Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тирилүүгө болгон ишенимиң бекемби?

Тирилүүгө болгон ишенимиң бекемби?

Тирилүүгө болгон ишенимиң бекемби?

«Тирилет деп... үмүттөнөм» (Элчилер 24:15).

1. Эмне себептен адамга өлүмдөн качып кутула албачудай сезилет?

«БУЛ дүйнөдө өлүм менен салыктан гана качып кутулууга болбойт». Бул ойду көптөр таамай айтылган дешет. Аны 1789-жылы америкалык мамлекеттик ишмер Бенжамин Франклин айткан. Айрымдар салык төлөөдөн качса кача алгандыр, бирок өлүмдөн эч ким качып кутула албайт. Ооба, адам ажал менен жалгыз беттешсе, жеңилип берери турган иш. Ал ар бирибизди артыбыздан сая кууп келет. Ал эми адамзаттын жалпы мүрзөсү — шеол — тойбостук менен сүйүктүү жакындарыбыздын улам бирин жутуп жатат (Накыл сөздөр 27:20). Ошондуктан келгиле, төмөндөгү сооротуучу ойлорду карап чыгалы.

2, 3. а) Айрымдар эмне үчүн өлүмдү башынан өткөрбөйт? б) Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

2 Жахабанын Сөзү тирилүү болоруна, адамдар кайрадан жашоого кайрылып келерине үмүт берет. Бул куру кыял эмес: Ааламда Жахабага ал үмүттү ишке ашырууга тоскоолдук кыла ала турган эч ким, эч нерсе жок. Белгилей кетчү нерсе, кээ бирлер өлүмдү башынан өткөрбөйт. Кандайча? «Эбегейсиз көп адамдар» жакында келе турган «улуу кайгыдан» аман өтүп, түбөлүк өмүр сүрүшөт (Аян 7:9, 10, 14). Ооба, өлүм алардын үстүнөн бийлик кыла албайт. Себеби «өлүм... жок болот» (1 Корунттуктарга 15:26).

3 Биз, элчи Пабылдай болуп, тирилүү сөзсүз болоруна ишенебиз. Ал: «Адилеттүүлөр да, адилетсиздер да тирилет деп, Кудайдан үмүттөнөм»,— деген (Элчилер 24:15). Бул макалада тирилүүгө байланыштуу төмөнкүдөй үч суроо каралат: 1) Тирилүүгө болгон ишенимибиз бекемби? 2) Бул үмүттөн сен кандай жубатуу ала аласың? 3) Тирилүүгө болгон үмүт азыркы жашооңо кандай таасир этет?

Тирилүү сөзсүз болот!

4. Тирилүү эмне себептен Жахабанын ой-ниетинин аткарылышы үчүн зарыл?

4 Тирилүү болоруна шектенбөөгө бир нече себеп бар. Баарынан мурда, тирилүү Жахабанын ой-ниетинин аткарылышы үчүн зарыл. Адамдар Шайтанга азгырылып күнөөгө батканда, күнөө өлүмгө алып келген. Ошондуктан Ыйса Шайтанды: «Ал башынан эле киши өлтүргүч»,— деген (Жакан 8:44). Жахаба Кудай өзүнүн аялга салыштырылган асмандагы уюмунан «тукум» чыгарууну убадалаган. Ал Шайтандын — «байыркы жыландын» — башын жанчып, аны түбөлүккө жок кылат (Башталыш 3:1—6, 15; Аян 12:9, 10; 20:10). Жахаба Мессиялык Тукум жөнүндөгү ой-ниетин ачып берген сайын, Тукумдун Шайтанды жок кылгандан да көптү жасаары айкын боло берген. Ыйык Китепте: «Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген»,— деп айтылат (1 Жакан 3:8). Бизге Адам атадан күнөө менен өлүм тукум кууп өткөн. Жахаба өлүмдү — Шайтандын иштеринин эң негизгисин — Ыйса Машайак аркылуу жок кылгысы келет. Мына ошондуктан тирилүү чарасы жана Ыйсанын куткаруу курмандыгы зор мааниге ээ (Элчилер 2:22—24; Римдиктерге 6:23).

