Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жыйналыш рухий жактан өсүүдө

Жыйналыш рухий жактан өсүүдө

Жыйналыш рухий жактан өсүүдө

«Жыйындар тынч күндөрдү өткөрүп, рухий жактан өсүп жатышты» (Элчилер 9:31).

1. «Кудайдын Жыйынына» байланыштуу кандай суроолор туулат?

ЭЛҮҮНЧҮ күн майрамында, б.з. 33-жылы, Жахаба Ыйсанын жолдоочуларын жаңы «Ысрайыл эли» катары кабыл алган (Галатиялыктарга 6:16). Рух менен майланган ал жолдоочулар, Ыйык Китепте айтылгандай, «Кудайдын Жыйыны» деп да атала баштаган (1 Корунттуктарга 11:22). «Кудайдын Жыйыны» болуу деген эмнени билдирген? Ал кандайча уюшулмак жана жерде кандай кызмат аткармак? Жыйналыш биздин жашообузга жана жыргалчылыгыбызга кандай таасир этет?

2, 3. Ыйса айткандай, жыйналыш кандайча уюшулмак?

2 Мурунку макалада талкуулангандай, Ыйса майланган жолдоочуларынын жыйналышы пайда болорун алдын ала айтып, элчи Петирге: «Мен Өз Жыйынымды ушул таштын [Ыйсанын өзүнүн] үстүнө курам, аны өлүм да жеңе албайт»,— деген (Матай 16:18). Ошондой эле Ыйса жерде элчилери менен жүргөндө келечекте негизделе турган жыйналыштын кандайча уюшулушу, кандай кызмат аткарышы керектигине байланыштуу көрсөтмөлөрдү берген.

3 Ыйса жыйналыштагылардын арасынан айрымдар жетекчиликти колго аларын айткан. Алар ишенимдештерине кызмат кылышмак. «Элге башчылар үстөмдүк кыларын, төрөлөр бийлик жүргүзөрүн билесиңер. Бирок силердин араңарда мындай болбосун,— деген ал.— Тескерисинче, араңарда ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун. Араңарда ким биринчи болгусу келсе, ал баарыңарга кул болсун» (Марк 10:42—44). Демек, «Кудайдын Жыйыны» чачыранды, өз-өзүнчө бөлүнгөн элден турган, баш аламандык өкүм сүргөн эмес, мыкты уюшулган, мүчөлөрү өз ара тыгыз кызматташкан жыйналыш болууга тийиш эле.

4, 5. Жыйналыш рухий насаатка эмне үчүн муктаж болгон?

4 «Кудайдын Жыйынынын» Башчысы Ыйса элчилеринин жана башка жолдоочуларынын жыйналышта өзгөчө жоопкерчиликтерге ээ болорун айткан. Алар жыйналыштагыларга, биринчи кезекте, рухий акыл-насаат берүүгө тийиш эле. Ыйса тирилгенден кийин Петирден башка элчилеринин көзүнчө: «Жунус уулу Шымон, сен Мени буларга караганда көбүрөөк сүйөсүңбү?» — деп сураган. Анда Петир: «Ооба, Теңир, Сени сүйөрүмдү Өзүң билесиң»,— деп жооп берген. Ошондо Ыйса ага: «Козуларымды кайтар... Койлорумду кайтар... Койлорумду кайтар»,— деген (Жакан 21:15—17). Бул кандай гана олуттуу тапшырма эле!

5 Ыйса бул жерде жыйналыштагыларды отордогу койлорго салыштырган. Ал каймана маанидеги койлор — эркектер, аялдар жана балдар — рухий тамакка жана камкордук менен кайтарылууга муктаж болушмак. Андан тышкары, Ыйса жолдоочуларынын баарына башкаларды окутуп-үйрөтүүнү, шакирт даярдоону буйруган. Жаңыдан анын кою болгондор да бул буйрукту аткарыш үчүн, тийиштүү түрдө үйрөтүлүшү зарыл эле (Матай 28:19, 20).

