Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ышайа китебиндеги урунттуу ойлор (2-бөлүк)

Ышайа китебиндеги урунттуу ойлор (2-бөлүк)

Жахабанын Сөзү тирүү

Ышайа китебиндеги урунттуу ойлор (2-бөлүк)

КУДАЙДЫН пайгамбары Ышайа өзүнүн кызматын ишенимдүүлүк менен аткарган. Он уруудан турган Ысрайыл падышалыгына каршы айткан пайгамбарлыктары аткарылган соң, ал Иерусалимдин келечеги тууралуу пайгамбарлык кылат.

Иерусалим шаары талкаланып, тургундары туткунга алынат. Бирок шаар талкаланган бойдон жата бербейт. Чыныгы сыйынуу кийинчерээк кайра калыбына келтирилет. Ышайа китебинин 36-бөлүмүнөн баштап 66-бөлүмүнө чейин, биринчи кезекте, ушулар баяндалган *. Бул бөлүмдөрдү талкуулоо пайдалуу, себеби андагы пайгамбарлыктардын көбүнүн негизги, акыркы аткарылышы биздин күндөргө же жакынкы келечекке туш келет. Ышайа китебинин бул бөлүгүндө Мессияга байланыштуу кызыктуу пайгамбарлыктар да камтылган.

«КҮНДӨР КЕЛЕТ»

(Ышайа 36:1—39:8)

Хиския падышанын башкаруусунун 14-жылы (б.з.ч. 732-жыл) ашурлуктар Жүйүт аймагын басып кирет. Бирок Жахаба Иерусалимди коргоп калууну убадалайт. Анын бир эле периштеси 185 000 ашурлук аскерди кырып таштаганда, шаарды басып алуу коркунучу жоюлат.

Хиския катуу ооруга чалдыгат. Жахаба анын тиленүүсүнө жооп берип, өмүрүн 15 жылга узартат. Бабылдын падышасынын атынан куттуктап келген элчилерге Хиския акылсыздык кылып байлыгынын баарын көрсөтүп коёт. Ошондуктан Жахаба ага Ышайа аркылуу мындай дейт: «Сенин үйүңдө эмне болсо, ошонун баарын, ата-бабаларың ушул күнгө чейин эмне жыйнап келишсе, ошонун баарын Бабылга алып кетчү күндөр келет. Эч нерсе калбайт» (Ышайа 39:5, 6). Бул пайгамбарлык арадан 100 жылдай өткөндө аткарылган.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Ышайа 38:8 — Көлөкө кайсы «тепкичтер» аркылуу артка жылган? Күн сааты б.з.ч. VIII кылымдарда Египетте (Мисирде) жана Вавилондо (Бабылда) колдонулган. Ошондуктан ал тепкич күн саатынын көлөкөсү түшкөн тепкич түрүндөгү циферблат болушу ыктымал, кыязы, аны Хискиянын атасы Ахаз алдырып келген. Же ал ак сарайдын ичиндеги тепкич болгон. Сыягы, ал тепкичке жанындагы түркүктөн түшкөн көлөкө боюнча саат канча болгонун аныктоо мүмкүн эле.

Биз алчу сабактар:

Ышайа 36:2, 3, 22. Шебна ак сарай башчысынын милдетинен бошотулуп, анын ордун баскан адамдын катчысы катары кызмат кылып калган (Ышайа 22:15, 19). Биз да Жахабанын уюмундагы жооптуу милдетибизден кандайдыр бир себептерден улам ажырап калсак, кызматыбызды Кудай жол берген түрдө уланта берүүгө даярбызбы?

Ышайа 37:1, 14, 15; 38:1, 2. Кыйналып жаткан учурларда Жахабага тиленүү жана ага толугу менен таянуу акылмандыкка жатат.

Ышайа 37:15—20; 38:2, 3. Ашурлуктар тарабынан коркунуч туулганда, Хиския Иерусалим шаары басылып алынса, баарынан мурда, Жахабанын ысмына сөз тийиши мүмкүн экенин ойлоп тынчсызданган. Оорусунан улам өлөрүн билгенде, ал өзүн эле ойлогон эмес: Дөөттүн падышалык тукумунан чыга турган мураскор калтыра элегине көбүрөөк капаланган. Ошондой эле ашурлуктарга каршы согушту ким жетектээрине тынчсызданган. Биз да, Хискиядай болуп, Жахабанын ысмынын ыйыкталышын ойлойбуз жана Кудайдын ой-ниетинин ишке ашышы биздин куткарылышыбыздан маанилүүрөөк экенин түшүнөбүз.