5. Жахабанын ысмы тирилүү аркылуу кандайча даңкталат?

5 Жахаба өзүнүн ыйык ысмын даңктайт. Шайтан Кудайдын ысмына шек келтирип, ар түрдүү калпты таратып келет. Ал Адам менен Обого Кудай тыюу салган жемиштен жесеңер, «өлбөйсүңөр» деп калп айткан (Башталыш 2:16, 17; 3:4). Ошондон тартып, Шайтан адамдарды алдап, өлгөндөн кийин жан учуп кетет деген сыяктуу жалган окууларды чыгарган. Бирок тирилүү чарасы аркылуу Жахаба андай жалган окуулардын баарын ашкерелейт. Келечекте Жахаба өзүнүн өмүрдүн Булагы экенин жана кайрадан өмүр бере аларын биротоло далилдейт.

6, 7. Жахаба тирилтүүгө кандай карайт жана биз аны кайдан билебиз?

6 Жахаба тирилтүүнү абдан каалайт. Ыйык Китепте Жахабанын тирилтүүнү канчалык каалай турганы ачылып берилет. Мисалы, ишенимдүү Аюб мындай деген: «Адам өлгөн соң, кайра жашамак беле? Анда мага берилген мөөнөт бүткөнчө, менин ордума келе турганды күтөр элем. Сен чакырсаң, мен Сага жооп берер элем. Ошондо Сен Өз колуң менен жаратканыңа ырайым кылар элең [«колдоруң жаратканды сагынып, куса болосуң», «ЖД»]» (Аюб 14:14, 15). Бул сөздөр эмнени билдирет?

7 Өлгөндөн кийин Аюб бир канча убакыт бою өлүм уйкусу менен уктап жатарын билген. Ал ошол убакытты өлүмдүн чеңгелинен бошотулуп чыккыча белгиленип коюлган «мөөнөт» катары эсептеген. Аюб ал «мөөнөт» аяктаганда, бошотуларына шектенген эмес. Эмне үчүн? Себеби ал Жахабанын сезимдерин билген. Жахаба өзүнүн берилген кызматчыларын кайрадан көргүсү келип, «сагынып, куса болот». Ооба, Кудай адил адамдардын баарын тирилтүүнү абдан каалайт. Ошондой эле башка адамдарга да жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берет (Лука 23:43; Жакан 5:28, 29). Кудай бул ой-ниетин ишке ашырууну чечкен соң, ага ким тоскоолдук кыла алат?

8. Жахаба келечекке байланыштуу үмүттүн ишке ашарын кандайча далилдеген?

8 Ыйсанын тирилиши келечекке болгон үмүтүбүздүн ишке ашарын далилдейт. Пабыл Афинде сүйлөгөн сөзүндө мындай деген: «Ал [Кудай] бир күндү белгилеп койду. Ошол күнү ааламды Өзү алдын ала белгилеп койгон Адам аркылуу адилеттик менен соттойт. Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү менен, Ал муну бардык адамдарга далил катары көрсөттү» (Элчилер 17:31). Пабыл Кудайдын адамдарды тирилтерин айтканда, угуучуларынын айрымдары аны шылдыңдаган. Ал эми кээ бирлери ишенип калышкан. Аларды тирилүүгө болгон үмүттүн негиздүү экени ынандырган көрүнөт. Ыйсанын тирилиши Жахабанын жасаган зор керемети эле. Ал Уулуна кайрадан өмүр берип, күчтүү рухий жаратуу катары тирилткен (1 Петир 3:18). Ыйса тирилгенден кийин адам болуп жерге келгенге чейинкисинен да жогору даражага көтөрүлгөн. Өлбөстүккө ээ болгон жана күч-кубаты боюнча Жахабадан кийинки эле орунда турган Ыйса азыр Атасынын зор тапшырмаларын аткарууда. Жахаба башкаларды, асмангабы же жергеби, Ыйса аркылуу тирилтет. Ошондуктан Ыйса өзү жөнүндө: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн»,— деген (Жакан 5:25; 11:25). Уулун тирилтүү менен Жахаба бардык ишенимдүү адамдарга тирилүүнүн чынында эле болорун далилдеген.