6. Жаңы түзүлгөн жыйналышта эмнелер жасала баштаган?

6 «Кудайдын Жыйыны» түзүлгөндө, анын мүчөлөрү үзгүлтүксүз чогулуп, насаат алып, бири-бирин бекемдеп турушкан. Ыйык Китепте ал тууралуу мындай делет: «Алар элчилердин насааттарын угушчу, бири-бири менен баарлашышчу, нан сындырышчу жана сыйынышчу» (Элчилер 2:42, 46, 47). Ал эми, Жазмадагы билдирүүгө ылайык, талаптарга жооп берген айрым эркектер жыйналыштагыларга иш жүзүндө кам көрүү үчүн дайындалышкан. Аларга андай жоопкерчиликтер билимдүү же жөндөмдүү болгондуктан артылган эмес. Алар «Ыйык Рухка толгон жана акылдуу» болушкан. Мисалы, алардын бири Степан «ишеними бекем, Ыйык Рухка толгон» киши болгон. Ошентип, жыйналыштын иш-аракетинен улам «Кудайдын сөзү кеңири жайылып, Иерусалимде шакирттердин саны абдан көбөйгөн» (Элчилер 6:1—7).

Жыйналыштагы дайындалган эркектер

7, 8. а) Иерусалимдеги элчилер менен жыйналыштын аксакалдары кандай кызмат аткарышкан? б) Алардын көрсөтмөсү жыйналыштагыларга кандай таасир тийгизген?

7 Алгачкы жыйналыштарды элчилер жетектегени шексиз. Бирок алардан тышкары да жооптуу эркектер болгон. Алсак, Ыйык Китепте Пабыл менен анын шериктештеринин Сириядагы Антийохеяга барганы айтылат. Элчилер 14:27де баяндалгандай, ал жакка барышканда «алар... Жыйынды чогултуп, Кудайдын өздөрү аркылуу кылган иштеринин бардыгын... айтып беришкен». Алар ошол жыйналышта жүрүшкөндө, бутпарастардан кайрылгандар сүннөткө отургузулушу керекпи, жокпу деген суроо көтөрүлгөн. Андыктан Пабыл менен Барнаба жетектөөчү кеңеш катары кызмат кылып турган «Иерусалимдеги элчилерге жана Жыйын башчыларына» жиберилген (Элчилер 15:1—3).

8 «Элчилер менен Жыйын башчылары ушул маселени кароо үчүн чогулушканда», Ыйсанын уялаш биртууганы, жыйналыш аксакалы Жакып, элчи болбосо да, төрагалык кылган (Элчилер 15:6). Алар кенен талкуудан кийин, ыйык рухтун жардамы менен Жазмага ылайык келген тыянак чыгарып, чечимин кат аркылуу жергиликтүү жыйналыштарга жөнөтүшөт (Элчилер 15:22—32). Жыйналыштагылар болсо алардын көрсөтмөсүн кабыл алып, колдоно баштайт. Натыйжада биртуугандар бекемделип, рухий жактан өсүшкөн. Ооба, Ыйык Китепте айтылгандай, жыйналыштагылардын «ишеними бекемделип, сан жагынан күндөн-күнгө көбөйгөн» (Элчилер 16:5).

9. Жетилген эркектер жыйналышта кандай кызмат аткарышкан?

9 Ал эми ар бир жыйналыштагы иштер кандай жүргүзүлмөк? Аны Крит аралындагы жыйналыштардын мисалынан билебиз. Ал жактагы эл, негизинен, жаман жагынан атагы чыккан. Бирок алардын арасында өзгөрүп, Ыйсанын жолдоочулары болгондор бар эле (Титке 1:10—12; 2:2, 3). Алар ошол жактагы шаарларда жашашчу, демек, Иерусалимдеги жетектөөчү кеңештен алыс болушкан. Бирок бул эч кандай кыйынчылык туудурган эмес. Себеби Криттеги жыйналыштарда да рухий жактан жетилген, жооптуу эркектер бар болчу. Алар Жазмадагы талаптарга жооп беришкендиктен, аксакал же көзөмөлчү болуп дайындалып, «туура окутууга үйрөтүшкөн» жана «каршы чыккандардын айыбын ачып» турушкан (Титке 1:5—9; 1 Тиметейге 3:1—7). Ал эми рухий жактан жетилген башка эркектер болсо жыйналыштарга көмөктөшүү үчүн «диакондор» же кызмат жардамчылары катары дайындалышкан (1 Тиметейге 3:8—10, 12, 13).

