Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Периштелер бизге жардам береби?

Периштелер бизге жардам береби?

Периштелер бизге жардам береби?

«Ошондон кийин мен асмандан түшүп келе жаткан, улуу бийлиги бар периштени көрдүм... Ал катуу үн менен мындай деди: „Кулады! Улуу шаар, бузуктук кылуучу Бабыл кулады“» (Аян 18:1, 2).

1, 2. Жахаба өз эркин ишке ашыруу үчүн периштелерин колдонору эмнеден көрүнүп турат?

УЛГАЙГАН элчи Жакан Патмос аралында сүргүндө жүргөндө пайгамбарлык аян алган. Аянда ал «Рухка толуп», «Теңирдин [Ыйсанын] күнүнө» алып барылып, укмуштуудай окуяларды көргөн. «Теңирдин күнү» Ыйса Машайак 1914-жылы такка отурганда башталып, анын Миң жылдык башкаруусунун соңунда аяктайт (Аян 1:10).

2 Жахаба Кудай ал аянды түздөн-түз Жаканга бербегени Аян 1:1ден көрүнүп турат. Ал аятта: «Бул — Ыйса Машайактын аяны. Жакында эмне болорун Өзүнүн кулдарына көрсөтүү үчүн, Кудай Ага ушул аянды берди. Кудай бул аянды Өзүнүн периштеси аркылуу Өзүнүн кулу Жаканга көрсөттү»,— деп айтылган. Жаканга «Теңирдин күнүнө» байланыштуу маанилүү маалымат бериш үчүн, Жахаба Ыйса аркылуу периштесин жиберген. Ошондой эле Жакан «асмандан түшүп келе жаткан, улуу бийлиги бар» башка бир периштени да көргөн. Ал кандай максат менен жиберилген? Ошол күч-кубаттуу периште: «Кулады! Улуу шаар, бузуктук кылуучу Бабыл кулады»,— деп жар салган (Аян 18:1, 2). Ооба, ага Улуу Бабылдын — жалган диндин дүйнөлүк империясынын — кулашын жарыялоо сыймыгы берилген. Демек, Жахаба периштелерин Өз эркин ишке ашырууда колдонору айкын. Ал рухий жаратуулардын Кудайдын ой-ниетиндеги ролун жана бизге кандай көмөк көрсөтөрүн кылдат карап чыгуудан мурда, алардын кантип пайда болгонун билели.

Периштелер кантип пайда болгон?

3. Көптөр периштелер тууралуу кандай туура эмес ойдо?

3 Периштелердин бар экенине миллиондогон адамдар ишенет. Бирок көптөр алар жөнүндө жана алардын пайда болушу жөнүндө туура эмес түшүнүккө ээ. Алсак, динчил адамдардын кээси жакыны өлгөндө, Кудай аны асманга алып кетип, периштеге айлантып алат деген ойдо. Чын эле Кудайдын Сөзү периштелердин жаралышы, жашоосу жана милдети тууралуу ушуга окутабы?

4. Ыйык Китепте периштелердин жаралышы жөнүндө эмне делген?

4 Периштелердин эң кубаттуусу жана улуу бийлиги менен өзгөчөлөнгөнү — Михаел аттуу башкы периште (Жүйүт 9). Ал — Ыйса Машайак (1 Тесалоникалыктарга 4:16). Миңдеген жылдар мурун Жахаба бардыгын жаратар алдында ошол периштени, тун Уулун, жараткан (Аян 3:14). Кийин Жахаба ал Уулу аркылуу калган периштелердин баарын жараткан (Колосалыктарга 1:15—17). Жахаба дал ошол рухий жаратууларды айтып, Аюб пайгамбарга мындай деген: «Мен жердин негизин жаратканда, сен кайда элең? Айт, эгер билсең... Анын бурчка коюлуучу ташын ким койгон? Таңкы жылдыздардын кубанычтуу ырынын коштоосунда Кудайдын бардык уулдары кубанычтан кыйкырып турганда, сен кайда элең?» (Аюб 38:4, 6, 7). Ооба, периштелер — Кудайдын жаратуулары. Алар адамдардан алда канча мурун пайда болгон.

5. Периштелер кандай топко бөлүнөт?

