Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жеремиянын ыйы китебиндеги урунттуу ойлор

Жеремиянын ыйы китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Жеремиянын ыйы китебиндеги урунттуу ойлор

ЖЕРЕМИЯ пайгамбар 40 жыл бою жарыялаган сот өкүмүнүн аткарылганын көргөн. Сүйүктүү шаарынын талкаланышына күбө болгону ага кандай таасир эткен? «Жеремия Иерусалимдин абалын көрүп ыйлап, кошок кошкон»,— деп айтылат грек тилиндеги «Септуагинтанын» Жеремиянын ыйы китебине берилген кириш сөзүндө. Китеп б.з.ч. 607-жылы жазылып бүткөн. Ал кезде Иерусалимдин 18 ай бою курчоого алынып, акыры, өрттөлүп жиберилгени пайгамбардын эсинен кете элек болчу. Ошондуктан бул китепте Жеремиянын жан-дүйнөсүнүн кыйналганы таасирдүү сүрөттөлгөн (Жеремия 52:3—5, 12—14). Тарыхта Иерусалимден башка бир да шаар тууралуу мындай жүрөк козгогон курч сөздөр менен кошок кошулган эмес.

Жеремиянын ыйы китеби — беш лирикалык ырдын жыйындысы. Анын биринчи төрт бөлүмүндө кошок жазылган, ал эми бешинчисинде жалынуу же тиленүү камтылат. Түпнускадагы биринчи төрт ырдын баш тамгалары бир сөздү туюндурат, бирок кийинки аяттар 22 тамгадан турган эврей алфавитинин ар башка тамгалары менен башталат. Бешинчи ыр эврей алфавитиндеги тамгалардын санына дал келип, 22 аяттан турса да, алфавит боюнча жайгашкан эмес (Жеремиянын ыйы 5:1).

«КӨЗ ЖАШЫМДЫ ТӨГӨ БЕРИП, КӨЗҮМ НАЧАРЛАП КАЛДЫ»

(Жеремиянын ыйы 1:1—2:22)

«Бир кезде көп элдүү болгон шаар жесир аялдай болуп жалгыз отурат! Элдердин арасындагы улуу шаар, дубандардын төрөсү салык төлөөчү болуп калды». Жеремия пайгамбардын Иерусалим жөнүндөгү кошогу мына ушинтип башталат. Болуп өткөн каргашанын себебин түшүндүрүп, ал: «Теңир ага өзүнүн көптөгөн мыйзамсыздыктары үчүн алаамат түшүрдү»,— деген (Жеремиянын ыйы 1:1, 5).

Күйөөсү менен балдарынан айрылган аял катары сүрөттөлгөн Иерусалим: «Мен чалдыккан оорудай оору бар бекен?» — деп сурайт. Анан Кудайга тиленип, душмандарына байланыштуу мындай дейт: «Алардын бардык кыянат иштери Сенин алдыңа келсе экен. Бүт күнөөлөрүм үчүн Сен мени кандай жазаласаң, аларды да ошондой жазала, анткени мен катуу онтоп жатам, жүрөгүм сыздап жатат» (Жеремиянын ыйы 1:12, 22).

Жеремия: «[Жахаба] катуу каарданып, Ысрайылдын бүт мүйүздөрүн сындырды. Душманга каршы сунулган Өзүнүн оң колун тартып алды, тегерегиндегинин баарын жалмаган, алоолонгон оттой болуп, Жакыпка каршы жалындады»,— деп кайгырат. Пайгамбардын жүрөгү сыздап, мындай кошок кошот: «Көз жашымды төгө берип, көзүм начарлап калды, жаным кыйналып жатат, өз элимдин кызынын кырылганынан улам боорум эзилип, жерге төгүлүп жатат». Атүгүл жолдо өтүп бараткандар да: «Сулуулуктун жеткилеңдиги, бүт жер жүзүнүн кубанычы деген шаар ушулбу?» — деп таң калышат (Жеремиянын ыйы 2:3, 11, 15).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жеремиянын ыйы 1:15 — Кандайча «кызды, Жүйүт кызын, Теңир жүзүм сыгылуучу жайда тебелегенсип тебелеген»? Кыз катары сүрөттөлгөн шаарды бабылдыктар кыйратканда кан суудай агып, жүзүм сыгылуучу жайда тебеленген жүзүмдүн ширесиндей төгүлгөн. Ушундай болорун Жахаба алдын ала эскерткен, кийин ошого жол берген. Ошондуктан Жахаба Жүйүттү «жүзүм сыгылуучу жайда тебелегенсип тебелеген» деп айтууга болот.

Жеремиянын ыйы 2:1 — Кандайча «Ысрайылдын көркү асмандан жерге кулаган»? Асман менен жердин ортосу кыйла алыс болгондуктан, жогорку даражасынан түшүрүлгөндөр «асмандан жерге кулаганга» тете. «Ысрайылдын көркү» — Жахабанын жактыруусуна ээ болгондогу даңкы жана күчү — Иерусалим менен Жүйүт талкаланганда кеткен (Ышайа 55:9).

