Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дайыма Кудай Сөзүнөн жетекчилик изде

Дайыма Кудай Сөзүнөн жетекчилик изде

Дайыма Кудай Сөзүнөн жетекчилик изде

«Сенин сөзүң — бутума шам, жолума жарык» (Забур 118:105).

1, 2. Эмне үчүн адамзат тынчтык менен бакытка жетпей келет?

КИМДИР бирөөдөн жолду сураган учуруң болду беле? Балким, барчу жериңе аз эле калганда, кайсы жерден бурулуу керектигин билбей, эки анжы болгон чыгарсың. Же адашып кетип, жолуңдун багытын таптакыр өзгөртүүгө туура келгендир. Кандай болбосун, жолду жакшы билген бирөөдөн сураганың акылдуулук болмок. Андай адамдын айтканы боюнча багыт алсаң, көздөгөн жериңе жетериң шексиз.

2 Адамзат Кудайдын жетекчилигинен баш тартып, миңдеген жылдар бою өзүнүн жолуна өзү багыт берип келүүдө. Жолдон таптакыр адашып калгандыктан, алар тынчтыкка жана бакытка алып баруучу жолду таппай келишет. Мындан 2 500 жылдан ашуун убакыт мурун Жеремия пайгамбар: «Өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес»,— деп айткан (Жеремия 10:23). Демек, өзүнүн бутуна өзү багыт берүүнү каалаган адам эч качан ийгиликке жетпейт. Чынында эле, адамзат жетекчиликке муктаж!

3. Эмне үчүн адамзатка Жахаба гана жакшы жетекчилик бере алат жана ал кандай убада берген?

3 Туура багытты Жахаба Кудай гана көрсөтө алат. Себеби ал адамдын табиятын беш колдой билет. Ага адамдардын эмне болуп адашып калганы жана канткенде туура жолго түшө алары да белгилүү. Жаратуучубуз катары Жахаба биз үчүн эмне жакшы экенин билет (Ышайа 48:17). Андыктан Забур 31:8деги Кудайдын: «Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө»,— деген убадасына толук ишене алабыз. Жахаба эң сонун жетекчилик берери шексиз. Ал бизди кандайча жетектейт?

4, 5. Кудайдын сөздөрү бизди кандайча жетектейт?

4 Забурчу Жахабага тиленип: «Сенин сөзүң — бутума шам, жолума жарык»,— деп айткан (Забур 118:105). Ыйык Китепте Кудайдын көрсөтмөлөрү менен эскертүүлөрү камтылган. Алар бизге өмүр жолубуздагы ар кандай кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет. Ышайа 30:21ден: «Сенин кулагың артыңдан „Жол мына, ушул жол менен жүргүлө“ деген сөздү угат»,— дегенди окуйбуз. Ыйык Китепти окуп, анда жазылгандарга жетектелсек, ушул сөздөрдүн калетсиздигине ынанабыз.

5 Забур 118:105те Кудайдын Сөзүнө байланыштуу эки нерсеге көңүл бурулат. Биринчиден, Ыйык Китеп бутубузга шам боло алат. Башкача айтканда, күндөлүк турмушубузда ар кандай көйгөйлөр пайда болгондо, Жазмадагы принциптер бизге туура чечим чыгарууга жана бул дүйнөнүн торлоруна түшүп калбоого көмөк кылат. Экинчиден, Кудайдын көрсөтмөлөрү жолубузга жарык боло алат. Жол жарык болсо, алган багытыбыздын туура же туура эместигин айкын көрө алабыз. Анын сыңарындай, Кудайдын көрсөтмөлөрү убадаланган бейиште түбөлүк өмүргө болгон үмүтүбүздү, келечекти эске алып, чечим чыгарууга жардам берет (Римдиктерге 14:21; 1 Тиметейге 6:9; Аян 22:12). Келгиле, Кудайдын Ыйык Китеп аркылуу айткандары кандайча бутубузга — шам, жолубузга жарык боло аларын кененирээк карап чыгалы.

«Сенин сөзүң — бутума шам»

6. Кудайдын сөздөрү кандай учурда бутубузга шам болот?

