Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азап-кайгынын баары жакында жок болот!

Азап-кайгынын баары жакында жок болот!

Азап-кайгынын баары жакында жок болот!

«Ал — таяныч. Анын иштери жеткилең» (Мыйзам 32:4).

1, 2. а) Сен түбөлүк жашоого эмне себептен үмүттөнөсүң? б) Көптөр келечекке байланыштуу эң сонун убадаларды берген Кудайга эмне үчүн ишенишпейт?

СЕН келечектеги Бейиштеги жашоону элестетип, кыялданганды жакшы көрөсүңбү? Балким, ошондо кереметтүү планетабызды изилдегиң, андагы сансыз тирүү жандыктар жөнүндөгү билимиңди кеңейткиң келеттир. Же болбосо башкаларга кошулуп Жерге кам көрсөм, аны булуң-бурчуна чейин гүлзарга айлантсам дейттирсиң. Же азыр убакыттын тардыгынан көңүл бөлө албай жаткан жактардан, мисалы, сүрөт өнөрү, музыка, архитектура же дагы башка тармактар боюнча шык-жөндөмүңдү өрчүтүүнү ойлойттурсуң. Ооба, эмне жөнүндө кыялданба, сен «түбөлүк өмүргө» ээ болууга абдан үмүттөнөрүң шексиз. Жахаба, Ыйык Китепте жазылгандай, бизге дал ошондой жашоо берүүнү убадалайт (1 Тиметейге 6:19).

2 Ыйык Китепке негизделген ошол үмүт жөнүндө башкаларга айтып берүү, чынында, ары кубанычтуу, ары чоң сыймык. Бирок ал үмүттү көпчүлүк четке кагууда. Алар аны ойдон чыгарылган нерсе, чындыкка коошпогон кыял деп эсептешет жана ага ишенчээк адамдар гана ишенет дешет. Кээ бирөөлөргө Бейиштеги түбөлүк жашоону убадалаган Кудайга ишенүү кыйын. Эмне үчүн? Себеби алар адамзатты байыртадан эле тынчсыздандырып келген суроолорго жооп таппай жүргөндүр. Андай суроолордун бири — дүйнөдө эмне үчүн азап-кайгы көп? Алар, балким, мындай дейттир: «Кудурети күчтүү, мээримдүү Кудай чынында эле бар болсо, жамандыкка жана азап-кайгыга эмне үчүн жол берет? Жамандыкка кайдыгер караган Кудайдын болушу мүмкүн эмес. Болсо да, ал же ташбоор, же алсыз». Мындай ырастоолор айрымдарга туурадай сезилет. Бирок, чынында, булардын баары Шайтандын адамдардын акылын караңгылатуу жагынан өтө чебер экенин далилдейт (2 Корунттуктарга 4:4).

3. Башкаларга кайсы суроого жооп табууга жардамдаша алабыз жана эмне үчүн?

3 Шайтан менен дүйнөнүн акылмандыгынын таасиринен улам адашкандарга, биринчи кезекте, биз — Жахабанын Күбөлөрү — жардам бере алабыз (1 Корунттуктарга 1:20; 3:19). Биз алардын Ыйык Китептеги убадаларга эмне себептен ишенбээрин түшүнөбүз. Биринчиден, алар Жахабаны билишпейт. Анын ысмы, ысмынын мааниси жана касиет-сапаттары, берген убадасына бек турары жөнүндө азыноолок гана билиши же таптакыр билбеши ыктымал. Ал эми биз билебиз. Бул, чынында, чоң бата. Ошондуктан «акылы караңгылаган» адамдарга «Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатат?» деген суроого жооп алууга кантип жардам бере аларыбыз тууралуу маал-маалы менен ой жүгүртүшүбүз абзел (Эфестиктерге 4:18). Келгиле анда, ошол суроого тийиштүү түрдө жооп бериш үчүн, эмнеден баштоо керектигин талкуулап чыгалы. Анан Жахабанын жамандыкты жок кылууга байланыштуу маселени чечкенде өз сапаттарын кандайча чагылдырганын талдап көрөлү.

Эмнеден баштоого болот?

4, 5. Кимдир бирөө Кудайдын эмне үчүн азап-кайгыга жол берерин сураганда, эмнеден баштасак болот? Түшүндүрүп бер.