Ышайа 38:9—20. Хискиянын бул ыры жашоодо Жахабаны даңктоодон маанилүү эч нерсе жок экенин көрсөтөт.

«КАЙРАДАН КУРУЛАСЫҢ!»

(Ышайа 40:1—59:21)

Иерусалим талкаланып, тургундары Бабылга туткунга кетерин айткандан кийин Ышайа шаардын кайрадан калыбына келтирилерин белгилейт (Ышайа 40:1, 2). «Сен [Иерусалим] кайрадан куруласың!» — деп айтылат Ышайа 44:28де. Бабылдын буркан кудайлары «жүк» катары эле ташылып калат (Ышайа 46:1). Бабыл болсо талкаланат. Бул пайгамбарлыктар айтылганынан эки жүз жыл өткөндөн кийин аткарылган.

Жахаба кызматчысын «элдер үчүн жарык» катары берет (Ышайа 49:6). Бабылдын «асманы» — бийлик башындагылары — «түтүндөй болуп жок болуп кетет», тургундары да «өлүп жок болот». Ал эми «Сиондун туткун кызынын» «мойнундагы чынжыры чечилет» (Ышайа 51:6; 52:2). Келечекте кайрылып келип, айткандарына кулак каккандарга Жахаба мындай дейт: «Мен силерге Дөөткө убада кылган түбөлүк келишимимди, өзгөрүлбөс ырайымдарымды берем» (Ышайа 55:3). Кудайдын адил талаптарына ылайык жашоо менен «Теңирден кубаныч алууга» болот (Ышайа 58:14). Ал эми элдин «мыйзамсыздыгы» «Кудайдан бөлүп салат» (Ышайа 59:2).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Ышайа 40:27, 28 — Эмне үчүн ысрайылдыктар: «Менин жолум Теңирден жашыруун, Кудай менин ишимди унутуп койгон»,— дешкен? Бабылдагы жүйүттөрдүн кээси башынан өткөрүп жаткан адилетсиздиктерди Жахаба көрбөй жатат деген ойдо болушса керек. Бирок аларга Бабыл жери «чарчабас жана алсырабас» Жараткандын көз жаздымында калбаары айтылган.

Ышайа 43:18—21 — Туткундан келгендерге эмне үчүн байыркыларды «эстебегиле» [«ЖД»] делген? Бул аятта алар Жахабанын мурунку иштерин, аларды куткарганын унутууга чакырылган эмес. Жахаба алардын аны алдыда жасай турган «жаңы нерсеси» үчүн даңкташын каалаган. Мисалы, алар Иерусалимге ээн талаадагы салыштырмалуу түз жол аркылуу коопсуз кайтып барышмак. «Улуу кайгыдан» аман өткөн «эбегейсиз көп адамдардын» ар биринин да Жахабаны даңктоого жаңы жана өзүнчө себептери болот (Аян 7:9, 14).

Ышайа 49:6 — Машайак жерде жүргөндө ысрайылдыктарга гана кабар айтса, кандай мааниде «элдер үчүн жарык» делет? Бул айтылгандар Ыйса өлгөндөн кийин аткарылган. Ыйык Китепте, Ышайа 49:6да, жазылгандар анын элчилерине карата колдонулат (Элчилер 13:46, 47). Азыр Ыйсанын майланган жолдоочулары эбегейсиз көп адамдардын жардамы менен «жер кыйырына жетиш үчүн» рухий жактан агартуу ишин жүргүзүп, «элдер үчүн жарык» катары кызмат кылууда (Матай 24:14; 28:19, 20).

