Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Карыганда да рухий жактан талыкпагандар

Карыганда да рухий жактан талыкпагандар

Карыганда да рухий жактан талыкпагандар

«Теңирдин үйүнө отургузулгандар... карыганда да... жашыл болуп турушат» (Забур 91:14, 16).

1, 2. а) Карылык эмне менен коштолот? б) Жазмага ылайык, жакында карылык менен эмне болот?

КАРЫЛЫК. Бул сөздү укканда оюңа биринчи эле эмне келет? Балким, адамдын бетине бырыш түшүп, кулагы жакшы укпай, муундары калтырап калганын элестетет чыгарсың. Же Насаатчы 12:1—7-аяттарда сүрөттөлгөн «оор күндөрдө» болчу дагы башка нерселерди ойлойттурсуң. Бирок Насаатчы китебинин 12-бөлүмүндө Жаратканыбыз Жахаба Кудайдын башынан эле ойлонуштурган нерселери эмес, Адам атанын кетирген күнөөсүнүн кесепеттери сүрөттөлгөнүн эсиңден чыгарба (Римдиктерге 5:12).

2 Анткен менен жаштын илгерилегени бир жагынан жакшы. Себеби жылдар оошкон сайын адам акыл топтоп, тажрыйбалуу боло берет. А муну ар бир адам каалайт. Жакында болсо алты миң жылдан бери келаткан күнөө менен жеткилеңсиздиктин кесепеттери биротоло жоюлуп, Кудайдын баштапкы ой-ниетине ылайык, тил алчаак адамзат карылык менен өлүмдүн азабынан арылып, ыракаттанып жашайт (Башталыш 1:28; Аян 21:4, 5). Ошондо тургундардын бири да: «Мен ооруп жатам»,— деп айтпайт (Ышайа 33:24). Карылар «өзүнүн жаш чагына кайрылып келет», алардын «денеси жаш кезиндегиден да жаш болуп калат» (Аюб 33:25). Ал эми бүгүнкү күндө баары Адам атадан тукум кууп өткөн күнөөнүн залакасы менен күрөшүүгө аргасыз болууда. Ошентсе да Жахабанын кызматчылары жашы өр тартып баратканына карабай көп баталарга ээ.

3. Ыйсанын жолдоочулары кандай мааниде «карыганда да... жашыл болуп турушат»?

3 Кудай Сөзү бизди «Теңирдин үйүнө отургузулгандар... карыганда да... жашыл болуп турушарына» ынандырат (Забур 91:14, 16). Забурчу Кудайдын ишенимдүү кызматчылары денелик жактан алдан-күчтөн тайса да, рухий жактан өсүп-өнүп, гүлдөй аларын көрсөткөн. Мунун калетсиздигин байыркы жана азыркы учурдагы адамдардын жашоосунан көрүүгө болот.

«Ийбадатканадан кетчү эмес»

4. Анна Кудайга болгон берилгендигин кантип көрсөткөн жана кандай бата алган?

4 Пайгамбарлык кылган Аннаны мисалга алалы. Сексен төрт жаштагы ал аял «орозо кармап, сыйынып, Кудайга күнү-түнү кызмат кылып, ийбадатканадан кетчү эмес». Атасы Леби уруусунан эмес, «Ашыр уруусунан» болгондуктан, Аннанын ийбадатканада жашоого укугу жок эле. Андыктан ийбадатканага күнүгө келип, ал жакта эртең мененки курмандык чалуудан кечки курмандык чалууга чейин болуу андан канча күчтү талап кылганын элестетсең! Бирок ал Кудайга болгон берилгендиги үчүн чоң бата алган. Жусуп менен Мариям Мыйзамга ылайык, ымыркай Ыйсаны Жахабанын алдына алып баруу үчүн ийбадатканага келгенде, Анна ымыркайды көрүү сыймыгына ээ болгон. Ыйсаны көрүп, ал «Теңирди даңктап, Иерусалимдин эркиндикке чыгуусун күтүп жүргөндөрдүн бардыгына Ал жөнүндө айтып берген» (Лука 2:22—24, 36—38; Сандар 18:6, 7).