4 Адатта, кимдир бирөө: «Кудай азап-кайгыга эмне себептен жол берет?» — деп сураганда, эмне деп жооп беребиз? Балким, дароо эле Эйден багында болгон окуядан тартып түшүндүрө баштайттырбыз. Албетте, кээде ошенткен туура. Бирок бул дайыма эле орундуу боло бербейт. Андыктан маек баштоо үчүн алгач негиз салып алуу жакшы натыйжа бериши мүмкүн (Накыл сөздөр 25:11; Колосалыктарга 4:6). Жогорудагы суроого жооп берер алдында Ыйык Китепке негизделген үч кеңешти кантип колдонууга болорун кыскача карап чыгалы.

5 Адамды жамандыктын көбөйүп баратканы тынчсыздандырса, балким, ал өзү же жакыны кайсы бир жамандыкка кабылгандыр. Андай болсо, биринчиден, ага чын жүрөктөн боор ооруурубузду көрсөткөнүбүз дурус. Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Ыйлагандар менен ыйлагыла»,— деп кеңеш кылган (Римдиктерге 12:15). Демек, боорукер болуу зарыл. Ошондо адамдын жүрөгү жибиши мүмкүн (1 Петир 3:8). Эгер ал анын жагдайына кайдыгер карабаарыбызды байкаса, айткандарыбызды жакшы угушу ыктымал.

6, 7. Жүрөгү таза адамдарды суроо бергени үчүн мактоо эмне себептен туура?

6 Экинчиден, жүрөгү таза адамды ошондой суроо бергени үчүн мактасак болот. Айрымдар ушул өңдүү суроо берүү ишенимдин жетишсиздигин же Кудайды урматтабагандыкты көрсөтөт деп ойлошот. Балким, аларга кайсы бир диний жетекчи ошентип айткандыр. Бирок суроо берүү дайым эле ишенимдин аздыгын билдирбейт. Андай суроолорду Ыйык Китепте айтылган ишенимдүү кишилер да беришкен. Мисалы, забурчу Дөөт: «Теңир, эмне үчүн алыс турасың, кайгы учурунда эмне үчүн Өзүңдү жашырасың?» — деп сураган (Забур 9:22). Хабакук пайгамбар да минткен: «Теңир, мен качанга чейин боздой берем? Сен мени качанга чейин укпайсың? Сага качанга чейин зордук-зомбулук тууралуу зар какшай берем? Сен качанга чейин куткарбайсың? Эмне үчүн Сен мага кыянат иштерди, кыйынчылыктарды көрсөтүп жатасың? Талап-тоноочулук менен зордук-зомбулукту өз көзүм менен көрүп жатам, касташуулар менен уруш-чатактар болуп жатат» (Хабакук 1:2, 3).

7 Дөөт менен Хабакук Кудайды терең урматтаган, ишенимдүү кишилерден болгон. Жахаба аларды ошондой суроо бергени үчүн жемеледи беле? Жок. Кайра, алардын таза ниеттен берген суроолорун Ыйык Китепке жаздырып койгон. Бүгүнкү күндө да кимдир бирөөнүн жамандыктын кеңири таралып баратканына тынчсызданганы анын рухий жактан ачка экенин көрсөтүшү мүмкүн. Андай адам суроолоруна Ыйык Китептен гана жооп ала алат. Ыйса «руху жакырларды», тактап айтканда, рухий жактан билим алгысы келгендерди мактаган (Матай 5:3). Андыктан ошондой кишилерге, Ыйса убадалагандай, бактылуу болууга жардам берүү — биз үчүн чоң артыкчылык!

8. Айрымдарды Кудайды күнөөлөөгө кандай жалган окуулар түртөт жана биз аларга кантип жардам бере алабыз?

