Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жеремия китебиндеги урунттуу ойлор

Жеремия китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Жеремия китебиндеги урунттуу ойлор

ЖЕРЕМИЯНЫН жердештерине айткандары кандай гана жагымсыз, суук кабардай угулса керек! Ал үч кылымдан бери сыйынуунун борбору болуп турган заңгыраган ийбадаткана өрттөнүп жок болорун жарыялаган. Иерусалим шаары менен Жүйүт жергеси жер менен жексен болуп, тургундары туткунга алынып кетмек. Ушул жана башка өкүмдөр Ыйык Жазмадагы көлөмдүү китептердин экинчисинде, Жеремия китебинде, камтылат. Ал китепте Жеремиянын 67 жыл бою ишенимдүү кызмат кылган маалында эмнелерди башынан өткөргөнү да жазылат. Андагы маалымат убакыт тартиби боюнча эмес, тема боюнча баяндалган.

Биз үчүн Жеремия китебинин кайсы жактары баалуу? Андагы пайгамбарлыктардын орундалышы өз убадаларын Аткаруучуга — Жахабага — болгон ишенимибизди бекемдейт (Ышайа 55:10, 11). Жеремиянын пайгамбар катары аткарган кызматы — биздин кызматка, замандаштарынын анын кабарына кайтарган жообу, азыркы адамдардын жообуна окшош (1 Корунттуктарга 10:11). Андан тышкары, Жахабанын өз элине кылган мамилеси анын кандай сапаттарга ээ экенин көрсөтөт. Муну билүү бизге терең таасир этиши керек (Эврейлерге 4:12).

«ЭЛИМ ЭКИ ЖАМАНДЫК КЫЛДЫ»

(Жеремия 1:1—20:18)

Жеремия Жошиянын Жүйүттө бийлик жүргүзгөнүнө 13-жыл болгондо, пайгамбар болуп дайындалган. Ал кезде Иерусалимдин б.з.ч. 607-жылы талкаланышына али 40 жыл бар эле (Жеремия 1:1, 2). Анын кызматы, негизинен, Жошия падышачылык кылып турган маалга, 18 жыл аралыгына туура келген. Жеремия Жахабанын өкүмдөрүн, Жүйүттүн жасаган жаман иштерине байланыштуу чыгарган өкүмдөрүн, жарыялаган. Жахаба мындай деген: «Иерусалимди таштын үймөгү, чөөлөрдүн ийини кылам, Жүйүт аймагынын шаарларын эч ким жашабаган чөл кылам» (Жеремия 9:11). Эмне үчүн? «Анткени Менин элим эки жамандык кылды»,— дейт ал (Жеремия 2:13).

Ошондой эле күнөөсүнө өкүнгөн калдыктын кайра алып келинери да кабарланган (Жеремия 3:14—18; 12:14, 15; 16:14—21). Бирок эл Жеремияны жактырган эмес. Атүгүл «Теңир үйүнүн башкы күзөтчүсү» аны сабап, кишендеп койгон (Жеремия 20:1—3).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жеремия 1:11, 12 — Жахаба «бадам жыгачынан жасалган таякка» салыштырылган сөзүнө кандай мааниде көз салып турган? Бадам багы — эрте гүлдөгөн бактардын бири. Жахаба, элине өкүмдөрүн билдириш үчүн, пайгамбарларын «таң заардан жиберип», алардын аткарылышына «көз салып» турган (Жеремия 7:25).

Жеремия 2:10, 11 — Ишенимсиз ысрайыл эли башка элдерде жасалбаган кандай иштерди жасашкан? Батыштагы Китимде жана чыгыштагы Кейдарда жашаган бутпарас элдер башкалардын кудайларына сыйынууну өз кудайларына сыйынуу менен аралаштырып алышчу. Бирок өз кудайларын биротоло унутуп, бөтөн кудайларга алмаштыруу деген аларда болгон эмес. Ал эми ысрайылдыктар Жахабаны таштап, тирүү Кудайдын даңкын жансыз кудайларга алмаштырып кетишкен.

