Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жыйналыш Жахабаны даңктайт

Жыйналыш Жахабаны даңктайт

Жыйналыш Жахабаны даңктайт

«Сенин ысымыңды бир туугандарыма жарыялайм, Сени жыйында даңктап ырдайм» (Эврейлерге 2:12).

1, 2. Жыйналышта кандай маанай өкүм сүрөт жана анын негизги максаты эмне?

КЫЛЫМДАР бою адамдар Кудайдын түзүлүшүндө — үйбүлөдө— өздөрүн коопсуз сезишип, ынак, достук мамиледен кубаныч алып келишет. Бирок Ыйык Китепте башка бир түзүлүш — Кудай элинин жыйналышы — жөнүндө да айтылган. Ал дүйнө жүзүндөгү көп сандаган адамдардын жагымдуу пикирлешүүдөн ырахат алышына, өзүлөрүн коопсуз сезишине өбөлгө түзөт. Үйбүлөң кандай болбосун, сен Кудайдын жыйналышы аркылуу караштырган чараларынан пайда ала аласың. Жахабанын Күбөлөрү менен буга чейин эле пикирлешип жүрсөң, ал жакта биртуугандык сүйүү жана бейпилдик өкүм сүрөрүнө өзүң да күбө болуп жаткандырсың.

2 Жыйналыш жөн гана чогулуп калган кишилердин тобу эмес. Ал бир улуттагы же бир спортко кызыккандардын коомдук бирикмеси да эмес. Жыйналыштын негизги максаты — Жахаба Кудайды даңктоо. Бул байыркы түзүлүш жөнүндө Забур 34:18де: «Мен Сени чоң жыйында даңктайм, өтө көп элдин ортосунда даңазалайм»,— делген. Забур 106:31, 32-аяттарда да мындай деп айтылат: «Теңирди ырайымы үчүн, адам баласына көрсөткөн керемет иштери үчүн даңкташсын! Аны элдердин жыйынында даңазалашсын».

3. Пабыл жыйналыштын ролу жөнүндө эмне деген?

3 Элчи Пабыл: «Чындыктын тиреги жана негизи, тирүү Кудайдын Жыйыны болгон Кудайдын үйү»,— дегенде жыйналыштын дагы бир негизги ролун баса көрсөткөн (1 Тиметейге 3:15). Ал эмне болгон жыйналыш эле? Ыйык Китепте жыйналыш деген сөз кандай мааниде колдонулат? Жыйналыш биздин жашообузга жана келечегибизге кандай таасир тийгизет? Бул суроолорго жооп алуу үчүн, келгиле, адегенде Кудай Сөзүндөгү жыйналыш деген сөздүн маанисин талдап көрөлү.

4. Эврей Жазмаларында жыйналыш деген сөз көбүнчө кимдерге карата колдонулат?

4 «Жыйналыш» деп которулган эврей сөзү көбүнчө «жыйноо» же «чогултуу» дегенди билдирген уңгудан келип чыккан (Мыйзам 4:10; 9:10). Забурчу «жыйналыш» деген сөздү асмандагы периштелердин жыйынына, ошондой эле кара ниет адамдардын тобуна карата колдонгон (Забур 25:5; 88:6—8). Бирок Эврей Жазмаларында ал сөз көбүнчө ысрайылдыктарга байланыштуу айтылат. Кудай Жакыптан «көптөгөн элдер тараарын» убадалаган. Кийинчерээк дал ошондой болгон (Башталыш 28:3; 35:11; 48:4). Ысрайылдыктар «Теңирдин эли», «Кудайдын коому», башкача айтканда, чыныгы Кудайдын жыйналышы болушу үчүн тандалган (Сандар 20:4; Некемия 13:1; Жашыя 8:35; 1 Шемуел 17:47; Михей 2:5).

5. Жыйналыш деген грек сөзү, адатта, кантип которулат жана ал эмнеге карата колдонулат?

