Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле»

«Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле»

«Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле»

«Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле, тескерисинче, бардык адамдардын алдында жакшылык кылууга аракеттенгиле» (Римдиктерге 12:17).

1. Кандай жүрүм-турум көп кездешет?

БИР баланы экинчиси түртүп кетсе, ал, адатта, сөзсүз жооп кайтарат. Өкүнүчтүүсү, мындай көрүнүш балдар арасында эле эмес, чоңдор арасында да кездешет. Кимдир бирөө таарынтканда, чоңдор көбүнесе кек сактап калышат. Алар түзмө-түз түртүшпөсө да, кандайдыр бир тымызын жол менен өч алууга умтулат. Балким, таарынткан адам жөнүндө ушак таратып же анын кайсы бир ишине бут тосууга аракеттенеттир. Кандай гана жолдорду колдонбосун, алардын андай иш-аракети өч алууга жатат.

2. а) Ыйсанын чыныгы жолдоочулары өч алуу каалоосунун өрчүшүнө эмне үчүн жол бербейт? б) Кайсы суроолор жана Ыйык Китептеги кайсы бөлүм талкууланат?

2 Өч алуу каалоосу дээрлик ар бир кишиде болот. Бирок Ыйсанын чыныгы жолдоочулары жүрөгүндө андай каалоонун өрчүшүнө жол бербейт. Алар элчи Пабылдын: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле»,— деген насаатына карманууга аракеттенишет (Римдиктерге 12:17). Бул олуттуу талап боюнча жашоого бизге эмне түрткү берет? Өзгөчө кимдердин жаман мамилесине жамандык менен жооп кайтарбайбыз? Өч алуу каалоосун ооздуктоо менен кандай пайда алабыз? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Пабылдын жогорудагы сөздөрүнүн мурунку-кийинки аяттарын карап чыгабыз. Ошондой эле римдиктерге жазылган каттын 12-бөлүмүн изилдөө менен өч алуудан оолак болуунун туура экенин жана анын сүйүү менен момундук көрсөтүүгө жатарын билебиз. Бул макалада ушул тууралуу сөз жүрөт.

«Ошондуктан... силерден өтүнөмүн»

3, 4. а) 12-бөлүмдө эмне жөнүндө кеп кылынган жана ал бөлүм эмне үчүн «ошондуктан» деп башталган? б) Кудайдын боорукердиги Ыйсанын Римдеги жолдоочуларына кандай таасир этүүгө тийиш эле?

3 Римдиктерге жазган катынын 12-бөлүмүндө Пабыл Ыйсанын жолдоочуларынын жашоосундагы өз ара байланышы бар төрт тармак тууралуу сөз кылган. Атап айтканда, Жахаба, ишенимдештерибиз, ишенимдеш эместер жана бийлик башындагылар менен болгон мамилебиз жөнүндө айткан. «Ошондуктан, бир туугандарым, Кудайдын боорукердиги менен силерден өтүнөмүн»,— дегенде Пабыл жаман адаттардан арылууга жана өч алуу каалоосун ооздуктоого орчундуу себеп бар экенин белгилеген (Римдиктерге 12:1). Байкасаңар, 12-бөлүм «ошондуктан» деген сөз менен башталган. Ал сөз «жогоруда айтылгандарды эске алганда» дегенди билдириши мүмкүн. Ошон үчүн аны: «Жогоруда түшүндүрүп кеткендеримди эске алып, силерден мындан ары минтүүнү суранам...» — дегиси келген десек болот. Римдеги ишенимдештерине Пабыл эмнени түшүндүрүп берген?

4 Буга чейинки он бир бөлүмдө Пабыл ысрайыл эли баалабай койгон чоң артыкчылык эми жүйүттөр менен бутпарастарга берилгендиктен, алар Кудайдын Падышалыгында Ыйса менен бирге башчылык кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканын айткан (Римдиктерге 11:13—36). Чынында, андай артыкчылыкка алар «Кудайдын боорукердигинен» улам жетишкен. Кудайдын мындай зор ырайымдуулугу Ыйсаны жолдогондорго кандай таасир этүүгө тийиш эле? Бул аларга ыраазы болууга түрткү бермек. Ошонун аркасында алар Пабылдын: «Кудайга өзүңөрдүн денеңерди тирүү, ыйык жана Ага жага турган курмандык катары бергиле. Бул силердин рухий кызматыңар болот»,— деген чакырыгына ылайык иш кылышмак (Римдиктерге 12:1). Кудайга өзүлөрүн «курмандык катары» берүү үчүн эмне кылуу керек эле?

