Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жин-перилерге кантип каршы тура алабыз?

Жин-перилерге кантип каршы тура алабыз?

Жин-перилерге кантип каршы тура алабыз?

«Алгачкы абалын сактабай, өздөрүнүн жайын таштап кеткен периштелерди да [Кудай] түбөлүккө байлап, караңгылыкка камап, сот боло турган улуу күнгө сактап койгон» (Жүйүт 6).

1, 2. Шайтан менен жин-перилерге байланыштуу кандай суроолор туулат?

«ЭСТҮҮ жана сергек болгула,— деп эскерткен элчи Петир.— Силердин душманыңар шайтан кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу тегеренип жүрөт» (1 Петир 5:8). Ал эми элчи Пабыл болсо мындай деген: «Силердин жиндер менен үлүштөш болушуңарды каалабайм. Силер бир эле учурда Теңирдин да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар. Силер бир эле учурда Теңирдин да, жиндердин да дасторконунан тамактана албайсыңар» (1 Корунттуктарга 10:20, 21).

2 Шайтан жана жин-перилер деген кимдер? Алар кантип, качан пайда болушкан? Аларды Кудай жаратты беле? Адамдарга кандай таасир этишет? Аларга каршы туруу мүмкүнбү? Мүмкүн болсо, кантип каршы тура алабыз?

Шайтан менен жин-перилердин пайда болушу

3. Кудайдын бир периштеси кантип Шайтан Ибилис болуп калган?

3 Эйден багында биринчи түгөй жаралганда, адамзат тарыхынын башталышында, Кудайдын бир периштеси козголоңчул болуп кеткен. Эмне үчүн? Себеби ал Жахабанын асмандагы уюмунда ээлеген ордуна нааразы боло баштаган. Ал эми Адам менен Обо жаратылганда, Шайтанда аларды чыныгы Кудайга эмес, өзүнө баш ийдирүү жана сыйынтуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Ошондуктан ал Кудайга каршы чыгып, биринчи түгөйдү күнөө кылууга азгыруу менен Шайтан Ибилис болуп калган. Кийин башка периштелер да анын тарабына өтүп кеткен. Кантип? (Башталыш 3:1—6; Римдиктерге 5:12; Аян 12:9).

4. Топон суунун алдында айрым козголоңчул периштелер эмне кылышкан?

4 Ыйык Китепте Нухтун күндөрүндөгү Топон суунун алдында айрым периштелер жердеги аялдарга орунсуз кызыгуу көрсөткөнү баяндалат. Ниети бузулган «Кудайдын уулдары адамдардын кыздары чырайлуу экенин көрүп, ар бири өзүнүн тандаганын аялдыкка ала баштайт». Албетте, мындай мамиле табигый эмес болгондуктан, алардын балдары адаттан тыш алп болушкан (Башталыш 6:2—4). Кудайга тил албаган ал рухий жаратуулар ошентип Шайтандын козголоңуна кошулуп кетишкен.

5. Топон суу каптаганда козголоңчул периштелер эмне болгон?

5 Жахаба жер бетине Топон суу каптатканда, алиги алптар энелери менен кошо набыт болот. Ал эми козголоңчул периштелер адамдык денесин таштап, рухий чөйрөгө кайтып барат. Бирок Кудай аларды «алгачкы абалынан» четтетип, рухий «караңгылыкка камап» таштаган (Жүйүт 6; 2 Петир 2:4).

6. Жин-перилер адамдарды кантип адаштырат?

6 Каардуу периштелер «алгачкы абалын сактай» албагандыктан, Шайтандын жиндерине айланып, анын бузуку ой-ниеттерин аткарып калышкан. Ошол убактан тартып алар адам кейпин кие алышпаса да, эркектер менен аялдарды жыныстык жактан ар кандай жийиркеничтүү иш-аракеттерди кылууга азгырып келет. Ошондой эле спиритизмди колдонуп, мисалы, дуба окугандар, бүбү-бакшылар жана көзү ачыктар аркылуу көптөрдү жолдон адаштырат (Мыйзам 18:10—13; 2 Жылнаама 33:6). Андыктан жин-перилерге Шайтан менен кошо түбөлүккө жок кылуу өкүмү чыгарылган (Матай 25:41; Аян 20:10). Ал эми ошол убак келгенче биз аларга каршы туруп, азгырыктарын четке кагышыбыз керек. Ан үчүн Шайтандын кандай бийликке ээ экенин жана ага, жин-перилерге кантип каршы тура аларыбызды билип алганыбыз оң.

