Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Карылар — жаштар үчүн бата

Карылар — жаштар үчүн бата

Карылар — жаштар үчүн бата

«Кудайым, мени карыганымда да, чачым агарганда да калтырба. Сенин күчүңдү ушул тукумга, Сенин кудуретиңди келе жаткан тукумга жарыя кылганча, мени таштаба» (Забур 70:18).

1, 2. Кары биртуугандарыбыз эмнени билишет жана эмнени карап чыгабыз?

ТҮНДҮК АФРИКАДА жашаган бир аксакал улгайып калган майланган биртуугандыкына конокко барып, анын ал-жайын сураганда, ал биртууган: «Мына көрдүңбү, мен чуркай алам, эки буттап эле эмес, бир буттап да секире алам»,— деп көрсөтүп берет. «Болгону уча албайм»,— дейт ал. Анын эмне айткысы келгени түшүнүктүү. Ал: «Колуман келген нерсени жан-дилим менен кылам, келбесе айла жок»,— деген. Аныкына конокко барган аксакал азыр 80де жана ошол биртуугандын тамашакөйлүгүн, анын ишенимдүүлүгүн азыркыга чейин эстейт.

2 Чынында эле, кары биртуугандарыбыздын эң сонун сапаттары башкаларга чоң таасир этет. Албетте, акылмандык жана Ыйсанын жолдоочуларына таандык башка сапаттар убакыттын өтүшү менен эле пайда болбойт (Насаатчы 4:13). Ыйык Китепте: «Даңктын таажысы — чындык жолу менен жүргөн ак чач»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 16:31). Эгер сен Кудайдын улгайган кызматчысы болсоң, сөздөрүң менен иштериң башкаларга жакшы таасир этерин билет чыгарсың. Келгиле анда, карылар жаштар үчүн кандайча бата боло аларын көрсөткөн Ыйык Китептеги айрым мисалдарды карап чыгалы.

Ишенимдин күчтүү таасири

3. Нухтун ишенимдүүлүгү бүгүнкү күндө жашап жаткандарга кандай пайда алып келүүдө?

3 Нухтун өз учурунда көрсөткөн ишеними менен туруктуулугунан баарыбыз азыркыга чейин пайда алып жатабыз. Кеме куруп, жан-жаныбарларды чогултуп, башкаларга кабар айтып баштаганда, ал чамасы 600 жашта эле (Башталыш 7:6; 2 Петир 2:5). Кудайдан корккондуктан, Нух үйбүлөсү менен Топон суудан аман калып, бардык адамдардын түпкү атасы болгон. Нухтун убагында адамдар узак жашаганы чын, анткен менен жашы өр тартып калганда да Нух Кудайга ишенимдүүлүк менен кызмат кылган жана мол баталарды алган. Кандайча?

4. Нухтун туруктуулугу Кудайдын азыркы кызматчыларына кандай пайда алып келүүдө?

4 Нимрот Жахабанын: «Укум-тукумдап көбөйгүлө, жерге толгула»,— деген көрсөтмөсүнө ачык эле каршы чыгып, Бабыл мунарасын кура баштаганда, Нух, болжолу, 800гө чыгып калган (Башталыш 9:1; 11:1—9). Нух Нимроттун козголоңуна кошулган эмес. Андыктан козголоңчулардын тили аралашканда, сыягы, анын тили өзгөрбөсө керек. Ал улгайып калганда эле эмес, жаштайынан эле ишенимин, туруктуулугун сактап келген. Нух Кудайдын бүгүнкү бардык курактагы кызматчылары үчүн эң сонун үлгү калтырган (Эврейлерге 11:7).

Үйбүлөсүнө тийгизген таасири

5, 6. а) Ыбрайым 75 жашка чыкканда, Жахаба ага кандай буйрук берген? б) Ыбрайым Кудайдын буйругуна кандай жооп кайтарган?

