Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ырайымсыздык жок болобу?

Ырайымсыздык жок болобу?

Ырайымсыздык жок болобу?

ДҮЙНӨДӨ болуп жаткан ырайымсыздыктын негизги себеби өзүмчүлдүк экенине көптөр кошулары күмөнсүз. «Мен баарынан артыкмын» деген ой сиңип калган муундан өзүн гана ойлогон адамдардын коому жаралган. Көптөр көздөгөнүнө эмнеси болсо да, керек болсо ырайымсыз жол менен да, жетүүдөн кайра тартышпайт. Мындай маанайды айрымдар эле эмес, дээрлик бүтүндөй адамзат чагылдырат.

Азыр адамдын өмүрү бааланбай калды көрүнөт. Кээ бирөөлөр ырайымсыздык кылуудан атүгүл ырахат алып, аны көңүл ачуу катары көрүшөт. Алар башкаларга зыян келтирүүдөн канааттануу алуу үчүн гана зөөкүрдүк кылган кылмышкерлерге окшош. Кино чыгаруучуларга чоң киреше алып келген, зордук-зомбулук камтылган фильмдерди жакшы көргөн миллиондогон адамдар тууралуу эмне айтууга болот? Көптөрдүн мерез болуп калышына телевизордон аза бойду дүркүрөткөн нерселердин тынбай көрсөтүлүшү таасир эткен.

Ырайымсыздыкка дуушар болгондордун психологиясы бузулуп, көп учурда өздөрү да мыкаачы болуп калышат. Мексиканын автономиялык улуттук университетинде сабак берген Ноеми Диас Марокуин ырайымсыздык ырайымсыздыкты туудурарын айтып, мындай деген: «Зордук-зомбулук — бул үйрөнчү нерсе... Зордук-зомбулукка үндөгөн чөйрөдө, биз да башкаларга катаал мамиле жасаганды үйрөнө баштайбыз». Демек, катаал мамилеге дуушар болгон адам кийин башкаларга да, так эле өзүнө жасалгандай ырайымсыздык кылышы толук ыктымал.

Ал эми кээ бирөөлөр спирт ичимдиктерин же баңгизатты кыянат колдонгондуктан зордукчул болушат. Элдин жыргалчылыгын ойлобойт деп өкмөт башчыларына нааразы болгондор да бар. Алардын айрымдары нааразычылыгын зордук-зомбулук кылып, террордук чабуулдарды уюштуруп билдиришет. Өкүнүчтүүсү, андайда бейкүнөө адамдар жапа чегет.

Балким, сенде да: «Адамдарды ырайымсыз болууга эмне түртөт? Аларга таасир эткен бирөө барбы?» — деген суроолор пайда болуп жаткандыр.

Ырайымсыздыкка ким себепкер?

Шайтан Ибилис дүйнөгө күчтүү таасир эткендиктен, Ыйык Китепте ал «бул дүйнөнүн төрөсү» деп аталат (2 Корунттуктарга 4:4). Шайтан — ааламдагы жеткен өзүмчүл, мыкаачы рухий жаратуу. Ыйса аны «киши өлтүргүч», «жалгандын атасы» деп таамай сүрөттөгөн (Жакан 8:44).

Адам менен Обо Кудайга каршы чыккандан тартып, адамзатты Шайтан башкарып калган (Башталыш 3:1—7, 16—19). Биринчи түгөй Жахабадан баш тарткандан 15 кылым өткөндөн кийин, козголоңчу периштелер аялдар менен жыныстык катнашта болуу үчүн адам кейпин кийип, жерге түшүшкөн. Алардан «алп адамдар», атап айтканда, «нефилимдер» төрөлгөн. Алар эмнеси менен өзгөчөлөнгөн? Нефилим деген сөз «кулатуучулар» же «башкаларды кулаткандар» деген маанини туюнтат. Чынында эле, алар зордук-зомбулук, адеп-ахлаксыз иштерди кылган зөөкүрлөр эле. Ал алптарды Топон суу менен Кудай гана жок кыла алган (Башталыш 6:4, 5, 17). Нефилимдер Топон сууда жок кылынса да, алардын аталары — жин-перилер — кайрадан рухий чөйрөгө кетип калышкан (1 Петир 3:19, 20).

Каардуу рухий жаратуулар канчалык мыкаачы экенин Ыйсанын күндөрүндөгү жин оорулуу бала менен болгон окуядан көрүүгө болот. Баланын ичине кирип алган жин аны калчылдатып кыйнаган жана өлтүрүү үчүн далай жолу отко да, сууга да таштаган (Марк 9:17—22). Ооба, «жаман рухтар» өздөрүнүн ташбоор башчысы Шайтан Ибилистин сапаттарын чагылдырат (Эфестиктерге 6:12).