Шайтандын бийлиги

7. Шайтан кандай бийликке ээ?

7 Шайтан кылымдар бою Жахабаны каралап келатат (Накыл сөздөр 27:11). Учурда адамзаттын басымдуу бөлүгү анын колунда. Ооба, 1 Жакан 5:19да белгиленгендей, «бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында». Ошондуктан ал Ыйсаны азгырып жатканда «дүйнөнүн бүт падышачылыктарынын» атак-даңкын, алардын үстүнөн бийлик жүргүзүүнү сунуш кылган (Лука 4:5—7). Элчи Пабыл мындай деген: «Биз жарыялаган Жакшы Кабар жабык болсо, ал өлүмгө бара жаткандар үчүн жабык. Кудайдын бейнеси болгон Машайактын даңкын жарыялаган Жакшы Кабардын жарыгын көрүшпөсү үчүн, бул дүйнөнүн төрөсү [Шайтан] ишенбегендердин акылын караңгылатып койгон» (2 Корунттуктарга 4:3, 4). Ал «жалганчы жана жалгандын атасы» болсо да, «өзүн Жарыктын Периштеси кылып көрсөтөт» (Жакан 8:44; 2 Корунттуктарга 11:14). Дүйнөлүк башкаруучулардын жана аларды жактаган элдердин акылын караңгылатууга анын күчү да жетет, ыкмалары да көп. Ал тетири үгүттү жана диний жалган окууларды да колдонот.

8. Шайтандын таасири жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет?

8 Шайтандын күчү менен таасири Даниел пайгамбардын күндөрүндө, биздин заманга чейин беш кылым мурун, айкын көрүнгөн. Жахаба бир периштесин Даниелге бекемдээрлик маалымат айттырганы жиберген. Жолдон ага «Персия падышачылыгынын [рухий] төрөсү» тоскоолдук кылат. Ал ишенимдүү периште, «башкы төрөлөрдүн бири Михаел... жардам бергиче», «Персия... төрөсү» менен 21 күн кармашкан. Ушул эле билдирүүдө «Греция төрөсү» болгон жин-пери жөнүндө да айтылган (Даниел 10:12, 13, 20). Аян 13:1, 2-аяттарда болсо Шайтан «ажыдаар» катары сүрөттөлүп, анын саясий жырткычка «өзүнүн күчүн, тактысын жана улуу бийлигин» бергени маалымдалат.

9. Кудайдын эли кимдерге каршы күрөшөт?

9 Элчи Пабыл: «Биз адамдарга каршы эмес, башчыларга, бийликтерге, бул караңгы дүйнөнүн башкаруучуларына жана асман астындагы жаман рухтарга каршы күрөшөбүз»,— деп бекеринен жазган эмес (Эфестиктерге 6:12). Каардуу рухтар азыр да Шайтан Ибилиске баш ийишет. Алар жердеги бийлик башчыларын жана жалпы элди тымызын көкүтүп, мыкаачылыкка — геноцидге, террорчулукка жана киши өлтүрүүчүлүккө — түртүүдө. Ал рухий күчтөргө биз кантип каршы тура алабыз? Азыр ошону карап чыгалы.

Кантип коргоно алабыз?

10, 11. Шайтанга жана анын каардуу периштелерине кантип каршы тура алабыз?

10 Биз Шайтанга жана анын каардуу периштелерине өз күчүбүз же өз акылыбыз менен каршы тура албайбыз. Пабыл: «Теңирден жана Анын кудуреттүү күчүнөн күч алгыла»,— деп кеңеш берген. Ооба, коргонуш үчүн Кудайга кайрылуу керек. Пабыл минтип кошумчалаган: «Шайтандын айла-амалдарына каршы тура алуу үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын кийгиле... Кыйын күндөрдө каршы тура алышыңар үчүн, бардыгын жеңип, туруштук бере алышыңар үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын алгыла» (Эфестиктерге 6:10, 11, 13).

