Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Күйөөсүн терең урматтаган аялдар

Күйөөсүн терең урматтаган аялдар

Күйөөсүн терең урматтаган аялдар

«Аялдар, күйөөңөргө... баш ийгиле» (Эфестиктерге 5:22).

1. Азыр көптөргө күйөөсүн урматтоо эмне үчүн оңой эмес?

КӨПТӨГӨН өлкөлөрдө кабыл алынгандай, турмушка чыгып жаткан кыз болочок күйөөсүнө «сени терең урматтайм» деген убада берет. Анткен менен ага убадасын аткаруу оңой болор-болбосу күйөөсүнүн жасаган мамилесине көзкаранды болот. Бирок алгачкы нике түзүлгөндө бардыгы ойдогудай башталган. Кудай биринчи эркектин — Адам атанын — кабыргасынан аял жаратканда, Адам: «Бул — менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, этимден чыккан эт»,— деп кубанган (Башталыш 2:19—23).

2. Акыркы мезгилде аялдарга жана үйбүлөгө байланыштуу жагдай кандай жагына өзгөрдү?

2 Кошмо Штаттарда 1960-жылдардын башында аялдар азаттыгы үчүн жүргүзүлгөн кыймыл — эркектердин үстөмдүгүнөн бошонууга умтулган аялдардын аракети — күч алган. Ага чейин үйбүлөсүн көбүнчө эркектер таштап кетсе, 1960-жылдардын аягынан тартып үйбүлөсүн таштап кеткен аялдардын саны кескин өсө баштаган. Бүгүнкү күндө аялдар, сыягы, эркектер менен бирдей эле уят сөз айтып, ичкилик ичип, чылым чегип жана жыныстык жактан бузуктук кылып калышты. Мындай «тең укуктуулук» аялдарга бакыт алып келдиби? Жок. Айрым өлкөлөрдө үйбүлө кургандардын жарымдайы, акыры, ажырашып кетет. Анда аялдардын эркиндикке умтулуусу үйбүлөдөгү жагдайдын жакшы жакка өзгөрүшүнө шарт түздүбү? (2 Тиметейге 3:1—5).

3. Үйбүлөдөгү көйгөйлөрдүн башкы себеби эмнеде?

3 Үйбүлөдөгү көйгөйлөрдүн башкы себеби эмнеде? Бардыгы Обону козголоңчул периште, «шайтан жана ибилис деп аталган байыркы жылан», азгырып кеткен маалдан башталган (Аян 12:9; 1 Тиметейге 2:13, 14). Шайтан Кудайдын окуусунун туура экенине шек туудуруп келет. Мисалы, ал никени адамдын эркиндигин чектеген, катаал түзүлүш катары көрсөтүүгө аракеттенет. Ал өзү башкарып жаткан азыркы дүйнөнүн маалымат каражаттары аркылуу Кудайдын мыйзамдарын адилетсиздей, эскирип калгандай кылып көрсөтөт (2 Корунттуктарга 4:3, 4). Бирок аялдардын никедеги орду тууралуу Кудайдын Сөзүндө эмне делгенин калыс изилдеп чыксак, андагы кеңештердин акылмандыкка негизделгенин жана пайдалуу экенин түшүнөбүз.

Үйлөнө тургандарга эскертүү

4, 5. а) Турмушка чыгууну ойлогондор эмнелерди эске алышы керек? б) Баш кошууга макул болордон мурун эмне кылуу оң?

4 Үйбүлө курууну көздөгөндөргө Ыйык Китепте бир катар эскертүүлөр берилет. Мисалы, бактылуу үйбүлөлөр деле Шайтан башкарган дүйнөдө «азап тартары» айтылган. Демек, никени Кудай түзсө да, үйлөнгөндөр азыр кыйынчылыктарга кабылбай койбойт. Күйөөсүнүн көзү өтүп кеткен, башы бош аялдарга Ыйык Китептин бир жазуучусу: «Жесир бойдон калган аял бактылуу»,— деген. Ыйса да «кабыл ала алгандарга» бойдок жүрүүнү сунуш кылган. Бирок кимдир бирөө үйлөнүүнү чечсе, «Теңирге ишенген адам», башкача айтканда, Кудайга арналган жана чөмүлтүлгөн адам менен гана баш кошушу керек (1 Корунттуктарга 7:28, 36—40; Матай 19:10—12).