5. а) Адам өзүн Кудайга кандайча «курмандык» катары бере алат? б) Кайсы принцип Ыйсанын жолдоочуларынын жүрүм-турумунда чагылдырылышы керек?

5 Пабыл: «Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла, тескерисинче, Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюңарды жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлгүлө»,— деген (Римдиктерге 12:2). Алар ой жүгүртүүсүн дүйнөнүн рухуна калыптоого жол бербей, Машайактын ой жүгүртүүсүнө ылайыкташтырууга умтулушу керек болчу (1 Корунттуктарга 2:16; Филипиликтерге 2:5). Бул жердеги принцип Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын баарынын, демек, азыркы жолдоочуларынын да күндөлүк жүрүм-турумунда чагылдырылууга тийиш.

6. Өч албоого, Римдиктерге 12:1, 2-аяттарга ылайык, эмне түрткү берет?

6 Римдиктерге 12:1, 2-аяттар бизге кандай жардам берет? Ыйсанын Римдеги майланган жолдоочуларына окшоп, биз Кудайдын көрсөткөн жана күнүгө ар кандай жолдор менен көрсөтүп келаткан ырайымдуулугуна абдан ыраазы болушубуз керек. Ошондуктан биз Кудайга кызмат кылууда бүт күчүбүздү, каражатыбызды жана жөндөмдүүлүктөрүбүздү колдонууга түрткү алабыз. Бул ой жүгүртүүбүздү дүйнөнүкүнө эмес, Машайактыкына ылайыкташтырууга чын жүрөктөн умтулууга өбөлгө түзөт. Машайактыкындай ой жүгүртүүгө ээ болгон соң башкаларга: ишенимдештерибизге да, ишенимдеш эместерге да тийиштүү мамиле жасайбыз (Галатиялыктарга 5:25). Демек, Машайактыкындай ой жүгүртсөк, өч алууга болгон каалообуз менен күрөшөбүз (1 Петир 2:21—23).

«Сүйүүңөр жалган болбосун»

7. Римдиктерге жазылган каттын 12-бөлүмүндө кандай сүйүү жөнүндө айтылган?

7 Жамандыкка жамандык менен жооп бербөө, албетте, туура. Анын үстүнө, ал сүйүү көрсөтүүгө жатат. Элчи Пабыл сүйүүбүздүн кандай болушу керектигине да көңүл бурган. Ал Римдиктерге жазган катында Кудайдын жана Машайактын сүйүүсү тууралуу кеп кылганда ага́пи деген грек сөзүн колдонгон (Римдиктерге 5:5, 8; 8:35, 39). Бирок 12-бөлүмдө Пабыл ага́пи деген сөздү башкаларга сүйүү көрсөтүүгө байланыштуу да колдонгон. Ал рух аркылуу берилүүчү жөндөмдүүлүктөр жана аларга айрымдар гана ээ болору тууралуу айткан соң: «Сүйүүңөр жалган болбосун»,— деген. Андай сүйүүнү өрчүтүү Ыйсанын бардык жолдоочуларынан талап кылынган (Римдиктерге 12:4—9). Башкаларга сүйүү көрсөтүү — Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын негизги өзгөчөлүгү (Марк 12:28—31). Ошол себептүү, Пабыл айткандай, биздин Ыйсанын жолдоочулары катары көрсөткөн сүйүүбүз чын жүрөктөн чыгышы керек.

8. Сүйүүбүз канткенде жалган болбойт?

