Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мээримдүү аксакалдарга момундук менен баш иели

Мээримдүү аксакалдарга момундук менен баш иели

Мээримдүү аксакалдарга момундук менен баш иели

«Жетекчилериңерге баш ийгиле, моюн сунгула» (Эврейлерге 13:17).

1, 2. Жахаба менен Ыйса мээримдүү Койчулар экенин кайсы аяттардан көрүүгө болот?

МЭЭРИМДҮҮ Койчулар — Жахаба Кудай жана анын Уулу Ыйса Машайак — тууралуу Ышайа пайгамбар мындай деген: «Мына, Кудай-Теңир күч менен, Анын каруу-булчуңу бийлик менен келе жатат... Ал Өзүнүн койлорун койчу сыяктуу кайтарат, козуларын колуна алып, бооруна кысып көтөрүп жүрөт, саандарын жетелеп алат» (Ышайа 40:10, 11).

2 Бул пайгамбарлык биринчи жолу б.з.чейин 537-жылы жүйүттөрдүн калдыгы өз мекенине кайтып келгенде аткарылган (2 Жылнаама 36:22, 23). Экинчи ирет Ышайанын сөздөрү Улуу Кореш, Ыйса Машайак, майлангандардын калдыгын 1919-жылы «Улуу Бабылдын» кулчулугунан бошоткондо аткарылган (Аян 18:2; Ышайа 44:28). Ыйса — Жахабанын «каруу-булчуңу» — оторду чогултуп, аларды назиктик менен кайтарууда. Ал өзү жөнүндө: «Мен жакшы Кайтаруучумун. Мен Өзүмдүн койлорумду билем»,— деген (Жакан 10:14).

3. Жахаба өзүнүн оторуна жасала турган мамилеге кызыкдар экенин кандайча көрсөткөн?

3 Ышайа 40:10, 11деги сөздөрдөн Жахаба өзүнүн элин назиктик менен кайтарары көрүнүп турат (Забур 22:1—6). Ыйса да жерде жүргөндө шакирттерине, деги эле бардык адамдарга, аяр мамиле кылган (Матай 11:28—30; Марк 6:34). Жахаба да, Ыйса да Ысрайылдын катаал кайтаруучуларынын, атап айтканда, диний жетекчилеринин элге уятсыздык менен үстөмдүк кылып, басынтканына кейиген (Жезекиел 34:2—10; Матай 23:3, 4, 15). Ошондуктан Жахаба мындай убада берген: «Мен Өз койлорумду куткарам, ошондон кийин аларды талап-тоношпойт, кой менен койдун ортосунда сот жүргүзөм. Алардын үстүнө бир Кайтаруучу коём, аларды кайтарганга Өз кулум Дөөттү коём. Аларды Ошол кайтарат, алардын кайтаруучусу Ошол болот» (Жезекиел 34:22, 23). Азыркы акыркы күндөрдө Жахаба Улуу Дөөттү, Ыйса Машайакты, жердеги кызматчыларынын — майлангандардын да, «башка койлордун» да — үстүнөн «Кайтаруучу» кылып дайындаган (Жакан 10:16).

Кудай берген белектер

4, 5. а) Жахаба кызматчыларына кандай баалуу белек берген? б) Ыйса жыйналышка кандай белектерди берген?

4 Жахаба кызматчыларынын үстүнөн «Кайтаруучуну» — Ыйса Машайыкты — дайындоо менен жыйналыштарга баалуу белек берген. Ал жөнүндө Ышайа 55:4тө: «Мына, Мен Аны элдер үчүн күбө кылып бердим, элдерге жол башчы жана насаатчы кылып бердим»,— деп айтылган. Майлангандар да, «эбегейсиз көп адамдар» да бардык улуттардан, уруулардан, элдерден, ар кайсы тилдерден чогулган (Аян 5:9, 10; 7:9). Ал эларалык биртуугандыкты түзгөн «бир отор» «бир Кайтаруучуга», Ыйса Машайакка, баш иет.