5 Карылар өз үйүндөгүлөрүнүн ишенимин бекемдей аларын Нухтан кийин жашаган уруу башчыларынын жашоосунан көрүүгө болот. Маселен, Кудай Ыбрайымга: «Өз жериңен, өз туугандарыңан, атаңдын үйүнөн бөлүнүп чыгып, Мен көрсөткөн жерге бар. Мен сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, атыңды даңазалайм, сен аркылуу башкалар бата алышат»,— деп буйруганда, ал 75 жашта эле (Башталыш 12:1, 2).

6 Үйүңдү, досторуңду, киндик каның тамган жериңди таштап, үйбүлөңдүн өмүрүн тобокелге салып, эзели билбеген өлкөгө кетип баратканыңды элестетсең. Кудай Ыбрайымга дал ушундай кылууну буйруган. Ыбрайым «Теңирдин айтканы боюнча жолго чыккан». Ал калган өмүрүн чатырларда өткөрүп, Канаан жерине келгин катары отурукташкан (Башталыш 12:4; Эврейлерге 11:8, 9). Ыбрайым Жахабанын андан «улуу эл» чыгарам деген убадасынын аткарылышын көрбөй эле көз жумган. Алар Канаан жерине келгенинен 25 жыл өткөндөн кийин гана жалгыз уулдуу болуп, атын Ыскак деп коюшкан (Башталыш 21:2, 5). Ошончо жыл ичинде Ыбрайым ишениминен тайып, өз жерине кайра кетип калган эмес. Анын ишеними менен туруктуулугу биз үчүн кандай сонун үлгү!

7. Ыбрайымдын чыдамдуулугу Ыскакка да, бүт адамзатка да кандай таасир эткен?

7 Ыбрайымдын чыдамдуулугу уулу Ыскакка күчтүү таасир эткен. Ал да өмүрү өткөнчө, 180 жыл бою, Канаан жеринде келгин сыяктуу чатырларда жашаган. Кудайдын убадасына бекем ишенгендиктен, Ыскак туруктуу бойдон кала алган. Андай ишенимге ээ болууга улгайган ата-энеси жардам бергени шексиз. Кийинчерээк Жахаба ага өз убадасын айтканда, анын ишеними ого бетер бекемделген (Башталыш 26:2—5). Жахаба убадалаган — Ыбрайымдын үйбүлөсүнөн чыга турган жана бүт адамзатка бата алып келе турган — «тукум» жөнүндө пайгамбарлыктын аткарылышында Ыскактын туруктуу бойдон калганы чоң роль ойногон. Жүздөгөн жылдардан кийин, «тукумдун» негизги бөлүгү — Ыйса Машайак — ага ишеним көрсөткөндөрдүн баарына Кудай менен элдешүүгө жана түбөлүк өмүргө ээ болууга жол ачкан (Галатиялыктарга 3:16; Жакан 3:16).

8. Жакыптын ишеними бекем болгонун эмнеден көрүүгө болот жана анын ишеними эмнеге өбөлгө түзгөн?

8 Ыскак болсо уулу Жакыпка бекем ишеним өрчүтүүгө жардам берген. Андай ишеним Жакыпка карыганда да күч-кубат бергени күмөнсүз. Мисалы, ал түнү бою периште менен күрөшкөндө 97 жашта эле (Башталыш 32:24—28). Ал эми өлөр алдында, 147 жашында, 12 уулунун ар бирине батасын берүүгө кудурети жеткен (Башталыш 47:28). Жакып айткан, Башталыш 49:1—28-аяттарда жазылган пайгамбарлыктын айрымдары азыркыга чейин аткарылууда.

9. Рухий жактан жетилген кары ишенимдештерибиз үйбүлөсүнө кандай таасир тийгизе алышат?