5 Кимдир бирөөгө турмушка чыгарда аялзаты жакшылап ойлонууга тийиш. Себеби Ыйык Китепте: «Күйөөсү бар аял... ага мыйзам менен байланат»,— деп эскертилет. Ошол себептүү аял күйөөсү өлгөндө же экөө ойноштуктун айынан ажырашканда гана «мыйзамдын бийлигинен бошотулат» (Римдиктерге 7:2, 3). Алгачкы махабат сезими сүйлөшүү маалын жагымдуу кылышы мүмкүн, бирок ал бактылуу үйбүлө курууга бекем негиз боло албайт. Ошондуктан турмушка чыга электер минтип ойлонуп көргөнү дурус: «Мен бул кишинин мыйзамынын бийлиги астында болууга даярмынбы?» Бул жөнүндө турмушка чыкканда эмес, ага чейин терең ойлонуу зарыл.

6. Кыздардын көбү кандай чечим чыгарат жана эмне үчүн буга олуттуу мамиле жасоо кажет?

6 Бүгүн көптөгөн өлкөлөрдө кыздар кимге макулдугун берүүнү өзүлөрү чечет. Бирок никедеги ынак мамилеге жана сүйүүгө ээ болуу каалоосу, адатта, күчтүү болгондуктан, акылдуу чечим чыгаруу кыйынга турушу ыктымал. Бир жазуучу мындай деген: «Биз кандайдыр бир нерсе жасоону — мейли, үйбүлө курууну же бийик тоого чыгууну — канчалык кааласак, ошончолук бардыгы ойдогудай болот деп ойлоп, өзүбүзгө жаккан маалыматка гана кулак кагабыз». Алсак, альпинист туура эмес чечим чыгарса, өмүрүнөн айрылып калышы этимал. Ал эми адам өмүрлүк жар тандоодо жаңылып калса, бактысына балта чабат.

7. Жубай издөөгө байланыштуу кандай жакшы кеңештер берилген?

7 Сөз айтып жаткан жигиттин мыйзамынын бийлиги астында болуунун олуттуулугу жөнүндө кыз жакшылап ойлонуп көрүүгө тийиш. Мындан бир нече жыл мурун индиялык бир кыз мындай деген: «Ата-энебиз бизге караганда тажрыйбалуу жана акылдуу, ошондуктан алар оңой менен алданбайт... Мен болсо оңой эле жаңылып калмакмын». Ооба, ата-энелердин жана башкалардын жардамы өтө маанилүү. Бир даанышман кеңешчи жаштарды болочок жубайынын ата-энесин билүүгө, ошол эле учурда анын ата-энесине, туугандарына кандай мамиле кыларын кылдат байкоого үндөп келген.

Ыйсанын баш ийүүсү

8, 9. а) Ыйса Кудайга баш ийүүгө кандай караган? б) Баш ийүү менен эмнени көрсөтүүгө болот?

8 Баш ийүү кээде кыйынга турганы менен, аялдар аны, Ыйсага окшоп, сыймык катары эсептешет. Кудайга баш ийүү үчүн азап тартып, кыйноо мамысында өлүшү керек болсо да, Ыйса тил алуудан кубаныч алган (Лука 22:41—44; Эврейлерге 5:7, 8; 12:3). Андыктан аялдар Ыйсадан үлгү ала алышат. Себеби Ыйык Китепте: «Аялдын башчысы — эркек, Машайактын башчысы — Кудай»,— деп айтылган (1 Корунттуктарга 11:3). Белгилей кетерлик жери, эркектердин башчылыгына баш ийүү турмушка чыккандардан эле талап кылынбайт.

