Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машайакка жана анын ишенимдүү кулуна берилгендик көрсөтөлү

Машайакка жана анын ишенимдүү кулуна берилгендик көрсөтөлү

Машайакка жана анын ишенимдүү кулуна берилгендик көрсөтөлү

«Кожоюну... өзүнүн бүт мал-мүлкүн ал кулга ишенип тапшырат» (Матай 24:45—47).

1, 2. а) Ыйык Китепке ылайык, биздин Жолбашчыбыз ким? б) Жыйналыштар Ыйсанын көзөмөлү астында экенин кайдан билүүгө болот?

«АДАМДАРДЫН силерди „жолбашчылар“ деп аташына жол бербегиле, силердин бир гана Жолбашчыңар бар, ал — Машайак!» (Матай 23:10, Филипстин котормосу). Ыйсанын бул сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, анын жолдоочулары бир да адамды жолбашчы катары эсептебеши керек болчу. Алардын Жолбашчысы Ыйса Машайак гана болушу керек эле. Аны Жолбашчы кылып Жахаба дайындаган. Ал аны «өлгөндөрдүн арасынан тирилтип... бардыгынын үстүнөн, Жыйындын Башчысы кылып койгон. Жыйын — Анын Денеси» (Эфестиктерге 1:20—23).

2 Машайак жыйналыштын Башчысы болгондуктан, жыйналыштагы бардык иштер анын көзөмөлү астында. Андыктан жыйналышта болуп жаткан бир да нерсе анын көз жаздымында калбайт. Ыйса ар бир жыйналыштын рухий абалына кылдат байкоо салат. Б.з. 1-кылымынын аяк ченинде элчи Жаканга жети жыйналыш тууралуу аян берилген. Ошол жыйналыштарга Ыйса алардын иштерин, жакшы да, жаман да жактарын билерин беш жолу айткан, ошондой эле кеңеш берип, аларды бекемдеген (Аян 2:2, 9, 13, 19; 3:1, 8, 15). Демек, ал Кичи Азия, Сирия, Вавилония, Греция, Италия жана башка жерлердеги жыйналыштарда эмне болуп жатканын беш колдой билген (Элчилер 1:8). Ал эми биздин күндөр тууралуу эмне айтууга болот?

Ишенимдүү кул

3. Эмне үчүн Машайакты «башка», жыйналышты «денеге» салыштырууга болот?

3 Ыйса тирилип, асманга кетеринде шакирттерине: «Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди»,— деп айткан. Ошондой эле аларды: «Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом»,— деп ынандырган (Матай 28:18—20). Ооба, ал шакирттерин андан ары да жетектей бермек. Ыйсанын Эфестеги жана Колосадагы жолдоочуларына жазган катында элчи Пабыл Ыйса башкарган жыйналышты «денеге» салыштырган (Эфестиктерге 1:22, 23; Колосалыктарга 1:18). Бир эмгекте белгиленгендей, «мындай салыштыруу „дененин“ „баш“ менен биримдикте болгонун эле эмес, „баштын“ „дене мүчөлөрүн“ башкарып турарын да көрсөтөт. Алар — анын куралы болуп эсептелет» («The Cambridge Bible for Schools and Colleges»). Ыйса 1914-жылы башкара баштаганда, өзүнүн «куралы» катары кайсы топту колдонгон? (Даниел 7:13, 14).

4. Жахаба менен Ыйса рухий ийбадаткананы текшерүү үчүн келгенде, эмне айкын болгон?

4 Малахия пайгамбар «Теңир» же Жахаба «келишим периштеси» менен, башкача айтканда, жаңы эле тактыга отурган Уулу Ыйса Машайак менен «ийбадатканага», каймана маанидеги рухий үйүнө келип сот жүргүзөрүн алдын ала айткан. Ал сот 1918-жылы башталган * (Малахия 3:1; 1 Петир 4:17). Ошондо өздөрүн Кудайдын кызматчыларыбыз деп эсептегендердин баары текшерилген. Кудайды жаманатты кылган окууларга кылымдар бою окутуп келген жана Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрү четке кагылган. Ыйсанын майланган жолдоочуларынын ишенимдүү калдыгы да сыналып, «от менен тазаланган». Алар Жахабанын жактыруусуна ээ болуп, «адилдик менен курмандык чалган» эл болуп калышкан (Малахия 3:3).

5. Ыйсанын «катышуусу» жөнүндөгү пайгамбарлыкка ылайык, ишенимдүү «кул» ким болуп чыккан?