5 «Экклеси́а» деген грек сөзү «бир жактан» жана «чакыруу» деген маанини камтыган эки грек сөзүнүн айкалышынан турат. Ал сөз Деметир Пабылга каршы тукурган Эфестеги «чогулган эл» сыяктуу сүрмө топту билдириши мүмкүн (Элчилер 19:32, 39, 41). Бирок Ыйык Китепте ал, негизинен, Кудай элинин жыйналышына карата колдонулат. Айрым котормолордо ал «чиркөө» деп берилген. Бирок бир сөздүккө ылайык, ал сөз «Ыйсанын жолдоочулары сыйынуу үчүн чогулган имараттын өзүн билдирген эмес» («The Imperial Bible-Dictionary»). Белгилей кетерлик жери, Грек Жазмаларында «жыйналыш» деген сөз, бери дегенде, төрт башка мааниде колдонулат.

Кудайдын майланган жыйналышы

6. Дөөт менен Ыйса жыйналышта эмне кылышкан?

6 Элчи Пабыл Забур 21:23төгү Дөөттүн сөзүн Ыйсага карата колдонуп, мындай деген: «„Сенин ысымыңды бир туугандарыма жарыялайм, Сени жыйында даңктап ырдайм“,— дейт [Ыйса]... Ал Кудай алдында ырайымдуу, ишенимдүү Башкы ыйык кызмат кылуучу болуш үчүн... бардык жагынан бир туугандарына окшош болууга тийиш эле» (Эврейлерге 2:12, 17). Дөөт байыркы Ысрайылдагы жыйналышта Кудайды даңктаган (Забур 39:10). Бирок Ыйсанын Кудайды «жыйында даңктаарын» белгилегенде Пабыл кайсы жыйынды же жыйналышты айткан?

7. Жыйналыш деген сөз Грек Жазмаларында, негизинен, кимдерге карата айтылат?

7 Биз Эврейлерге 2:12, 17-аяттардан маанилүү бир ойду окуйбуз. Ал жакта Ыйса Машайак биртуугандарына жыйналыштын мүчөсү катары Кудайдын ысмын жар салганы айтылат. Ал кайсы биртуугандары эле? Алар — «Ыбрайымдын тукумун» түзгөн, Машайактын рух менен майланган, «асман чакырыгынын катышуучуларына» кирген биртуугандары (Эврейлерге 2:16—3:1; Матай 25:40). Ооба, жыйналыш же «жыйын» деген сөз Грек Жазмаларында, негизинен, Машайактын рух менен майланган жолдоочуларынын тобуна тиешелүү. Ал 144 000 майланган — «ысымдары асмандагы китепке жазылган тунгучтардын Жыйыны» (Эврейлерге 12:23).

8. Ыйса жыйналыштын түзүлөрү жөнүндө эмне деген?

8 Андай жыйналыштын түзүлөрүн Ыйса өлөрүнө бир жылдай калганда элчилеринин бирине мындай деп айткан: «Сен Петирсиң. Мен Өз Жыйынымды ушул таштын үстүнө курам, аны өлүм да жеңе албайт» (Матай 16:18). Петир да, Пабыл да айтылган таш Ыйсанын өзү экенин жакшы билген. Петир жазгандай, ал ташка — Машайакка — курулган рухий үйдүн «тирүү таштары» Кудайдын энчилеп алган эли болгон. Алар «караңгылыктан Өзүнүн ажайып жарыгына чакырып алган Кудайдын улуу иштерин» жар салышмак (1 Петир 2:4—9; Забур 118:22; Ышайа 8:14; 1 Корунттуктарга 10:1—4).

9. Кудайдын жыйналышы качан түзүлө баштаган?