Ышайа 53:10 — Жахаба Уулунун кыйналуусун кандай мааниде туура көргөн? Жахаба боорукер жана сезимтал Кудай болгондуктан, сүйүктүү Уулунун кыйналуусун көргөндө жүрөгү сыздабай койгон эмес. Анткен менен ал Ыйсанын даярдуулук менен тил алганына жана азап тартып, өлүүгө макул болгонуна ыраазы болгон. Ошол аркылуу жүзөгө ашкан иш-чаралардын баарын Кудай туура көргөн (Накыл сөздөр 27:11; Ышайа 63:9).

Ышайа 53:11 — Машайак кандай «таанып билүү» же билим аркылуу «көп адамдарды актайт»? Ал билимге Ыйса жерге келиши, адилетсиз түрдө азап чегип, өлүм жазасына тартылышы менен ээ болгон (Эврейлерге 4:15). Ыйса ошонусу менен куткаруу курмандыгын берип, майланган жолдоочуларына жана эбегейсиз көп адамдарга Кудайдын алдында акталууга шарт түзгөн (Римдиктерге 5:19; Жакып 2:23, 25).

Ышайа 56:6 — «Бөтөн уруулар» деген кимдер жана алар Жахабанын келишимин кандайча «бек сакташат»? «Бөтөн уруулар» — Ыйсанын «башка койлору» (Жакан 10:16). «Башка койлор» жаңы келишим талап кылган мыйзамдарга баш ийүү менен аны бек сакташат. Алар ошол келишим аркылуу караштырылган иш-чараларды толук колдошот жана Ыйсанын майланган жолдоочулары азыктанган рухий тамак менен азыктанышат. Ошондой эле майлангандарга кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде көмөк көрсөтүшөт.

Биз алчу сабактар:

Ышайа 40:10—14, 26, 28. Жахаба кудурети күчтүү жана боорукер, чексиз акылман жана бардыгын адамдардан алда канча жакшы билет.

Ышайа 40:17, 23; 41:29; 44:9; 59:4. Саясий келишимдер менен буркандар — «жок нерсе». Аларга таянуу пайдасыз.

Ышайа 42:18, 19; 43:8. Кудайдын жазылган Сөзүнө карабоо, «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу берген көрсөтмөлөрүнө кулак какпоо рухий жактан сокур жана дүлөй болууга алып келет (Матай 24:45).

Ышайа 43:25. Жахаба кылмыштарды «Өзү үчүн өчүрөт». Анын ысмынын ыйыкталышы биздин күнөө менен өлүмдөн бошонуп, өмүргө ээ болушубуздан да маанилүү.

Ышайа 44:8. Биз Жахабанын колдоосуна ээбиз. Ал биздин туруктуу жана бекем «аскабыз». Ошондуктан Кудай жөнүндө кабар айтуудан эч качан коркпойлу! (2 Шемуел 22:31, 32).

Ышайа 44:18—20. Буркандарга сыйынуу жүрөктүн бузулганын көрсөтөт. Жүрөгүбүздөгү Жахабанын ордун башка эч ким, эч нерсе ээлебеши керек.

Ышайа 46:10, 11. Жахабанын өз «максатын ишке ашыра» алары — анын чыныгы Кудай экенинин күчтүү далили.

Ышайа 48:17, 18; 57:19—21. Биз Жахабанын куткаруусун күтсөк, ага жакындасак жана анын осуяттарына көңүл бурсак, тынчтыгыбыз — дарыя сымал соолугус жана чындыгыбыз, башкача айтканда, адил иштерибиз деңиздин толкунундай түгөнгүс болот. Кудайдын Сөзүнө көңүл бурбагандар болсо «тынч ала албаган... деңиздей». Аларда тынчтык жок.

Ышайа 52:5, 6. Бабылдыктар чыныгы Кудайды алсыз деп ойлошкон, бирок абдан жаңылышкан. Алар Жахаба өз элинин туткундалышына, аларды жазалагандыктан улам, жол бергенин түшүнүшкөн эмес. Биз да кимдир бирөөнүн башына оор күн түшсө, ага байланыштуу тыянак чыгарууга шашылбоого тийишпиз.

Ышайа 52:7—9; 55:12, 13. Бизде кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине кубаныч менен катышууга, бери дегенде, үч себеп бар. Биз рухий жактан ачка, момун адамдарга жакшы кабар жеткиребиз. Жахабаны «өз көзүбүз менен көрөбүз», башкача айтканда, аны менен тыгыз мамиледебиз. Ошондой эле рухий жактан гүлдөп жатабыз.