Жеремиянын ыйы 2:17 — Жахабанын Иерусалимге байланыштуу айткан кайсы «сөзү» аткарылган? Бул аятка берилген шилтемеде Лебилер 26:17-аят көрсөтүлгөн. Жообун ошол аяттан окуйбуз: «Мен силерге каршы чыгам, ошондо душманыңардын алдында кыйрайсыңар, душмандарыңар силерге үстөмдүк кылат, аркаңардан эч ким куубаса деле качып жөнөйсүңөр».

Биз алчу сабактар:

Жеремиянын ыйы 1:1—9. Иерусалим түнкүсүн катуу ыйлап, көзүнөн жаш куюлат. Дарбазалары бош калып, ыйык кызмат кылуучулары үшкүрөт. Кыздары кайгыга батып, өзү да кайгырат. Эмне үчүн? Анткени Иерусалим оор күнөөгө батты. Анын этегинде ыпыластык бар эле. Жаман иштеринин жыйынтыгы кубаныч эмес, көз жаш, үшкүрүк, кайгы-муң.

Жеремиянын ыйы 1:18. Жахаба тартип бузгандарды жазалаганда дайыма адилеттик көрсөтөт.

Жеремиянын ыйы 2:20. Ысрайылдыктарга Жахабаны угушпаса, каргышка калары алдын ала эскертилген. Мисалы, алар «уул-кыздарын, өз балдарынын этин» жешмек (Мыйзам 28:15, 45, 53). Чынында эле, Кудайды укпоо — кандай гана акылсыздык!

«ҮШКҮРҮГҮМДҮ... УКПАШ ҮЧҮН, ӨЗ КУЛАГЫҢДЫ ЖААП АЛБА!»

(Жеремиянын ыйы 3:1—5:22)

Жеремиянын ыйы китебинин 3-бөлүмүндө ысрайыл эли «кайгыны баштан өткөргөн адам» катары сүрөттөлөт. Башынан өткөргөн кыйынчылыктарга карабай, ал эл: «Теңирден үмүттөнгөндөргө, Теңирди издеген адамга Теңир ырайымдуу»,— деп ырдаган. Чыныгы Кудайга тиленип, ысрайыл эли мындай деп өтүнөт: «Сен менин үнүмдү уктуң. Менин үшкүрүгүмдү, ыйымды укпаш үчүн, Өз кулагыңды жаап алба!» Ошондой эле Жахабадан душмандын шылдыңын көз жаздымда калтырбоону суранып: «Теңир, аларга кылган иштерине жараша тиешесин бере көр»,— деп жалбарат (Жеремиянын ыйы 3:1, 25, 56, 64).

Он сегиз ай курчоодо калган Иерусалимдин кандай жабыр тартканын айтып, Жеремия минтип ыйлайт: «Элимдин кызынын күнөөсү үчүн алган жазасы Содомдун күнөөсү үчүн алган жазасынан ашып түштү: Содом көз ачып-жумгуча кулатылган, ага адамдын колу тийген эмес... Кылычтан өлгөндөр ачарчылыктан өлгөндөргө караганда бактылуу, анткени булар талаа жемиштеринин жетишпегендигинен кыйналып өлүп жатышат» (Жеремиянын ыйы 4:6, 9).

Китептин бешинчи ырында Иерусалимдин тургундары мындай деп сүйлөп жаткандай сүрөттөлөт: «Теңир, биздин башыбызга эмне түшкөнүн эсте. Көз кырыңды сал, биздин кордолгонубузду кара». Өз кыйынчылыктарын айтып алар: «Сен, Теңир, түбөлүктүүсүң. Сенин тагың укумдан-тукумга турат. Теңир, бизди Өзүңө кайры, ошондо биз Сага кайрылабыз. Биздин күндөрүбүздү байыркы күндөрдөгүдөй кылып жаңырт»,— деп жалынат (Жеремиянын ыйы 5:1, 19, 21).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жеремиянын ыйы 3:16 — «Тиштеримди таш менен талкалады» дегенди кантип түшүнүүгө болот? Бир эмгекте: «Жүйүттөр туткунга кетип бараткан жолдо нанын казылган очокторго бышырууга аргасыз болушкан, ошондуктан алардын нанына кум аралашып калган»,— деп белгиленген. Ал нанды чайнаганда кээсинин тиши сынып калышы мүмкүн эле.

Жеремиянын ыйы 4:3, 10 — Эмне үчүн Жеремия «элинин кызын» «чөлдөгү төө кушка» салыштырган? Төө куш жөнүндө Аюб 39:16да: «Өгөй балдарына мамиле кылгансып, өз балдарына катаал мамиле кылат»,— деп айтылган. Алсак, балапан басып чыгаргандан кийин төө куштун ургаачысы, башка ургаачыларга кошулуп, уясын таштап кетет, балапандардын жанында эркеги калат. Ал эми коркунуч туулганда эмне болот? Эркеги да, ургаачысы да балапандарын таштап, уясынан качып кетет. Иерусалим бабылдыктардын курчоосунда калганда, ачарчылык болуп көрбөгөндөй күч алгандыктан, адатта, боорукер келген энелер балдарына чөлдөгү төө куштай ташбоордук көрсөтүшкөн. Алардын мындай мамилеси чөөлөрдүн күчүктөрүнө кылган камкор мамилесинен да кескин айырмаланган.

