Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса келгенде эмнелерди кылат?

Ыйса келгенде эмнелерди кылат?

Ыйса келгенде эмнелерди кылат?

«САН-ПАУЛУДОГУ ТЕРРОРЧУЛУК». «Вежа» журналында 2006-жылдын май айында Бразилиянын эң чоң жана абдан бай шаарында болгон террордук чабуул тууралуу макала ушинтип аталган. Бул жүрөктүн үшүн алган окуя төрт күнгө созулган. Ошол «100 сааттан ашуун убакыттын» ичинде полиция кызматкерлери, кылмышкерлер жана бейкүнөө адамдар, баш-аягы 150дөй киши набыт болгон.

Мындай зордук-зомбулук дээрлик бүткүл дүйнө жүзүндө болуп жатканын угууга болот. Жамандыкты токтотуу бийликтегилердин да колунан келбей калды көрүнөт. Төбө чачты тик тургузган жаңылыктардын көптүгү, жашоонун барган сайын коркунучтуу болуп баратканы сени да тынчсыздандырып жатканы күмөнсүз. Бирок жакында чоң өзгөрүүлөр болот!

Ыйса Машайак жолдоочуларын Кудайдын Падышалыгынын келиши жана анын эркинин «асмандагыдай эле, жерде да» аткарылышы тууралуу тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:9, 10). Кудайдын Падышалыгы — Кудай негиздеген асмандагы өкмөт. Кудай анын Падышасы кылып Ыйса Машайакты дайындаган. Ал өкмөт адамзаттын бардык көйгөйлөрүн чечет. Бул адамдардын башкаруусу жоюлуп, Машайак бийликти колго алганда гана мүмкүн болот. Ооба, Ыйса келип, дал ушул нерселерди ишке ашырат.

Баары эле баш иеби?

Ыйсанын башкаруусун элдердин баары колдойбу? Жок. Элчи Жакан бул тууралуу мындай аян көргөн: «Анан мен жырткычты [дүйнөлүк саясий түзүлүштү], жер үстүндөгү падышаларды жана алардын чогулган аскерлерин көрдүм. Алар ат үстүндө Отурган [Ыйса] менен, Анын аскерлери менен согушууга чогулушкан эле» (Аян 19:19). Ал согушта жер үстүндөгү падышалар эмне болот? Ыйык Китепте Жахаба дайындаган Падыша аларды «темир таяк менен талкалаары» жана «карапачынын идишиндей сындырары» алдын ала айтылган (Забур 2:9). Ооба, азыркы саясий түзүлүш толугу менен жок кылынат. Кудайдын Падышалыгы «бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат» (Даниел 2:44).

Ал эми Кудайдын Падышалыгына каршы чыккан элдер тууралуу эмне айтууга болот? Ыйык Китепте «Ыйса Өзүнүн күчтүү периштелери менен, жалындаган от менен асмандан келери», ошондой эле «Кудайды тааныбагандарды» жана жакшы кабарды кабыл албагандарды жазалаары айтылат (2 Тесалоникалыктарга 1:7, 8). Накыл сөздөр 2:22де: «Мыйзамсыздар болсо жер үстүнөн жок кылынышат, ишенимсиздер жер үстүнөн тукум курут болушат»,— делет.

Ыйсанын келиши тууралуу Ыйык Жазмада: «Мына, Ал булуттар менен келе жатат, Аны бардык көздөр көрөт»,— деп жазылган (Аян 1:7). Бул элдердин Ыйсаны сөздүн түз маанисинде көрөрүн билдирбейт. Ыйса рухий жаратуу катары асманга кеткендиктен, «адам жетпей турган жарыкта жашайт», аны «эч бир адам көргөн эмес, көрө да албайт» (1 Тиметейге 6:16).

Элдер Ыйсаны «көрө» алышы үчүн, анын сөзсүз түрдө адам кейпинде келишинин зарылдыгы жок. Мисалы, Жахаба Кудай Муса пайгамбардын убагында Мисирге он жаза жөнөткөндө, мисирликтер Жахабаны өз көзү менен көрбөсө да, ошол алааматтарды ал жиберип жатканына эч шектенишкен эмес. Аларга Кудайдын кудурети күчтүү экенин моюнга алууга туура келген (Чыгуу 12:31). Анын сыңарындай, Ыйса Кудайдын Өкүмдары катары келгенде, ыймансыздар Ыйсаны «көрүүгө», башкача айтканда, Кудай аларды ал аркылуу соттоп жатканын түшүнүүгө аргасыз болушат. Адамзатка бул жөнүндө алдын ала эскертүү берилгендиктен, алар муну сөзсүз баамдашат. Ошондо «Аны [Ыйсаны] бардык көздөр көрөт... Жер үстүндөгү бардык элдер Анын алдында боздоп ыйлашат» (Аян 1:7).