5 Ыйса да жыйналыштарга баалуу белектерди берген. Ал өзүн жана Жахабаны туураган, оторго назик мамиле кылган, ишенимдүү аксакалдарды дайындаган. Элчи Пабыл Ыйсанын Эфестеги жолдоочуларына жазган катында ушундай белектер жөнүндө мындай деп жазган: «Жогоруга чыкты, туткундоону туткундады, адамдарга [«адам түрүндөгү», «ЖД»] белектерди берди... Ыйыктарды кызмат кылууга жөндөмдүү кылуу үчүн... Машайактын Денеси өсүшү үчүн, Ал бирөөлөрдү элчи, бирөөлөрдү пайгамбар, бирөөлөрдү Жакшы Кабар таратуучу, бирөөлөрдү Жыйын башчысы жана окутуучу кылып дайындады» (Эфестиктерге 4:8, 12, 13).

6. Аян 1:16, 20да аксакалдар кеңешинде кызмат кылгандар кандайча сүрөттөлгөн жана башка койлордон дайындалган аксакалдар тууралуу эмне айтууга болот?

6 «Адам түрүндөгү белектерди» — көзөмөлчүлөрдү же аксакалдарды — Жахаба жана анын Уулу ыйык рух аркылуу дайындайт. Аксакалдар Кудайдын оторуна аяр мамиле кылышат (Элчилер 20:28, 29). Алгач көзөмөлчү болуп дайындалгандардын бардыгы майлангандар болчу. Аян 1:16, 20-аяттарга ылайык, Ыйсанын оң колундагы, тактап айтканда, анын көзөмөлү астындагы «жылдыздар» же «периштелер» майлангандардын жыйналышындагы аксакалдар кеңешинде кызмат кылгандарды билдирген. Ал эми азыркы мезгилде майланган көзөмөлчүлөр аз калгандыктан, жыйналыштарда аксакал болуп көбүнчө башка койлордун мүчөлөрү кызмат кылышат. Көзөмөлчүлөр Жетектөөчү Кеңеш тарабынан, ыйык рух аркылуу дайындалышат. Ошондуктан алар да Жакшы Кайтаруучу Ыйса Машайактын оң колунда (же анын жетеги алдында) деп айтууга болот (Ышайа 61:5, 6). Аксакалдар жыйналыштын Башчысы Машайакка баш ийишет. Андыктан биз да алар менен кызматташууга тийишпиз (Колосалыктарга 1:18).

Тил алуу жана баш ийүү

7. Көзөмөлчүлөргө байланыштуу элчи Пабыл кандай кеңеш берген?

7 Асмандагы Кайтаруучуларыбыз — Жахаба Кудай менен Ыйса Машайак жыйналышта жоопкерчиликтер артылган аксакалдарга баш ийип, тил алышыбызды күтөт (1 Петир 5:5). Кудайдын шыктандыруусу менен элчи Пабыл мындай кеңеш берген: «Кудай Сөзүн айткан насаатчыларыңарды унутпагыла. Алардын өмүрүнүн акырын [«жүрүм-турумун», «ЖД»] карап, алардын ишеним жолун жолдогула. Жетекчилериңерге баш ийгиле, моюн сунгула. Себеби алар силер үчүн жооп бере турган адамдар катары силердин жаныңар үчүн күндүр-түндүр кам көрүшөт. Алар үшкүрүнө эмес, кубаныч менен кам көрүшү үчүн баш ийгиле. Алардын үшкүрүнө кам көргөнү силер үчүн пайдасыз» (Эврейлерге 13:7, 17).

8. Пабыл эмне кылууга чакырган жана биз кантип «баш ийишибиз» керек?