6 Баарыбыз күн сайын кандайдыр бир чечимдерди чыгарабыз. Алардын айрымдары майда-чүйдө нерселерге байланыштуу. Бирок кээде олуттуу чечимдерди чыгарууга туура келет. Маселен, адеп-ахлактык тазалыгыбыз, чынчылдыгыбыз, бейтараптуулугубуз сыналган учурлар болот. Ушундай сыноолорго туруштук берүү үчүн «акыл-сезими жаман-жакшыны айырмалай билүүгө көнүккөн» адамдардан болууга тийишпиз (Эврейлерге 5:14). Кудай Сөзүнөн так билим алуу жана андагы принциптерди түшүнүү менен абийирибизди үйрөтөбүз. Бул Жахабага жаккан чечимдерди чыгарууга өбөлгө түзөт (Накыл сөздөр 3:21).

7. Жахабанын Күбөсү эмес чогуу иштешкендер менен кандайча жакын мамиледе болуп калышыбыз мүмкүн?

7 Чечим чыгарууга байланыштуу бир жагдайды карап көрөлү. Албетте, ар бирибиз Жахабанын жүрөгүн кубантууга чын жүрөктөн умтулабыз (Накыл сөздөр 27:11). Бул мактоого татырлык. Бирок бул дайыма эле оңойго турбашы мүмкүн. Мисалы, чогуу иштегендериң сени алар менен кайсы бир спорт оюнун көрүп келүүгө чакырды дейли. Алар сени менен пикир алышууну жакшы көрүшкөндүктөн, жумуштан тышкаркы убакытта чогуу көңүл ачууну каалашат. Сен алардын жакшы кишилер экенин, жаман иштерге барбаарын билесиң. Анда кандай чечим чыгарасың? Алардын сунушун кабыл алуунун кандайдыр бир коркунучу барбы? Мындай жагдайда Кудай Сөзү туура чечим чыгарууга кандайча жардам берет?

8. Башкалар менен мамиле түзүүдө ыйык китептик кайсы принциптерди колдонууга болот?

8 Жазмадагы айрым принциптерди карап чыгалы. Алардын бири 1 Корунттуктарга 15:33тө жазылган. Ал жерде: «Алданбагыла, акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деп айтылат. Бул принципке кармануу Ыйсаны жолдобогондордун баарынан оолак болуу керек дегенди билдиреби? Жок. Алсак, элчи Пабыл бардыгына, Жахабага кызмат кылбагандарга да, сүйүү менен мамиле кылган (1 Корунттуктарга 9:22). Ооба, ишенимдешибиз болобу, жокпу, башкаларга кызыгуу көрсөтүү Ыйсанын ар бир жолдоочусунун милдети (Римдиктерге 10:13—15). Андыктан биздин жардамыбызга муктаж болгондордон обочолонсок, «бардыгына... жакшылык кыла» алат белек? (Галатиялыктарга 6:10).

9. Ыйык Китептеги кайсы кеңеш чогуу иштешкендер менен мамилелешүүдө теңсалмактуу болууга жардам берет?

9 Бирок чогуу иштешкендер менен жакшы мамиледе болуу менен жакын мамиледе болуунун айырмасы бар. Буга байланыштуу ыйык китептик дагы бир принципти карап көрөлү. Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Ишенбегендер менен бирге жат моюнтурукка кошулбагыла»,— деген эскертүү берген (2 Корунттуктарга 6:14). «Жат моюнтурукка кошулбагыла» деген сөздөр эмнени билдирет? Ыйык Китептин айрым котормолорунда бул сөздөр «биргелешпегиле», «орунсуз мамиле түзүүнү токтоткула» деп берилген. Чогуу иштешкендер менен болгон мамилебиз качан орунсуз болуп калат? Андай мамилелерди кандай учурда чектен чыгып кетти деп айтууга болот? Кандайча «жат моюнтурукка» кошулуп калган болобуз? Ушундай жагдайларда Кудай Сөзү туура багыт көрсөтөт.

10. а) Ыйса кимдерди дос деп эсептеген? б) Дос тандоого байланыштуу туура чечим чыгарууга кандай суроолор жардам берет?