5, 6. Бүгүнкү күндө көптөгөн улгайган ишенимдештерибиз кандайча Аннаныкындай рух чагылдырууда?

5 Бүгүнкү күндө да көптөгөн улгайган ишенимдештерибиз Аннадай болуп, жыйналыш жолугушууларын калтырбай, чыныгы сыйынуунун мындан ары да өркүндөшүн тилеп, жакшы кабарды ынталуу таратууга аракет кылышат. Аялы менен жыйналышка үзгүлтүксүз барган, 80 жаштагы бир ишенимдешибиз мындай деген: «Биз жыйналышка барууну адатка айландырып алганбыз. Аны такыр калтыргыбыз келбейт. Кудайдын эли кайсы жерде болсо, биз да ошол жерде болууну каалайбыз. Жыйналышта гана өзүбүздү эң сонун сезебиз». Бул баарыбыз үчүн кандай сонун үлгү! (Эврейлерге 10:24, 25).

6 «Колумдан келген рухий иштердин баарын аткарууга аракет кылам»,— дейт Жейн аттуу 80деги жесир ишенимдешибиз. «Албетте, кээде көңүлүм чөккөн учурлар да болот. Бирок мен үчүн башкалардын көңүлү чөгүшүн каалабайм»,— дейт ал. Жейн башка өлкөлөргө барып, ал жактагы рухий биртуугандар менен пикир алышуудан да чоң кубаныч алат. Жакында бир өлкөгө барганда ал чогуу жүргөндөрүнө: «Шаарды кыдырып жүрүп, тажап кеттим. Кабарга чыккым келип жатат»,— деген. Жейн жергиликтүү калктын тилин билбесе да, айрымдардын Ыйык Китептеги жакшы кабарга болгон кызыгуусун өстүрө алган. Андан тышкары, ага бөтөн тилди үйрөнүүгө жана жыйналышка баруу үчүн бир саат жол жүрүүгө туура келсе да, ал муктаждык бар жерде бир нече жыл бою кызмат кылган.

Акыл-эс жөндөмдүүлүгүңөрдү өрчүтө бергиле

7. Муса карып калганда да Кудай менен болгон мамилесинин бекемделе беришине ынтызар экенин кантип көрсөткөн?

7 Убакыттын өтүшү менен адам турмушта тажрыйбага ээ болот (Аюб 12:12). Бирок рухийликке байланыштуу тажрыйба тууралуу минтип айтууга болбойт. Ошондуктан Кудайдын кызматчылары мурун алган билими менен эле чектелбестен, андан ары да «билимин... арбытууга» умтулушат (Накыл сөздөр 9:9). Муса Жахабадан тапшырма алганда 80 жашта болчу (Чыгуу 7:7). Мусанын: «Биздин өмүр жашыбыз — жетимиш жыл, ал эми күч-кубаттуу болуп турганда — сексен жыл»,— деп айтканына караганда, ал учурда мындай куракка баары эле жете берген эмес көрүнөт (Забур 89:10). Бирок Муса өзүн билим алгыдай курактан өтүп кеттим деп эч качан эсептеген эмес. Көптөгөн жылдар бою Кудайга кызмат кылып, жоопкерчиликтүү милдеттерди аткарса да, ал Жахаба Кудайга: «Сени таанып билишим үчүн... мага Өз жолуңду ач»,— деп тиленген (Чыгуу 33:13). Муса дайыма Жахаба менен болгон мамилесинин бекемделе беришине ынтызар болгон.

8. 90 жаштагы Даниел акыл-эс жөндөмдүүлүгүн кандайча колдонгон жана анын натыйжасы кандай болгон?