8 Пабыл бул аятта бизди аксакалдарды «кароого», башкача айтканда, алардын жүрүм-турумуна көңүл буруп, «ишеним жолун жолдоого» үндөгөнүнө көңүл бурсаңар. Ошондой эле ал алардын жетекчилигине баш ийүүгө, тил алууга чакырган. Ыйык Китепти изилдеген окумуштуу Р. Т. Францтын айтымына ылайык, бул аяттагы «баш ийүү» деген сөз айкашы грек тилиндеги түпнускада «жөн эле баш ийүүнү эмес, түзмө-түз „ишеним артууну“ туюнтуп, аксакалдардын жетекчилигин даярдуулук менен кабыл алууну билдирет». Ырас, биз аксакалдарга Ыйык Китепте айтылгандыктан эле эмес, алардын Падышалыктын кызыкчылыктары жана биздин жыргалчылыгыбыз үчүн жан-дили менен эмгектенишерине шектенбегендиктен баш иебиз. Алардын жетекчилигине даярдуулук менен баш ийүү биз үчүн пайдалуу болору күмөнсүз.

9. Чындап баш ийүү деген эмнени билдирет?

9 Ал эми кандайдыр бир жагдайда аксакалдардын берген кеңеши орунсуздай сезилсечи? Дал ушундай учурда баш ийүү талап кылынат. Албетте, берилген кеңеш орундуу көрүнгөн учурда аны кабыл алуу оңой. Бирок аксакал эмне үчүн андай кеңеш берип жатканын толугу менен түшүнбөсөк да аны кабыл алсак, чындап баш ийген болобуз. Кийинчерээк элчи болуп дайындалган Петир ушундай жагдайда баш ийүү жагынан үлгү калтырган (Лука 5:4, 5).

Даярдуулук менен кызматташуунун төрт себеби

10, 11. Кандайча көзөмөлчүлөр биринчи кылымдагыдай эле, азыр да «Кудай Сөзүн айтып» жатышат?

10 Жогоруда келтирилген Эврейлерге 13:7, 17-аяттарга ылайык, элчи Пабыл көзөмөлчүлөргө баш ийишибиз керектигинин төрт себебин көрсөткөн. Биринчиден, алар бизге «Кудай Сөзүн айтышат». Ыйса жыйналышка берген «адам түрүндөгү белектер» «ыйыктарды кызмат кылууга жөндөмдүү кылуу», тактап айтканда, оңдоо үчүн дайындалганын эстесең (Эфестиктерге 4:12, 13, «ЖД»). Ыйса ишенимдүү кайтаруучулар аркылуу 1-кылымдагы жолдоочуларынын ой жүгүртүүсүн, жүрүм-турумун оңдогон. Алар ыйык рухтун жетеги астында жыйналыштарга каттарды да жазышкан. Ыйса андай майланган көзөмөлчүлөрдү өзүнүн алгачкы жолдоочуларын жетектеп, бекемдөө үчүн колдонгон (1 Корунттуктарга 16:15—18; 2 Тиметейге 2:2; Титке 1:5).

11 Бүгүн Ыйса бизди «ишенимдүү жана акылдуу кул», анын өкүлү Жетектөөчү Кеңеш жана дайындалган аксакалдар аркылуу жетектейт (Матай 24:45). Жыйналыштын Башчысын Ыйса Машайакты урматтагандыктан, биз Пабылдын: «Араңарда эмгектенип жаткандарды, Теңир жолундагы жетекчилериңерди жана насаатчыларыңарды сыйлагыла»,— деген кеңешине ылайык иш кылабыз (1 Петир 5:4; 1 Тесалоникалыктарга 5:12; 1 Тиметейге 5:17).

12. Аксакалдар бизге кандайча «күндүр-түндүр кам көрүшөт»?