9 «Кудай энчилеп алган элден» качан жыйналыш түзүлө баштаган? Биздин замандын 33-жылы Элүүнчү күн майрамында. Ошондо Иерусалимде чогулган шакирттерге Кудайдын ыйык руху түшкөн. Ошол күнү Петир жүйүттөр менен алардын динин кабыл алгандардын жүрөгүн козгогон сөз сүйлөйт. Натыйжада алардын көбү Ыйсанын эмне үчүн өлгөнүн түшүнүп, өкүнүшкөн жана чөмүлтүлүшкөн. Ыйык Китепте баяндалгандай, ал күнү үч миң киши Кудайдын өсүп келаткан жаңы жыйналышына кошулган (Элчилер 2:1—4, 14, 37—47). Байыркы ысрайыл элинин Кудайдын жыйналышы болбой калганын түшүнгөн жүйүттөр менен алардын динин кабыл алгандар жаңы жыйналышка кошула беришкен. Ыйсанын майланган ал жолдоочулары рухий «Ысрайыл элин» түзүп, Кудайдын чыныгы жыйналышы болуп калган (Галатиялыктарга 6:16; Элчилер 20:28).

10. Кудайдын жыйналышына Ыйса кандай мамиле кылат?

10 Ыйык Китепте Ыйса менен майланган жолдоочуларынын ортосундагы айырмачылык, алсак, «Машайакка жана Жыйынга» деген сыяктуу сөздөр менен айкын көрсөтүлөт. Ыйса — рух менен майланган жолдоочуларынан турган жыйналыштын Башчысы. Пабыл жазгандай, Кудай Ыйсаны «бардыгынын үстүнөн, Жыйындын Башчысы кылып койгон. Жыйын — Анын Денеси» (Эфестиктерге 1:22, 23; 5:23, 32; Колосалыктарга 1:18, 24). Азыр жер бетинде ошол жыйналыштын майланган мүчөлөрүнүн чакан калдыгы гана бар. Ыйса Машайак аларды жакшы көрөт. Аны Эфестиктерге 5:25теги: «Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген»,— деген сөздөрдөн билебиз. Ыйсанын аларды жакшы көргөн себеби, алар, Ыйсадай болуп, «Кудайга мактоо курмандыгын... Анын ысымын даңктаган ооз курмандыгын» тынымсыз алып келип турушат (Эврейлерге 13:15).

«Жыйналыш» деген сөздүн башка маанилери

11. Грек Жазмаларындагы жыйналыш деген сөздүн экинчи мааниси кандай?

11 Ыйык Китепте «жыйналыш» деген сөз кээде «Кудайдын Жыйынын» түзгөн 144 000 майлангандардын баарына эмес, чаканыраак тобуна гана карата колдонулат. Мисалы, Пабыл ошондой топтордун бирине: «Жүйүткө да, эллинге да, Кудайдын Жыйынына да азгырык болбогула»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 10:32). Ыйсанын Корунттагы жолдоочулары туура эмес иш кылышса, башкаларга кедерги болушмак. Алар туура эмес жүрүм-туруму аркылуу ошол кездеги гректерден, жүйүттөрдөн же майлангандардан тартып, азыркы кезде жашап жаткандарга чейин азгырышы мүмкүн беле? Жок. Ошондуктан ал аяттагы Кудайдын жыйналышы деген сөздөр Ыйсанын белгилүү бир убакта жашап жаткан жолдоочуларына таандык. Мисалы, бүгүн кимдир бирөө Кудай бардык жыйналышына жетекчилик, жардам же бата берип жатат десе, биз анын учурда жашап жаткан Ыйсанын жолдоочуларынын баары жөнүндө айтканын түшүнөбүз. Же биз азыр Кудайдын жыйналышында сүйүү жана тынчтык өкүм сүрүүдө дегенде, ишенимдештерибиздин баарын айткан болобуз.

12. Жыйналыш деген сөздүн үчүнчү мааниси кандай?