Ышайа 52:11, 12. «Теңирдин идиштерин» — Кудайдын ыйык кызмат аткаруу үчүн караштырган чараларын — «көтөрүп жүрүү» үчүн рухий жана адеп-ахлактык жактан таза болуу зарыл.

Ышайа 58:1—14. Кудайга жасалма берилгендик көрсөтүү жана адилсинүү куру бекер. Кудайдын чыныгы кызматчылары ага чын ниеттен берилгендик көрсөтүп, рухий биртуугандарын сүйүшү керек (Жакан 13:35; 2 Петир 3:11).

Ышайа 59:15б—19. Жахаба адамзаттын иш-аракеттерин көрүп турат жана убагы келгенде кийлигишет.

«СЕН... ДАҢКТЫН ТААЖЫСЫ БОЛОСУҢ»

(Ышайа 60:1—66:24)

Чыныгы сыйынуунун байыркы кезде жана биздин күндөрдө калыбына келтирилиши жөнүндө Ышайа 60:1де: «Тур, жаркыра, Иерусалим, анткени сенин жарыгың келди, Теңирдин даңкы сенин үстүңдөн чыкты!» — деп айтылган. Сион «Теңирдин колунда даңктын таажысы болот» (Ышайа 62:3).

Ышайа пайгамбар Жахабага Бабылда туткунда жүргөндө күнөөлөрү үчүн өкүнө турган мекендештери тууралуу тиленген (Ышайа 63:15—64:12). Кудайдын чыныгы кызматчылары менен ага баш ийбегендерди салыштырган соң, пайгамбар Жахабанын өз кызматчыларына кандай бата берерин айткан (Ышайа 65:1—66:24).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Ышайа 61:8, 9 — «Түбөлүк келишим» деген эмне жана «укум-тукум» деген кимдер? Ал — Жахаба менен Ыйсанын майланган жолдоочуларынын ортосунда түзүлгөн жаңы келишим. «Укум-тукум» — «башка койлор». Алар — майлангандардын кабарын кабыл алган миллиондогон адамдар (Жакан 10:16).

Ышайа 63:5 — Кудайды өзүнүн каары кандайча колдойт? Кудай адилеттүү түрдө каарданат жана каарын башкара билет. Ал сезими ага адил өкүмдөрүн ишке ашырууга түрткү берип, аны «колдойт».

Биз алчу сабактар:

Ышайа 64:6. Жеткилеңсиз адамдар өзүлөрүн куткара алышпайт. Күнөөсүн адил иштери менен да жууй алышпайт, анткени ал иштердин булганган кийимден айырмасы жок (Римдиктерге 3:23, 24).

Ышайа 65:13, 14. Жахаба ишенимдүү кызматчыларына батасын берип, алардын рухий муктаждыктарын толугу менен канааттандырат.

Ышайа 66:3—5. Жахаба эки жүздүүлүктү жек көрөт.

«Кубанып, шаттанасыңар»

Бабылда туткунда жүргөн ишенимдүү жүйүттөрдү чыныгы сыйынуунун калыбына келери жөнүндөгү пайгамбарлыктар кандай гана соороткон! Жахаба: «Мен жаратканга кылымдар бою кубанып, шаттанасыңар: анткени мына, Мен Иерусалимди шаттык менен жаратып жатам, анын элин кубаныч менен жаратып жатам»,— деген (Ышайа 65:18).

Биз да жерди караңгылык чулгап, элдерди коюу караңгылык каптаган маалда жашап жатабыз (Ышайа 60:2). Азыркы күндөр болуп көрбөгөндөй «оор күндөр» (2 Тиметейге 3:1). Ошондуктан Жахабанын Ышайа китебинде жазылган куткаруу жөнүндөгү кабары бизге зор кайрат берет (Эврейлерге 4:12).

[Шилтемелер]

[4-беттеги сүрөт]

Хиския Кудайдан ашурлуктардан сактап калууну эмне үчүн суранганын билесиңби?

[5-беттеги сүрөт]

«Жакшы кабарчынын буттары кандай сонун!»