Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, Кудайды даңктагыдай максаттарды койгула

Жаштар, Кудайды даңктагыдай максаттарды койгула

Жаштар, Кудайды даңктагыдай максаттарды койгула

«Такыбаа болууга машык» (1 Тиметейге 4:7).

1, 2. а) Пабыл Тиметейди эмне үчүн мактаган? б) Бүгүнкү күндө жаштар кандайча «такыбаа болууга машыгып» жатышат?

«СИЛЕР үчүн чындап кам көргөн андан башка эч кимим жок... Анткени Жакшы Кабар таратуу ишинде ал мага уулу атасына кызмат кылгандай кызмат кылды» (Филипиликтерге 2:20, 22). Элчи Пабыл бул мактоо сөздөрүн Филипидеги ишенимдештерине жолдогон катында жазган. Ал ким жөнүндө кеп кылган? Өзүн коштоп жүргөн жаш Тиметей жөнүндө. Пабылдын Тиметейди жакшы көрөрүн, ага ишеним артарын айгинелеген сөздөрү Тиметейдин жүрөгүн кандай гана жылыткан!

2 Кудайдан корккон Тиметей сыяктуу жаштар Жахабанын элинин арасында абдан бааланат (Забур 109:3). Бүгүнкү күндө да Кудайдын уюмунда көптөгөн жаштар пионер, миссионер, ыктыярдуу куруучу болуп кызмат кылышат. Бейтелде да кызмат кылгандар аз эмес. Ошондой эле ар кандай милдеттерди аткаргандан тышкары, жыйналыштын иштерине да жигердүү катышып жаткан биртуугандарыбыз мактоого татырлык. Андай жаш биртуугандар Асмандагы Атабыз Жахабаны даңктагыдай максаттарды коюудан чоң кубаныч жана канааттануу алууда. Алар чынында эле «такыбаа болууга машыгып» жатышат (1 Тиметейге 4:7, 8).

3. Бул макалада кайсы суроолор каралат?

3 Эгер сен жаш болсоң, кандайдыр бир рухий максаттарга жетүүгө аракет кылып жатасыңбы? Анда максатыңа жетүүгө эмне жардам берет? Байлыкка, мансапка үндөгөн бул дүйнөнүн кысымына кантип туруштук бере аласың? Кудайды даңктагыдай максаттарды койсоң, кандай баталарга ээ болосуң? Келгиле анда, бул суроолорго жооп алуу үчүн Тиметейдин жашоосу менен кызматын карап чыгалы.

Тиметей Ыйсанын жолдоочусу болот

4. Тиметейдин рухий ийгиликтери жөнүндө айтып бер.

4 Тиметей Римге караштуу Галатиянын Листра деген кичине шаарында чоңойгон. Сыягы, ал Ыйсанын окуулары жөнүндө өспүрүм кезинде, Пабыл, болжолу, б.з. 47-жылы Листрада кызмат кылып жүргөндө, билген. Тиметей ал жердеги жыйналышта бат эле жакшы атка ээ болгон. Эки жыл өткөн соң, Пабыл Листрага кайтып келгенде, Тиметейдин ийгиликтери тууралуу угуп, аны миссионердик кызматында шериги кылып тандап алган (Элчилер 14:5—20; 16:1—3). Тиметей рухий жактан жетилген сайын, көп жерлерди кыдырып биртуугандарды бекемдөөгө байланыштуу чоң жоопкерчиликтерди аткарган. Ал эми б.з. 65-жылдары, Римде камакта отурган Пабыл Тиметейге кат жазганда, Тиметей Эфестеги жыйналышта аксакал болчу.

5. 2 Тиметейге 3:14, 15ке ылайык, Тиметейге рухий максаттарды көздөөгө кайсы эки нерсе жардам берген?

5 Ооба, Тиметей рухий максаттарга умтулган. Ага эмне түрткү берген? Бул тууралуу Пабылдын Тиметейге жазган экинчи катынан билүүгө болот. Ал маанилүү эки нерсеге көңүл буруп, мындай деген: «Сен болсо, эмнени үйрөнсөң, сага эмне ишенип тапшырылса, ошону сактагын, анткени кимден үйрөнгөнүңдү билесиң... Анын үстүнө... Ыйык Жазууну сен бала чагыңдан эле билесиң» (2 Тиметейге 3:14, 15). Келгиле анда, алгач Тиметейге ишенимдештеринин үлгүсү кандайча таасир эткенин карап чыгалы.