9 Ыйык Китепте аялдардын баары: турмушка чыкканы да, чыга элеги да жыйналышта жетекчилик кылган, рухий жактан жетилген эркектерге баш ийиши керектиги баса белгиленет (1 Тиметейге 2:12, 13; Эврейлерге 13:17). Аялдар Кудайдын бул көрсөтмөсүнө ылайык иш кылуу менен ишенимдүү периштелерге үлгү көрсөтүшөт (1 Корунттуктарга 11:8—10). Андан сырткары, улгайып калган эжелер жаш келиндерге жакшы үлгү болуп, пайдалуу кеңештерин берип, аларды «күйөөсүнө баш ийүүгө» үйрөтүшөт (Титке 2:3—5).

10. Баш ийүү жагынан Ыйса кандай үлгү калтырган?

10 Ыйса орундуу учурларда баш ийүүнүн маанилүү экенин түшүнгөн. Айталы, бир жолу ал элчи Петирди бийликтегилерге экөө үчүн салык төлөөгө жиберип, ага акчаны кайдан алууну да айткан. Петир кийинчерээк: «Мамлекеттик бардык бийликке Теңир үчүн баш ийгиле»,— деп жазган (1 Петир 2:14; Матай 17:24—27). Ыйсанын баш ийүүсүнүн эң көрүнүктүү чагылдырылышы тууралуу мындай деп айтылган: «Кул кейпин кийип, адамга окшош болуп, сырткы көрүнүшү боюнча адамдай болуп, Өзүн Өзү басынтты... Өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, Өзүн басынтты» (Филипиликтерге 2:5—8).

11. Петир аялдарды Кудайга ишенбеген күйөөсүнө баш ийүүгө эмне үчүн үндөгөн?

11 Дүйнөнүн катаал, адилетсиз бийлик башчыларына да баш ийүү керектигин түшүндүрүп Петир: «Анткени силер ушуга чакырылгансыңар. Себеби Машайак да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен»,— деген (1 Петир 2:21). Ал Ыйсанын канчалык азап тартканын жана момундук менен баш ийгенин айткан соң, аялдарды Кудайга ишенбеген күйөөлөрүнө баш ийүүгө минтип үндөгөн: «Силер, аялдар күйөөңөргө баш ийгиле. Кимиңердин күйөөңөр Кудайдын сөзүнө баш ийбесе, ал силердин таза, Кудайдан корккон жашооңорду көрүп, силердин сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүш-турушуңар аркылуу Кудайга баш ийгидей болсун» (1 Петир 3:1, 2).

12. Ыйсанын баш ийүүсү кандай натыйжа берген?

12 Кудайга баш ийүүнү каалап, башкалардын шылдыңына, тил тийгизүүсүнө чыдоо алсыздыктай көрүнүшү мүмкүн. Бирок Ыйса андай ойдо болгон эмес. «Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес» (1 Петир 2:23). Ыйсанын жазага тартылганын көргөн айрым адамдар, мисалы, жанында устунга кадалган кылмышкер менен ошол жерде карап турган жүз башы Ыйсага кандайдыр бир деңгээлде ишенип калган (Матай 27:38—44, 54; Марк 15:39; Лука 23:39—43). Анын сыңарындай эле, Петир айткандай, Кудайга ишенбеген күйөөлөрдүн айрымдары, атүгүл чындыкка катуу каршы болгондор да, аялынын баш ийгенин жана жакшы жүрүм-турумун байкап жүрүп Ыйсанын жолдоочулары болушкан. Мындай окуяларга биз да күбөбүз.

Күйөөсүнүн жактыруусуна ээ болуу

13, 14. Аялынын баш ийүүсү Кудайга ишенбеген күйөөсүнө кандай таасир эткен?

13 Кудайдан корккон аялдардын кээси Ыйсаныкындай жүрүм-туруму менен күйөөлөрүнүн чындыкты кабыл алышына өбөлгө түзгөн. Жахабанын Күбөлөрүнүн жакында болуп өткөн облустук жыйынында бир күйөө аялы жөнүндө мындай деген: «Ойлосом, мурун аялыма начар эле мамиле кылчу экенмин. Бирок ал мага терең урмат көрсөтчү. Ишенимин да таңуулачу эмес. Ал мага сүйүү менен кам көрчү. Ал эми жыйналышка барарда тамагымды белендеп, үйдөгү жумуштарды эртерээк бүтүрүп койчу. Анын ошондой маанайы Ыйык Китепке болгон кызыгуумду ойготту. Азыр мен Жахабанын Күбөсүмүн». Ооба, ал күйөөгө аялынын сөзүнөн да жүрүм-туруму көбүрөөк таасир эткен.

