркуу сезимин кантип өстүрө алабыз? Эмне үчүн мээримдүү Кудай биздин андан коркушубузду каалайт? Бул суроолор эмки макалада талкууланат.

[Шилтемелер]

^ 17-абз. Кара: «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары», 550-б., ор.; 2005-жылдын «Жылдык китеби», 53, 54-б., ор.; «Күзөт мунарасы», 2000-ж., 1-март, 5, 6-б., ор.; 1991-ж., 1-январь, 27-б., ор.; 1991-ж., 15-февраль, 26-б., ор.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Дөөт жаш кезинде кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөн?

• Дөөткө окшоп, биз биринчи кезекте кандай максатты көздөйбүз?

• Жолугушуулар эмнеге өбөлгө түзөт?

• Бизге жардам берүү үчүн, Жахаба периштелерин кандайча колдонот?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Map: Based on maps copyrighted by Pictorial Archive (Near Eastern History) Est. and Survey of Israel

Дөөт Шабулдан качып жүргөндө да, Жахабаны даңазалаган

Рама

Гат

Сыклак

Гиба

Иерусалим

Адулам

Кеила

Хеброн

Зуп

Хореш

Маон

Ноп

Бейт-Лехем

Эн-Гадди

Кармел

Туздуу деңиз