Жеремия 3:11—22; 11:10—12, 17 — Самария б.з.ч. 740-жылы талкаланса да, Жеремия эмне үчүн түндүктөгү он урууга каршы пайгамбарлык кыла берген? Себеби Иерусалимдин б.з.ч. 607-жылы талкаланышы Жахабанын Жүйүткө гана эмес, бардык ысрайыл элине чыгарган өкүмү болгон (Жезекиел 9:9, 10). Андан тышкары, талкаланган он уруудан турган падышалыктын кызыкчылыгы — келечекте калыбына келтирилиши — Иерусалимге байланыштуу болгондуктан, Кудайдын пайгамбарлыктары жалпы ысрайыл элине тийиштүү айтыла берген.

Жеремия 4:3, 4 — Бул аяттардагы буйрук эмнени билдирет? Ишенимсиз жүйүттөр жүрөгүн даярдоого, жумшартууга жана тазалоого тийиш болгон. Алар «жүрөгүн кесиши», башкача айтканда, жаман ой-сезимдеринен арылып, ниеттерин оңдошу керек эле (Жеремия 9:25, 26; Элчилер 7:51). Ан үчүн жашоо мүнөзүн өзгөртүү — жаман иштерден баш тартып, Кудайдын батасын алып келе турган иштерди жасоо — талап кылынган.

Жеремия 15:18 — Жахаба ишенимсиз элине кандай мааниде «алдамчы агын суу» болгон? Жеремиянын күндөрүндө эл ичинде «жалган пайгамбарчылык кылган» пайгамбарлар болгон (Жеремия 5:31; 20:6; 23:16, 17, 25—28, 32). Жахаба болсо аларга калп айтууга жол берип койгон.

Жеремия 16:16 — Жахабанын: «Көптөгөн балыкчыларды... көп аңчыларды жиберем»,— дегени эмнени билдирет? Бул Анын ишенимсиз жүйүттөрдү жазага тартуу үчүн душмандын кошуундарын жиберерин туюнтушу ыктымал. Бирок, Жеремия 16:15ке ылайык, ал өкүнгөн ысрайылдыктарды издөөнү да билдириши мүмкүн.

Жеремия 20:7 — Жахаба күчүн кандай мааниде Жеремияга «каршы колдонуп», аны «алдап» («ЖД») койгон? Жахабанын өкүмдөрүн жарыялаган Жеремия кошкөңүлдүккө, кастыкка жана куугунтукка кабылган. Ошондуктан кээде ага кызматын улантууга күчү жетпечүдөй сезилген. Бирок Жахаба өз күчүн «Жеремияга каршы колдонуп», ага андай ой-сезимдерин жеңүүгө жардам берген. Демек, Жахаба Жеремияга колунан келбечүдөй сезилген ишти аткарууга түрткү бериши менен аны «алдап» койгон.

Биз алчу сабактар:

Жеремия 1:8. Жахаба өз элин кээде куугунтуктан калыс сот, ынсаптуу башчы аркылуу куткарат. Же чыдоого күч берет (1 Корунттуктарга 10:13).

Жеремия 2:13, 18. Ишенимсиз ысрайылдыктар эки жамандык кылышкан. Алар Жахабаны — чыныгы батанын, жетекчиликтин жана коргоонун «башатын» — таштап кетишкен. Мисир жана Ашур менен аскердик келишим түзүп, өз алдынча «кудук» казып алышкан. Биздин күндөрдө да чыныгы Кудайды четке кагып, адамдык философия менен теорияларга жана дүйнөлүк саясатка таянуу «тирүү суунун башатын» «талкаланган... кудуктарга» алмаштырууга барабар.

Жеремия 6:16. Жахаба тоңмоюн элин токтоп, өзүлөрүн изилдеп көрүүгө жана ишенимдүү ата-бабалары жүргөн «байыркы жолдорго» кайрылууга чакырган. Биз да: «Жахаба жактырган жолдон чыгып кеткен жокмунбу?» — деп өзүбүздү кез-кезде текшерип көргөнүбүз орундуу.

Жеремия 7:1—15. Жүйүттөр ийбадаткананы тумар катары эсептеп, ага таянып алышкан. Бирок бул аларды сактаган эмес. Биз көргөнүбүз боюнча эмес, ишеним менен жашашыбыз керек (2 Корунттуктарга 5:7).