Жакшы чөйрөнүн таасири

6. Тиметей кандай тарбия алган жана натыйжасы кандай болгон?

6 Тиметей эки башка динди туткан үйбүлөдө чоңойгон. Анын атасы — грек, апасы Ойнике менен таенеси Лойис болсо эврей болчу (Элчилер 16:1). Ойнике менен Лойис Тиметейди бала чагынан эле Эврей Жазмаларындагы чындыкка үйрөтүшкөн. Ал эми Ыйсанын жолдоочулары болгондон тартып, алар ага Ыйсанын окууларынын чындык экенине ынанууга жардам беришкен. Алардын берген эң сонун таалим-тарбиясынын акыбети кайткан. Бул тууралуу Пабыл мындай деген: «Сенин чыныгы ишенимиңди эсиме түшүрөм, мындай ишеним адегенде сенин таенең Лойис менен апаң Ойникеде бар эле, сенде да бар деп ишенем» (2 Тиметейге 1:5).

7. Көптөгөн жаштар кандай батага ээ жана бул аларга кандай пайда алып келүүдө?

7 Бүгүнкү күндө да Кудайдан корккон көптөгөн ата-энелер, чоңата-чоңенелер, таята-таенелер Лойис менен Ойникеге окшоп, жаштарга рухий максаттарды коюуга жардам берүү маанилүү экенин жакшы түшүнүшөт. Алар жаштар үчүн кандай гана чоң бата! Мисалы, Самира өспүрүм кезинде ата-энесинин аны менен сүйлөшүүгө көп убакыт бөлгөнүн эстеп: «Атам менен апам мага Жахабаныкындай көзкарашка ээ болууга жана кабар айтуу кызматын баалоого үйрөтүшчү. Алар мага толук убакытта кызмат кылууга умтулууга дайыма түрткү беришчү»,— дейт. Мунун баары Самирага таасир этпей койгон эмес. Азыр ал өзүнүн өлкөсүндөгү Бейтелде кызмат кылып, чоң кубаныч алууда. Эгер сенин да ата-энең сага рухий максаттарды коюуга түрткү берип жатса, алардын кеп-кеңештерине кулак сал. Себеби алар сенин жыргалчылыгыңа кызыкдар (Накыл сөздөр 1:5).

8. Тиметей жыйналыштагы биртуугандар менен пикирлешүүдөн кандай пайда алган?

8 Ошондой эле рухий жактан жетилген биртуугандар менен пикир алышуу маанилүү. Алсак, Тиметейди өзүнүн жыйналышындагы эле аксакалдар эмес, 30 километрдей алыстыкта жайгашкан Икониядагы жыйналыштагы аксакалдар да жакшы билишкен (Элчилер 16:1, 2). Ал жигердүүлүгү менен таанымал Пабылдын жакын досу болгон (Филипиликтерге 3:14). Пабылдын каттарынан көрүнүп тургандай, Тиметей кеңештерди даярдуулук менен кабыл алып, ишеним көрсөткөндөрдөн үлгү алган (1 Корунттуктарга 4:17; 1 Тиметейге 4:6, 12—16). Пабыл Тиметей жөнүндө: «Сен болсо менин окутуумдан, жашоомдон, максатымдан, ишенимимден, чыдамкайлыгымдан, сүйүүмдөн, көтөрүмдүүлүгүмдөн... үлгү алдың»,— деп жазган (2 Тиметейге 3:10, 11). Ооба, Тиметей Пабылдан үлгү алган. Эгер сен да Тиметейдей болуп, рухий жактан күчтүү биртуугандар менен дос болсоң, алар рухий максаттарды көздөөгө жардам беришет (2 Тиметейге 2:20—22).

«Ыйык Жазууну» изилде

9. «Такыбаа болууга машыгуу» үчүн, рухий жактан жетилген биртуугандар менен пикирлешүүдөн сырткары, эмне кылышың керек?