10. Матай 18:15—17-аяттарга ылайык, олуттуу кыйынчылыктар кантип чечилген?

10 Андай түзүлүштүн болорун Ыйса алдын ала айткан. Муну Матай 18:15—17-аяттардан көрүүгө болот. Ыйса ал жерде Кудайга ишенген эки кишинин ортосунда кээде келишпестиктер пайда болушу, бири экинчисине каршы күнөө жасашы мүмкүн экенин айткан. Таарынган тарап таарынткан адамга барып, жекеме-жеке сүйлөшүп «анын айыбын ачууга» тийиш болчу. Келишпестик чечилбесе, ал ишке күбө болгон бир же эки киши жардамга чакырылмак. Ошондо да кыйынчылык чечилбесечи? «Эгерде аларга кулак салбаса, Жыйынга билдир. Эгерде Жыйынга да кулак салбай койсо, аны бутпарас жана салык жыйноочу катары эсепте»,— деген Ыйса. Ал кезде жүйүттөр «Кудайдын Жыйыны» же жыйналышы катары эсептелчү. Ошол себептүү айтылгандар, биринчи кезекте, жүйүттөргө тиешелүү болгон *. Бирок Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы уюшулганда, ал көрсөтмөнү алар да колдонушу керек эле. Мындай көрсөтмө жыйналышта Ыйсанын жолдоочуларынын ар бири рухий акыл-насаат жана жетекчилик ала турган түзүлүш болорун дагы бир ирет көрсөткөн.

11. Кыйынчылыктардын чечилишине аксакалдар кандай салым кошкон?

11 Титке 1:9дагы талапка ылайык, аксакалдар же көзөмөлчүлөр жергиликтүү жыйналыштардагы кыйынчылыктарды чечүүгө же күнөө жасалган жагдайларды териштирүүгө жооптуу болушкан. Албетте, ал аксакалдар да, Пабыл жыйналыштардагы «бүтпөй калган иштерди бүтүрүш» үчүн жиберген Тит да жеткилең эмес болгон (Титке 1:4, 5). Бүгүнкү күндө аксакал болуп дайындала турган биртуугандар ишенимин жана берилгендигин бир канча убакыт бою далилдегендерден болууга тийиш. Ошондуктан жыйналыштагылар аларга ишеним артып, мындай түзүлүш аркылуу берилген жетекчилик менен башчылыкка даярдуулук менен баш ие алышат.

12. Аксакалдардын кандай жоопкерчилиги бар?

12 Пабыл Эфестеги жыйналыштын аксакалдарына: «Өзүңөргө жана Ыйык Рух тарабынан тапшырылган бүтүндөй үйүргө сак болгула. Теңирдин жана Кудайдын Өз канын төгүп сатып алган Жыйынын кайтаргыла»,— деген (Элчилер 20:28). Бүгүн да ошо сыяктуу эле жыйналыштын көзөмөлчүлөрү Кудайдын «Жыйынын кайтарууга» дайындалышкан. Алар оторго үстөмдүк кылышпайт, сүйүү менен кам көрүшөт (1 Петир 5:2, 3). Көзөмөлчүлөр оторго рухий жактан өсүүгө жардам берүүгө умтулушат.

Жыйналыш менен тыгыз байланышта болуу

13. Кээде жыйналышыбызда кандай жагдай пайда болушу мүмкүн жана эмне себептен?

