Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

▪ Чындыкта эмес туугандар балага материалдык жактан кам көрөбүз дешсе, баланы аларга берүүгө болобу?

Ыйык Жазмага ылайык, балдарга кам көрүү, анын ичинде рухий жактан да кам көрүү, ата-эне үчүн сыймык жана жоопкерчилик. Андыктан Ыйсаны жолдогон жубайлардын Кудай берген ушул милдетин баркка албай, баласынын материалдык жыргалчылыгын эле көздөп, Күбө эмес туугандарына берип коюшу туура эмес болмок.

Айрым өлкөлөрдө баласын туугандарыныкына узак убакытка чейин жиберип коюунун эч деле жаман жери жок деп эсептелинет. Мындай көрүнүш билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү жерлерде көп байкалат. Ата-эне баласын шаарга туугандарыныкына (же интернатка) жакшыраак билим алсын же жакшыраак жашасын деген ой менен жибериши мүмкүн. Адатта, андайда туугандары баладан үйгө колкабыш кылышын же дагы кандайдыр бир башка жардам көрсөтүшүн күтөт.

Баланы туугандардын колуна берүү кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечкени менен, баары эле ата-эне күткөндөй боло бербеши ыктымал. Тажрыйба көрсөткөндөй, көнбөгөн жерде, ата-энесинен алыс жашоо балага терс таасир этет. Анын үстүнө, көп учурда туугандары өзүнүн балдарына караганда ага башкача мамиле кылып, аны көбүрөөк жумшап, басынтышы мүмкүн. Балага башкалар адилетсиз мамиле кылганда же кылып жаткандай сезилгенде, көңүлү чөгүп, кыжалат болбой койбойт (Салыштыр: Башталыш 27:30—41). Кандай гана мыкты окуу жайында, канчалык аракет кылып окубасын, баланын эмоциялык жактан кыйналганы окуусуна тоскоол болот. Анда ал жакшы билим ала алабы? Андан сырткары, баланын бейбаш болуп, жаман иштерге барганына, адатта, жанында тарбияга салып турган ата-энесинин жоктугу себеп болот.

Кудай Сөзүндөгү кеңештерди колдонуу ушундай көйгөйлөрдөн качууга жардам берет. Ыйык Китепке ылайык, ар бир ата-эне өз баласына өзү кам көрүүгө тийиш. Бирок кээде балдарга ата-энеден башка кимдир бирөөлөр кам көрө турган жагдай-шарттар болуп калышы ыктымал *. Аны Жахаба да түшүнөт. Ошол себептүү ал өзүнүн кызматчыларынан атасы же энеси жокторго жана жетимдерге жардам беришин күтөт (Мыйзам 14:28, 29; 16:9—14; 24:17—21; 26:12, 13; Забур 9:35; Жакып 1:27). Анткен менен Ыйык Жазмада балдарынын материалдык, рухий, эмоциялык муктаждыктарын канааттандырууга негизинен ата-эне жооптуу экени баса белгиленет (Салыштыр: 1 Тиметейге 5:8).

Кудай ата-энелерге өзүнүн мыйзамдары тууралуу: «Аларды балдарыңа үйрөт, аларды үйдө отурганыңда да, жолдо баратканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да айт»,— деген (Мыйзам 11:18, 19). Баласын чындыкта эмес туугандарыныкына көп убакытка жиберип койгон ата-эне ушул сөздөргө ылайык иш кылган болобу? Жок. Акыл үйрөтүп, таалим-тарбия берүү, ошондой эле алар муктаж болгон сүйүүнү көрсөтүү үчүн ата-эне дайыма балдарынын жанында болгону абзел (Эфестиктерге 6:4; Накыл сөздөр 6:20). Чынында эле, эгер бала жакшы билим алуу үчүн чындыкта эмес туугандарыныкында жашап, рухий насааттарды албай калса, анын азыркы эле эмес, түбөлүк жыргалчылыгына да коркунуч туулушу мүмкүн. Ыйсаны жолдогон ата-энелердин баары азыркы каардуу дүйнөдө балдардын Жахабага кызмат кылууга болгон каалоосун өстүрүү үчүн көп күч-аракет жумшоо, аларды дайыма көзөмөлдөп туруу керек экенин билишет. Баланы, материалдык жыргалчылыгын көздөп, бөлөк жакка жиберүү анын Жахабага кызмат кылууга максат коюшуна жолтоо болору бышык.

Буга байланыштуу Ыйсанын мисалына көңүл бурсак. Жусуп менен Мариям аны өзүлөрү менен кошо Галилеянын Назарет шаарына алып кетүү менен Кудайга баш ийгенин көрсөткөн. Ал жактан Ыйса «Кудайдын да, адамдардын да сүймөнчүгү болгон» (Лука 2:41—52).

Азыркы түзүлүштө билим алууга, байлыкка, мансапка умтулууга көп көңүл бурулат. Чындыкты билбеген ата-энелер көп учурда: «Мен баламдын көчө шыпырып иштешин каалабайм»,— дешет. Атүгүл, Ыйсаны жолдогон айрым ата-энелер да билим алууга жана материалдык жактан жетишкендикте жашоого карата дүйнөнүкүндөй көзкарашта болуп калышы ыктымал. Бирок Жахабанын акылмандыгына таянган ата-энелер балдарынын биринчи кезекте «түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, өздөрүнө келечек үчүн жакшы негиз боло турган кенч жыйнашын» каалашат (1 Тиметейге 6:9, 19).

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Кээде төмөндөгүдөй жагымсыз жагдай болуп калышы ыктымал. Мисалы, зордуктоонун айынан жаш кыздын боюна бүтүп калат. Андайда төрөлгөн баланы ким багарын, кыздын эмоциялык абалын, денсоолугун жана ушу сыяктуу нерселердин бардыгын эске алып, кыз жана анын ата-энеси чечет. Айрым учурларда кыздын ата-энеси баланы өздөрү багып алып, Кудай жолунда тарбиялоону чечиши мүмкүн. Кээде жыйналыштагы башка ишенимдештер асырап алышы ыктымал.