9 Рухий максаттарга жетүү үчүн рухий жактан жетилген биртуугандар менен пикирлешүү эле жетиштүүбү? Жок. Тиметейге окшоп, сен да Ыйык Жазманы кылдат изилдешиң керек. Балким, бул сен үчүн оңойго турбайттыр. Эгер ошондой болсо, Тиметей да «такыбаа болууга машыгышы» керек болгонун эстесең. Мисалы, спортсмендер максатына жетүү үчүн бир нече ай бою талыкпай машыгышат. Ошо сыяктуу эле рухий максаттарга жетүү үчүн көптөгөн курмандыктарга барууга жана бир топ күч-аракет жумшоого туура келет (1 Тиметейге 4:7, 8, 10). Бирок сен: «Ыйык Китепти изилдөө максаттарыма жетүүгө кандайча жардам берет?» — деп ойлошуң мүмкүн. Кел анда, анын үч жолун карап көрөлү.

10, 11. Жазманы окуу рухий максаттарды коюуга кандайча түрткү болот? Мисал келтир.

10 Биринчиден, Ыйык Жазманы окусаң, сенде Жахабага кызмат кылууга каалоо пайда болот. Андан асмандагы Атабыздын эң сонун сапаттарын, анын бизди сүйөрүнүн эң чоң далилин жана анын ишенимдүү кызматчылары кандай баталарга ээ болорун биле аласың (Амос 3:7; Жакан 3:16; Римдиктерге 15:4). Жахаба жөнүндө көбүрөөк билген сайын, ага болгон сүйүүң өсө берет жана өмүрүңдү ага арноого түрткү аласың.

11 Ыйсаны жолдогон көптөгөн жаштар Ыйык Китепти жекече үзгүлтүксүз изилдөө андагы жазылгандардын чындык экенине ынанууга жардам бергенин айтышкан. Мисалы, Адели чындык жолунда тарбияланганы менен, рухий максаттарды көздөчү эмес. «Ата-энем мени дайыма жыйналышка алып барчу. Анткен менен жыйналыштан эмне айтылып жатканын укчу эмесмин, өздүк изилдөөм да жок болчу»,— дейт ал. Бирок эжеси чөмүлтүлгөндөн кийин, Адели чындыкка олуттуураак карай баштаган. Ал мындай дейт: «Мен Ыйык Китепти толугу менен окуп чыгууну чечтим. Аз-аздан окуп, андан кийин айрым ойлорду жазып алчумун. Ошол жазгандарым азыркыга чейин бар. Ошентип, Ыйык Китепти бир жылдын ичинде окуп чыктым». Натыйжада Адели өмүрүн Жахабага арноого түрткү алган. Ал азыр оорусуна карабай, толук убакытта кызмат кылат.

12, 13. а) Ыйык Китепти изилдөө жаштарга кандай өзгөрүүлөрдү жасоого жардам берет жана кантип? б) Кудай Сөзү кандайча акылмандыкка ээ кылат?

12 Экинчиден, Ыйык Китеп мүнөзүңдү өзгөртүп, жакшы сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет. Пабыл Тиметейге Ыйык Жазма «үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу» экенин жана «ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болорун» айткан (2 Тиметейге 3:16, 17). Кудай Сөзүндө жазылгандар тууралуу дайыма ой жүгүртсөң, андагы принциптерди колдонсоң, Кудайдын руху сага жаман сапаттардан арылууга жардам берет. Ошондой эле момундук, туруктуулук, тырышчаактык жана ишенимдештериңе болгон чыныгы сүйүү сыяктуу сапаттарды өрчүтө аласың (1 Тиметейге 4:15). Тиметей ушундай сапаттарды өрчүткөндүктөн, Пабыл үчүн да, өзү кызмат кылган жыйналышы үчүн да чоң бата болгон (Филипиликтерге 2:20—22).

13 Үчүнчүдөн, Кудай Сөзүн окуп акылмандыкка ээ болосуң (Забур 1:1—3; 18:8; 2 Тиметейге 2:7; 3:15). Ал сага дос тандоого, көңүл ачууларды ылгай билүүгө жана башка көптөгөн олуттуу чечимдерди чыгарууга көмөк кылат (Башталыш 34:1, 2; Забур 118:37; 1 Корунттуктарга 7:36). Рухий максаттарга жетүүнү кааласаң, азыртадан туура чечимдерди чыгарышың керек.

«Тырышчаактык менен күрөш»

14. Рухий максаттарды көздөө эмне үчүн оңойго турбайт?