Жеремиянын ыйы 5:7 — Жахаба адамды ата-бабаларынын катасы үчүн жоопко тартабы? Жок, Жахаба ата-бабаларынын күнөөсү үчүн урпактарын жазалабайт. Себеби «Кудайдын алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп беребиз» (Римдиктерге 14:12). Бирок ата-эненин кетирген катасынын кесепети толугу менен жоюлбашы мүмкүн, ошол себептүү кийинки тукумга өтүшү ыктымал. Мисалы, байыркы ысрайылдыктардын буркандарга табынышы кийинки ишенимдүү муундарга да адил жашоо өткөрүүгө жолтоо болгон (Чыгуу 20:5).

Биз алчу сабактар:

Жеремиянын ыйы 3:8, 43, 44. Иерусалим алааматка туш болгондо, Жахаба шаардын тургундарынын жардам сурап жалбарган үнүн уккан эмес. Эмне үчүн? Себеби алар ага баш ийбей, өкүнбөй койгон. Эгерде биз Жахабанын тиленүүбүзгө жооп беришин кааласак, тилалчаак болушубуз керек (Накыл сөздөр 28:9).

Жеремиянын ыйы 3:21—26, 28—33. Абдан катуу кыйналган кездерде да кантип чыдай алабыз? Бул суроого Жеремия жооп берет. Биз Жахабанын абдан ырайымдуу экенин жана көп жолу кечирерин унутпашыбыз кажет. Ошондой эле биздин аман жүргөнүбүздүн өзү эле үмүт үзбөөгө негиз берет. Ошондуктан чыдамкай болуп, Жахабанын куткаруусун наалыбай күтүү керектигин эстен чыгарбашыбыз зарыл. Андан тышкары, Кудай жол берген нерселер жакшы натыйжа алып келерин билип, «оозубузду топуракка коюшубуз», башкача айтканда, момундук менен сыноолорду көтөрүшүбүз керек.

Жеремиянын ыйы 3:27. Жаш кезде ишенимдин сыналганы ар кандай кыйынчылыктар менен шылдыңдоолорго чыдоону билдириши ыктымал. Бирок «жаш кезде моюнтурук көтөргөн адамга жакшы». Эмне себептен? Анткени жаштайынан кыйынчылыктарды көтөрүүгө үйрөнгөндөр чоңойгондо кабылган кыйынчылыктарга даяр болот.

Жеремиянын ыйы 3:39—42. Кандайдыр бир күнөөлөрүбүздүн кесепети үчүн наалуу акылдуулукка жатпайт. Анын ордуна, өз «жолдорубузду сынайлы, изилдейли, анан Теңирге кайрылалы». Биз өкүнсөк жана жүрүм-турумубузду оңдосок, акылдуулук кылабыз.

Жахабага ишеним арт

Жеремиянын ыйы китебинде Иерусалим өрттөлүп, Жүйүт жери элсиз калганына Жахабанын кандай караганы көрсөтүлөт. Бул китепте күнөөлөрдү моюнга алуунун зарылдыгы айтылган себеби, эл, Жахабанын көзкарашы боюнча, кетирген күнөөсү үчүн жазаланган. Ошондой эле китептеги ырларда Жахабага үмүт артуу жана кайрадан адил жашоо өткөрө баштоону каалоо чагылдырылат. Бул ырлар Жеремиянын убагындагы жалпы элдин эмес, Жеремиянын өзүнүн жана өкүнгөн калдыктын сезимин сүрөттөйт.

Жеремиянын ыйы китебинде Жахабанын Иерусалимдеги кырдаалга баа беришинен биз маанилүү эки нерсеге үйрөнөбүз. Биринчиден, Иерусалимдин талкаланып, Жүйүт жеринин ээн калышы Жахабага баш ийүүгө түрткү берет жана Анын эркин көңүлгө албай коюунун кесепеттүү экенин эскертет (1 Корунттуктарга 10:11). Экинчиден, Жеремиянын өзүнөн үлгү ала алабыз (Римдиктерге 15:4). Жаны кейиген пайгамбар үмүтсүз көрүнгөн жагдайларда да Жахабанын куткаруусун күткөн. Жахабага жана анын Сөзүнө толук таянуу, Ага ишеним артуу кандай гана маанилүү! (Эврейлерге 4:12).

[9-беттеги сүрөт]

Жеремия жарыялаган сот өкүмүнүн аткарылганын көргөн

[10-беттеги сүрөт]

Кореялык бул Күбөлөр бейтараптуулукту сактагандыктан ишеними сыналган