Маанилүү азем 2-апрель, дүйшөмбү
Маанилүү азем 2-апрель, дүйшөмбү
Бул окуя б.з. 33-жылы, 14-нисанда болгон. Ыйса элчилерине шарап куюлган чөйчөктү жана ачытылбаган нанды узатып, мындай деген көрсөтмө берген: «Муну Мени эске түшүрүш үчүн кылгыла» (Лука 22:19, «Мукаддас»).
Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча Ыйса берген көрсөтмөгө ылайык, анын өлгөн күнүн эскерүү үчүн жылына бир жолу чогулушат. Бул жылы 14-нисан 2-апрель, дүйшөмбүдө, күн баткандан кийин башталат. Биз сизди ошол күнү кечинде Эскерүү кечесине чын жүрөктөн чакырабыз. Эскерүү кечесинин каякта өткөрүлөрүн жана так убактысын жашаган жериңиздеги Жахабанын Күбөлөрүнөн билсеңиз болот.