9 Чынында эле, Кудайга берилгендик менен кызмат кылган кары ишенимдештерибиз үйүндөгүлөрүнө жакшы таасир эте алат. Карылардын Ыйык Китептин негизинде берген акыл-насааттары, көп жылдан бери топтогон тажрыйбасы, туруктуулугу жаштардын ишениминин бекем болушуна таасир тийгизбей койбойт (Накыл сөздөр 22:6). Андыктан карылар өздөрүнүн үйбүлөсүнүн рухий жактан өсүшүнө абдан чоң салым кошо аларын унутпашы керек.

Ишенимдештерине тийгизген таасири

10. Жусуп өзүнүн сөөгүнө байланыштуу эмнени осуят кылган жана бул эмнеге өбөлгө түзгөн?

10 Жашы илгерилеп калган биртуугандар ишенимдештерине да жакшы таасир эте алышат. Жакыптын уулу Жусуптун көрсөткөн ишеними андан кийин жашаган Кудайдын миллиондогон кызматчыларына чоң жубатуу берген. 110го чыккан Жусуп өлөр алдында «өзүнүн сөөгүн алып кетүүнү осуят кылган». Ысрайылдыктар акыры Мисир жеринен чыкканда анын сөөгүн кошо ала кетиши керек эле (Эврейлерге 11:22; Башталыш 50:25). Жусуптун сөздөрү ал көз жумгандан кийин көп жылдарга созулган азаптуу кулчулук убагында Ысрайыл элин жакында боштондукка чыгарына дагы бир жолу ынандырып, аларга үмүт берип келген.

11. Улгайган Муса Жашыяга кандайча жардам берген?

11 Жусуптун ишеним менен айткан сөздөрү Мусаны да бекемдеген. Муса өзү менен кошо Мисирден Жусуптун сөөгүн ала чыкканда 80 жашта болчу (Чыгуу 13:19). Ошол мезгилде Муса өзүнөн бир топ жаш кичүү Жашыя аттуу жигитти жардамчы кылып алат. Ал Мусаны 40 жыл бою коштоп жүргөн (Сандар 11:28). Ошондой эле ал Муса менен Синай тоосуна барып, Муса тоого чыгып, Кудай берген эки таш лоокту алып келгенге чейин аны күтүп турган (Чыгуу 24:12—18; 32:15—17). Жашы өр тартып калган Муса Жашыяга акыл-насаат айтып, аны көп нерсеге үйрөткөнү шексиз.

12. Жашыя Ысрайыл элине кандай таасир эткен?

12 Жашыя да өмүрү өткөнчө Ысрайыл элин бекемдеген. Башкаруучулар 2:7де: «Алар Жашыянын көзү тирүүсүндө, ошондой эле Теңирдин Ысрайыл үчүн кылган улуу иштеринин баарын көргөн, Жашыядан узагыраак жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө, Теңирге кызмат кылышчу»,— деп айтылган. Жашыя менен башка аксакалдардын көзү өткөндөн тартып Шемуел пайгамбардын күндөрүнө чейин ысрайылдыктар 300 жыл бою Жахабага да, жалган кудайларга да сыйынышкан.

Шемуел «адилеттикти орноткон»

13. Шемуел кандайча «адилеттикти орноткон»?

13 Ыйык Китепте Шемуелдин канча жашаганы айтылбайт. Анткен менен Биринчи Шемуел китебинде Шемуел өзү күбө болгон 102 жылдын ичиндеги окуялар камтылат. Эврейлерге 11:32, 33төн адил башкаруучулар менен пайгамбарлар «адилеттикти орнотушканын» окуйбуз. Ооба, Шемуелдин үлгүсү айрым замандаштарына жаман иштерди жасоодон качууга же таштоого түрткү берген (1 Шемуел 7:2—4). Кандайча? Ал Жахабага өмүр бою берилгендик менен кызмат кылган (1 Шемуел 12:2—5). Шемуел, атүгүл падышага да туура эмес жагын бетке айтуудан жазганган эмес (1 Шемуел 15:16—29). Ал карып, чачына бубак түшкөндө да, башкалар үчүн тиленгенин токтоткон эмес. Өзүнүн эли тууралуу ал: «Силер үчүн сыйынуумду токтотуп, Теңир алдында күнөөлүү болууга өзүмө жол бербейм»,— деген (1 Шемуел 12:2, 23).