5 Ыйык Китепте: «Кудай тартипсиздикти эмес, тынчтыкты каалайт»,— делет (1 Корунттуктарга 14:33). Бул айтылгандарга ылайык, Жахаба рухий уулдарын негизги үч топко бөлгөн: 1) Кудайдын тактысынын тегерегинде кызмат кылып, Кудайдын ыйык экенин жарыялаган жана Анын элинин рухий тазалыгын сактаган сераптар; 2) Жахабанын эгедерлигин колдогон керуптар жана 3) Кудайдын эркин аткарган башка периштелер (Забур 102:20; Ышайа 6:1—3; Жезекиел 10:3—5; Даниел 7:10, «Мукаддас»). Бул рухий жаратуулар адамдарга кандай жолдор менен колдоо көрсөтөт? (Аян 5:11).

Периштелер кандай кызмат аткарат?

6. Жахаба керуптарды Эйденде кандайча колдонгон?

6 Рухий жаратуулар жөнүндө Ыйык Китепте биринчи жолу Башталыш 3:24тө айтылат. Ал жерден: «Адамды кууп чыккандан кийин, чыгыштагы Эйден багынын жанына өмүр дарагына баруучу жолду кайтаруу үчүн, керупту жана айланып турган оттуу кылычты коюп койду»,— дегенди окуйбуз (Башталыш 3:24). Ошол керуптар бейиш багын кайтарып, ага Адам менен Обонун кирип кетпешине көз салган. Бирок бул адамзат тарыхынын башталышында болгон. Андан бери периштелер кандай кызмат аткарып келет?

7. Түпнускадагы «периште» деген сөздүн маанисине ылайык, периштелер кандай кызмат аткарат?

7 Ыйык Китептин түпнускасында периштелер тууралуу 400гө жакын жолу айтылган. «Периште» деген эврей жана грек сөзү «кабарчы» деп которулат. Алар адамдарга Кудайдын кабарын жеткирип турушкан. Мисалы, ушул макаланын биринчи эки абзацында белгиленгендей, Жахаба элчи Жаканга маалымат берүү үчүн периштесин колдонгон.

8, 9. а) Периштенин келиши Манойах менен аялына кандай таасир эткен? б) Ата-энелер Манойахтан эмнеге үйрөнө алышат?

8 Андан тышкары, периштелер Кудайдын жердеги кызматчыларына кайрат берет жана бекемдейт. Балага зар болгон Манойах менен анын төрөбөгөн аялын мисалга алалы. Алар Ысрайылдагы Башкаруучулардын убагында жашаган. Жахаба Манойахтын аялына периштесин жиберип, анын жакында уулдуу болорун айттырат. «Сенин боюңа бүтүп, уул төрөйсүң. Анын башына устара тийбесин, анткени жатында жаткандан баштап эле наристе Кудайдын назири болот. Ал Ысрайылды пелиштиликтердин колунан куткара баштайт»,— деп билдирет периште (Башкаруучулар 13:1—5).

9 Чын эле, Манойахтын аялы көп өтпөй көз жарып, перзентине Шимшон деген ат коёт. Ал — Ыйык Китепте жазылган көрүнүктүү инсандардын бири (Башкаруучулар 13:24). Шимшон төрөлө электе, атасы Жахабадан аны кантип тарбиялоону үйрөтүүнү суранып: «Ал баланы кантебиз, эмне кылабыз?» — дейт. Жахабанын периштеси кайра келип, Манойахтын аялына берген көрсөтмөсүн кайталайт (Башкаруучулар 13:6—14). Ошондо Манойах абдан бекемделсе керек! Бирок азыр периштелер, Манойахка келген сыяктуу, адамдарга келбейт. Анткен менен ата-энелер балдарына тарбия берүүдө, Манойахтай болуп, Жахабанын жетекчилигин издей алышат (Эфестиктерге 6:4).

10, 11. а) Сириянын аскери курчап алганда, Элиша менен анын кызматчысы кандай көзкарашта болгон? б) Бул окуяны талдоодон биз кандай пайда алабыз?

10 Периштелердин Элиша пайгамбардын күндөрүндө колдоо көрсөткөнү да абдан таасирлентет. Ал кезде Элиша Ысрайылдагы Дотан деген шаарда эле. Күндөрдүн биринде Элишанын кызматчысы эртең менен туруп, эшикти караса, шаар атчандар, майдан арабалар менен курчалып калган экен. Ал кубаттуу аскерди Сириянын падышасы жиберип, Элиша пайгамбарды кармап келүүнү буйруган. Муну көргөн Элишанын кызматчысы катуу коркуп: «Мырзам, эми эмне кылабыз?!» — деп жиберет. Ага бул абалдан чыгуу мүмкүн эместей көрүнөт. Бирок Элиша ага: «Коркпо, анткени биздикилер тигилердикинен көп»,— дейт. Муну менен ал эмнени айткысы келген? (2 Падышалар 6:11—16).