14 Петир белгилегендей, аялынын айткандарынан да көбүнесе жасаган иштери жакшы натыйжа берет. Муну төмөнкү мисал тастыктайт. Агнес аттуу бир аял Ыйык Китепти изилдеп, жыйналышка бара баштаган. Ошондо күйөөсү: «Агнес, ушул босогодон ары аттачу болсоң, үйгө келбей эле кой!» — деп кыйкырат. Аялы болсо «ошол босогодон» эмес, башкасынан чыгып кеткен. Ал эми кийинки жолкусунда, жыйналышка барар кечте, күйөөсү: «Келгенде, мени үйдөн көрөм деп ойлобо»,— дейт. Күйөөсү ошо бойдон үч күн үйүнө келген эмес. А бирок келгенде, аялы: «Курсагың ачты го, тамак ичесиңби?» — деп жылуу-жумшак тосуп алган. Агнес Жахабага болгон берилгендигин ар качан бек сактаган. Акыры, күйөөсү Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, өзүн Кудайга арнаган. Күйөөсү кийинчерээк көзөмөлчү катары кызмат кылып, көп жоопкерчиликтерге ээ болгон.

15. Кудайдан корккон аялдарга кантип «жасалгалануу» кеңеш кылынган?

15 Жогоруда айтылган аялдар элчи Петирдин кеңешин колдонушкан. Ошондуктан алардын «жасалгасы» «өрүлгөн чач», «жакшы кийим» эмес, «Кудай алдында кымбат баалуу эсептелген, жүрөктө сакталган, туруктуу, момун жана жоош рух» болгон. Мындай рух күйөөсүнө орой, башкарган үн менен сүйлөөгө же аны менен тирешүүгө жол бербейт. Кудайдан корккон аял күйөөсүн терең урматтаарын көрсөтөт (1 Петир 3:3, 4).

Байыркы аялдардын үлгүсү

16. Саара Кудайдан корккон аялдарга кандай үлгү калтырган?

16 Петир: «Качандыр бир убакта Кудайдан үмүттөнгөн ыйык аялдар да өздөрүн күйөөлөрүнө баш ийүү менен жасалгалашкан»,— деп жазган (1 Петир 3:5). Андай аялдар Жахабанын кеңештерине кулак кагышса, үйбүлөсүнүн бактылуу болушуна өбөлгө түзөрүн жана келечекте түбөлүк өмүр белегин аларын билишкен. Петир белгилегендей, келишимдүү, сулуу Саара күйөөсү «Ыбрайымды кожоюнум деп, ага баш ийген». Саара өзүнүн алыскы жерде кызмат кылууга жиберилген жана Кудайдан корккон күйөөсүн колдоп, ыңгайлуу жашоо шартын таштаган, жадагалса өмүрүн да тобокелге салган (Башталыш 12:1, 10—13). Ошондуктан Петир аны кайраттуулугу үчүн мактап, мындай деген: «Эгерде силер жакшы иш кылып жатсаңар жана эч бир коркунучтан коркпосоңор, Сааранын кыздарысыңар» (1 Петир 3:6).

17. Эмне үчүн Петир Абигейилди да аялдарга үлгү катары келтириши мүмкүн эле?

17 Петир үлгү катары келтирген аялдардын арасында кыйынчылыкка тике караган, Кудайга таянган Абигейил да болушу мүмкүн эле. Ал аял — «өтө акылдуу», ал эми күйөөсү Набал «катаал, каардуу киши» болгон. Дөөт кишилерин жиберип, Набалдан жардам сураганда, ал орой жооп берет. Ошондуктан алар Набалды үйүндөгүлөрү менен кошо жер менен жексен кылууну чечишет. Бирок Абигейил үйбүлөсүн сактап калыш үчүн эшектерге тамак-аш жүктөп, тезинен жолго чыгат. Ошондо жолдон куралдуу кишилери менен келаткан Дөөт жолугат. Аны көргөндө Абигейил эшектен түшө калып, бутуна жыгылат да, кызуу кандуулукка алдырбоону өтүнөт. Дөөт буга абдан таасирленгендиктен: «Ушул күнү сени мага кезигүүгө жиберген Ысрайылдын Кудай-Теңирине даңк!.. Кудай акылыңа береке берсин»,— дейт (1 Шемуел 25:2—33).

