Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ырайымсыз дүйнө

Ырайымсыз дүйнө

Ырайымсыз дүйнө

АЛТЫМЫШ төрт жаштагы Мария жалгыз жашачу. Аны өзүнүн эле үйүнөн катуу сабап, зым менен муунтуп өлтүрүп кетишкен.

Жаалдуу топ полициянын үч кызматкерин эки өспүрүмдү уурдашкан деп айыптап, уруп-сабап, экөөнү бензин куюп, өрттөп жиберишкен. Үчүнчүсү качып кутулган.

Белгисиз бирөө телефондон аза бойду дүркүрөткөн нерсени, өргүүгө кетти деп жүрүшкөн төрт кишинин өлүгү бакчадан табылганын, айткан. Алардын көздөрү таңылган, колдору байланган экен. Изилдөөлөрдөн алардын тирүүлөй көмүлгөнү аныкталган.

Жогорудагы төбө чачты тик тургузган окуялар кан суудай аккан, зордук-зомбулук менен коштолгон кинолордон алынган үзүндүлөр эмес. Булар чынында эле болгон окуялар. Алар тууралуу Латын Америкасынын бир гезитинде жазылган. Мындай мыкаачылыктар ошол эле өлкөдө болуп жаткан жок.

Ырайымсыздык боло жүргөн нерсеге айланды. Бомба жардыруу, террорчулук, киши өлтүрүү, кол салуу, атышуу жана зордуктоо ырайымсыз иштердин айрымдары гана. Телеберүүлөр менен жаңылыктардан зөөкүрдүк менен жасалган кылмыштар барган сайын көп көрсөтүлгөндүктөн, көптөр андай нерселерге таң калбай деле калган сыяктанат.

Балким: «Деги дүйнө эмне болуп баратат? Башкалардын сезими эске алынбай, өмүр бааланбай калдыбы? Эмне үчүн биз ушундай дүйнөдө жашашыбыз керек?» — деген суроолор сени да тынчсыздандырып жаткандыр.

Чынында, адамдардын көбү ырайымсыз эмес, боорукер келишет. Рак менен ооруган 69 жаштагы Гаррини мисалга алалы. Анын аялы склероздун оор түрү менен ооруйт. Ал жубайларга кошуналары менен достору дайыма жардам берип турушат. «Алар болбосо, билбейм эмне кылат элек»,— дейт Гарри. Ал жашаган жерде, Канадада, бир изилдөө көрсөткөндөй, улгайгандарга жардам бергендердин 50дөн ашуун пайызы — чоочун кишилер. Балким, башкаларга чын жүрөктөн дайыма жакшылык кылгандарды сен дагы билет чыгарсың.

Анда эмне үчүн ырайымсыздык көп? Адамдарды андай иштерге эмне түртөт? Башкаларга ырайымсыз мамиле кылгандар өзгөрө алабы? Ырайымсыздык жок болобу? Жок болсо, качан жана кандайча?

Train: CORDON PRESS