10 Адамдарга алар жаратылгандан бери эле сүйүү көрсөтүп келаткан Ыйсанын үлгүсүнө көңүл буралы (Накыл сөздөр 8:31). Ал жерде жүргөндө жолдоочулары менен ынак мамиледе болгон (Жакан 13:1). Ыйык Китепте Ыйса атүгүл рухий караңгылыкта жүргөн бир кишини «жакшы көргөнү» айтылат (Марк 10:17—22). Бирок ал ким менен достук мамиледе болуу, ким менен болбоо керектигин айкын түшүнгөн. Ыйса Атасынын эркин аткарууга чын жүрөктөн умтулбагандар менен ынак болгон эмес. Бир жолу ал: «Эгерде силер Менин айткан сөздөрүмдү аткарсаңар, Менин досторумсуңар»,— деген (Жакан 15:14). Арийне, чогуу иштешкениң менен жакшы мамиледе болсоң болот дечи. Бирок ал киши Ыйсанын айткандарын аткаргысы келеби? Ал Ыйсанын айтканына ылайык, Жахаба жөнүндө билим алып, ага сыйынууну каалайбы? Ыйсанын жолдоочулары сыяктуу адеп-ахлактуу жашоо өткөрөбү? (Матай 4:10). Эгер чогуу иштешкениң менен ыйык китептик нормаларга карманып жашоонун маанилүүлүгү тууралуу сүйлөшүп көрсөң, бул суроолорго оңой эле жооп аласың.

11. Кудайдын сөздөрү кандай жагдайларда жетекчилик бере алат?

11 Кудайдын сөздөрү башка көптөгөн жагдайларда да бутубузга шам боло алат. Мисалы, Ыйсанын жолдоочусу жумушу жок жүргөндө, ага көп убакытты жана күчтү талап кылган жумуш сунуш кылынды дейли. Бирок андай жумушка орношсо, ал жыйналыш жолугушууларынын көпчүлүгүнө бара албай, Падышалыктын башка иштерине да катыша албай калат (Забур 36:25). Ал эми Ыйсанын айрым жолдоочулары үчүн ыйык китептик принциптерге карама-каршы келген көңүл ачуулар сыноо болушу мүмкүн (Эфестиктерге 4:17—19). Кимдир бирөө болсо ишенимдештерине таарынууга жакын болушу ыктымал (Колосалыктарга 3:13). Кандай жагдай болбосун, Кудай Сөзү дайыма бутубузга шам болушу керек. Ыйык Китептеги принциптерге кармансак, жашообуздагы ар кандай кыйынчылыктарды жеңе алабыз. Анткени Кудай Сөзү «үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу» (2 Тиметейге 3:16).

«Жолума жарык»

12. Кудайдын сөздөрү кандайча жолубузга жарык боло алат?

12 Забур 118:105ке ылайык, Кудайдын сөздөрү алдыда эмне болорун көрсөтүп турган жарык боло алат. Ыйык Китепте жашоо азыр эмне үчүн мынчалык оор болуп жатканы жана бизди кандай келечек күтүп турары түшүндүрүлөт. Ооба, биз бул каардуу түзүлүштүн «акыркы күндөрүндө» жашап жатканыбызды билебиз (2 Тиметейге 3:1—5). Келечекте эмне күтүп турарын билүү биздин азыр кандай жашоо өткөрүп жатканыбызга таасир этиши керек. Элчи Петир мындай деген: «Эгерде баары ушинтип жок боло турган болсо, анда Кудайдын күнүнүн келишин каалап жана күтүп жаткан силердин жашооңор канчалык ыйык, канчалык такыбаа болушу керек» (2 Петир 3:11, 12).

13. Акыркы күндөрдө жашап жатканыбыз ой жүгүртүүбүзгө, жашоо мүнөзүбүзгө кандай таасир этиши керек?

13 Биздин ой жүгүртүүбүздөн жана жашоо мүнөзүбүздөн «бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болоруна» бекем ишенерибиз айкын көрүнүп турушу керек (1 Жакан 2:17). Ыйык Китептеги жетекчилик бизге кандайдыр бир максат койгондо туура чечим чыгарууга жардам берет. Ыйса мындай деген: «Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет» (Матай 6:33). Ыйсанын ушул сөздөрүнө ишеним көрсөтүп, толук убакыттуу кызмат кылып жаткан көптөгөн жаштар чынында эле мактоого татырлык. Башкалар болсо, алардын арасында үйбүлөлөр да, муктаждык бар жерге кызмат кылуу үчүн көчүп барышууда.

14. Бир үйбүлө кызматын кандайча кеңейткен?