8 Пабыл сүйүүбүз жалган, эки жүздүү болуп калбашы үчүн эмне кылуу керектигин түшүндүрүп: «Жамандыктан баш тартып, жакшылык кылууга умтулгула»,— деген (Римдиктерге 12:9). Бул жердеги «баш тартуу» деп которулган сөз, түпнуска боюнча, «жек көрүү» дегенди билдирет. Биз жамандыктын кесепетин эле эмес, анын өзүн жек көрүүгө тийишпиз (Забур 96:10). Ал эми «умтулуу» деген этиш грек тилинде түзмө-түз «жабышуу» деп берилген. Чыныгы сүйүүгө ээ болгон Ыйсанын жолдоочусу жакшылыкка бекем «жабышкандыктан», жакшылык кылуу анын мүнөзүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланат. Демек, «баш тартуу» жана «умтулуу» деген сөздөр, чынында эле, күчтүү мааниге ээ.

9. Пабыл эмнени баса белгилеген?

9 Пабыл өзгөчө кандай учурларда сүйүү көрсөтүү керектигин баса белгилеп, мындай деген: «Силерди куугунтуктагандарга бата бергиле. Бата бергиле, каргабагыла». «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле». «Өзүңөр үчүн өч албагыла». «Жамандыкка жеңилбе, тескерисинче, жамандыкты жакшылык менен жең» (Римдиктерге 12:14, 17—19, 21). Бул сөздөрдөн ишенимдеш эместерге, атүгүл бизди куугунтуктагандарга кандай мамиле кылышыбыз керектиги айкын көрүнүүдө.

«Силерди куугунтуктагандарга бата бергиле»

10. Куугунтуктоочуларга кандай мааниде бата бере алабыз?

10 «Силерди куугунтуктагандарга бата бергиле»,— деген кеңешти кантип аткара алабыз? (Римдиктерге 12:14). Ыйса жолдоочуларына: «Душмандарыңарды сүйгүлө... куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла»,— деген (Матай 5:44; Лука 6:27, 28). Биз куугунтуктагандар үчүн тиленсек, аларга бата берген болобуз. Алар түшүнбөгөндүктөн улам бизди куугунтуктап жатса, Жахаба тиленүүлөрүбүздүн аркасында алардын көзүн ачып, жүрөгүн чындыкка буруп коюшу мүмкүн (2 Корунттуктарга 4:4). Бир четинен, куугунтуктагандарга Кудайдан бата тилөө деген ой өөн учурашы ыктымал. Анткен менен ой жүгүртүүбүздү Машайактыкына ылайыкташтырууга канчалык аракет кылсак, душмандарыбызга ошончолук сүйүү көрсөтө алабыз (Лука 23:34). Бул кандай натыйжа берет?

11. а) Степандан эмнеге үйрөнүүгө болот? б) Пабылдын мисалынан көрүнгөндөй, айрым куугунтуктоочулар кандайча өзгөрүшү мүмкүн?

11 Куугунтуктоочулары үчүн тиленгендердин бири Степан болгон. Кудай анын тиленүүсүнө жооп берген. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан көп өтпөй Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышына каршы чыккандар Степанды кармап алып, Иерусалимдин сыртына чыгарып, таш бараңга алышкан. Анан өлөр алдында Степан Жахабага: «Бул күнөөнү алардын күнөөсү катары эсептебе»,— деп жалбарат (Элчилер 7:58—8:1). Ошондо куугунтук көрсөткөндөрдүн арасында Шабыл да жүргөн. Ал Степандын өлүмүнө күбө болуп, аны өлтүргөндөрдү колдогон. Андыктан Степандын тиленүүсү ага да тиешелүү болгон. Кийинчерээк Шабылга тирилтилген Ыйса көрүнөт. Натыйжада Шабыл Ыйсанын жолун жолдоп, Римдиктерге кат жазган элчи Пабыл болуп калган (Элчилер 26:12—18). Жахаба, кыязы, Пабылдын күнөөсүн Степандын тиленүүсүнө ылайык кечирген (1 Тиметейге 1:12—16). Ошон үчүн Пабыл ишенимдештерин: «Силерди куугунтуктагандарга бата бергиле»,— деп чакырган көрүнөт. Себеби ал куугунтуктоочулардын кээси Кудайдын кызматчылары болуп калышы ыктымал экенин өз тажрыйбасынан билген. Биздин күндөрдө да каршылык көрсөткөндөрдүн айрымдары Жахабанын элинин момундугунан улам чындыкка келишет.

«Бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»

12. Римдиктерге 12:9 менен 17-аяттагы ой өз ара кандай байланышта?

12 Анан Пабыл ишенимдештер жана ишенимдеш эместер менен кандай мамиледе болушубуз керектигин айткан. Ал: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле»,— деген. Муну менен Пабыл «жамандыктан баш тартуу» керектиги жөнүндөгү оюн корутундулаган. Башкаларга жамандык менен жооп берген киши жамандыкты жек көрөм деп кантип айта алат?! Чынында, жамандыктан баш тартпагандардын «сүйүүсү жалган». Андан соң Пабыл: «Бардык адамдардын алдында жакшылык кылууга аракеттенгиле»,— деген (Римдиктерге 12:9, 17). Бул сөздөрдү иш жүзүндө кантип колдоно алабыз?

13. Биз кандай мааниде «бардык адамдардын алдында» жакшылык кылабыз?

13 Мындан мурунураак Корунттуктарга жазган катында Пабыл элчилер дуушар болгон куугунтуктоолор тууралуу сөз кылган. Ал: «Биз бул дүйнөдө периштелер менен адамдар үчүн тамашага айландык... Бизди жамандашат, биз батабызды беребиз. Бизди кубалашат, биз чыдайбыз. Бизди тилдегендерге жылуу жооп беребиз»,— деген (1 Корунттуктарга 4:9—13). Ыйсанын жолдоочулары бүгүн да дүйнөдөгү адамдардын көз жаздымында калган жок. Ошол себептүү алар биздин, адилетсиз түрдө азап тартып жатсак да, жакшы иштерди кылууга умтулганыбызды көргөндө, жарыялаган кабарыбызга көбүрөөк көңүл бурушу мүмкүн (1 Петир 2:12).

14. Башкалар менен тынчтыкта болууга дайыма умтулушубуз керекпи?

14 Башкалар менен тынчтыкта болууга дайыма умтулуу керекпи? Ооба, колдон келсе, дайыма. Пабыл: «Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»,— деп жазган (Римдиктерге 12:18). «Мүмкүн болушунча» деген сөздөр башкалар менен ар качан жакшы мамиледе болуу мүмкүн эмес экенин көрсөтүп турат. Маселен, биз бирөөлөр менен тынчтыкта болууну көздөп Кудайдын мыйзамдарын бузбайбыз (Матай 10:34—36; Эврейлерге 12:14). Биз адил принциптерге карама-каршы келбеген учурлардын баарында «бардык адамдар менен» тынчтыкта болууга колубуздан келишинче аракеттенебиз.

«Өзүңөр үчүн өч албагыла»

15. Римдиктерге 12:19га ылайык, өч алууга умтулбоого дагы кандай себеп бар?

15 Пабыл өч алууга умтулбоо момундук көрсөтүүгө жатарын белгилеген. «Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла,— деген ал,— тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазууда: „Теңир мындай дейт: „Өч Меники, Мен тиешесин берем“,— деп жазылган“» (Римдиктерге 12:19). Өч алууга умтулган киши өзүнө гана таянат. Себеби ал Кудай жүргүзө турган сотту өзүнө ыйгарып алат (Матай 7:1). Андан тышкары, өч алууну көздөшү менен ал Жахабанын: «Өч меники, Мен тиешесин берем»,— деген убадасына ишенбээрин көрсөтөт. Ал эми Ыйсаны чындап жолдогон адам Жахабанын «тандалгандары үчүн адилеттикти орноторуна» бекем ишенет (Лука 18:7, 8, «ЖД»; 2 Тесалоникалыктарга 1:6—8). Ал өч алууну Кудайга коюп, момундук көрсөтөт (Жеремия 30:23, 24; Римдиктерге 1:18).

16, 17. а) «Башына чок үйүү» деген эмнени билдирет? б) Биздин жумшак мамилебиз ишенимдеш эмес адамдын терс маанайын өзгөрткөн учурлар болду беле?