8 Үчүнчүдөн, биз жамандыктын таралышына Кудай жооптуу эмес экенин түшүндүрүп берсек болот. Көптөрдү дүйнөнү азыр Кудай башкарат, ал тагдырыбызды маңдайыбызга жазып койгон жана белгисиз себептерден улам адамдардын кыйналышына жол берет деп үйрөтүп келишкен. Бирок андай окуулар жалган. Себеби алар Кудайга шек келтирет жана аны жамандык менен азап-кайгы үчүн күнөөлүү кылып көрсөтөт. Ошондуктан биз Кудай Сөзүн колдонуп, башкалардын бурмаланган көзкарашын оңдошубуз керек (2 Тиметейге 3:16). Чынында, азыркы бузулган дүйнөнүн башкаруучусу Жахаба эмес, Шайтан (1 Жакан 5:19). Жахаба аң-сезимдүү жаратууларынын тагдырын алдын ала чечпейт. Ал баарыбызга эркиндик берет жана жакшы менен жаманды, туура менен туура эмести өз алдыбызча чечүүгө жол берет (Мыйзам 30:19). Андан сырткары, Жахаба Кудай жамандыктын таралышына эч качан жооптуу болгон эмес: ал зулумдукту, бузукулукту жек көрөт. Ал бейкүнөө азап тарткандарга кам көрөт (Аюб 34:10; Накыл сөздөр 6:16—19; 1 Петир 5:7).

9. Жахабанын азап-кайгыга эмне үчүн жол бергенин түшүндүрүү үчүн кандай адабияттар чыгарылган?

9 Ошентип, маекти улантууга негиз түзүп алган соң, Кудайдын эмне себептен кайгы-капага жол берерин түшүндүрүүгө өтсөк болот. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» бул жагынан жардам бериш үчүн көптөгөн адабияттарды чыгарган (Матай 24:45—47). Мисалы, 2005—2006-жылдары өткөн «Кудайга тил алуу» деген облустук жыйында «Азап-кайгынын баары жакында жок болот!» деген баракчаны алдык. Аны окуп чыксаң болот. Ошондой эле учурда 157 тилге которулган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебиндеги бөлүмдөрдүн биринде да ушул маанилүү суроо каралат. Ал адабияттарды жакшылап колдон. Аларда Эйден багында Кудайдын башкаруусуна байланыштуу кандай маселе пайда болгону айтылат. Жахабанын ал маселени эмне үчүн ушундай жол менен чечкени да айкын түшүндүрүлөт. Ушуларды түшүндүрүп жатканда, сен эң маанилүү билим менен бөлүшөрүңдү унутпа. Ал билим — Жахаба жөнүндөгү жана анын касиет-сапаттары жөнүндөгү билим.

Жахабанын сапаттарына көңүл буруу

10. Айрымдарга Кудайдын азап-кайгыга эмне үчүн жол бергенин түшүнүү эмне себептен кыйын жана алар эмнени билиши абзел?

10 Жахабанын эмне үчүн адамзатка өз алдынча бийлик жүргүзүүгө жана Шайтандын таасири астында калууга жол бергенин түшүндүрүп жатканда Анын касиет-сапаттарына басым жаса. Көптөр Кудайды Кудурети күчтүү дешет, демек, анын күч-кубаттуу экенин билишет. Бирок алар Кудайдын адилетсиздикти жана азап-кайгыны эбегейсиз күчүн колдонуп башынан эле жок кылып койбогонуна таң калышат. Анткени алар Жахабанын башка сапаттарын, мисалы, ыйыктыгын, адилеттигин, акылмандыгын жана сүйүүсүн билбейттир. Жахаба бул сапаттарын шайкештикте, жеткилең түрдө чагылдырат. Ошон үчүн Ыйык Китепте: «Анын иштери жеткилең»,— делген (Мыйзам 32:4). Ушул темага байланыштуу суроолорго жооп бергенде Кудайдын ошол жакшы сапаттарына кантип көңүл бурса болот? Бир нече мисал карап көрөлү.

11, 12. а) Адам менен Обонун күнөөсүн кечирүү эмне үчүн мүмкүн эмес эле? б) Жахаба күнөөгө эмне үчүн түбөлүккө көз жумду мамиле кылбайт?

11 Жахаба Адам менен Обону кечирип коё алат беле? Кечирип эле коюу мүмкүн эмес болчу. Адам менен Обо жеткилең болгон соң, бардыгын түшүнүп-билип туруп жасашкан; алар Жахабанын башчылыгын четке кагып, Шайтандын жетекчилигине баш ийишкен. Анын үстүнө, козголоң чыгарганы үчүн кымындай да өкүнүшкөн эмес. Бирок: «Кудай Адам менен Обону эмне үчүн кечирген эмес?» — деп сурагандар, чынында, Жахаба өз талаптарына, жасалган күнөөгө жана козголоңго көз жумуп койсо эмне болот эле деп ойлойттур. Андыктан алардын суроосуна жооп берип жатканда, Жахабанын кандай Кудай экенин — анын ыйыктыгын — да баса белгилөө керек.