8 Токсонго таяп калган Даниел пайгамбар да, кыязы, Ыйык Жазманы кылдат изилдеп, ой жүгүрткөн. Сыягы, ал Лебилер, Ышайа, Жеремия, Ошуя жана Амос сыяктуу «китептерди» окуган. Бул ага «Кудай-Теңирге... жалынууга» түрткү берген (Даниел 9:1—3). Кудай анын жалындуу тиленүүсүнө жооп катары, Машайыктын келиши жана чыныгы сыйынуунун келечекте кеңири таралышы жөнүндө пайгамбарлыкты айттырган (Даниел 9:20—27).

9, 10. Акыл-эс жөндөмдүүлүгүн колдонуу үчүн айрымдар эмне кылышат?

9 Муса менен Даниелге окшоп, биз да өмүрүбүздүн акырына чейин рухий иштерди биринчи орунга коюп, акыл-эс жөндөмдүүлүгүбүздү толугу менен колдоно алабыз. Көптөр дал ушундай кылууда. Мисалы, 80 жаштагы Ворз — жыйналыштын аксакалы, «ишенимдүү жана акылдуу кул» берген рухий тамак менен дайыма «тамактанууга» аракет кылат (Матай 24:45). Ал мындай дейт: «Чындыкты барган сайын баалап, анын жарыгынын уламдан-улам жаркырап жатканын көрүп, чоң кубаныч алам» (Накыл сөздөр 4:18). Ал эми толук убакыттуу кызматка 60 жылдан ашуун убактысын арнаган Фред ишенимдештери менен ыйык китептик темада пикирлешүү рухий жактан бекемдеп, дем-күч берерин айткан. «Ыйык Китепте жазылгандарды акыл-эсимде бек сакташым керек,— дейт ал.— Ыйык Китепте айтылгандарды акылыңа түйүп алууга аракет кылсаң, алар сен үчүн терең мааниге ээ болсо жана „туура сөздүн үлгүсүнөн“ үйрөнгөндөрүңө кармансаң, ошондо Ыйык Китептеги ар бир чындыктын канчалык баалуу экенин, ар биринин өз орду бар экенин көрө аласың» (2 Тиметейге 1:13).

10 Улгайгандар жаңы же татаал бир нерселерди үйрөнө албайт деп айтууга болбойт. 60, 70, атүгүл, 80 жаштагылар да сабатсыздыгын жоё алышат жана бөтөн тил үйрөнүүгө жөндөмдүү. Маселен, Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдары башка улуттагы адамдарга кабар айтуу үчүн алардын тилин үйрөнүшкөн (Марк 13:10). Алсак, Гарри аялы экөө португал тилинде сүйлөгөндөргө кабар айтууну чечкенде 60тарда эле. «Айтпаса болобу, жаш өткөн сайын бир нерсе кылуу кыйынга турат экен»,— дейт Гарри. Бирок алар талыкпай күч-аракет жумшоонун аркасында португал тилинде ыйык китептик бир нече изилдөө баштай алышкан. Азыр болсо Гарри облустук жыйындарда ошол тилде баяндама окуйт.

11. Кудайдын улгайган ишенимдүү кызматчыларынын үлгүсү эмнеге түрткү берет?

11 Албетте, ар кимдин денсоолугу, жагдай-шарты ар башка. Андыктан бул бардык эле карылар жогоруда айтылган ишенимдештерибиздикиндей максаттарды коюшу керек дегенди билдирбейт. Ошентсе да алардан көп нерсеге үйрөнүүгө болот. Элчи Пабыл Ыйсанын I кылымдагы жолдоочуларына ишенимдүү аксакалдар тууралуу: «Алардын өмүрүнүн акырын карап, алардын ишеним жолун жолдогула»,— деп жазган (Эврейлерге 13:7). Ооба, кары ишенимдештерибиздин ынталуулугун, Кудайга кызмат кылууга түрткү берген бекем ишенимин «карап», үлгү ала алабыз. 87ге чыгып калган Гарри өзүнө эмне түрткү бергени тууралуу мындай дейт: «Калган өмүрүмдү акылдуулук менен пайдалангым келет жана Жахабага кызмат кылууда Анын керегине жарап, колумдан келгендин баарын жасоону каалайм». Ал эми жогоруда сөз кылынган Фред азыр Бейтелде кызмат кылуудан чоң кубаныч алууда. «Жахабага канткенде жакшыраак кызмат кыла аларыңды аныктап алып, ошого ылайык иш кыл»,— дейт ал.