12 Ыйык Китептеги жыйналыш деген сөздүн үчүнчү мааниси белгилүү бир аймакта жашаган Ыйсанын жолдоочуларынын баарына тийиштүү. Мисалы, Элчилер 9:31де: «Бүт Жүйүт аймагындагы, Галилеядагы жана Самария шаарындагы Жыйындар тынч күндөрдү өткөрүп... жатышты»,— деп айтылган (Элчилер 9:31). Ооба, Жүйүт аймагында, Галилея менен Самарияда Ыйсанын жолдоочуларынын бир нече тобу бар эле. Бирок алардын баары тең түпнускада жыйналыш деп аталган. Б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамында жана андан көп өтпөй чөмүлтүлгөндөрдүн санын эске алсак, Иерусалимдин тегерегинде да бир нече топ үзгүлтүксүз чогулуп турган окшойт (Элчилер 2:41, 46, 47; 4:4; 6:1, 7). Б.з. 44-жылына чейин Жүйүт аймагын Ирод Агрипа I башкарып турган. Ал эми б.з. 50-жылына чейин, 1 Тесалоникалыктарга 2:14төн көрүнгөндөй, Жүйүт аймагында бир нече жыйналыш пайда болуп калган. Ошондуктан Ироддун жыйналыштагылардын «кээ бирөөлөрүн карматканы» Иерусалимде чогулуп жүргөн бир нече топко кол салганын билдириши мүмкүн (Элчилер 12:1).

13. Ыйык Китепте жыйналыш деген сөздүн төртүнчү колдонулушу кандай?

13 Төртүнчү мааниси кичирээк топко — кайсы бир жердеги чакан жыйналышка же менчик үйдө чогулган топко — карата колдонулат. Маселен, Пабыл «Галатиядагы Жыйындар» тууралуу айткан. Римге караштуу ал кең аймакта бир нече жыйналыш болгон. Пабыл Галатия жөнүндө айтканда жыйын же жыйналыш деген сөздүн көптүк санын эки ирет колдонгон. Аларга Антийохея, Дербе, Листра жана Икониялардагы жыйналыштар да кирсе керек. Ал жыйналыштарда Жазмадагы талаптарга жооп берген эркектер аксакал же көзөмөлчү болуп дайындалышкан (1 Корунттуктарга 16:1; Галатиялыктарга 1:2; Элчилер 14:19—23). Демек, Жазмада белгиленгендей, ал жыйналыштардын баары «Кудайдын Жыйындары» болгон (1 Корунттуктарга 11:16; 2 Тесалоникалыктарга 1:4).

14. Кээ бир аяттарда жыйналыш деген сөз кандай мааниде колдонулган жана мындан эмнени билебиз?

14 Айрым учурларда Ыйсанын жолдоочулары бир эле үйгө баткыдай кичине топ болуп чогулган. Ал топтор да жыйналыш деп аталган. Аларга Акила менен Прискиланын, Нимпандын жана Филемондун үйүндөгү жыйналыштар кирген (Римдиктерге 16:3—5; Колосалыктарга 4:15; Филемонго 2). Муну билүү азыр чакан топ болуп, үйлөрдө үзгүлтүксүз чогулуп жүргөндөрдү бекемдейт. Жахаба андай жыйналыштарды биринчи кылымда кандай бааласа, азыр да ошондой баалайт жана өзүнүн ыйык руху аркылуу колдойт.

Жыйналыштар Жахабаны даңктайт

15. Алгачкы жыйналыштагыларга ыйык рухтун кандай жөндөмдүүлүктөрү берилген?

15 Буга чейин айтылгандай, Ыйса, Забур 21:23тө жазылгандарды аткарыш үчүн, Кудайды жыйналышта даңктаган (Эврейлерге 2:12). Анын ишенимдүү жолдоочулары да ошондой кылышкан. Биринчи кылымдагы шакирттер ыйык рух менен майланганда Кудайдын уулдары жана Машайактын биртуугандары болушкан. Ошондо алардын айрымдарына рухтун таасири менен өзгөчө, кереметтүү жөндөмдүүлүктөр берилген. Ал жөндөмдүүлүктөргө акылмандык же билим, ооруларды айыктыруу, пайгамбарлык кылуу жана бөтөн тилдерде сүйлөө кирген (1 Корунттуктарга 12:4—11).