12 Ыйык Китепте Жахабанын ыйык Кудай экени көп жолу айтылат. Өкүнүчтүүсү, азыркы ыпылас дүйнөдө ал сапаттын маанисин түшүнгөндөр аз. Жахаба ыйык: таза жана күнөө аттуудан алыс (Ышайа 6:3; 59:2). Ооба, ал күнөөдөн арылтууга, аны жок кылууга чара көргөн. Бирок ал күнөөгө түбөлүккө көз жумду мамиле кылбайт. Эгер Жахаба ошентсе, биздин келечекке карата эч кандай үмүтүбүз болмок эмес (Накыл сөздөр 14:12). Андыктан ыйык Кудай маалы келгенде, өз эркине ылайык, аң-сезимдүү жаратууларынын баарын кайрадан ыйык кылат.

13, 14. Жахаба козголоңчуларды эмне үчүн Эйденден эле жок кылып койгон эмес?

13 Жахаба козголоңчуларды жок кылып салып, бардыгын башынан баштаса болот беле? Албетте, ошентүүгө анын күчү жетмек; ал жакында өз күчүн бардык жамандыкты жок кылуу үчүн колдонот. Айрымдар: «Кудай көйгөйдү Ааламда үч эле күнөөкөр барда чечип койсо болбойт беле? Ошондо күнөө, демек, азап-кайгы мынчалык көбөйбөйт эле да»,— деп ойлойттур. Кудай эмне үчүн ошенткен эмес? Себеби, Мыйзам 32:4тө айтылгандай, «Анын жолдору — чындык», башкача айтканда, адилет. Ооба, Жахаба абдан адилеттүү. Ал чындыкты же адилеттүүлүктү сүйөт (Забур 36:28). Ошондуктан Ал Эйдендеги козголоңчуларды дароо эле жок кылып таштаган эмес. Мунун дагы бир себеби бар.

14 Шайтан козголоң чыгарганда, Кудайдын бийлик жүргүзүүгө укуктуу же укуктуу эмес экенине байланыштуу талаш маселе көтөрүлгөн. Ал эми Жахабанын адилеттиги Шайтандын ырастоосун адилеттүүлүк менен чечүүнү талап кылган. Албетте, Кудай козголоңчуларды дароо эле жок кылып коё алмак. Бирок анда талаш маселе чечилбей калмак. Ооба, аларды ошо замат жазага тартса, Жахаба күчүн көрсөтмөк дечи. Бирок Шайтан Кудайдын күчтүүлүгүнө шек келтирген эмес. Анын үстүнө, Жахаба Адам менен Обого өз ой-ниетин билдирген. Алар жер жүзүн урпактарына толтурушу, жердеги бардык жан-жаныбарлардын үстүнөн үстөмдүк кылышы керек эле (Башталыш 1:28). Козголоңчуларды дароо эле жок кылып жиберсе, Жахабанын адамзатка байланыштуу ошол ой-ниети ишке ашпай калмак. Буга Жахабанын адилеттүүлүгү жол бермек эмес. Анткени ал өз ой-ниетин ар дайым аткарат (Ышайа 55:10, 11).

15, 16. Козголоңго байланыштуу өзүлөрүнө туура көрүнгөн чечимди сунуш кылгандарга кантип жардам бере алабыз?

15 Козголоңго байланыштуу жагдайды Ааламда Жахабадан башка бирөө мынчалык зор акылмандык менен чече алат беле? Айрымдар Эйдендеги жагдайды чечүүнүн өзүлөрүнө туура көрүнгөн жолун сунуш кылат. Бул алардын Кудайдын чечимин сындап жатканын билдиреби? Жок. Алар, болгону, Жахабаны жана анын чексиз акылмандыгын билишпейт. Римдеги ишенимдештерине жазган катында элчи Пабыл Жахаба Кудайдын акылмандыгы жана Анын ой-ниетине байланышкан «жашыруун сыр» тууралуу терең ой жүгүрткөн. Кудайдын ал ой-ниетине Мессиялык Падышалык аркылуу ишенимдүү адамзатты куткаруу жана Өз ысмын ыйыктоо кирген. Пабыл Кудайдын акылмандыгына кандай караган? «Жалгыз акылман Кудай Ыйса Машайак аркылуу түбөлүккө даңктала берсин! Оомийин»,— деген ал (Римдиктерге 11:25; 16:25—27).

