Меймандос аял
Меймандос аял
ЧЫГЫШ эли өзгөчө меймандос келет. Алсак, Индияда өздөрү ачка калышса да, үйгө келген коногун аябай сыйлашат. Ал эми Иранда дээрлик ар бир бүлөлүү аял күтүлбөгөн конок келип калса деп, азык-түлүк белендеп коёт.
Ыйык Китепте да меймандостук көрсөткөндөр тууралуу көптөгөн билдирүүлөр камтылат. Мисалы, Жазмада Македониядагы негизги шаарлардын бири болгон Филипиде жашаган, жүйүт динин кабыл алган Лидия аттуу аял жөнүндө жазылган. Бир жолу ишембиде элчи Пабыл жана анын шериктери шаардын сыртына чыгып, дарыянын боюнда чогулган аялдарга кабар айтышканда, Лидияны жолуктурушат. Пабылдын айткан сөздөрүн түшүнүшү үчүн, Жахаба анын жүрөгүн ачкан. Натыйжада ал аял да, үйбүлөсү да чөмүлтүлгөн. Анан ал Пабылга жана анын жанындагыларга: «Эгер мени Теңирге чын ишенди деп эсептесеңер, анда үйүмө киргиле»,— деген. Пабылды коштоп жүргөн Лука Лидия тууралуу: «Бизди жалынып-жалбарып көндүрдү»,— деп жазган (Элчилер 16:11—15, «Мукаддас»).
Ыйсанын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары да Лидиядан үлгү алып, ишенимдештерине, мисалы, кыдыруучу көзөмөлчүлөр менен алардын аялдарына меймандостук көрсөтүшөт. Алар муну сыймык катары көрүшөт. Мындай меймандостук көрсөткөндөр алар менен жагымдуу пикир алышуудан бекемделип, биртуугандык сүйүүнү сезе алышат. Жахабанын Күбөлөрүнүн көпчүлүгү бай эмес болсо да, «меймандос болууга аракеттенишет» (Римдиктерге 12:13; Эврейлерге 13:2). Бул аларды бактылуу кылат. Ыйса айткандай, «алганга караганда берген жакшы» (Элчилер 20:35).