5 Малахиянын пайгамбарлыгынан тышкары, Ыйсанын жолдоочулары ал айткан курама белгилердин жардамы менен анын «катышуусун», «түзүлүштүн аякташын», ошондой эле кул тобун аныктай алышмак. Бул тууралуу Ыйса мындай деген: «Кулдардын тамагын өз убагында берип турсун деп, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким? Кожоюну кайтып келгенде, иштеп жаткан кул бактылуу. Силерге чындыкты айтып коёюн, кожоюн өзүнүн бүт мал-мүлкүн ал кулга ишенип тапшырат» (Матай 24:3, «ЖД», 45—47). Ыйса 1918-жылы текшерүү үчүн «келгенде», кул тобу — анын рух менен майланган ишенимдүү шакирттеринин калдыгы — 1879-жылдан тартып ушул журналды жана Ыйык Китепке негизделген башка адабияттарды чыгарып, рухий «тамакты өз убагында берип» жатканын көргөн. Ыйса Машайак ал топту «куралы» катары, тактап айтканда, «кулу» катары кабыл алып, 1919-жылы ага өзүнүн жердеги «мүлкүнө» кам көрүүнү тапшырат.

Ыйсанын жердеги мүлкүнө кам көрүү

6, 7. а) «Ишенимдүү кулга» карата Ыйса дагы башка кайсы сөздү колдонгон? б) Ыйса эмне үчүн «башчы» деген сөздү колдонгон?

6 Өзүнүн катышуусу жана жерде анын өкүлү — «кулдун» — болору тууралуу пайгамбарлык кылганга чейин бир нече ай мурун, Ыйса ошол эле «кул» жөнүндө айтканда, «кул» дегендин ордуна башка сөздү колдонгон. Ал сөз анын кандай иш жүргүзөрүн көрсөткөн. «Кулдардын тамагын өз убагында, ченеми менен берип турсун деп, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акыл-эстүү башчы ким? — деген ал.— Силерге чындыкты айтып коёюн, ал ага өзүнүн бүт мал-мүлкүн башкартып коёт» (Лука 12:42, 44).

7 Ыйса бул аятта «башчы» деген сөздү колдонгон. Грек тилинде бул сөз «мүлктүн же үйдүн башкаруучусу» дегенди билдирет. «Башчы» Ыйык Китептен кызыктуу ойлорду гана түшүндүрүп берген акылман адамдардын тобубу? Жок. Пайдалуу рухий тамакты «өз убагында» берип тургандан сырткары, «ишенимдүү... башчы» Ыйсанын жолдоочуларынын бардыгынын үстүнөн коюлган жана Ыйсанын жердеги иштерине, «бүт... мүлкүнө», көзөмөл жүргүзүүгө дайындалган. Ал эми «мүлккө» эмнелер кирет?

8, 9. Кул кайсы «мүлккө» кам көрүүгө дайындалган?

8 «Кул» рухий иштер үчүн колдонулган материалдык «мүлккө»: Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгынын имараттарына, дүйнө жүзүндөгү филиалдар менен офистерге, ошондой эле Падышалык жана Жыйындар залдарына кам көрүүгө жооптуу. Ошондой эле «кул» булардан да маанилүү нерселерге: жума сайын өткөрүлүүчү жыйналыш жолугушууларынын жана бир жылда бир нече жолу болуп турган жыйындардын рухий жактан бекемдээрлик программасын даярдоого кам көрөт. Ал жолугушууларда Ыйык Китептеги кайсы пайгамбарлыктар аткарылып жатканы түшүндүрүлүп, ыйык китептик принциптерди күнүмдүк жашоодо кантип колдонсо болоруна байланыштуу кеңештер берилет.

9 Андан сырткары, «башчы» абдан маанилүү ишти, Падышалык жөнүндөгү «жакшы кабар» айтуу жана бардык элдерден «шакирт даярдоо» ишин, көзөмөлдөйт. Буга жыйналыштын Башчысы Машайактын буйругандарынын баарын аткарууну адамдарга үйрөтүү да кирет (Матай 24:14; 28:19, 20; Аян 12:17). Кабар айтуу жана окутуу ишинин аркасында майланган калдыктын ишенимдүү шериктери — «эбегейсиз көп адамдар» — чогултулган. Ал «бардык элдердин асылдары» да Ыйсанын «мүлкү» катары эсептелет, андыктан аларды да «ишенимдүү кул» жетектейт (Аян 7:9; Акай 2:7, МАК).

Жетектөөчү Кеңеш — ишенимдүү кулдун өкүлү

10. Биринчи кылымда чечимдерди ким чыгарчу жана бул кандай натыйжаларды берген?