14 Кошмо Штаттардан бир үйбүлө, жубайлар уул-кызы менен, Доминикан Республикасындагы калкынын саны 50 000ге жеткен шаарга кызмат кылуу үчүн көчүп барган. Алар кызматташкан жыйналышта 130га жакын жарчы бар экен. 2006-жылы 12-апрелде өткөрүлгөн Эскерүү кечесине болсо 1 300дөй киши келген. Ал жердеги «түшүм» «орууга даяр болуп бышып» калгандыктан, ошол үйбүлө беш айдан кийин эле 30 ыйык китептик изилдөө өткөрө баштаган (Жакан 4:35). Үйбүлөнүн башчысы мындай деген: «Ал жыйналышта кызмат кылуу үчүн көчүп келген 30 жарчы бар болчу. Алардын жыйырмадайы — Кошмо Штаттардан, калгандары Багама аралдары, Канада, Италия, Жаңы Зеландия жана Испаниядан келишкен. Алардын ынталуу кызматы жергиликтүү жыйналыштагы биртуугандарга абдан таасир этти».

15. Падышалыкты жашооңдо биринчи орунга койсоң, кандай баталарды аласың?

15 Албетте, көптөрдүн муктаждык бар жерге көчүп барууга мүмкүнчүлүгү жок. Анткен менен кызматтын ушундай түрүнө катышуу үчүн жагдай-шартын өзгөрткөндөр сөзсүз мол баталарды алышат. Кайсы жерде болбосун, эң негизгиси, Жахабага бүт күч-аракетиң менен кызмат кылуудан кубаныч ала бер. Падышалыктын кызыкчылыктарын жашооңдо биринчи орунга койсоң, Жахаба батасын «ашыгы менен» төгөт (Малахия 3:10).

Жахабанын жетекчилигинен пайда ал

16. Кудайдын жетекчилигине баш ийсек, кандай пайда алабыз?

16 Жогоруда талкуулангандай, Жахабанын сөздөрү бизге эки жол менен жетекчилик берет. Алар бутубузга шам болот, тактап айтканда, туура багыт көрсөтүп, чечим чыгарууда көмөк кылат. Ошондой эле Кудайдын сөздөрү жолубузга жарык болуп, алдыда эмне болорун көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул болсо Петирдин: «Бир туугандар, акыл-оюңар иш-аракетке даяр болсун, сергек болгула. Ыйса Машайак келгенде, силерге көрсөтүлө турган ырайымга толук үмүттөнгүлө»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылууга жардам берет (1 Петир 1:13).

17. Ыйык Китепти изилдөө Кудайдын жетекчилигине баш ийүүгө кандайча жардам берет?

17 Жахаба жетекчилик берерине шек жок. Бирок сен анын жетекчилигине баш иесиңби? Жахабанын жетекчилигин түшүнүү үчүн Ыйык Китепти күнүгө окууну максат кыл. Анын эрки эмнеде экенин билүү үчүн окуганың тууралуу ой жүгүртүп, жашооңдо кантип колдоноруң жөнүндө ойлон (1 Тиметейге 4:15). Ошондо акылдуулук менен чечим чыгара аласың.

18. Кудай Сөзүнө жетектелсек, кандай баталарды алабыз?

18 Кудай Сөзүндөгү принциптер чечим чыгарууда биз үчүн «жарык» болор-болбосу, керектүү жетекчилик берер-бербеси өзүбүздөн көзкаранды. Жахабанын айткандары «жөнөкөйлөрдү акылдуу кыларына» шектенбесек болот (Забур 18:8). Кудайдын көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылсак, таза абийирге ээ болобуз жана анын жактыруусун сезгендиктен кубаныч алабыз (1 Тиметейге 1:18, 19). Кудай Сөзүнөн күнүгө жетекчилик издесек, Ал бизге эң чоң бата — түбөлүк өмүр — берет (Жакан 17:3).

Эсиңердеби?

• Жахабанын бизди жетектешине жол берүү эмне үчүн маанилүү?

• Кудайдын сөздөрү кандайча бутубузга шам болот?

• Кудайдын сөздөрү кандайча жолубузга жарык болот?

• Ыйык Китепти изилдөө Кудайдын көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылууга кандайча жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

Чогуу иштешкениң менен болгон мамилең качан орунсуз болуп калат?

[20-беттеги сүрөт]

Ыйса Жахабанын эркин аткаргандар менен гана достошкон

[21-беттеги сүрөт]

Падышалыкты биринчи орунга коёрубуз жашообуздан көрүнүп турабы?