Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тынчы кеткен дүйнөдө жаркын келечекке үмүттөнүүгө негиз бар!

Тынчы кеткен дүйнөдө жаркын келечекке үмүттөнүүгө негиз бар!

Тынчы кеткен дүйнөдө жаркын келечекке үмүттөнүүгө негиз бар!

«АЗЫР карапайым калк башкаларга жардам берүүдө жана көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечүүдө адамзат тарыхында мурун болуп көрбөгөндөй чоң роль ойноп калды». Бул сөздөрдү АКШнын мурунку президенти Билл Клинтон 2006-жылы март айында Оттавада (Канада) болуп өткөн конференцияда айткан. Ошондой эле 2004-жылы болгон цунамиден тартып эларалык биримдикке жол ачылганын жана азыр адамдар «бири-биринен өзгөчө көзкаранды болуп калган убакта» жашап жатканын, бул болсо жакшы келечекке үмүттөнүүгө негиз берерин баса белгилеген.

Табигый кырсыктар адамзатка өздөрүнүн келечеги үчүн биримдикте иш-аракет кылууга түрткү берет деп үмүттөнүүгө болобу? Адамдардын бири-биринен көзкаранды экенин түшүнгөнү келечекте жашоо тынч, коопсуз болот деп ишенүүгө негиз береби?

Үмүттүн булагы

Адамдар алты миң жылдан ашуун убактан бери жашоону оңдоого аракет кылып келүүдө. Бирок андан эч кандай майнап чыккан жок. Ошондуктан Ыйык Жазмада: «Төрөлөргө, адам баласына таянбагыла, алар жардам бере алышпайт»,— деп бекеринен айтылган эмес (Забур 145:3). Бул дүйнөнүн уюмдарына, алардын байлыгына жана убадаларына үмүттөнүү көңүл кайттыкка гана дуушар кылат. Эмне үчүн? Анткени «бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот» (1 Жакан 2:17).

Кылымдардан бери Кудай адил адамдарга бекем үмүт берип келүүдө. Ыйык Китепте Кудай тууралуу «[байыркы] Ысрайылдын үмүтү», «[ысрайылдыктардын] ата-бабаларынын үмүтү» деп айтылат жана ага үмүттөнүүгө, таянууга, ишенүүгө болору жөнүндө да көп аяттар бар (Жеремия 14:8; 17:13; 50:7). Ырас, Ыйык Китеп бизди Жахабага үмүттөнүүгө үндөйт (Забур 26:14).

Накыл сөздөр 3:5, 6да мындай деп айтылат: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолуңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт». Бул сөздөргө толугу менен ишенсең болот, себеби Жахаба Кудай өзгөрүлбөйт, ишенимдүү жана убадасын дайыма аткарат (Малахия 3:6; Жакып 1:17). Ал сага жакшылык каалайт, андыктан анын Сөзүндө, Ыйык Китепте, айтылгандарга ылайык иш кылсаң, азыркы коогалаңдуу дүйнөдө да жандүйнө бейкуттугуна ээ боло аласың (Ышайа 48:17, 18).

Кудайдын жетекчилигине чын жүрөктөн баш ийген киши анын: «Коркпо, анткени Мен сени мененмин, үрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени Өзүмдүн адилеттигимдин оң колу менен колдойм»,— деген убадасына толук ишене алат (Ышайа 41:10). Жалындуу тиленүү жана ушул бекемдээрлик сөздөр жөнүндө ой жүгүртүү Жахаба Кудайды чындап жакшы көргөндөрдүн баарына жубатуу берет жана бардык кыйынчылыктарды көтөрүүгө көмөк кылат.

Жахабанын Күбөсү, эки баланын энеси Андреа мындай дейт: «Кээде кантип жашайм, мындан ары эмне кылам деп тынчсызданам. Ошондой учурларда Жахабага тиленүү жана анын убадалары тууралуу ой жүгүртүү гана жардам берет. Жахабага таянганымда, эртеңки күндү ойлоп, көп убайым тартпайм».