10 Ишенимдүү кулга көптөгөн маанилүү чечимдерди чыгаруу жоопкерчилиги да артылган. Биринчи кылымда Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар кул тобунун өкүлү катары бардык жыйналыштарга байланыштуу чечимдерди кабыл алышчу (Элчилер 15:1, 2). Ошол убактагы жетектөөчү кеңеш жыйналыштарга чыгарган чечимдери жөнүндө кат жүзүндө же өзүнүн кыдыруучу өкүлдөрү аркылуу билдирчү. Ыйсанын алгачкы жолдоочулары ошондой так-даана көрсөтмөлөрдү кубаныч менен кабыл алышкан. Алардын жетектөөчү кеңеш менен кызматташууга даярдуулугу тынчтыкка жана биримдикке өбөлгө түзгөн (Элчилер 15:22—31; 16:4, 5; Филипиликтерге 2:2).

11. Ыйса бүгүн жыйналыштарды ким аркылуу жетектейт жана биз аларга кандай мамиле кылышыбыз керек?

11 Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын убагындагыдай эле, азыр да Жетектөөчү Кеңешти жердеги майланган көзөмөлчүлөрдүн чакан тобу түзөт. Жыйналыштын Башчысы Ыйса «оң колундагы», башкача айтканда, көзөмөлү астындагы ишенимдүү эркектерди колдонуп, Падышалык ишин жетектейт (Аян 1:16, 20). Көп жылдан бери Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылган жана жердеги өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүүлүгүн сактап жакында эле көз жумган Алберт Шрёдер өзүнүн өмүр баянында мындай деген: «Жетектөөчү Кеңеш шаршемби сайын кеңешмеге чогулуп турат. Жахаба ыйык руху аркылуу жетектеши үчүн, кеңешме дайыма тиленүү менен башталат. Каралып жаткан ар бир маселе, чыгарган ар бир чечим Кудай Сөзүнө, Ыйык Китепке, дал келер-келбесин түшүнүү үчүн бир топ күч-аракет жумшалат» *. Ооба, биз Ыйсанын ушундай жолдоочуларына толугу менен ишене алабыз. Андыктан Пабылдын мындай деген кеңешине ылайык иш кылууга тийишпиз: «Жетекчилериңерге баш ийгиле, моюн сунгула. Себеби алар силер үчүн жооп бере турган адамдар катары силердин жаныңар үчүн күндүр-түндүр кам көрүшөт. Алар үшкүрүнө эмес, кубаныч менен кам көрүшү үчүн баш ийгиле. Алардын үшкүрүнө кам көргөнү силер үчүн пайдасыз» (Эврейлерге 13:17).

Ишенимдүү кулга урмат көрсөтүү

12, 13. Кул тобун урматтоого ыйык китептик кандай негиздер бар?

12 Ишенимдүү кулга урмат көрсөтүүгө бизде орчундуу себеп бар. Пабыл майлангандарга: «Эркин абалында чакырылган адам — Машайактын кулу. Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 7:22, 23; Эфестиктерге 6:6). Демек, ишенимдүү кул жана анын өкүлү Жетектөөчү Кеңеш берген көрсөтмөлөргө даярдуулук менен баш ийсек, кулдун Кожоюнуна — Ыйса Машайакка — баш ийгенибизди көрсөтөбүз. Ыйса өзүнүн жердеги мүлкүнө кам көрүү үчүн «куралы» катары колдонгон кулду терең урматтоо менен Ыйса Машайакты «ачык тааныган» болобуз (Филипиликтерге 2:11).

13 Ишенимдүү кулга дагы бир себептен улам урмат көрсөтүшүбүз керек. Ыйык Китепте Ыйсанын майланган жолдоочулары Жахаба ыйык руху менен жашаган каймана маанидеги «Кудайдын ийбадатканасы» катары сүрөттөлөт. Андыктан алар — ыйык (1 Корунттуктарга 3:16, 17; Эфестиктерге 2:19—22). Ыйса өзүнүн жердеги мүлкүн ыйык «ийбадатканага» — майланган жолдоочуларына — тапшыргандыктан, жыйналышка байланыштуу чечимдерди ошол кул тобу гана чыгарат. Ошол себептүү ишенимдүү кулдун жана анын өкүлү Жетектөөчү Кеңештин көрсөтмөлөрүнө баш ийүүнү жыйналыштагылардын баары ыйык милдет катары көрүшөт. «Башка койлор» Кожоюндун тапшырмасын аткарууда кул тобуна жардам берип жатканын чоң сыймык катары эсептешет (Жакан 10:16).

Берилгендик менен колдоо көрсөтүү

14. Ышайанын пайгамбарлыгына ылайык, башка койлор кандайча «акы албай иштеп», кул тобун «ээрчишет»?