Жеремия 15:16, 17. Биз, Жеремиядай болуп, көңүл чөгөттүк менен күрөшө алабыз. Ан үчүн Ыйык Китепти жекече изилдөөдөн кубаныч алуу, кызматта Жахабанын ысмын даңктоо жана жаман чөйрөдөн оолак болуу керек.

Жеремия 17:1, 2. Жүйүт элинин күнөөлөрү алардын Жахабага алып келген курмандыктарын жагымсыз кылган. Адеп-ахлактык тазалыгыбызды сактабасак, биздин даңктоо курмандыгыбыз да кабыл болбойт.

Жеремия 17:5—8. Адамдар менен уюмдарга канчалык таяна аларыбыз, алардын Кудайдын ой-ниетине жана анын принциптерине ылайык иш жүргүзгөнүнө жараша болот. Куткарылуу, чыныгы тынчтык жана коопсуздукка байланыштуу маселелерде Жахабага гана таянганыбыз — акылмандык (Забур 145:3).

Жеремия 20:8—11. Биз кошкөңүлдүк, каршылык же куугунтуктардан улам кабар айтуу ишиндеги ынталуулугубузду басаңдатпашыбыз керек (Жакып 5:10, 11).

«БАБЫЛ ПАДЫШАСЫНЫН МОЮНТУРУГУНА ӨЗ МОЙНУҢАРДЫ СУНГУЛА»

(Жеремия 21:1—51:64)

Жеремия Жүйүттүн акыркы төрт падышасына, жалган пайгамбарларга, жоопкерчиликсиз койчуларга жана сатылма ыйык кызмат кылуучуларга чыгарылган өкүмдөрдү жарыялайт. Ишенимдүү калдыкты жакшы анжырга салыштырып, Жахаба: «Аларга жакшы болсун деп, Мен аларга назар салам»,— дейт (Жеремия 24:5, 6). 25-бөлүмдөгү үч пайгамбарлык тууралуу кийинки бөлүмдөрдө кеңири айтылат.

Ыйык кызмат кылуучулар менен пайгамбарлар Жеремияны өлтүрүүнү чечишет. Ал аларга Бабыл падышасына багынып берүү керектигин айтат. Ситкия падышага болсо: «Бабыл падышасынын моюнтуругуна өз мойнуңарды сунгула»,— дейт (Жеремия 27:12). Ошол эле учурда: «Ысрайылды Ким чачыратып жиберсе, аны Ошол Өзү чогултат»,— деген убада берилет (Жеремия 31:10). Рейхап тукуму тил алчаактыгы үчүн бата алары белгиленет. «Жеремия күзөтчүлөрдүн короосуна камалат» (Жеремия 37:21). Иерусалим талкаланып, тургундарынын көбү туткундалат. Ал эми Жеремия менен анын катчысы Барух өз мекенинде калтырылгандардын арасында калат. Корккон эл, Жеремиянын эскертүүсүнө карабай, Мисирге жөнөйт. 46—51-бөлүмдөрдө болсо башка элдерге байланыштуу пайгамбарлыктар айтылат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жеремия 22:30 — Бул буйрук Ыйса Машайакты Дөөттүн тагына отуруу укугунан ажыратты беле? (Матай 1:1, 11). Жок. Ал буйрук Иехониянын тукумунан эч ким «Дөөттүн тагына отурбаарын, Жүйүт аймагында бийлик жүргүзбөөрүн» көрсөткөн. Ыйса болсо Жүйүттөгү тактан эмес, асмандан башкармак.

Жеремия 23:33 — Кандай мааниде «Теңирден... оордук» болгон? Жеремиянын күндөрүндө анын Иерусалимдин талкаланышы жөнүндөгү орчундуу эскертүүлөрү мекендештери үчүн «оордук» болгон. Ошол эле учурда тоңмоюн калк да Жахаба үчүн «оордук» эле. Ошондуктан ал аларды «таштап кеткиси» келген. Азыркы учурда да христиан дүйнөсүнүн жакында талкаланары жөнүндөгү кабар анын мүчөлөрү үчүн «оордук», ал кабарга кулак какпагандарды да Кудай «оордук» деп эсептейт.

Жеремия 31:33 — Кудайдын мыйзамы жүрөккө кандайча жазылган? Адам Жахабанын мыйзамын жакшы көрүп, анын эркин аткарууну чын дилден кааласа, жүрөгүнө Кудайдын мыйзамы жазылган деп айтууга болот.