Жахабага болгон үмүтүң бекем болсун

Жахабага таянгандар тууралуу забурчу: «Сенин мыйзамыңды сүйгөндөрдүн тынчтыгы зор, аларга бөгөт жок»,— деген (Забур 118:165). Кудай Сөзүн изилдөөнүн аркасында акылың менен жүрөгүңдү «эмне чындык, эмне туура, эмне адилеттүү, эмне таза болсо, эмне адептүүлүккө жатса, эмне мактоого арзырлык болсо», ошого толтура аласың. Бул сени рухий жактан бекемдеп, сага дем-күч берет. Жогоруда айтылган нерселерге үйрөнүүнү, ошого ылайык иш кылууну максат кылып коюп, ага бүт күч-аракетиңди жумшасаң, «тынчтыктын булагы болгон Кудай» сени менен болот (Филипиликтерге 4:8, 9).

Ондогон жылдардан бери Жахабага кызмат кылып келаткан Жон өзү жөнүндө мындай дейт: «Жакшы келечекке үмүттөнө алышым үчүн, мүнөзүмдү, ой жүгүртүүмдү түп-тамыры менен өзгөртүшүм керек экенин түшүндүм. Ошондо гана жеткилең, көрүнбөгөн Кудай менен достошо алмакмын. Анткени бардык нерсеге Кудайдыкындай көзкарашта болмоюнча, аны менен жакшы мамиледе болуу мүмкүн эмес. Ан үчүн Кудай Сөзүн окуп-изилдеп, ал тууралуу ой жүгүртүү зарыл».

Ыйык Жазмадагы сергитүүчү, өмүр берүүчү чындыктын «сууларын ичип», андагы мезгил сынагынан өткөн, натыйжалуу кеңештерди колдонсоң, күнүгө маалымат каражаттары аркылуу берилген толгон-токой жаман жаңылыктардан улам көңүлүң чөкпөйт. Ошондой эле Ыйык Китепте айтылгандар үйбүлөңдү бекемдейт жана ашыкча тынчсызданбоого жардам берет. Андан тышкары, Кудай «Өзүнө жүрөгүн толугу менен бергенди колдош үчүн» даяр экенин убадалайт (2 Жылнаама 16:9). Ооба, ага таянып, эч нерсеге тынчсызданбасаң болот.

Согуш учурунда жашап, көптөрдүн өмүрүнүн кыйылганын көргөн Финеас мындай дейт: «Мен бардык учурда камкор Жахабага таянууга үйрөндүм. Ыйык китептик принциптерге кармануунун аркасында көптөгөн көйгөйлөрдөн кача алдым». Жахаба Кудайга таянсаң, ал сага тоодой кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет (Забур 17:30). Бала ата-энесинин ага кам көрөрүн билгендиктен, ооруп калса же кандайдыр бир оор жагдайга учураса да, алардын жанында өзүн коопсуз сезет. Эгер Жахабадан үмүт кылсаң, сен да өзүңдү ушундай сезе аласың (Забур 36:34).

Үмүттүн пайдубалы

Ыйса Машайак жолдоочуларына: «Силер... мындай сыйынгыла: „Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун. Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын“»,— деген (Матай 6:9, 10). Кудай өзүнүн эгедерлигин асмандагы ошол Падышалык — Ыйса Машайак башкарган өкмөт — аркылуу айкын кылат (Забур 2:7—12; Даниел 7:13, 14).

Азыркы дүйнөдө коркунучта жашабаган бир да жан жок. Бул адамзат Кудайдын кийлигишүүсүнө муктаж экенин айгинелеп турат. Бактыга жараша, Кудай кийлигише турган убакка аз калды! Жахаба өзүнүн эгедерлигин актоону жана ысмын ыйыктоону Мессиялык Падышалыктын падышасы Ыйса Машайакка тапшырган (Матай 28:18). Жакын арада Ыйса бүт жердин үстүнөн бийлик жүргүзүп, адамдардын үрөйүн учурган нерселердин бардыгын жок кылат. Ышайа 9:6да ал жөнүндө бардык коркунучтардан арылта ала турган ишенимдүү Башкаруучу экени айтылат. Ошондой эле ал «Түбөлүктүн Атасы», «Кеңешчи» жана «Тынчтыктын Төрөсү» деп да аталат.