12 Аксакалдар бизге «күндүр-түндүр кам көрүшөт». Бул — алар менен кызматташышыбыз керектигинин экинчи себеби. Эгер көзкарашыбыздан же жүрүм-турумубуздан рухийлигибизге коркунуч туудурушу мүмкүн болгон нерселерди байкаса, алар оңдоо максатында зарыл кеңештерди беришет (Галатиялыктарга 6:1). «Күндүр-түндүр кам көрүү» деген сөздөр грек тилинде сөзмө-сөз «түн уйкусунан кечүү» дегенди билдирет. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуунун айтымында, бул сөз «койчунун ар дайым сак болушу керектигин көрсөтөт». Аксакалдар өздөрүнүн рухийлигине кам көргөндөн сырткары, биздин рухий жыргалчылыгыбызды көздөп, кээде кирпик какпай чыгышат. Оторго мээримдүүлүк менен кам көрүү жагынан алар «улуу Кайтаруучу» Ыйса Машайакты тууроого бүт күч-аракетин жумшашат. Ушундай кайтаруучуларыбыз менен кызматташууга даяр болуп, аларды жогору баалашыбыз керек эмеспи?! (Эврейлерге 13:20).

13. Аксакалдар да, жарчылар да кимге жооп беришет жана аны кантип көрсөтүшөт?

13 Аксакалдар менен кызматташууга дагы бир себеп бар: алар биз үчүн «жооп беришет». Алар асмандагы Кайтаруучулардын — Жахаба Кудай менен Ыйса Машайактын — көзөмөлү астында кызмат кылып жаткандарын эстен чыгарышпайт (Жезекиел 34:22—24). Отордун Кожоюну Жахаба койлорун Уулунун «канын төгүп сатып алган». Андыктан ал көзөмөлчүлөрдүн оторго аяр мамиле кылышын күтөт. Алар анын койлоруна жасаган мамилеси үчүн Жахабанын алдында жооптуу (Элчилер 20:28, 29). Анткен менен Жахабанын жетекчилигин кандай кабыл алып жатканыбызга баарыбыз тең жооп беребиз (Римдиктерге 14:10—12). Аксакалдарга баш ийүү менен жыйналыштын Башчысы Машайакка баш иерибизди көрсөтөбүз (Колосалыктарга 2:19).

14. Аксакалдар кызматын «үшкүрүнө» аткарышына эмне себеп болушу мүмкүн жана бул жыйналышка кандай таасир этет?

14 Жыйналыштагы аксакалдарга эмне себептен момундук менен баш ийишибиз керектигинин төртүнчү себебин Пабыл мындай деп көрсөткөн: «Алар үшкүрүнө эмес, кубаныч менен кам көрүшү үчүн баш ийгиле. Алардын үшкүрүнө кам көргөнү силер үчүн пайдасыз» (Эврейлерге 13:17). Чынында, аксакалдарга чоң жоопкерчиликтер артылган. Маселен, алар окутуу, кайтаруучулук барыш жасоо, кабар айтуу ишин жетектөө, үйбүлөсүнө кам көрүү, жыйналышта пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү сыяктуу иштерди талыкпай аткарышат (2 Корунттуктарга 11:28, 29). Аксакалдар менен кызматташпасак, алардын оор жүгүнө жүк кошуп, кызматын «үшкүрүнө» аткарышына себеп болуп калышыбыз ыктымал. Андан тышкары, Жахабанын жактыруусунан айрылып, өзүбүз зыян тартышыбыз мүмкүн. Кызматташуу рухун көрсөтүп, аксакалдарды урматтасак, алар өздөрүнүн милдеттерин оңой аткара алышат. Бул жыйналыштын Падышалык тууралуу кабарды биримдикте, кубаныч менен айтышына өбөлгө түзөт (Римдиктерге 15:5, 6).

Баш иерибизди кантип көрсөтөбүз?

15. Аксакалдарга баш иерибизди кантип көрсөтөбүз?