14, 15. Карылар Шемуелди кандайча туурай алышат?

14 Шемуелдин мисалынан көрүнүп тургандай, карылар башкаларга өзгөчө жол менен жардам көрсөтө алышат. Денсоолугунун начарлашынан же башка жагдай-шарттардан улам мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болсо да, алар башкалар үчүн тилене алышат. Улгайган биртуугандар, жыйналыштагылар үчүн тиленгениңер чынында эле абдан баалуу! Машайактын төгүлгөн канына ишеним көрсөткөндүктөн, силер Жахабанын жактыруусуна ээсиңер жана ага туруктуулук менен кызмат кылып келаткандыктан, ишенимиңер «сыналган» деп айтууга болот (Жакып 1:3; 1 Петир 1:7). «Адил адамдын күчтүү сыйынуусу көп нерсени аткара аларын» эсиңерден чыгарбагыла (Жакып 5:16).

15 Ошондой эле Жахабанын Падышалыгынын кызыкчылыктары үчүн тиленгениңер да абдан маанилүү. Айрым биртуугандар бейтараптуулукту сактагандыктан түрмөдө жатышса, башкалары табигый кырсыктардан, согуштардан, жарандык кагылышуулардан жапа чегишүүдө. Жыйналыштагы кээ бир ишенимдештерибиз болсо азгырыктарга же каршылыктарга дуушар болуп жаткандыр (Матай 10:35, 36). Кабар айтуу ишин жетектеген, жыйналыштарды көзөмөлдөгөн биртуугандар да силердин тиленүүңөргө муктаж (Эфестиктерге 6:18, 19; Колосалыктарга 4:2, 3). Ырас, Эпафрастай болуп, ишенимдештериңер үчүн тиленгениңер кандай маанилүү! (Колосалыктарга 4:12).

Жаштарга таалим-тарбия берүү

16, 17. Забур 70:18де кандай пайгамбарлык айтылган жана ал кандайча аткарылууда?

16 «Башка койлор» — жерде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөндөр, «кичине отордон» — асмандагы жашоого үмүттөнгөндөрдөн — көп нерсеге үйрөнө алышат (Лука 12:32; Жакан 10:16). Забур 70:18де буга байланыштуу пайгамбарлык жазылган. Ал жерден: «Кудайым, мени карыганымда да, чачым агарганда да калтырба. Сенин күчүңдү ушул тукумга, Сенин кудуретиңди келе жаткан тукумга жарыя кылганча, мени таштаба»,— дегенди окуйбуз. Чынында эле, ыйык рух менен майлангандар Ыйса Машайак менен асман даңкына бөлөнгүчө шериктерин, башка койлорду, көптөгөн милдеттерди аткарууну үйрөтүүгө ынтызар.

17 Анткен менен Забур 70:18де айтылган «келе жаткан тукумга» таалим-тарбия берүүгө байланыштуу пайгамбарлык майлангандарга эле эмес, алардан таалим-тарбия алып жаткан башка койлорго да тиешелүү. Жахаба карыларга азыркы убакта чыныгы сыйынууга кошулуп жаткандарга Өзү тууралуу күбөлөндүрүүнү тапшырган (Жоел 1:2, 3). Башка койлор майлангандардын аларды окутуп-үйрөтүп жатканын бата деп эсептешет. Бул аларга Ыйык Китептен билгендери тууралуу Жахабага кызмат кылууну каалагандарга айтууга түрткү берет (Аян 7:9, 10).

18, 19. а) Көптөгөн кары биртуугандар эмнелерге күбө болушкан? б) Карылар эмнеден шектенбесе болот?