Бүгүн жин-перилер адамдардын ырайымсыз болушуна дагы деле таасир этүүдө. Бул тууралуу Ыйык Китепте алдын ала мындай деп айтылган: «Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил. Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү... бой көтөргөн, менменсинген... жакшылыкты билбеген, кудайсыз, таш боор, элдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн, чыккынчы, кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн, Кудайга караганда, ыракатты сүйгөн, такыбаа болуп көрүнгөн, бирок такыбаалыктын күчүнөн баш тарткан адамдар болушат» (2 Тиметейге 3:1—5).

Ыйык Жазмада биздин күндөр өзгөчө оор болору айтылган. Себеби 1914-жылы Ыйса Машайак Кудайдын Падышалыгында башкара баштаганда, Шайтан жана анын жин-перилери асмандан жерге куулуп түшкөн. Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Жер үстүндө жана деңизде жашагандарга кайгы! Анткени шайтан өз убагынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү!» — деп айтылат (Аян 12:5—9, 12).

Бул жагдай оңолот деп үмүттөнүүгө негиз жок дегенди билдиреби? Диас Марокуин: «Жаман жүрүм-турумду таштоо ар бир адамдын колунан келет»,— деп айткан. Ошентсе да Шайтандын таасири астындагы дүйнөдө жашап жаткандыктан, адам зордукчул мүнөзүн өзү өзгөртө албайт. Ал ой жүгүртүүсүнө, иш-аракетине бул дүйнөнүкүнөн алда канча зор күчкө таасир этүүгө жол бериши зарыл. Ал эмне болгон күч?

Өзгөрүлүүгө болот. Кантип?

Бактыга жараша, ааламдагы эң кубаттуу күч, Кудайдын ыйык руху, жин-перилердин бардык таасиринен арылууга жардам бере алат. Ыйык рух адамга башкаларга сүйүү көрсөтүүгө, алардын жыргалчылыгын ойлоого түрткү берет. Андыктан Жахабанын ыйык рухуна жана анын жактыруусуна ээ болуу үчүн, зордук-зомбулукту чагылдырган жүрүм-турумдан жаа бою качуу керек. Демек, андай адам Кудайдын эркине ылайык өзгөрүлүүгө тийиш. Кудайдын эркине ылайык деген эмнени билдирет? Бул Кудайды мүмкүн болушунча жакшыраак тууроону, башкача айтканда, башкаларга карата аныкындай көзкарашта болууну билдирет (Эфестиктерге 5:1, 2; Колосалыктарга 3:7—10).

Жахабанын башкаларга кандай мамиле жасаарын билген сайын, анын бардык адамдарга кызыгуу көрсөтөрүнө ынана бересиң. Жахаба адамга, атүгүл жаныбарга да ырайымсыз мамиле кылбайт * (Мыйзам 22:10; Забур 35:8; Накыл сөздөр 12:10). Ал зордук-зомбулукту жана аны кылгандарды жек көрөт (Накыл сөздөр 3:31, 32). Жахаба кызматчыларынын «жаңы табиятка» «кийинишин» каалайт. Мунун аркасында алар башкаларды өздөрүнөн жогору коюуга, урматтоого үйрөнүшөт (Филипиликтерге 2:2—4). Ыйсанын жолдоочулары «жаңы табиятка» «кийинген» адамга мүнөздүү сапаттарды: «боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жооштукту, чыдамдуулукту» көрсөтүшөт. Ошондой эле сүйүүнү — «жеткилеңдиктин курун» — «курчанышат» (Колосалыктарга 3:12—14). Адамдардын баары ушундай сапаттарды чагылдырса, дүйнө азыркыдан таптакыр башкача болмок экенине кошулбайсыңарбы?

Башкаларга катаал мамиле жасап жүргөн киши өзгөрө алабы? Ооба. Мартин * менен болгон окуяны карап көрөлү. Ал балдарынын көзүнчө аялын кордоп, ал тургай, аны сабаган күндөрү да болгон. Бир жолу үйүндө ушунчалык катуу жаңжал болгондуктан, балдары кошуналарынан жардам суроого аргасыз болушкан. Кийинчерээк алар үйбүлөсү менен чогуу Ыйык Китепти изилдей башташат. Мартин изилдөөдөн өзүнүн кандай адам болушу, башкаларга кандай мамиле жасашы керектиги тууралуу билет. Ал өзгөрүлгөнбү? Анын аялы мындай деген: «Мурда Мартиндин ачуусу чукул болчу. Ошондуктан бир да күнүбүз урушсуз өтчү эмес. Ага өзгөрүлүүгө жардам бергени үчүн Жахабага чексиз ыраазымын. Мартин кадимкидей өзгөрүлдү. Ал азыр эң сонун ата жана эң жакшы күйөө».

Бул жашоодон алынган окуялардын бири гана. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеген миллиондогон адамдар катаал мүнөзүн өзгөртө алышкан. Ооба, жаман жүрүм-турумду таштоого болот.