9. Тирилүүнүн чынында эле болору Ыйык Китепте кандайча тастыкталат?

9 Тирилтүүнү айрымдар өз көзү менен көрүшкөн, ал тууралуу Кудай Сөзүндө жазылган. Ыйык Китепте жерде жашоого тирилтилгендер жөнүндө сегиз билдирүү камтылган. Ал кереметтер жашыруун эмес, көбүнчө башкалардын көз алдында, ачык жасалган. Алсак, Ыйса өлгөнүнө төрт күн болгон Лазарды көп элдин алдында тирилткен. Алардын арасында Лазардын туугандары, достору жана кошуналары болгону шексиз. Бул окуя Ыйсаны Кудай жибергенин далилдеген. Анын Лазарды тирилткенин душмандары да тана алган эмес. Ошондуктан алар Ыйсаны эле эмес, Лазарды да өлтүрүүгө ниеттенишкен (Жакан 11:17—44, 53; 12:9—11). Ооба, бул окуя тирилүү сөзсүз болорун тастыктап турат. Кудай тирилүү жөнүндөгү билдирүүлөрдү бизди сооротуш үчүн, ишенимибизди бекемдеш үчүн Ыйык Китепке жаздырып койгон.

Тирилүүгө болгон үмүт сооротот

10. Ыйык Китепте жазылган тирилүү жөнүндөгү билдирүүлөр сооронууга кандайча жардам берет?

10 Адатта, өлүм коркунучу пайда болгон жагдайларда адам сооротууга муктаж. Сооронучтун бир булагы — Ыйык Китептеги тирилүү жөнүндөгү билдирүүлөр. Ал билдирүүлөрдү окуу, алар тууралуу ой жүгүртүү жана ошол окуяларды көз алдыбызга элестетүү тирилүүнүн сөзсүз болоруна байланыштуу үмүтүбүздү бекемдейт (Римдиктерге 15:4). Ал окуялар ойдон чыгарылган жомок эмес: белгилүү бир убакта, белгилүү бир жерде жашаган, биздей эле адамдар менен болгон окуялар. Эмесе, Ыйык Китепте жазылган тирилүү жөнүндөгү билдирүүнүн биринчисин кыскача карап чыгалы.

11, 12. а) Сарепаттагы жесир аял кандай кырсыкка кабылат жана алгач анын маанайы кандай болгон? б) Жахаба Илияс аркылуу эмне кылган?

11 Ал окуя мындайча болгон. Илияс пайгамбар бир нече жумага Сарепаттагы бир жесир аялдыкына токтойт. Ал анын үйүнүн үстүңкү бөлмөсүндө жашачу. Ошол күндөрү жашоо абдан оорлоп кеткен: өлкөнү кургактык каптап, ачарчылык кендирди кесип турган. Андыктан өлгөндөр да аз эмес эле. Жахаба ошол момун аялдын бекем ишеними үчүн Илияс аркылуу керемет көрсөткөн. Аялдын баласы менен өзүнө бир жолкуга жетерлик эле тамагы калган. Ошондо Жахаба аларды Илияс аркылуу керемет жолу менен ун, май менен камсыз кылган. Алар ошону менен көпкө чейин жан баккан. Бирок бир күнү аялдын башына кырсык түшөт. Баласы күтпөгөн жерден ооруп, өлүп калат. Байкуш эненин ошондогу күйүтүн элестетсең... Күйөөсүн жоготкону аз келгенсип, эми минтип жалгызынан айрылганда аял каңырыгы түтөп Илиясты да, анын Жахаба Кудайын да күнөөлөп жиберет. Пайгамбар эми эмне кылмак?