18 Кары биртуугандар, майлангандардан болобу же башка койлордонбу, далай маанилүү тарыхый окуяларга күбө болушкан. Алсак, арабызда «Жаратуу фото-драмасын» көргөндөр бар. 1918-жылы түрмөгө отургузулган жоопкерчиликтүү биртуугандарды жакшы билгендер да жок эмес. Башкалар Күзөт мунара радиостанциясынын уктурууга байланыштуу иштерине катышкан. Көптөр болсо биздин уюм дин тутуу эркиндигине ээ болуу укугун жогорку соттордо кантип коргогону тууралуу айтып бере алышат. Дагы бирөөлөрү диктатордук бийликтин тушунда өзүнүн диний көзкараштарына бекем карманышкан. Ал эми нечендеген улгайган биртуугандар ыйык китептик окуулардын бара-бара кандайча ачыла бергени тууралуу көп нерселерди айта алышат. Ыйык Китеп бизди алардын топтогон тажрыйбасынан пайда алууга үндөйт (Мыйзам 32:7).

19 Карылар болсо жаштарга жакшы үлгү болууга үндөлөт (Титке 2:2—4). Анткен менен чыдамкайлыгыңар, тиленүүңөр жана кеңештериңер башкаларга таасир этип жатканы дароо эле байкала бербеши мүмкүн. Маселен, Нух, Ыбрайым, Жусуп, Муса жана башкалар алардын ишенимдүүлүгү келечектеги муунга канчалык таасир этерин элестетишкен да эмес. Бирок алардын көрсөткөн ишеними, актыгынан жазбаганы азыркыга чейин баарыбызга зор таасир тийгизүүдө. Кары биртуугандарыбыз, силердин үлгүңөр да ошондой эле таасирдүү.

20. Үмүтүн аягына чейин сактагандарды кандай баталар күтүп турат?

20 Жашы өр тарткан биртуугандар, «улуу кайгыдан» аман өтөсүңөрбү же жаңы заманда тирилесиңерби, кандай болбосун, келечекте «түбөлүк өмүргө» ырахаттана аласыңар (Матай 24:21; 1 Тиметейге 6:19). Машайактын Миң жылдык башкаруусунда Жахаба карылыктын кесепеттерин биротоло жок кылат. Азыр күн өткөн сайын алдан тайсак, Кудай убадалаган бейиште күндөн-күнгө күчкө толуп, жашарып, көрүү, угуу жөндөмдүүлүгүбүз калыбына келип, бир сөз менен айтканда, бардык жактан жеткилең болобуз (Аюб 33:25; Ышайа 35:5, 6). Кудайдын жаңы дүйнөсүндө жашагандардын баары түбөлүк өмүр сүрүшсө да, жаш бойдон кала беришет (Ышайа 65:22). Келгиле анда, баарыбыз үмүтүбүздү аягына чейин бекем сактап, Жахабага жан-дилибиз менен кызмат кыла берели. Жахаба бардык убадаларын аткарарына жана жакында анын кыла тургандары биз күткөндөн да ашып түшөрүнө толук ишенсек болот (Забур 36:4; 144:16).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Улгайып калган Нухтун туруктуулугу бүт адамзатка кандай пайда алып келген?

• Байыркы уруу башчыларынын ишеними урпактарына кандай таасир эткен?

• Жашы өр тартып калган Жусуп, Муса, Жашыя жана Шемуелдер башкаларды кантип бекемдеген?

• Улгайган биртуугандар жаштарга кандай мурас калтыра алышат?

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги сүрөт]

Жашыя Мусанын акыл-насааттарынан чоң пайда алган

[29-беттеги сүрөт]

Башкалар үчүн тиленүүңөр көп нерсени аткара алат

[30-беттеги сүрөт]

Жаштар карылардан көп нерсеге үйрөнө алышат

[32-беттеги сүрөт]

Ыбрайымдын чыдамдуулугу Ыскакка күчтүү таасир эткен