18. Болочок күйөөсүнөн башка эркек кызыгуу көрсөтсө, эже-карындаштар кимден үлгү ала алышат жана эмне үчүн?

18 Кыздар үчүн Шуламит да сонун үлгү боло алат. Ал жөнөкөй койчу жигитке турмушка чыгам деп макулдугун берип койгон. Анан ага бай падыша ашык болуп, сөз айтса да, жигитине болгон сүйүүсүн бекем сактаган. Өзүнүн ага болгон сезимин Шуламит мындай деп сүрөттөгөн: «Сен мени жүрөгүңө мөөр баскандай басып ал, колуңа шакектей кылып салып ал. Анткени сүйүү өлүмдөй күчтүү... Сүйүүнү чоң суулар да өчүрө албайт, дарыялар каптай албайт» (Ырдын ыры 8:6, 7). Эмесе, баш кошууга макулдугун берген эже-карындаштардын баары болочок күйөөсүнө берилгендигин сактоого жана аны терең урматтоого чечкиндүү болсун.

Кошумча кеңештер

19, 20. а) Аялдар күйөөсүнө эмне үчүн баш ийиши керек? б) Аялдарга дагы кимдер эң сонун үлгү боло алат?

19 Эми макаланын: «Аялдар, күйөөңөргө... баш ийгиле»,— деген негизги аятынан кийинки аяттарды карап көрөлү (Эфестиктерге 5:22). Баш ийүү эмне үчүн маанилүү? Анткени «Машайак Жыйындын башчысы болгон сыяктуу эле, күйөө да аялдын башчысы». Ошондуктан аялдар: «Жыйын Машайакка баш ийгендей эле, аялдар да бардык нерседе күйөөлөрүнө баш ийишсин»,— деп чакырылат (Эфестиктерге 5:23, 24, 33).

20 Бул кеңешке ылайык иш кылуу үчүн аялдар Ыйсанын майланган жолдоочуларынан үлгү алышы керек. 2 Корунттуктарга 11:23—28-аяттарды окуп көргүлөчү. Ал жерде жыйналыштын мүчөсү болгон элчи Пабыл Башчысына, Ыйса Машайакка, ишенимдүү калыш үчүн кандай кыйынчылыктарды көтөргөнү айтылат. Аялдар, алар менен катар, жыйналыштагылардын баары Ыйсанын башчылыгына, Пабылга окшоп, ишенимдүү түрдө баш ийиши абзел. Ыйсага баш иерин аялдар күйөөсүнө баш ийүү менен көрсөтөт.

21. Аялдарга күйөөсүнө баш ийүүгө эмне түрткү берет?

21 Бүгүнкү күндө көптөгөн аялдар бирөөгө баш ийүүнү жаман көрсө да, эстүү аял анын пайда алып келерин түшүнөт. Мисалы, ал ишенимдеш эмес күйөөсүнө Кудайдын мыйзамдары же принциптери бузулбаган бардык учурда баш ийсе, чоң сыйлык алышы, башкача айтканда, күйөөсүн куткарып калышы мүмкүн (1 Корунттуктарга 7:13, 16). Андан сырткары, ал аял Жахабага жаккан иш кылуудан кубаныч алып, Кудайдын сүйүктүү Уулун туураганы үчүн мол батага ээ болот.

Эсиңердеби?

• Аялга күйөөсүн урматтоо эмне үчүн кыйын болушу мүмкүн?

• Баш кошууга макулдук берүүгө эмне үчүн олуттуу кароо зарыл?

• Ыйса аялдарга кандай үлгү калтырган жана аны тууроо кандай оң натыйжа берет?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Баш кошууга макулдук берүүгө эмне үчүн олуттуу кароо зарыл?

[17-беттеги сүрөт]

Аялдар Абигейилден эмнеге үйрөнө алышат?