13 Аксакалдар да, жыйналыштагылар да, деги эле, баарыбыз жеткилең эмеспиз. Ошон үчүн жыйналышта маал-маалы менен ар кандай түшүнбөстүктөр, кыйынчылыктар пайда болот. Андай кыйынчылыктар биринчи кылымда, элчилердин кээси тирүү кезде деле болуп турган (Филипиликтерге 4:2, 3). Ал эми бизге кээде көзөмөлчү же башка бирөө орой, катуу, чындыкка көп сыйышпаган нерсени айткандай сезилип кетсечи? Же ыйык китептик талапты бузган иш жасалып, аксакалдар аны билсе да, эч кандай чара көрбөй жаткандай туюлсачы? Чынында, ал иш Ыйык Китептин негизинде, биз билбеген жагдайлар эске алынып каралгандыр же каралып жаткандыр. Сенин оюң туура чыккан күндө деле, мына бул жөнүндө ойлонуп көрчү: Корунттагы жыйналышта бир олуттуу күнөөгө каршы дароо чара көрүлгөн эмес. Бирок ал жыйналышка Жахаба көз салып турган. Ошон үчүн бир канча убакыттан кийин ал жагдай туура жана чечкиндүү түрдө оңдолгон (1 Корунттуктарга 5:1, 5, 9—11). Анда өзүбүздөн: «Ошондо мен Корунттагы жыйналышта болсом, ал жагдайга кандай карамакмын?» — деп сурасак болот.

14, 15. Эмне үчүн айрымдар Ыйсаны жолдобой калышат жана биз андан кандай сабак алабыз?

14 Жыйналышка байланыштуу дагы бир жагдайды карап чыгалы. Кимдир бирөө ыйык китептик кайсы бир окууну түшүнбөй, кабыл ала албай жатат дейли. Ал Ыйык Китептин, жыйналыштагы адабияттардын жардамы менен изилдөө жүргүзүп чыккандыр жана жетилген ишенимдештерине, атүгүл, аксакалдарга кайрылгандыр. Бирок ошондо да ал ойду түшүнбөй, кабыл ала албай жатсачы? Ыйсанын өлөрүнө бир жылдай калганда да ушул сыяктуу бир окуя болгон. Ыйса өзүн «өмүр берүүчү нанмын» деп атап, түбөлүк жашагысы келгендерге «Адам Уулунун Денесин жеп, Канын ичүү» керектигин айткан. Шакирттеринин кээси аны укканда, безге сайгандай болгон. Бирок анын маанисин түшүндүрүп берүүнү сурагандын же ишеним менен күтүүнүн ордуна, шакирттердин көбү «Ыйсадан четтеп, Аны ээрчибей» калышкан (Жакан 6:35, 41—66). Биз алардын арасында болсок, эмне кылат элек?

15 Бүгүнкү күндө, Кудайга өз алдымча кызмат кыла берем деп, жыйналыш менен байланышын үзүп койгондор бар. Алар кимдир бирөөгө таарынып жүрүшү, кандайдыр бир абал оңолбойт деп ойлошу же кайсы бир окууну кабыл алгысы келбеши мүмкүн. Андай ой жүгүртүү туурабы? Чынында, Жахабанын элиндеги ар бир адам аны менен өз ара мамиле өрчүтүүгө тийиш. Бирок биз Жахабанын, элчилердин маалындагыдай эле, азыр да дүйнө жүзүндөгү жыйналыштардын баарын колдонорун четке кага албайбыз. Кудай биринчи кылымдагы жыйналыштарды колдонуп, аларга батасын берген жана жетилген аксакалдар менен кызмат жардамчыларын дайындаган. Бүгүн да ошентет.

16. Жыйналышты таштап кетүү азгырыгы пайда болсо, эмне жөнүндө ойлонушубуз керек?