14 Жахабаны даңктагыдай максаттарды коюу менен эң туура жолду тандайсың. Бирок ал максаттарга жетүү дайыма эле оңой боло бербейт. Алсак, кесип тандоого байланыштуу чечим чыгарарыңда жогорку билим жана мансап адамды бактылуу кылат деп эсептеген туугандарың, курбу-курдаштарың, ошондой эле сенин ийгиликке жетишиңди чындап каалаган мугалимдериң сөзсүз жогорку билим алышың керек деп кысым көрсөтүшү ыктымал (Римдиктерге 12:2). Андай учурда Жахаба убадалаган «түбөлүк өмүрдү бек тутуу» үчүн, Тиметейдей болуп «ишеним үчүн болгон жакшы күрөштө тырышчаактык менен күрөшүшүң» зарыл (1 Тиметейге 6:12; 2 Тиметейге 3:12).

15. Тиметей, кыязы, кандай каршылыктарга дуушар болгон?

15 Кесип тандоого байланыштуу чыгарган чечимиңе чындыкта эмес туугандарыңдын нааразы болгону чоң сыноо болушу мүмкүн. Тиметейге да ошондой каршылыктарга туруштук берүүгө туура келсе керек. Бир эмгекке ылайык, Тиметейдин үйбүлөсү, кыязы, «жогорку билимдүү, бай» үйбүлөлөрдөн болгон. Андыктан Тиметейдин атасы ал жогорку билим алып, ата салтын улап, өзүнүн ишин улантат деп үмүттөнгөн сыяктанат *. Анда Тиметей Пабыл менен бирге миссионер болууну, кооптуу, материлдык жактан эч кандай пайда алып келбей турган кызматты, тандаганын билгенде, атасы кандай абалда болгонун элестетсең!

16. Бир жаш ишенимдешибиз атасынын кысымына кандайча туруштук берген?

16 Бүгүнкү күндө Ыйсаны жолдогон жаштар да ушундай эле кыйынчылыктарга дуушар болууда. Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалында кызмат кылган Мэтью мындай дейт: «Пионер болуп кызмат кыла баштаганымда, атам аябай капа болгон. Кызматымды улантыш үчүн көчө шыпырып иштегенимди атам алган билимимди текке кетирип жатканымдай көрчү. Ал мени шылдыңдап, жакшыраак жумушта иштесем, канча акча таба алмактыгымды басса-турса айта берчү». Мэтью мындай сыноого кантип туруштук берген? «Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окучумун жана дайыма тиленчүмүн, өзгөчө ачуум келе баштаганын сезгенде кайра-кайра тиленчүмүн»,— дейт ал. Мэтьюнун тырышчаактыгы акыры жакшы натыйжа берген. Убакыттын өтүшү менен атасынын ага болгон мамилеси өзгөргөн. Ошондой эле Мэтью Жахабага мурункудан да жакыныраак болуп калганын сезген. «Жахабанын мага кам көрүп, мени бекемдеп, туура эмес чечим чыгаруудан сактап жатканы мен үчүн айкын болду. Эгер мен рухий максаттарды койбосом, бул нерселердин бирин да сезмек эмесмин»,— дейт ал.

Рухий максаттарды көздө

17. Айрымдар толук убакытта кызмат кылууну көздөгөндөргө кандайча тоскоол болушу мүмкүн? (Матай 16:22).

17 Рухий максаттарга жетишиңе кээде ишенимдештериң да тоскоолдук кылышы ыктымал. Айрымдар: «Пионер болуп эмне кыласың? Эл катары жашай бер, кабарга чыгып турсаң болду да. Азырынча жакшы жумуш таап, бир аз бутуңа туруп ал»,— деши мүмкүн. Мындай сунуш бир караганда туурадай сезилиши ыктымал, бирок алардын айтканына ылайык иш кылсаң, «такыбаа болууга машыгып» жаткан болот белең?

18, 19. а) Рухий максаттарды кантип көздөй аласың? б) Жаштар, Падышалыктын кызыкчылыктары үчүн кандай курмандыктарга барып жатасыңар?