Жеремия 32:10—15 — Келишим кагазы эмне үчүн эки нускада жасалган? Мөөр басылбай ачык калтырылган кагазынан кандай келишим түзүлгөнүн билүү мүмкүн эле. Мөөр басылганы болсо ачык калтырылган кагаздагы айтылгандардын тактыгын текшерүү зарыл болгон кездерде колдонулган. Ишенимдеши, атүгүл тууганы менен да мыйзам тартиби боюнча, кагаз жүзүндө келишим түзүшү менен Жеремия бизге үлгү көрсөткөн.

Жеремия 33:23, 24 — Бул жерде кайсы «эки уруу» айтылган? Алардын бири — Дөөттөн уланган падышалар «уруусу», экинчиси — Арундан тараган ыйык кызмат кылуучулар «уруусу». Иерусалим менен ийбадаткана талкаланганда, Жахаба ошол «эки урууну» четке кагып таштагандай жана анын жердеги падышалыгы менен таза сыйынуу жок болуп калгандай көрүнгөн.

Жеремия 46:22 — Мисирдин үнү эмне үчүн жыландыкындай эле? Бул согушта артка чегингенде чыгарган үн же душмандарынан сокку жеп, улут катары басынтылганда акырын чыгып калган «үн» болушу мүмкүн. Бул салыштыруу Мисир фараонунун, Уажет аттуу жылан-кудайдын колдоосуна ээ болуш үчүн, ыйык жыландын бейнеси делген башкийимин кийүүнүн пайдасыз экенин да көрсөтөт.

Биз алчу сабактар:

Жеремия 21:8, 9; 38:19. Жахаба Иерусалимдин өкүнбөгөн, өлүм жазасына тартыла турган тургундарына акыркы сааттарда да өмүрдү тандоого мүмкүндүк берген. Ооба, Жахабанын «боорукердиги чексиз» (2 Шемуел 24:14; Забур 118:156).

Жеремия 31:34. Жахабанын кечирген күнөөлөрдү эстебээрин, ошон үчүн күнөө кетиргендерди кайра жазалабаарын билүү кандай гана сооронуч берет!

Жеремия 38:7—13; 39:15—18. Жахаба биздин ишенимдүү кызматыбызды жана «ыйыктарга... кылган» кызматыбызды унутпайт (Эврейлерге 6:10).

Жеремия 45:4, 5. Жүйүттүн акыркы күндөрүндөгүдөй эле, азыркы дүйнөнүн «акыркы убагында» байлык, атак-даңк, жыргал турмуш өңдүү «чоң нерсени» издөө орунсуз (2 Тиметейге 3:1; 1 Жакан 2:17).

ИЕРУСАЛИМДИН ӨРТТӨЛҮШҮ

(Жеремия 52:1—34)

Биздин заманга чейинки 607-жыл. Ситкиянын башкаруусунун 11-жылы. Бабылдын падышасы Небухаданасар Иерусалимди 18 айдан бери курчап алган. Небухаданасардын башкаруусунун 19-жылынын бешинчи айынын жетинчи күнү кайтаруучулардын башчысы Небузарадан «Иерусалимге келет» (2 Падышалар 25:8). Ал, сыягы, шаардын чебинин сыртындагы кошуунунан жагдайга көз салып, басып алуунун планын түзөт. Үч күндөн кийин, бешинчи айдын онунчу күнүндө шаарга кирип келип, аны өрттөп жиберет (Жеремия 52:12, 13).

Жеремия Иерусалимдин кулашын майда-баратына чейин баяндайт. Анын ал окуяга байланыштуу ыйы же кошогу Ыйык Жазмадагы Жеремиянын ыйы китебинде жазылган.

[8-беттеги сүрөт]

Жеремия Жахабанын Иерусалимге чыгарган өкүмүн жарыялаган

[9-беттеги сүрөт]

Жахаба күчүн Жеремияга каршы кантип колдонгон?

[10-беттеги сүрөт]

«Мына бул жакшы анжырларга окшоштуруп, Мен... жүйүт туткундарын жакшы деп эсептейм» (Жеремия 24:5)