12 Бирок Илияс жесир аялды ан үчүн жемелеген эмес. «Мага уулуңду бер»,— дейт ал. Анан баланы үстүңкү бөлмөгө алып барып, Кудайга кайра-кайра тиленип, аны тирилтүүнү өтүнөт. Жахаба тиленүүсүнө жооп берет. Баланын көкүрөгү абага толуп, дем ала баштаганын көргөндө, Илиястын кандай кубанганын элестетсең. Бала көзүн ачып, эки жагын карайт. Анан Илияс аны энесине алып келет да: «Карачы, сенин уулуң тирүү»,— дейт. Аял маңдайы жарыла сүйүнөт! Ошондо: «Сенин Кудайдын кишиси экениңди, сен, чын эле, Теңирдин сөзүн сүйлөп жатканыңды мен эми билдим»,— дейт ал (1 Падышалар 17:8—24). Аялдын Жахабага жана Анын өкүлүнө болгон ишеними абдан бекемделет.

13. Жесир аялдын баласынын тирилиши жөнүндөгү билдирүү бизди эмне үчүн жубатат?

13 Ушул сыяктуу билдирүүлөр тууралуу ой жүгүртүү сага зор жубатуу берери шексиз. Жахаба биздин душманыбызды — өлүмдү — жок кыла алары айдан-ачык. Өлгөндөр тирилгенде, сарепаттык аялдай болуп, канчалагандар кубанычка батарын ойлосоң. Асманда да чоң кубаныч болот. Анткени Жахаба Уулуна бүт жер жүзү боюнча өлгөндөрдү тирилтүүнү тапшырат (Жакан 5:28, 29). Сен да жакыныңдан айрылдың беле? Андай болсо, Жахабанын өлгөндөргө кайрадан жашоо бере аларын жана берерин билүү кандай сонун!

Үмүт жашооңо кандай таасир этет?

14. Тирилүүгө болгон үмүт азыркы жашооңо кандай таасир этет?

14 Тирилүүгө болгон үмүт азыркы жашообузга кандай таасир этиши мүмкүн? Биз ар кандай кыйынчылыкка, азап-кайгыга, куугунтукка жана коркунучтуу жагдайларга кабылганда, тирилүүгө болгон үмүтүбүздөн күч-кубат алабыз. Шайтан сенин өлүмдөн катуу коркуп, өмүрүмдү сактап калам, коопсуз жашайм деп, адилдигиңден баш тартышыңды каалайт. Анын Жахабага эмне дегени эсиңдедир. Ал: «Адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет»,— деп ырастаган (Аюб 2:4). Бул сөздөрдү айтуу менен Шайтан баарыбызга, демек, сага да жалаа жапкан. Чын эле, сен коркунучка кабылганда Кудайга кызмат кылууңду токтотуп коёсуңбу? Тирилүүгө болгон үмүттүн негиздүү экени тууралуу ой жүгүртүү асмандагы Атабыздын эркин чечкиндүүлүк менен аткарууга жардам берет.

15. Коркунучка кабылганыбызда Ыйсанын Матай 10:28деги сөздөрү кандай жардам берет?

15 Ыйса мындай деген: «Денени өлтүрүп, бирок жанды өлтүрө албагандардан коркпогула. Жанды да, денени да оттуу көлдө өлтүрө ала тургандан корккула» (Матай 10:28). Биз Шайтан менен анын жардамчыларынан коркпошубуз керек. Айрымдар бизге кандайдыр бир зыян келтириши, атүгүл өлтүрүп да коюшу мүмкүн. Бирок алардын иш-аракеттеринин олуттуу зыяны да убактылуу гана. Себеби Жахаба ишенимдүү кызматчыларына жасалган кандай зыянды болбосун жоё алат, керек болсо, аларды тирилтип да коёт. Ошондуктан биз бир гана Жахабадан коркушубуз жана ага терең урмат-сый көрсөтүшүбүз зарыл. Жалгыз гана Ал өмүрүбүздү да, келечекке болгон үмүтүбүздү да алып коё алат жана денебизди да, жаныбызды да түбөлүк жок кылып коё алат. Бирок, албетте, Жахаба биздин өлүшүбүздү каалабайт (2 Петир 3:9). Өлсөк да тирилерибизге үмүттөнгөндүктөн, биз Кудайдын кызматчылары катары дайым коопсуздукта экенибизге шектенбейли. Эгер ишенимдүү болсок, Жахаба бизге түбөлүк өмүр берет. Буга Шайтан да, анын кол алдындагылар да тоскоолдук кыла албайт (Забур 117:6; Эврейлерге 13:6).