Ыйсаны эмне себептен «Түбөлүктүн Атасы» деп айтууга болот? Тилалчаак адамзатка өзүнүн куткаруу курмандыгынын негизинде түбөлүк өмүр берүү үчүн анын күчү да, бийлиги да, каалоосу да бар. Ошондо бардыгы биринчи кишиден, Адам атадан, тукум кууп өткөн күнөө менен жеткилеңсиздиктен биротоло арылышат (Матай 20:28; Римдиктерге 5:12; 6:23). Ошондой эле Кудай берген бийликти колдонуп, Машайак өлүм уйкусунда жаткандарды тирилтет (Жакан 11:25, 26).

Ыйса жерде жүргөндө мыкты «Кеңешчи» экени айкын көрүнгөн. Кудай Сөзүн билгендиктен, адам баласынын табиятын жакшы түшүнгөндүктөн, ал күнүмдүк көйгөйлөрдү кантип чечүү керектигин эң жакшы билген. Асманга көтөрүлүп, такка отургандан кийин да ал «Кеңешчи» катары кызмат кылып, Жахаба менен адамдардын ортосунда мамиле түзүүдө негизги роль ойногон. Ырас, Ыйсанын Ыйык Китепте жазылган кеңештери дайыма туура жана пайдалуу. Аларга ылайык иш кылсаң, эртеңкини ойлоп убайым тартпайсың жана жандүйнө бейкуттугуна ээ болосуң.

Ышайа 9:6да Ыйса «Тынчтыктын Төрөсү» деп да аталат. Ал өзүнүн бийлигин колдонуп, жакында саясий, социалдык жана экономикалык теңсиздикти жоёт. Бул адамзаттын үстүнөн Мессиялык Падышалык башкара баштаганда гана мүмкүн болот (Даниел 2:44).

Ал Падышалыктын башкаруусу астында бүтүндөй жер жүзүнө түбөлүккө тынчтык орнойт. Буга эмне үчүн ишенсең болот? Себеби Ышайа 11:9дан мындай деген сөздөрдү окуйбуз: «Менин ыйык тоомдун бүт жеринде жамандык кылышпайт, зыян келтиришпейт, анткени деңиз сууга толгонсуп, жер Кудайдын билимине толот». Ооба, ар бир киши Кудай жөнүндө так билим алып, ага баш ие турган убак келет. Ошол убакта жашагың келеби? Анда создуктурбай Жахаба Кудай жөнүндө билим ала башта.

Кудай убадалаган жаркын келечек жөнүндө жана биздин күндөрдө болуп жаткан окуялардын мааниси тууралуу Ыйык Китепте чынында эмне айтылганын изилдеп, Кудай жөнүндөгү өмүр берүүчү билим алуудан чоң пайда ала аласың. Биз сени жергеңдеги Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти бекер изилдөөгө чакырабыз. Ошентүү менен азыркы тынчы кеткен дүйнөдө да коркуу сезиминен арылып, жакшы келечекке үмүттөнө аласың.

[4-беттеги кутуча⁄сүрөттөр]

Кудайдын Падышалыгына эмне себептен үмүттөнө алабыз?

Кудай өзүнүн Падышалыгынын Падышасы Ыйса Машайакка бийлик жүргүзүүгө укук да, жөндөмдүүлүк да берген (Матай 28:18). Ыйса жердин экологиясын толугу менен калыбына келтирет. Ошондой эле оорунун баарын жок кылат. Ал жерде жүргөндө укмуштуудай кереметтерди жасаган. Бул анын жеткилең, ишенүүгө татыктуу Падыша катары башкарганда, алда канча зор иштерди жасаарын далилдеген. Сага ал Мессиялык Падышанын төмөндө айтылган кайсы сапаттары өзгөчө жагат?

Жөнөкөй (Марк 10:13—16).

Акылман жана беткарама эмес (Марк 10:35—45).

Ишенимдүү жана өзүмчүл эмес (Матай 4:5—7; Лука 6:19).

Адил жана адилеттүү (Ышайа 11:3—5; Жакан 5:30; 8:16).

Камкор жана момун (Жакан 13:3—15).

[4-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепти окуу жана ал тууралуу ой жүгүртүү Жахабага үмүттөнүүгө жардам берет