16. Рухтун жөндөмдүүлүктөрү кандай максатта берилген?

16 Бөлөк тилде сүйлөөгө байланыштуу Пабыл мындай деген: «Рухум менен да ырдайм, акылым менен да ырдайм» (1 Корунттуктарга 14:15). Жахабаны жыйналышта даңктоону көздөгөндүктөн, ал башкалардын түшүнүгүнө жеткире сүйлөөнүн, аларга насаат берүүнүн маанилүү экенин түшүнгөн. Пабыл рухтун жөндөмдүүлүктөрү бар ишенимдештерин: «Жыйындын [алар барып жүргөн жыйналыштын] бекемделиши үчүн, жөндөмдүүлүктөргө бай болууга аракет кылгыла»,— деп үндөгөн (1 Корунттуктарга 14:4, 5, 12, 23). Пабыл Ыйсанын ар бир жыйналыштагы жолдоочуларынын Кудайды даңкташына кызыкдар болгон.

17. Биз жергиликтүү жыйналыштарга байланыштуу эмнеден шектенбесек болот?

17 Жахаба дагы деле жыйналыштарын колдонуп, аларга колдоо көрсөтүп жатат. Ал Ыйсанын жердеги майланган жолдоочуларынын чакан тобуна азыр да батасын берүүдө. Буга Кудайдын өз элине рухий тамакты мол берип жатканы далил (Лука 12:42). Бүткүл дүйнөлүк биртуугандык да, жергиликтүү жыйналыштар да Кудайдын батасын алып жатышат. Жыйналыштан биз иштерибиз жана бекемдээрлик жоопторубуз менен Жаратканды даңктайбыз. Ал жактан алган билимибиз Кудайды жыйналыштан тышкаркы учурларда да даңктоого өбөлгө түзөт.

18, 19. Ыйсанын жолдоочулары жыйналышта эмне кылууну каалашат?

18 Элчи Пабыл Филипидеги (Македония) жыйналышка: «Кудай даңкталышы жана макталышы үчүн, Ыйса Машайак аркылуу адилдиктин жемишине артыгы менен ээ болушуңар үчүн сыйынам»,— деген. Ан үчүн алар башкаларга Ыйсага болгон ишеними жөнүндө жана жаркын үмүтү жөнүндө айтып бериши керек эле (Филипиликтерге 1:9—11; 3:8—11). Ошондуктан Пабыл ишенимдештерин: «Кудайга мактоо курмандыгын, башкача айтканда, Анын ысымын даңктаган ооз курмандыгын Ыйса аркылуу тынымсыз алып келгиле»,— деп үндөгөн (Эврейлерге 13:15).

19 Сен да, Ыйсага окшоп, Кудайды жыйналышта жана аны таанып-биле элек адамдардын алдында даңктоодон кубаныч аласыңбы? (Эврейлерге 2:12; Римдиктерге 15:9—11). Бул суроого кантип жооп берерибиз жыйналышыбыздын Кудайдын ой-ниетинде кандай роль ойноорун түшүнүүдөн көзкаранды. Эмки макалада Жахабанын жыйналышты кантип жетектеп, колдонуп жатканы, ошондой эле жыйналыш жашообузда кандай орун ээлеши керектиги талкууланат.

Эсиңердеби?

• Кудайдын майлангандардан түзүлгөн жыйналышы кандайча пайда болгон?

• Ыйык Китепте жыйналыш деген сөз дагы кандай үч мааниде колдонулат?

• Дөөт, Ыйса жана анын алгачкы жолдоочулары жыйналышта эмне кылышкан жана бул бизге эмне кылууга түрткү берет?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Жергиликтүү топтор «Кудайдын Жыйыны» катары чогулушкан

[10-беттеги сүрөт]

Бениндеги биртуугандардай болуп, биз Жахабаны жыйналышта даңктайбыз

[11-беттеги сүрөт]

Ыйса кайсы жыйналыштын пайдубалы эле?