11 Элиша сансыз периштелердин ага жардам берүүгө даяр турганын билген. Бирок анын кызматчысы эч нерсени көргөн эмес. Ошондо Элиша Кудайга: «„Теңир! Мунун көзүн ач, көрсүн“,— деп сыйынат. Теңир анын кызматчысынын көзүн ачат. Ошондо ал Элишаны курчаган тоодон жер жайнаган оттуу аттар менен майдан арабаларды көрөт» (2 Падышалар 6:17). Ооба, кызматчы сансыз периштени көрөт. Биз дагы Жахабанын жана Ыйсанын жетекчилигине баш ийген периштелердин Жахабанын элине жардам берип, аларды коргоп жатканын рухий көзүбүз менен көрө алабыз.

Периштелердин Ыйсанын күндөрүндөгү жардамы

12. Жебирейил периште Мариямды кантип бекемдеген?

12 Мариям аттуу жүйүт кыздын да периште аркылуу кантип бекемделгенин карап чыгалы. Ага Кудайдын периштеси Жебирейил келип: «Боюңа бүтүп, Уул төрөйсүң, Анын ысымын Ыйса коёсуң»,— деген. Бул кабарды айтар алдында ал ага: «Коркпо, Мариям! Анткени сен Кудайдан ырайым таптың»,— дейт (Лука 1:26, 27, 30, 31). Кудайдын жактыруусуна ээ болгонун билүү Мариямга кандай гана күч-кубат берген!

13. Периштелер Ыйсага кандай колдоо көрсөтүшкөн?

13 Периштелер Ыйсага да колдоо көрсөтүшкөн. Ал чөлдөн Шайтандын үч азгырыгына туруштук берген. Майнап чыкпаган соң Шайтан «Ыйсанын жанынан кеткен». Ошондо «периштелер келип, Ыйсага кызмат кыла башташкан» (Матай 4:1—11). Кийинчерээк Ыйса өлөр алдындагы түнү да периштелер ага көмөк көрсөтүшкөн. Катуу кыйналган Ыйса чөгөлөп: «Ата, эгерде Сенин эркиңе туура келсе, ушул чөйчөктү Менин жанымдан кыя өткөрүп жиберчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун!» — деп тиленген. «Ошондо асмандан бир периште келип, Ага күч берген» (Лука 22:42, 43). Ал эми азыр периштелер бизге кандай жардам берет?

Биздин күндөрдөгү жардамы

14. Жахабанын Күбөлөрү кандай куугунтуктарга чыдашты жана натыйжасы кандай болгон?

14 Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу ишинин учурда кеңири кулач жайышы периштелердин колдоосунун далили эмеспи? Мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында жана убагында (1939—1945) Германияда жана Батыш Европада Жахабанын эли нацизм тарабынан көрсөтүлгөн куугунтукка туруштук берген. Италиядагы, Испаниядагы жана Португалиядагы католиктик фашисттик режим алдында алар андан да узак убак бою каршылыктарга дуушар болушкан. Ошондой эле мурунку Советтер Союзунда жашаган Күбөлөр ондогон жылдар бою көрсөтүлгөн куугунтукка чыдап келген. Андан тышкары, Африканын айрым жерлериндеги Күбөлөрдүн да ишеними сыналган *. Ал эми Жахабанын Грузиядагы кызматчылары жакында эле катуу куугунтуктарга кабылышты. Шайтан Жахабанын Күбөлөрүнүн иш-аракетин токтотуу үчүн бардык күчүн жумшап келсе да, алар уюм катары туруштук берип, атүгүл гүлдөп жатат. Күбөлөр ушундай сыноолорду башынан өткөрүп жатканда периштелердин колдоо көрсөткөнү шексиз (Забур 33:8; Даниел 3:28; 6:22).

15, 16. Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишинде периштелер кандай көмөк көрсөтөт?

15 Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу жана шакирт даярдоо тапшырмасына олуттуу карашат. Ошондуктан кызыккан адамдарды Ыйык Китептеги чындыкка окутушат (Матай 28:19, 20). Бирок бул тапшырманы периштелердин жардамысыз аткара алышпаарын алар жакшы билишет. Күбөлөргө Аян 14:6, 7-аяттардагы сөздөр күч-кубат берип келет. Ал жерде мындай деп жазылган: «Анан мен [элчи Жакан] асмандын ортосунда учуп келе жаткан периштени көрдүм. Ал периштеде жер үстүндө жашаган бардык урууларга жана улуттарга, тилдерге жана элдерге таратыла турган түбөлүктүү Жакшы Кабар бар эле. Ал катуу үн менен мындай деди: „Кудайдан корккула, Аны даңктагыла, анткени Анын соттой турган убагы келди. Асман менен жерди, деңиз менен булактарды Жаратканга табынгыла“».