11 Пабыл ишенимдештерин «Кудайдын бардык курал-жарагын алууга» эки ирет үндөгөн. «Бардык» деген сөз жин-перилердин чабуулуна каршы туруу үчүн жарым-жартылай куралдануу жетишсиз экенин көрсөтөт. Анда жин-перилерге каршы туруу үчүн кайсы рухий курал-жарактарга ээ болушубуз керек?

Даяр туруу

12. Чындык менен кантип курчана алабыз?

12 «Чындык менен курчанып, адилдикти соот кылып кийип... даяр тургула»,— деп чакырган Пабыл (Эфестиктерге 6:14, 15). Бул аятта эки курал, тактап айтканда, кур менен соот жөнүндө сөз жүрүүдө. Жоокер бел тушун коргош үчүн жана салмактуу кылыч көтөрүп жүрүш үчүн жазы кур менен бекем курчанган. Анын сыңарындай, Ыйык Китептеги чындык бизди кур сыяктуу толугу менен курчашы керек, тактап айтканда, чындыкка ылайык жашашыбыз керек. Ыйык Китепти күнүгө өз алдынча окуйбузбу? Үйбүлөбүз менен чогуучу? Алар менен күндөлүк аятты бирге талкуулайбызбы? «Ишенимдүү жана акылдуу кул» тарабынан берилген адабияттардагы окууларды өздөштүрүп жетишип жатабызбы? (Матай 24:45). Ушулардын баарын аткарсак, Пабылдын кеңешин колдонгон болобуз. Ошондой эле бизде Ыйык Китепке негизделген видеотасмалар менен DVDлер да бар. Демек, чындыкка бек кармануу менен туура чечим чыгара алабыз жана жаман жолго түшүп кетүүдөн сактанабыз.

13. Каймана жүрөгүбүздү кантип сактай алабыз?

13 Кадимки соот жоокердин көкүрөгүн, жүрөгүн жана башка маанилүү органдарын коргогон. Биз болсо каймана жүрөгүбүздү — ойлорубузду, сезимдерибизди жана каалоо-ниеттерибизди — Кудайдын адил нормаларына сүйүү өрчүтүү, тыгыз кармануу менен сактай алабыз. Каймана соотубуз Кудай Сөзүндөгү кеңештердин баалуулугун төмөндөтүп коюудан коргойт. Андыктан «жамандыкты жек көрүп, жакшылыкты сүйүүгө» үйрөнө берсек, бутубузду «ар кандай жаман жолдордон сактайбыз» (Амос 5:15; Забур 118:101).

14. Жакшы кабарды таратуу үчүн «бут кийим кийүү» деген эмнени билдирет?

14 Рим империясынын жолдору менен жүздөгөн километр басуу үчүн жоокердин бутунда бышык, ыңгайлуу бут кийим болууга тийиш эле. Ал эми тынчтык жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу үчүн «бут кийим кийүү» деген сөздөр эмнени билдирет? (Эфестиктерге 6:15). Бул иш-аракет кылууга даяр туруу — Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды ар бир ыңгайлуу учурда айтуу — дегенди билдирет (Римдиктерге 10:13—15). Кызматка жигердүү катышсак, «Шайтандын айла-амалдарына» азгырылбайбыз (Эфестиктерге 6:11).

15. а) Ишенимдин калканы маанилүү экенин эмне көрсөтүүдө? б) Кандай «оттуу жебелер» ишенимибизди алсыратат?

15 «Баарынан мурун,— дейт Пабыл,— амалкөйдүн оттуу жебелеринин баарын өчүрө алышыңар үчүн, ишенимди калкан кылып алгыла» (Эфестиктерге 6:16). Бул аяттагы «баарынан мурун» деген сөз айкашы ишеним калканы абдан маанилүү экенин көрсөтүүдө. Ишенимдин кемчил жактары болбоого тийиш. Ал, чоң калкан сыяктуу, Шайтандын «оттуу жебелеринен» коргойт. Андай жебелерге эмне кирет? Душмандарыбыз менен чындыктан четтегендер ишенимибизди алсыратуу үчүн заардуу сөздөрдү, калпты жана жарым-жартылай чындыкты колдонушу мүмкүн. Дүнүйөкорлукка азгырылуу, көп нерселерди сатып алуу жөнүндөгү ойлорго батуу жана өз жетишкендиктерине чиренген адамдар менен атаандашуу да «жебелерге» кириши ыктымал. Балким, алардын заңгыраган, мыкты үйү, машинеси же кымбат баалуу жасалгалары, акыркы модадагы кийими бардыр. Башкалар кандай жашоо өткөрбөсүн, биз мындай «оттуу жебелерди» күчтүү ишенимибиз менен четке кагышыбыз керек. Анда ишенимибизди канткенде бекем, күчтүү бойдон сактай алабыз? (1 Петир 3:3—5; 1 Жакан 2:15—17).

