Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын келишинен коркушубуз керекпи?

Ыйсанын келишинен коркушубуз керекпи?

Ыйсанын келишинен коркушубуз керекпи?

ЫЙСАНЫН келиши тууралуу уктуң беле? Көптөр аны адамзатты соттоо, кыйратуу жана жазага тартуу үчүн келет деп ойлошот. Башкалар Ыйса келип бардык көйгөйлөрүбүздөн арылтат деп ишенгендиктен, ал келе турган убакты абдан самашат. Чынында эле, Ыйсанын келишинен коркуу керекпи же аны ынтызарлык менен күтүү керекпи?

Ыйык Китепте Ыйсанын келиши мындайча сүрөттөлөт: «Мына, Ал булуттар менен келе жатат, Аны бардык көздөр көрөт... Жер үстүндөгү бардык элдер Анын алдында боздоп ыйлашат» (Аян 1:7). Бул сөздөргө ылайык, Ыйса келечекте адилеттикти орнотуу үчүн да, ыймансыздарды жазалоо үчүн да келет.

Ыйсанын келиши жана анын аркасында жерде кандай өзгөрүүлөр болору жөнүндө аян алган элчи Жакан ал убакты абдан күткөн. Ал атүгүл: «Кел, Теңир Ыйса!» — деп тиленген (Аян 22:20). Анда эмне үчүн Ыйык Китепте: «Бардык элдер Анын алдында боздоп ыйлашат»,— деп айтылат? «Аны бардык көздөр көрөт» дегенди кандайча түшүнүүгө болот? Ыйса келгенде эмнелерди кылат? Ыйсанын келишине ишенүү бизге кандай пайда алып келет? Бул суроолорго кийинки макаладан жооп алабыз.