16 Пабыл Жахабанын «жалгыз акылман» — Ааламдагы эбегейсиз зор акылмандыкка ээ — Кудай экенин түшүнгөн. Анда майда-барат эле кыйынчылыктарды чече албаган жеткилеңсиз адамдар Кудайдын акылмандыгы менен гана чечиле турган татаал маселени чече алышабы? Ошондуктан биз өзүбүз урматтаган акылы терең Кудайды башкаларга да урматтоого жардам беришибиз керек (Аюб 9:4). Жахабанын акылмандыгы жөнүндө көбүрөөк билген сайын, Анын бардык иш-маселелерди эң жакшы жол менен чечерин түшүнөбүз (Накыл сөздөр 3:5, 6).

Жахабанын башкы сапатын баалоо

17. Жамандыктын таралышына кейигендерге Жахабанын сүйүүсү тууралуу көбүрөөк билүү кандай жардам берет?

17 «Кудай — сүйүү» (1 Жакан 4:8). Ушул эки сөз менен Ыйык Китепте Жахабанын башкы сапаты баса көрсөтүлгөн. Бул сапат бизди өзүнө тартып турат жана жамандыктын көбөйүп кеткенине кейигендерди сооротот. Жахабанын сүйүүсү күнөөнүн залакаларын четтетүү үчүн жасаган ар бир ишинде көрсөтүлгөн. Сүйүүсүнөн улам Кудай Адам менен Обонун күнөөлүү урпактарына үмүт берген (Башталыш 3:15). Ошондой эле ага тиленүүгө жана аны менен жакын мамиледе болууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Сүйүүсү түрткү бергендиктен Ал күнөөлөр кечирилиши үчүн жана адамдар жеткилеңдикке жетип, түбөлүк өмүр сүрүшү үчүн куткаруу курмандыгын караштырган (Жакан 3:16). Дал ошо сүйүүсүнөн улам Жахаба адамзатка сабырдуулук менен мамиле кылып келет. Натыйжада барган сайын көп адамдар Шайтанга каршы туруп, Жахабанын башкаруусуна баш ийүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда (2 Петир 3:9).

18. Эмнени билүү биз үчүн бата жана эмки макалада эмне талкууланат?

18 Бир чиркөө жетекчиси террордук чабуул жасалган күндү эскерүүгө чогулгандарга: «Биз Кудайдын жамандык менен азап-кайгыга эмне себептен жол берип жатканын билбейбиз»,— деп кайрылган. Кандай гана өкүнүчтүү! Ал эми биздин ушу сыяктуу суроолорго жооп алганыбыз Кудайдын батасы эмеспи?! (Мыйзам 29:29). Жахабанын акылман, адилет, сүйүүсү күчтүү Кудай экенин билгендиктен, биз анын жакында азап-кайгынын баарын жок кыларына шектенбейбиз. Себеби ал өзү ошентүүнү убадалаган (Аян 21:3, 4). Бирок буга чейин өлгөн адамдар жөнүндө эмне дешке болот? Жахаба Эйденде көтөрүлгөн талаш маселени чечсе да, аларга эч кандай үмүт берген эмеспи? Берген. Кудай сүйүүсүнөн улам тирилүү чарасын караштырган. Эмки макалада ушул тууралуу сөз жүрөт.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берет деп сураган адамга эмне десек болот?

• Эйденде пайда болгон жагдайды чечүүдө Жахаба ыйыктыгы менен адилеттигин кандайча көрсөткөн?

• Башкаларга Жахабанын сүйүүсүн тереңирээк түшүнүүгө эмне үчүн жардам беришибиз керек?

[Изилдөө суроолору]

[15 -беттеги сүрөт]

Ишенимдүү Дөөт менен Хабакук Кудайга чын ниеттен суроо беришкен