Жерде тынчтык орноп, кой үстүндө торгой жумурткалаган заман келиши үчүн, кудайсыздар жана алардын башкаруусу жок кылынышы керек. Дал ушуну Ыйса кылат. Андан соң, ал жер үстүнө бийлик жүргүзүп, укмуштуудай өзгөрүүлөрдү жасайт.

Жашоонун жакшы жакка өзгөрүшү

Элчи Петир «Кудайдын кадимки замандардан бери Өзүнүн бардык ыйык пайгамбарларынын оозу аркылуу айттырган бүт нерселердин ордуна келерин» айткан (Элчилер 3:21, «Мукаддас»). «Бүт нерселердин ордуна келиши» Ыйса Машайактын башкаруусу астында боло турган өзгөрүүлөрдү билдирет. Ошол тууралуу алдын ала айткан Кудайдын пайгамбарларынын бири б.з.чейин 8-кылымда жашаган Ышайа болгон. Ал «Тынчтыктын Төрөсү» Ыйсанын жерге тынчтык алып келерин алдын ала айтып: «Анын падышачылыгында Анын бийлиги жана тынчтык чексиз өсөт»,— деген (Ышайа 9:6, 7). Ыйса Машайак адамдарды тынчтыкта жашоого үйрөтөт. Алар «тынч турмушка ыракаттанышат» (Забур 36:11).

Машайактын башкаруусу астында жакырчылык, тамак-аштын жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр чечилеби? Ышайа пайгамбар мындай деген: «Ошондо Себайот Теңир бардык элге ушул тоонун үстүндө дасторкон жайып, тамактын майлуусун, шараптын тазасын, жиликтин чучугун, шараптын эң тазасын коёт» (Ышайа 25:6). Ал эми забурчу: «Жерде да, тоодо да түшүм мол болот»,— деп айткан (Забур 71:16). Ошондой эле Ыйык Китепте жердеги жашоо тууралуу мындай делет: «Жаңы үйлөрдү куруп, ошол үйлөрдө жашашат, жүзүмзарларды отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар башка бирөө жашаш үчүн үй курушпайт, башка бирөө жеш үчүн жүзүмзар отургузушпайт, анткени Менин элимдин өмүрү дарактын өмүрүндөй болот. Мен тандап алган адамдар өз эмгегинин үзүрүн көпкө чейин көрүшөт» (Ышайа 65:21, 22).

Ышайа оору менен өлүмдүн болбой турганын да айткан. Кудай ал пайгамбар аркылуу мындай деген: «Сокурлардын көздөрү ачылат, дүлөйлөрдүн кулактары ачылат... Аксак бугудай секирет, дудук ырдайт, анткени чөлдөн суулар, талаалардан өзөндөр атырылып чыгат» (Ышайа 35:5, 6). «Ошондо тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпайт» (Ышайа 33:24). «Теңир өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Кудай-Теңир бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт» (Ышайа 25:8).

Ал эми «мүрзөдө жаткандар» үчүн кандайдыр бир үмүт барбы? (Жакан 5:28, 29). Ышайа: «Сенин өлгөндөрүң тирилишет, өлүү денелер кайра турушат!» — деп пайгамбарлык кылган (Ышайа 26:19). Ооба, өлүм уйкусунда жаткандар тирилишет!

Кудай ага бийлик берген

Машайактын келиши жердеги жашоону толугу менен өзгөртөт! Ошондо бүт жер жүзү бейишке айланып, адамдар чыныгы Кудайга биримдикте сыйынышат. Ыйса Машайактын жамандыктын баарын жоюп, адилеттикти орноторуна толук ишенүүгө болобу?

Ыйсага күч менен бийликти ким бергенине көңүл бурсаңар. Ал тууралуу Ыйык Китепте мындай делет: «Кудай-Теңир Ага атасы Дөөттүн тагын берет» (Лука 1:32). Бул аяттан көрүнүп тургандай, Ыйсага бийликти Жахаба берген. Анткени ал — бийликтин Ээси. Ыйса ушундай бийликке ээ болгондуктан, ал чече албай турган бир да кыйынчылык жок.