16 Кудай менен гана тыгыз мамиледе болууну жетиштүү деп эсептегендер Кудай караштырган түзүлүштөн — Анын элинин дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарынан да, жергиликтүү жыйналышынан да — баш тарткан болот. Кудайга өз алдымча сыйына берем же айрым биртуугандар менен гана пикирлешем дегендер Жахабанын чыныгы сыйынууда аксакалдар менен кызмат жардамчыларын колдонорун унуткан болбойбу? Колос шаарындагы жыйналышка жазып, Лаодикеяда да окулсун деген катында Пабыл: «Анын [Ыйсанын] ичинде тамырлагыла, бекемделгиле»,— деп үндөгөн. Пабылдын ал насаатынан, жыйналыштан бөлүнүп кеткендер эмес, жыйналыштагылар гана пайда алышмак (Колосалыктарга 2:6, 7; 4:16).

Чындыктын тиреги жана негизи

17. 1 Тиметейге 3:15те жыйналыш тууралуу эмне делген?

17 Тиметейге жазган биринчи катында Пабыл аксакалдар менен кызмат жардамчыларына коюлган талаптарды атап өткөн. Анан «тирүү Кудайдын Жыйынынын» «чындыктын тиреги жана негизи» экенин айткан (1 Тиметейге 3:15). Биринчи кылымда Ыйсанын майланган жолдоочуларынан турган жыйналыш, чынында эле, чындыктын тиреги болгон. Андай чындыкты Ыйсанын жолдоочуларынын ар бири, негизинен, жергиликтүү жыйналыш аркылуу гана билишмек. Ооба, алар дал ошол жактан чындыкка негизделген окууларга үйрөнүп, рухий жактан өсүш үчүн керектүү жардам алышмак.

18. Жыйналыш жолугушуулары эмне үчүн маанилүү?

18 Ошол сыяктуу эле, дүйнө жүзүндөгү жыйналыштар — «Кудайдын үйү», «чындыктын тиреги жана негизи». Жергиликтүү жыйналыш жолугушууларына үзбөй баруу, ага катышуу биздин рухий жактан өсүшүбүзгө өбөлгө түзөт, Кудай менен болгон мамилебизди бекемдейт, ошондо анын эркин аткарууга даяр болобуз. Пабыл Корунттагы жыйналышка кат жазганда алардын жолугушууларынын жеткиликтүү, түшүнүктүү өтүлүшүн каалаарын билдирген. Себеби ошондо гана келгендердин ишеними бекемделмек (1 Корунттуктарга 14:12, 17—19). Биз да жыйналыштын Жахаба киргизген түзүлүш экенин жана аны өзү колдоп жатканын түшүнсөк, ишенимибиз бекемделет.

19. Биз жыйналышыбызды эмне себептен баалашыбыз керек?

19 Демек, Кудайдын эли катары рухий жактан өскүбүз келсе, баарыбыз жыйналыш менен тыгыз байланышта болууга тийишпиз. Жыйналыш Кудайдын элин жалган окуулардан коргойт. Кудай аны Падышалык тууралуу жакшы кабарды таратуу үчүн колдонот. Ооба, Жахаба жыйналыш аркылуу көптөгөн ой-ниетин ишке ашырып жатканы шексиз (Эфестиктерге 3:9, 10).

[Шилтемелер]

^ 10-абз. Ыйык Китепти изилдеген окумуштуу Альберт Барнздын ырастоосунда, Ыйсанын «Жыйынга билдир» деген көрсөтмөсү «андай иштерди териштирүүгө укугу барларга — диний коомдун өкүлдөрүнө билдирүүнү түшүндүрүшү мүмкүн. Жүйүт синагогасында ушул өңдүү иш-маселелерди териштирген аксакалдар соту бар болчу».

Эсиңердеби?

• Кудай дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарды колдонорун кайдан билебиз?

• Жеткилең болушпаса да, жыйналыш аксакалдары кандай иштерди аткарышат?

• Жергиликтүү жыйналыш бизге рухий жактан өсүүгө канткенде өбөлгө түзөт?

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги сүрөт]

Алгачкы жетектөөчү кеңеш Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдардан турган

[16-беттеги сүрөт]

Аксакалдар менен кызмат жардамчылары жыйналыштагы жоопкерчилигин аткарууга окутулушат