14 Башка койлордун рухий Ысрайылдын мүчөлөрүнө момундук менен баш иери тууралуу Ышайа мындай деп пайгамбарлык кылган: «Теңир мындай дейт: „Мисирликтердин эмгектери [«акы албай иштеген жумушчулары», «ЖД»], эфиопиялыктардын соодасы жана бойлуу шебалыктар сен тарапка өтөт, алар сеники болот. Алар сенин артыңдан ээрчишет, кишендери менен келип, сенин алдыңа жыгылышат. Сага: „Сенин гана Кудайың бар, андан башка Кудай жок“,— деп жалынышат“» (Ышайа 45:14). Бүгүн башка койлор кул тобун жана Жетектөөчү Кеңешти «ээрчип», алардын көрсөтмөлөрүнө карманууда. Алар «акы албай иштеген жумушчулар» катары Машайак майланган жолдоочуларына тапшырган бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин колдоо үчүн күч-кубатын, каражаттарын даярдуулук менен жумшоодо (Элчилер 1:8; Аян 12:17).

15. Ышайа 61:5, 6-аяттарда башка койлор менен рухий Ысрайыл тууралуу эмне айтылган?

15 Башка койлор Жахабага кул тобу жана анын өкүлү Жетектөөчү Кеңештин жетеги астында кызмат кылып жаткандарын жогору баалашат. Алар майлангандардын «Кудайдын Ысрайылынын» мүчөлөрү экенине шектенишпейт (Галатиялыктарга 6:16). «Бөтөн жерликтер» менен «чет өлкөлүктөр» — эбегейсиз көп адамдар — «Теңирдин ыйык кызмат кылуучуларынын» жана «Кудайдын кызматчыларынын» — рухий Ысрайылдын — «дыйканы», «жүзүмчүсү» катары кубаныч менен кызмат кылууда (Ышайа 61:5, 6). Алар Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратууга жана бардык улуттагы адамдардан шакирт даярдоо ишине ынталуулук менен катышышат. Ошондой эле Кудайдын элине жаңыдан кошулуп жаткан кой мүнөздүү адамдардын рухий жактан өсүшүнө салым кошуп, кул тобуна чын жүрөктөн көмөк кылышат.

16. Башка койлор ишенимдүү жана акылдуу кулга эмне үчүн ыраазычылык билдирип, колдошот?

16 Башка койлор ишенимдүү кул рухий тамакты өз убагында берүү үчүн талыкпай эмгектенгендигинин аркасында чоң пайда алып жатышканын жакшы билишет. Алар ишенимдүү жана акылдуу кул болбосо, Ыйык Китептеги баалуу чындыктарды, маселен, Жахабанын эгедерлиги, анын ысмынын ыйыкталышы, Падышалык, жаңы асман менен жаңы жер, жан жана өлгөндөрдүн абалы, Жахабанын ким экенин, анын Уулу, ыйык рух жөнүндө эч нерсе билмек эместигин жакшы түшүнүшөт. Андыктан башка койлор азыркы акыркы убакта Машайактын майланган «бир туугандарына» ыраазычылыгын билдирип, колдоо көрсөтүшүүдө (Матай 25:40).

17. Жетектөөчү Кеңеш тарабынан эмне караштырылган жана эмки макалада эмне каралат?

17 Саны азайып бараткан майлангандардын Машайактын жердеги мүлкүнө кам көрүү үчүн ар бир жыйналышта боло албаары түшүнүктүү. Ошол себептүү Жетектөөчү Кеңеш «башка койлордун» арасынан Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдарын көзөмөлдөй турган комитеттин мүчөлөрүн, облустук жана райондук көзөмөлчүлөрдү, аксакалдарды дайындаган. Ал биртуугандарга урмат көрсөтүү менен Машайак жана анын ишенимдүү кулуна болгон берилгендиктин кандай байланышы бар? Бул суроо эмки макалада каралат.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Бул темага байланыштуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн, төмөнкү журналдарды карагыла: «Күзөт мунарасы», 2004-ж., 1-март, 22—27-бб.; 1992-ж., 1-декабрь, 13-б. (ор.).

^ 11-абз. Алберт Шрёдердин өмүр баяны 1988-жылдын 1-марттагы «Күзөт мунарасынын» 10—17-беттерине чыккан (англ.).

Кайталоо үчүн суроолор

• Башчы деген ким жана жыйналышта болуп жаткан нерселердин баары ага маалым экенин эмнеден көрүүгө болот?

• «Ийбадаткана» текшерилгенде, ишенимдүү кул ким болуп чыккан жана ага кандай мүлккө кам көрүү тапшырылган?

• Ишенимдүү кулга берилгендик менен колдоо көрсөтүүгө ыйык китептик кандай себептер бар?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

«Башчы» кам көрүп жаткан «мүлккө» рухий программа, кабар айтуу иши жана материалдык нерселер кирет

[26-беттеги сүрөт]

Башка койлор кабар айтуу кызматына ынталуу катышуу менен ишенимдүү кулга колдоо көрсөтөт