Ыйса тирилгенден кийин шакирттерине: «Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди»,— деп айткан (Матай 28:18). 1 Петир 3:22де болсо: «Ага периштелер да, күчтөр да, бийликтер да багындырылган»,— делет. Ырас, Ыйсага каршы чыккан бир да бийлик туруштук бере албайт. Адамзаттын түбөлүк жыргалчылыгына кам көрүүгө ага эч ким тоскоолдук кыла албайт.

Ыйсанын келиши адамдарга кандай таасир этет?

Тесалоникалыктарга жазган катында элчи Пабыл мындай деген: «Кудай Атабыздын алдында ишеним менен кылып жаткан ишиңерди, сүйүү менен кылып жаткан эмгегиңерди жана Теңирибиз Ыйса Машайакка үмүттөнүү менен чыдамдуулук көрсөтүп жатканыңарды дайыма эскеребиз» (1 Тесалоникалыктарга 1:3). Пабыл бул аятта Ыйса Машайакка болгон үмүт ынталуу кызмат кылууга, чыдамдуу болууга жардам берерин көрсөткөн. Андай үмүт Машайактын келишине жана анын аркасында бардыгы калыбына келерине болгон ишенимге негизделет. Ошондой эле ал үмүт Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына күч берип, кыйынчылыктарды көтөрүүгө көмөк кылат.

Сан-Паулудо жашаган Карлосту мисалга алалы. Ал 2003-жылы август айында рак болуп ооруурун билет. Карлос сегиз жолу операция болгондуктан, алдан-күчтөн тайып, кыйналып көп азап чеккен. Ошого карабай ал башкаларды дайыма бекемдечү. Бир жолу көчөдө, оорукананын бет маңдайында, кабар айтып жүрүп күйөөсү химиотерапия алып жаткан аялга кезигип калат. Ал да Жахабанын Күбөсү экен. Карлос өзү рак оорусу менен алпурушуп жүрсө да, жубайларды бекемдеп, жубаткан. Кийинчерээк алар анын сөздөрү кадимкидей кайрат бергенин айтышкан. Карлос Пабылдын: «Кудай бизди соороткондой эле, ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды соорото алышыбыз үчүн, Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатат»,— деген сөздөрүнүн калетсиздигине ынанган (2 Корунттуктарга 1:4).

Карлоско оорусуна карабай башкаларды бекемдөөгө эмне күч берет? Ыйсанын келерин жана ал жакында жер бетинде кандай сонун өзгөрүүлөрдү жасай турганын билүү ага күч берип, «жакшылык кылууну» токтотпоого көмөк кылат (Галатиялыктарга 6:9).

Ушундай үмүттөн оор жоготууга учураган Сэмюэл да жубатуу алат. Анын инисинин өлүгү атасынын үйүнөн 50 метрдей жерден табылып, он ок жегени аныкталган. Анын өлүгү полиция кызматкерлери кылмыштын үстүнөн тергөө жүргүзүп бүткүчө, сегиз саат бою жолдо жаткан. Ошол күн Сэмюэлдин жүрөгүнө өчпөс так калтырган. Бирок Машайак жакында жерди бардык жамандыктан тазалап, адилеттүү бийлик жүргүзүүнүн аркасында адамзатка мол баталарды алып келери аны абдан сооротот. Сэмюэлге жер бети бейишке айланып, иниси тирилгенде, аны кайрадан бекем кучактап жатканын элестетүү жардам берет (Элчилер 24:15).

Эмне кылышың керек?

Машайактын келерине жана анын эң сонун өзгөрүүлөрдү жасаарына болгон үмүт сага да жубатуу берет. Ыйса Машайак адамзаттын бардык кыйынчылыктарын жана жамандыкты түп-тамыры менен жок кылат.

Машайактын башкаруусунун астында адамзатка төгүлчү баталарга ээ болуу үчүн эмне кылышың керек? Кудай Сөзү Ыйык Китепти кылдат изилде. Ыйса Атасына тиленгенде мындай деп айткан: «Түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу» (Жакан 17:3). Андыктан Ыйык Китеп эмнеге окутарын билүүнү максат кылып кой. Жахабанын Күбөлөрү сага бул жагынан жардам берүүгө дайыма кубанычта. Биз сени өзүң жашаган жердеги Күбөлөргө кайрылууга же бул журналды чыгаргандарга кат жазууга чакырабыз.

[7-беттеги сүрөт]

Inset, background only: Rhino and Lion Park, Gauteng, South Africa

Машайактын келиши жердеги жашоону толугу менен өзгөртөт