Берилгендигиңерден жазбагыла

12, 13. Барзелай карылыгына карабай, Кудайга болгон берилгендигин кантип көрсөткөн?

12 Карылык менен коштолгон кыйынчылыктарды көтөрүү чынында эле оор. Бирок ошого карабай Кудайга болгон берилгендигибизди сактай алабыз. Буга байланыштуу байыркы учурда жашаган гилаттык Барзелай жакшы үлгү калтырган. Дөөт жоокерлери менен Абышаломдон качып жүргөндө, 80 жаштагы Барзелай аларга меймандостук көрсөтүп, тамак-аш менен камсыз кылган. Ал эми Дөөт Иерусалимге кайтып келатканда, ал өзүнүн кишилери менен аны коштоп, Иордан дарыясынан өткөн. Дөөт Барзелайга падыша үйүндө жашоону сунуштаганда, ал: «Азыр сексен жаштамын, жаман-жакшыны айырмалай алмак белем. Кулуң ичкен-жегенинин даамын билмек беле. Ырчы кыздар менен балдардын үнүн уга алмак белем... Сенин кулуң... Кимам мырзам падыша менен барсын, аны эмне кылам десең өзүң бил»,— деген (2 Шемуел 17:27—29; 19:31—40).

13 Барзелай картайып, мурункудай күүлүү-күчтүү болбой калганына карабай, Жахаба дайындаган падышаны колдоо үчүн колунан келгендин баарын кылган. Тамактын даамын билбей, кулагы мурункудай жакшы укпай калса да, ал көңүлүн чөгөргөн эмес. Өзүнүн ордуна Кимамды жибергенинен анын кандай кең пейил киши болгонун байкоого болот. Барзелайга окшоп, бүгүнкү күндө да жашы өр тартып калган көптөгөн ишенимдештерибиз кең пейил, берешен келишет. Алар чыныгы сыйынууну колдоо үчүн күч-аракетин аяшпайт, анткени «мындай курмандыктар Кудайга жагарын» билишет. Арабыздагы Кудайга берилгендик менен кызмат кылган биртуугандарыбыз биз үчүн кандай чоң бата! (Эврейлерге 13:16).

14. Забур 36:23—25-аяттардагы сөздөрдө Дөөттүн курагы тууралуу айтылганы эмнеси менен маанилүү?

14 Дөөттүн жагдай-шарты далай жолу өзгөрсө да, ал Жахаба ишенимдүү кызматчыларына кылган мамилесин өзгөртпөөрүнө, аларды таштабаарына эч шектенген эмес. Өмүрүнүн акырында Дөөт азыркы 36-забурду жазган. Колуна арфа алып, ал: «Эгерде адамдын жолу Теңирге жакса, Ал аны бекемдейт. Ал жыгылып бара жатса да, кулабайт, анткени Теңир аны колунан кармап турат. Мен жаш болгом, эми карыдым, бирок адил адамды Кудай таштап койгонун же анын балдарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун»,— деп ырдап жатканын элестетсеңер (Забур 36:23—25). Ооба, Жахаба бул забурда Дөттүн курагы тууралуу айтылышын туура көргөн. Муну билүү ого бетер жүрөктү козгобойбу?!

15. Элчи Жакан карып калганына карабай, кандай сонун үлгү калтырган?