18 Тиметейдин учурунда, сыягы, Ыйсанын айрым жолдоочулары ушундай көзкарашта болушкан (1 Тиметейге 6:17). Андыктан Тиметейге рухий максаттарды көздөөгө жардам берүү үчүн, Пабыл аны бекемдеп: «Эч бир жоокер өзүнүн аскер башчысына жагуу үчүн, тиричилик иштерине байланбайт»,— деп айткан (2 Тиметейге 2:4). Жоокер эч качан көр оокат менен алпурушпайт. Анткени өзүнүн да, башкалардын да өмүрү аскер башчысынын буйруктарын аткарууга дайым даяр турганынан көзкаранды. Анын сыңарындай эле, сен да Ыйса Машайактын жоокери катары көңүлүңдү эң маанилүү нерсеге топто. Өмүр сактоочу кызматка ынталуулук менен катышууга тоскоол кыла турган байлыктын аркасынан сая түшүп, ага байланып калуудан сак бол (Матай 6:24; 1 Тиметейге 4:16; 2 Тиметейге 4:2, 5).

19 Оңой жашоону көздөөнүн ордуна, жанаябастык рухун өрчүт. «Ыйса Машайактын жакшы жоокериндей болуп кыйынчылыктарга чыда» (2 Тиметейге 2:3). Пабыл менен чогуу кызмат кылуунун аркасында Тиметей абдан оор жагдайларда да барга-жокко кайыл болуп, ыраазы болууга үйрөнгөн (Филипиликтерге 4:11, 12; 1 Тиметейге 6:6—8). Сен да үйрөнө аласың. Падышалыктын кызыкчылыктары үчүн курмандыктарга барууга даярсыңбы?

Азыр жана келечекте ала турган баталар

20, 21. а) Рухий максаттарды коюунун аркасында кандай баталарды аласың? б) Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

20 Тиметей Пабыл менен чогуу он беш жылдай кызмат кылган. Ал Жер ортолук деңиздин түндүгүндөгү дээрлик бардык аймактарга жакшы кабар таратылып, жаңы жыйналыштардын уюштурулганына күбө болгон. Эгер Тиметей «эл катары» жашоону тандаса, анын жашоосу ошончолук кызыктуу, ошончолук канааттандырарлык болот беле?! Рухий максаттарды көздөө менен сен да эң сонун баталарды ала аласың. Ошондой эле Жахабага жакындап, ишенимдештериңдин сүйүүсүнө жана урмат-сыйына ээ болосуң. Андан сырткары, байлыкты көздөөнүн кесепеттерине, башкача айтканда, азап-кайгы менен көңүл кайтыкка учурабайсың. Жанаябастык рухун көрсөтүү менен чындап бактылуу боло аласың. Баарынан маанилүүсү, «чыныгы жашоого», жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүргө, жетесиң (1 Тиметейге 6:9, 10, 17—19; Элчилер 20:35).

21 Эгер «такыбаа болууга машыга» элек болсоң, биз сени бүгүнтөдөн баштап «машыгууну» максат кылууга чакырабыз. Рухий максаттарыңа жетүүгө жардам бере ала турган ишенимдештер менен көбүрөөк пикирлешип, алардан кеңеш сура. Кудай Сөзүн жекече изилдөөнү үзгүлтүккө учуратпа. Бул дүйнөнүн материалисттик рухуна каршы тур. «Биздин жыргалчылыгыбыз үчүн бардыгын мол берүүчү тирүү Кудай» аны даңктагыдай максаттарды койгондорго азыр да, келечекте да мол баталарды берерин унутпа (1 Тиметейге 6:17).

[Шилтемелер]

^ 15-абз. Гректер жогорку билимди абдан баалашкан. Плутарх аттуу тарыхчы, Тиметейдин замандашы, мындай деп жазган: «Билим — жыргал жашоонун ачкычы... Билим адеп-ахлактуу жашоо өткөрүүгө жана бактылуу болууга өбөлгө түзөт деп айтар элем... Адамдын жашоосундагы жетишкендиктер жана башка бир да нерсе мынчалык маанилүү эмес» («Moralia», I, «The Education of Children»).

Эсиңердеби?

• Жаштар рухий максаттарга жетүүгө жардамды кайдан ала алышат?

• Ыйык Китепти кылдат изилдөө эмне үчүн маанилүү?

• Жаштар бул дүйнөнүн материалисттик рухуна кандайча каршы тура алышат?

• Рухий максаттарды көздөсөң, кандай баталарды аласың?

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги сүрөт]

Тиметей рухий максаттарды көздөгөн

[31-беттеги сүрөт]

Рухий максаттарды көздөйсүңбү?

[32-беттеги сүрөт]

Тиметейге кимдер жакшы таасир эткен?