16 Душманга өчөшсөң, ал ого бетер өчөшөт. Ал эми жылуу-жумшак мамиле кылсаң, жүрөгү жумшарышы ыктымал. Пабылдын төмөнкү сөздөрүнө көңүл бурсаң. Ал: «Душманың ачка болсо, аны тойгуз; суусап турса, суусунун кандыр. Анткени ушундай кылуу менен сен анын башына чок үйөсүң!» — деп жазган (Римдиктерге 12:20; Накыл сөздөр 25:21, 22). Бул эмнени билдирет?

17 Бул каймана мааниде айтылган «башына чок үйүү» деген сөздөр байыркы убактагы темирди эритүү ыкмасын эске салат. Андайда, адатта, көөрүк мештин ичине салынган кендин астына да, үстүнө да чок үйүлчү. Үстүңкү чоктун табы күчтүү болгондуктан, кен эрип, кереги жок аралашмалардан бөлүнүп калчу. Ошо сыяктуу эле, касташкан адамга жакшы мамиле кылуу менен биз анын жүрөгүндөгү музду «эритип», жакшы сапаттарын көрсөтө баштоого өбөлгө түзөбүз (2 Падышалар 6:14—23). Ооба, көптөр Жахабанын кызматчыларынын жакшы мамилесинен улам чыныгы сыйынууга келген.

Өч алууга эмне үчүн умтулбашыбыз керек?

18. Өч албоо эмне үчүн туура жана сүйүү менен момундук көрсөтүүгө жатат?

18 Римдиктерге жазылган каттын 12-бөлүмүн кыскача карап чыгуу менен биз «жамандыкка жамандык менен жооп бербөө» керектигинин орчундуу себептерин талдап чыктык. Биринчиден, өч алуудан оолак болуу туура экени талкууланды. Жахабанын ырайымдуулугун баалагандыктан, биз өзүбүздү ага «курмандык катары» беребиз. Ошондой эле анын мыйзамдарын, анын ичинде душмандарыбызды сүйүүгө байланыштуу мыйзамын да даярдуулук менен аткаруу туура экенин жана акылмандыкка жатарын түшүнөбүз. Экинчиден, жамандыкка жамандык менен жооп бербесек, сүйүү көрсөтөбүз. Өч алуу каалоосуна каршы туруп, тынчтыкты сактап, катаал душмандарыбыздын да Жахабанын кызматчысы болушуна өбөлгө түзө алабыз. Үчүнчүдөн, өч албоо момундукка жатат. Биз өзүбүз үчүн өч алууга умтулсак, текебер болуп калмакпыз. Себеби Жахаба: «Өч меники»,— деген. «Текебердик келгенде, маскаралык да келет,— деп эскертилет Кудай Сөзүндө,— ал эми момундарда акылмандык» (Накыл сөздөр 11:2). Андыктан момундук көрсөтүп, өч алууну Кудайга коюу — акылмандыктын белгиси.

19. Эмки макалада эмнелер каралат?

19 Пабыл башкаларга кандай мамиле кылышыбыз керектигин дагы бир ирет баса белгилеп: «Жамандыкка жеңилбе, тескерисинче, жамандыкты жакшылык менен жең»,— деген (Римдиктерге 12:21). Биз кандай жамандыктарга дуушар болуудабыз? Аларга кантип туруштук бере алабыз? Бул суроолорго эмки макаладан жооп алабыз.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Римдиктерге жазылган каттын 12-бөлүмүндө эмне баса белгиленген?

• Өч алуудан оолак болууга бизге эмне түрткү берет?

• «Жамандыкка жамандык менен жооп бербөө» өзүбүзгө да, өзгөгө да кандай пайда алып келет?

[Изилдөө суроолору]

[22-беттеги кутуча]

Римдиктерге 12-бөлүмдө төмөнкүлөр талкууланат:

Жахаба менен,

ишенимдештер менен,

ишенимдеш эместер менен болгон мамиле.

[23-беттеги сүрөт]

Пабыл Римдиктерге жазган катында жакшы кеңештерди берген

[25-беттеги сүрөт]

Степандан эмнеге үйрөнө алабыз?