15 Элчи Жакан да алдан-күчтөн тайып, карып калганына карабай актыгынан жазган эмес. Кудайга кызмат кылганына 70 жылдай болуп калганда, ал «Кудайдын сөзү үчүн жана Ыйса Машайак жөнүндө күбөлөндүргөнү» үчүн Патмос аралына сүргүнгө айдалган (Аян 1:9). Бирок Жакан ошондо да кызматын токтоткон эмес. Ыйык Китептеги ал жазган каттардын дээрлик бардыгы анын өмүрүнүн акыркы жылдарында жазылган. Мисалы, ал Аян китебинде жазылган аяндарды Патмос аралында жүргөндө алган жана аларды төкпөй-чачпай кагаз жүзүнө түшүргөн (Аян 1:1, 2). Жакан, болжолу, Рим императору Нерванын учурунда сүргүндөн кайтып келген. Кийинчерээк, б.з. 98-жылдары, 90—100 жаштарга таяп калганда, ал өзүнүн ысмы менен аталган Инжилди жана үч китепти жазган.

Чыдамкайлык көрсөткөндөр

16. Сүйлөө жөндөмдүүлүгү начарлап калган ишенимдештерибиз Жахабага болгон берилгендигин кантип көрсөтө алышат?

16 Жаш өткөн сайын ар ким ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Айрымдардын сүйлөө жөндөмдүүлүгү начарлашы ыктымал. Ошентсе да андай ишенимдештерибиз Кудайдын сүйүүсү менен чексиз ырайымдуулугу жөнүндө ой-жүгүртүп, жубатуу ала алышат. Сөзү менен айта албаса да, алар жүрөгүндө Жахабага: «Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм! Күнү бою ошол жөнүндө ойлоном»,— дей алышат (Забур 118:97). Ал эми Жахаба «анын ысмын урматтагандардын» баарын билет жана анын жолдорун көңүлгө албаган көпчүлүктөн айырмаланып турган ошондой кызматчыларын жогору баалайт (Малахия 3:16; Забур 9:25). Жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ойлорубуз да Жахабага кубаныч алып келерин билүү кандай гана жубатат! (1 Жылнаама 28:9; Забур 18:15).

17. Жахабага узак убакыт бою кызмат кылып келаткандар кандай баалуу сапатка ээ?

17 Жахабага ондогон жылдар бою ишенимдүү кызмат кылып келаткандар абдан баалуу сапатты — чыдамдуулукту — өстүрө алышты деп айтууга болот. Алар аны башкача жол менен өстүрө албайт эле. Ыйса мындай деген: «Чыдамдуулук менен жаныңарды сактап кала аласыңар» (Лука 21:19). Ооба, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн чыдамдуулук сапатын өрчүтүү абдан маанилүү. «Кудайдын каалоосун аткарып», Кудайга болгон берилгендигинен жазбаган улгайган ишенимдештерибиз, «Анын убадалаганын аларыңарга» эч шектенбегиле! (Эврейлерге 10:36).

18. а) Улгайган ишенимдештерибиздин кызматына Жахаба кандай карайт? б) Кийинки макалада эмне талкууланат?

18 Азбы, көппү, Жахаба үчүн ага жан-дилиң менен кызмат кылганың баалуу. Жылдар оошкон сайын «сырткы адам» карыса да, «ички адамды» күндөн-күнгө жашартууга болот (2 Корунттуктарга 4:16). Жахаба анын ысмы үчүн мурун кылганыңарды кандай жогору бааласа, азыр кылып жатканыңарды да ошондой эле баалайт (Эврейлерге 6:10). Кийинки макалада улгайган ишенимдүү биртуугандардын кылып жаткан кызматы башкаларга кандай таасир этери талкууланат.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Улгайган ишенимдештерибиз Аннадан эмнеге үйрөнө алышат?

• Жашы өр тартып калгандар эмнелерди кыла алышат?

• Улгайган ишенимдештерибиз Кудайга болгон берилгендигин кантип көрсөтө алышат?

• Жахаба карып калган ишенимдештерибиздин кызматына кандай карайт?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Кары ишенимдештерибиз жыйналышты калтырбоо, ынталуу кабар айтуу, үйрөнүүгө ынтызар болуу жагынан үлгү көрсөтүшөт

[26-беттеги сүрөт]

Улгайган Даниел Ыйык Жазманын «китептерин» кылдат изилдеген