16. Канткенде бекем ишеним өрчүтөбүз?

16 Кудайга жакындоо үчүн Ыйык Китепти күндө окуу жана жалындуу тиленүү зарыл. Ошондой эле биз Жахабадан ишенимибизди бекемдөөгө жардам сурап, ошого жараша иш-аракет жасашыбыз кажет. Мисалы, жума сайын «Күзөт мунарасын» изилдөөгө кылдат даярданып, талкууга катышууну максат кылып жатабызбы? Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды изилдесек, ишенимибиз бекемделет (Эврейлерге 10:38, 39; 11:6).

17. Куткарылуу туулгасын кантип кие алабыз?

17 Пабыл рухий курал-жарактарды санап өткөн соң, мындай деген: «Куткарылгандыгыңарды туулга кылып кийип, Кудай Сөзүн — рухий кылычты алгыла» (Эфестиктерге 6:17). Туулга жоокердин башын, мээсин — чечим чыгаруу борборун — коргогон. Ошо сыяктуу эле, Кудай Сөзүндөгү үмүт биздин акылды коргойт (1 Тесалоникалыктарга 5:8). Андыктан акылыбызды дүйнөгө мүнөздүү максаттарга, байлыкка байланыштуу ой-кыялдарга толтурбай, көңүлүбүздү, Ыйсага окшоп, Кудай берген үмүткө буралы (Эврейлерге 12:2).

18. Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окууга эмне үчүн олуттуу карашыбыз керек?

18 Шайтандын жана анын жин-перилеринин таасиринен коргонууга Кудай сөзү же Ыйык Жазмадагы билдирүүлөр жардам берет. Бул — Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окууга олуттуу кароо керектигинин дагы бир себеби. Кудай Сөзүндөгү так билим Шайтандын калпынан жана жиндердин тетири үгүтүнөн, ошондой эле чындыктан четтегендердин айыптоолорунан коргойт.

Бардык учурда «жалынуу жана сурануу»

19, 20. а) Шайтан менен жиндер жакында эмне болот? б) Бизди рухий жактан эмне бекемдейт?

19 Шайтан, анын жин-перилери жана азыркы бузулган дүйнө жок кылынар убак чукулдап калды. «Өз убагынын аз калганын билгендиктен», Шайтан катуу каарданып, «Кудайдын осуяттарын аткарган, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүнө ээ» болгондор менен согуш жүргүзүүдө (Аян 12:12, 17). Ошондуктан Шайтанга жана анын жиндерине каршы күрөшүү өтө маанилүү.

20 Бизди бардык курал-жарак менен камсыз кылган Кудайга кандай гана ыраазыбыз! Пабыл акырында: «Жалынуу жана сурануу менен, бардык учурда Рухтун жетеги менен сыйынгыла. Дайыма сергек болуп, туруктуулук менен сыйынгыла, бардык ыйыктар үчүн...» — деп кеңеш берген (Эфестиктерге 6:18). Ооба, тиленүү бекемдейт, ошондой эле сергек болууга өбөлгө түзөт. Келгиле анда, Пабылдын сөздөрүн көңүлгө түйүп, дайыма тилене берели. Ошондо Шайтанга жана анын жиндерине каршы тура алабыз.

Эмнелерди билдиңер?

• Шайтан, жин-перилер кантип пайда болгон?

• Шайтан кандай бийликке ээ?

• Бизди Шайтан менен жиндерден кандай иш-аракеттер коргойт?

• Кудайдын бардык курал-жарагын кантип кие алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

«Кудайдын уулдары адамдардын кыздары чырайлуу экенин көрүшкөн»

[20-беттеги сүрөт]

Алты рухий курал-жаракты атап бере аласыңбы?

[21-беттеги сүрөт]

Шайтан менен анын жиндеринен кандай иш-аракеттер коргойт?