15 Дайындалган көзөмөлчүлөр менен кызматташуунун көп жолдору бар. Алсак, аксакалдар кабар айтуу жолугушууларын аймакты иштетүүгө ылайыктуу кылып уюштурат. Андай жолугушуулардын күнү же убактысы бизге анча ыңгайсыз болсо да, күнтартибибизди өзгөртүүгө даярбызбы? Келгиле, андай чараларды колдоого бүт күч-аракетибизди жумшайлы. Мунун аркасында зор баталарды алабыз. Китеп изилдөөбүзгө кызмат көзөмөлчүсү келгени жатса, анда ошол жумада кабар айтуу кызматына мүмкүн болушунча көбүрөөк катышалы. Же Теократиялык кызмат мектебинен тапшырма берилсе, аны жакшы аткарууга аракет кылалы. Падышалык залын жууп-тазалоого биздин кезегибиз келсе, денсоолугубуздун начар, күчүбүздүн чектелүү экенине карабай, көзөмөлчүлөргө бул жагынан да колдоо көрсөтөлү. Ушундай жана көптөгөн башка жолдор менен биз оторго кам көрүү үчүн Жахаба жана анын Уулу дайындаган эркектерге баш иебиз.

16. Аксакалдын көрсөтмөлөргө ылайык иш кылбашы эмне үчүн биздин баш ийбес болушубузга негиз бербейт?

16 Ал эми аксакал ишенимдүү жана акылдуу кулдун, анын өкүлү Жетектөөчү Кеңештин көрсөтмөлөрүнө кээде карманбай жатсачы? Эгер бул узакка созула турган болсо, анда ал жаныбыздын «Кайтаруучусу жана Коргоочусу» Жахабанын алдында жооп берет (1 Петир 2:25). Бирок айрым аксакалдардын туура эмес иштери же каталары биздин баш ийбес болушубузга негиз бербейт. Тил албагандар менен козголоң рухун чагылдыргандар Жахабанын батасынан айрылышат (Сандар 12:1, 2, 9—11).

Кызматташуу бата алып келет

17. Көзөмөлчүлөрүбүзгө карата кандай көзкарашта болушубуз керек?

17 Жахаба аксакал болуп дайындалган эркектердин жеткилеңсиз экенин билет. Ошентсе да ал өзүнүн ыйык руху аркылуу аларды колдонуп элине кам көрүүдө. Аксакалдар, ар бирибиздей эле, «кудуреттүү күч биздики эмес, Кудайдыкы» экенин билишет (2 Корунттуктарга 4:7). Андыктан ишенимдүү аксакалдарыбыз аркылуу кылып жаткан бардык иштерине Жахабага ыраазы экенибизди көрсөтүп, алар менен кызматташууга даяр бололу.

18. Көзөмөлчүлөргө баш ийүү менен чынында кимге баш иебиз?

18 Акыркы күндөрдө оторун кайтарууга дайындалгандар тууралуу Жахаба Жеремия 3:15те мындай деп айткан: «Анан Мен силерге Менин жүрөгүмө жаккан койчуларды берем, алар силерди билим менен, акыл менен кайтарышат». Ооба, көзөмөлчүлөр ушул сөздөргө ылайык иш кылууга бүт күч-аракетин жумшоодо. Чынында эле, аксакалдар Жахабанын койлорун кайтарып, аларды окутуп жатканы үчүн мактоого татырлык эмеспи?! Келгиле, тил алууга, баш ийүүгө, кызматташууга даяр болуу менен алардын оор эмгегин баалаарыбызды көрсөтө берели. Ошентип биз асмандагы Кайтаруучуларыбызга, Жахаба Кудайга жана Ыйса Машайакка, ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Кайталоо үчүн суроолор

• Жахаба менен Ыйса Машайак мээримдүү Кайтаруучулар экенин эмнеден көрүүгө болот?

• Чыныгы баш ийүү деген эмнени билдирет?

• Аксакалдарга баш иерибизди кантип көрсөтөбүз?

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги сүрөт]

Аксакалдар Ыйсанын жетекчилигине баш ийишет

[29-беттеги сүрөт]

Жахаба дайындаган аксакалдарга баш иерибизди көрсөтүүнүн көп жолдору бар