Жакында ырайымсыздык биротоло жок болот

Жакында Ыйса Машайак башкарган, асманда орнотулган өкмөт — Кудайдын Падышалыгы — жер үстүндө толугу менен бийлик жүргүзө баштайт. Ал асманды ырайымсыздыкка жооптуу Шайтандан жана анын жин-перилеринен тазалаган. Жакын арада болсо тынчтыкты сүйгөн адамдардын бардык муктаждыктарын канааттандырат (Забур 36:10, 11; Ышайа 11:2—5). Дүйнөдөгү көйгөйлөрдү Кудайдын Падышалыгы гана биротоло чечет. Бирок ал убак келгиче, ырайымсыз мамилеге дуушар болуп калсаң, эмне кылууга болот?

Жамандыкка жамандык менен жооп берүүдөн эч майнап чыкпайт. Тескерисинче, жыйынтыгы залакалуу болушу мүмкүн. Ыйык Китеп бизди Жахабага таянууга чакырат, себеби Жахаба өз учурунда «ар бир адамга өзүнүн жолуна жана кылган иштеринин жемишине жараша тиешесин берет» (Жеремия 17:10). («Ырайымсыз мамилеге дуушар болсоң...» деген кутучаны кара.) Анткен менен азыркы коогалаңдуу дүйнөдө коркунучтуу кылмыштын курмандыгы да болуп калышың ыктымал (Насаатчы 9:11). Бирок Кудай келтирилген бардык зыяндын ордун толтура аларына, атүгүл өлүмдү да жок кыла аларына шектенбесең болот. Кудайдын убадасы боюнча, зордук-зомбулуктун айынан өмүрүнөн айрылгандар, анын эстутумундагылардын баары, тирилишет (Жакан 5:28, 29).

Зордук-зомбулукка дуушар болсок да, Кудай менен болгон жакын мамилебиз жана анын убадаларына болгон бекем ишенимибиз бизге күч берет. Мисалы, Сара эки баласын өзү жалгыз чоңойтуп, аларды жакшы билим алсын деп колунан келгендин баарын кылган. Тилекке каршы, ал карыганда, эки уулу тең ага кам көрбөй, таштап кетишкен. Ал турсун, ооруп калганда ал-жайын сурап койгонго да жарашкан эмес. Сара азыр Жахабанын Күбөсү. Ал мындай дейт: «Албетте, ыза болбой койбойсуң дечи. Бирок Жахаба мени таштаган жок. Ал мага рухий биртуугандар аркылуу ар дайым кам көрөт. Мен Жахабанын жакында жеке менин эле эмес, анын күчүнө таянгандардын, анын айткандарын аткаргандардын бардыгынын көйгөйлөрүн чечерине бекем ишенем».

Саранын рухий биртуугандары — Жахабанын Күбөлөрү, бүткүл дүйнөлүк биртуугандыкты түзгөн уюмдун мүчөлөрү. Алар ырайымсыздык жакында жок болоруна бекем ишенишет (1 Петир 2:17). Ооба, ошондой убак келгенде ырайымсыздык кылгандар да, ага жооптуу Шайтан да жок кылынат. Бир жазуучу азыркы мезгилди «ырайымсыздыктын доору» деп атаган. Ушул доор жакында соңуна чыгат. Бул эң сонун үмүт тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн бирине кайрылыңыз.

[6-беттеги кутуча]

Ырайымсыз мамилеге дуушар болсоң...

Кудай Сөзүндө ырайымсыз мамилеге дуушар болгондо эмне кылууга болоруна байланыштуу кеңештер бар. Акыл-насаат камтылган төмөнкү сөздөрдү кантип колдоно аларың тууралуу ойлонуп көр.

«„Жамандык үчүн өч алам“,— дебе, Теңирге кой, ошондо Ал сени сактайт» (Накыл сөздөр 20:22).

«Эгерде сен... кедейлер кысымга алынып, адилеттик менен чындык бурмаланып жатканын көрсөң, буга таң калба, анткени жогоркунун үстүнөн андан жогорку карап турат, анын үстүнөн эң жогорку көз салып турат» (Насаатчы 5:7).

«Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат» (Матай 5:5).

«Ошентип, адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла» (Матай 7:12).

«Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле, тескерисинче, бардык адамдардын алдында жакшылык кылууга аракеттенгиле. Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула. Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазууда: „Теңир мындай дейт: Өч Меники, Мен тиешесин берем“,— деп жазылган» (Римдиктерге 12:17—19).

«Машайак да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен... Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган» (1 Петир 2:21—23).

[Шилтемелер]

^ 16-абз. Кудайдын касиет-сапаттары тууралуу көбүрөөк маалыматты Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жахабага жакында» деген китептен табууга болот.

^ 17-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.

[7-беттеги сүрөт]

Жахабанын жардамы менен көптөр зордукчул мүнөзүн өзгөртө алышкан