16 Жогорудагы сөздөрдөн периштелер Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин колдоп, жетектеп жатканы айкын көрүнүп турат. Жахаба жүрөгү таза адамдарды Күбөлөргө жолуктуруш үчүн периштелерин колдонот. Ал эми периштелер Күбөлөрдү татыктууларга жолуктурат. Мисалы, кимдир бирөө кыйналып же рухий жардамга муктаж болуп турган убакта Жахабанын Күбөлөрү келип калган учурлар аз эмес. Мындай окуялар, чынында эле, абдан көп болгондуктан, аларды жөн гана кокустук деп айтууга болбойт.

Келечектеги аткарган кызматы

17. Бир эле периште кийлигишкенде, ашурлуктар эмне болгон?

17 Периштелер, Жахабанын кызматчыларына маалымат жеткирүүдөн жана көмөк көрсөтүүдөн тышкары, дагы башка кызмат аткарышат, тактап айтканда, Кудайдын өкүмдөрүн ишке ашырышат. Буга байыркы убакта болуп өткөн бир окуя мисал. Б.з.ч. VIII кылымда ашурлуктардын түмөндөгөн аскери Иерусалимге кол салганы турган. Ошондо Жахаба кандай чара көргөн? «„Мен бул шаарды Өзүм үчүн, Өзүмдүн кулум Дөөт үчүн куткарам жана коргойм“,— деген ал.— Ошол түнү мындай болду: Теңирдин периштеси Ашур кошуунуна барып, жүз сексен беш миң адамын өлтүрдү. Эртең менен туруп, өлүп жаткан адамдарды көрүштү» (2 Падышалар 19:34, 35). Ооба, адамдардын миңдеген аскеринин күчү бир периштенин күчүнө да тең келе албайт!

18, 19. Келечекте периштелер кандай кызмат аткарат жана ал адамзатка кандай таасир этет?

18 Периштелер жакынкы келечекте да Кудайдын сот өкүмүн ишке ашырышат. Ыйсанын «Өзүнүн күчтүү периштелери менен, жалындаган от менен асмандан келер» убагына абдан аз калды. Алар «Кудайды тааныбагандарды жана биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын Жакшы Кабарына баш ийбегендерди жазалоо» үчүн келет (2 Тесалоникалыктарга 1:7, 8). Бул адамзатка кандай таасир этет? Азыр бүт дүйнө жүзү боюнча жарыяланып жаткан Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды четке каккандар келечекте жок болот. Ал эми Жахабаны, адилдикти жана момундукту издегендер гана «Теңирдин каары төгүлгөн күнү аман калат» (Сепания 2:3).

19 Биз Жахабанын кубаттуу периштелерин жердеги кызматчыларына көмөк көрсөтүү, бекемдөө үчүн колдонуп жатканына кандай гана ыраазыбыз! Периштелердин Кудайдын ой-ниетиндеги ордун түшүнүү бизди өзгөчө кайраттандырат. Бирок Жахабага каршы чыккан жана Шайтанга баш ийген периштелер да бар. Кийинки макалада Шайтандын жана анын жин-перилеринин таасиринен кандайча коргонууга болору талкууланат.

[Шилтемелер]

^ 14-абз. Андай куугунтуктар жөнүндө «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебинде» көбүрөөк жазылган. Карагыла: 1983-ж. (Ангола); 1974-ж. (Германия); 1978-ж. (Испания); 1982-ж. (Италия); 1994-ж. (Польша); 1983-ж. (Португалия); 1972-ж. (Чехословакия); 1992-ж. (Эфиопия), англ.; 1999-ж. (Германия); 2006-ж. (Замбия); 1999-ж. (Малави); 1996-ж. (Мозамбик); 2004-ж. (Молдавия); 2002-ж. (Украина) жана 2000-ж. (Чех Республикасы), ор.

Эмнелерди билдиңер?

• Периштелер кантип пайда болгон?

• Байыркы убакта периштелер кандай кызмат аткарган?

Аян 14:6, 7-аяттар боюнча, периштелер бүгүн кандай кызмат аткарат?

• Келечекте периштелер эмне кылат?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Кудайдын периштеси Манойахты жана анын аялын бекемдеген

[15-беттеги сүрөт]

«Биздикилер тигилердикинен көп»