16. Тирилүүгө ишенүү жашоодо эмнелерди биринчи орунга коюуну аныктоого кандайча жардам берет?

16 Тирилүүнүн сөзсүз болоруна ишенсек, жашоого болгон көзкарашыбыз ошого жараша калыптанат. Биз «жашасак да, өлсөк да Теңирдики» экенибизди билебиз (Римдиктерге 14:7, 8). Ошондуктан жашообузда биринчи орунда эмнелер турушу керектигин аныктоодо Пабылдын кеңешин колдонушубуз абзел. Ал мындай деп жазган: «Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла, тескерисинче, Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюңарды жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлгүлө» (Римдиктерге 12:2). Көптөр ар бир каалоосун, пайда боло калган ар бир оюн, өзүмчүл максатын ишке ашырууга умтулушат. Алар жашоону өтө кыска деп ойлогондуктан, кандай жол менен болбосун, ыракат алууну көздөшөт. Кудайга сыйынабыз деп ырастаган күндө да, алардын сыйынуусу Кудайдын «жеткилең эркине» дал келбейт.

17, 18. а) Кудайдын Сөзүндө өмүрдүн кыскалыгы кандайча белгиленет жана Кудай бизге кандай жашоо бергиси келет? б) Жахабаны күнүгө даңктоого эмне үчүн түрткү алабыз?

17 Ооба, жашоо кыска. Биздин «өмүрүбүз тез өтөт»: көп болсо, жетимиш-сексен жылга барат (Забур 89:10). Адамдын өмүрү тез эле куурап кала турган чөптөй, карматпаган көлөкөдөй же желдей, бүгүн бар да, эртең жок (Забур 102:15; 143:3, 4). Кудай адамды бир нече жыл ичинде өсүп-жетилип, чектелүү гана акылмандык менен тажрыйбага ээ болуп, бирок бара-бара күч-кубаттан тайып, денсоолуктан ажырап отуруп, акыры өлүмгө моюн сунушун ниет кылган эмес. Жахаба адамдарды түбөлүк жашоого болгон каалоо менен жараткан. Ыйык Китепте: «[Кудай] алардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салды»,— делет (Насаатчы 3:11). Анда Кудай өзү бизди түбөлүк өмүр сүрүү каалоосу менен жаратып коюп, аны кол жеткис куру кыял кылып салгыдай ташбоорбу? Жок: «Кудай — сүйүү» (1 Жакан 4:8). Ошондуктан Ал маркумдар да түбөлүк жашай алышы үчүн, аларды тирилтет.

18 Тирилүүгө үмүтүбүз бар болгондуктан, биздин келечегибиз коопсуз. Ошон үчүн жашоонун болгон ыракатын көрүп калууга умтулуунун зарылдыгы жок. Азыркы жок боло турган дүйнө сунуштаган нерселерди толук колдонууга аракеттенүү — акылсыздык (1 Корунттуктарга 7:29—31; 1 Жакан 2:17). Анткени биздин алдыбызда сонун келечек бар. Берилгендигибизден жазбасак, Жахабаны түбөлүккө мактоого жана өчпөс өмүрдүн ыракатын көрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот. Ошондуктан, келгиле, тирилүү сөзсүз болоруна үмүт берген Жахаба Кудайды күнүгө даңктайлы!

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Тирилүүгө карата кандай көзкарашта болушубуз керек?

• Тирилүүнүн сөзсүз болоруна кандай далилдер бар?

• Тирилүүгө болгон үмүттөн сен кандай сооротуу аласың?

• Тирилүүгө болгон үмүт азыркы жашооңо кандай таасир этет?

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги сүрөт]

Аюб Жахабанын адил адамдарды тирилтүүнү абдан каалаарын билген

[21-беттеги сүрөт]

«Карачы, сенин уулуң тирүү»