Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жамандыкты жакшылык менен жең»

«Жамандыкты жакшылык менен жең»

«Жамандыкты жакшылык менен жең»

«Жамандыкка жеңилбе, тескерисинче, жамандыкты жакшылык менен жең» (Римдиктерге 12:21).

1. Жамандыкты жеңе аларыбызга эмне үчүн шектенбесек болот?

ЧЫНЫГЫ сыйынууга катуу каршылык көрсөткөндөргө туруштук берүү мүмкүнбү? Бизди кудайсыз дүйнөгө аралаштырууга аракет кылгандардын таасирине алдырбай коюуга болобу? Болот. Бирок эмне үчүн минтип ынанымдуу айта алабыз? Мунун себебин элчи Пабылдын римдиктерге жолдогон катынан көрүүгө болот. Ал: «Жамандыкка жеңилбе, тескерисинче, жамандыкты жакшылык менен жең»,— деп жазган (Римдиктерге 12:21). Эгер Жахабага таянсак жана бул дүйнөгө жеңилбегенге чечкиндүү болсок, жамандыкка эч качан жеңилбейбиз. «Жамандыкка жеңилбе» деген сөздөр жамандыкка каршы күрөшүүгө аракет кылсак, аны жеңүү мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Мындай күрөштө күч-аракет жумшоону, күрөшүүнү токтотуп койгондор гана бул дүйнөгө жана анын башкаруучусу Шайтан Ибилиске жеңилип беришет (1 Жакан 5:19).

2. Некемиянын жашоосун эмне үчүн карап чыгабыз?

2 Пабылга чейин 500 жылдай мурун Кудайдын Иерусалимде жашаган бир кызматчысынын, Некемиянын, жашоосунан Пабылдын жамандыкка каршы күрөшүү тууралуу айткан сөздөрүнүн калетсиз экенин көрүүгө болот. Некемия өзүнүн душмандарынын каршылыктарына туруштук бергенден сырткары, жамандыкты жакшылык менен жеңген. Ал кандай кыйынчылыктарга дуушар болгон? Ага ийгиликке жетүүгө эмне жардам берген? Биз аны кантип туурай алабыз? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Некемиянын жашоосунда болгон айрым окуяларды карап чыгалы *.

3. Некемия кандай чөйрөдө жашаган жана ал кандай ишти бүтүргөн?

3 Некемия Персия падышасы Артакшаштанын падыша сарайында кызмат кылчу. Ал Жахабага сыйынбагандардын арасында жашаса да, ошондогу «дүйнөгө ылайыкташкан» эмес (Римдиктерге 12:2). Некемия жүйүттөр жардамга муктаж болуп жаткан учурда падыша сарайындагы ыңгайлуу жашоо шартын таштап, кыйын жолду басып өтүп, Иерусалимге келген да, чоң ишке — шаардын дубалын тургузууга — киришкен (Римдиктерге 12:1). Ал Иерусалимдин башкаруучусу болсо да элге кошулуп, «таң сүргөндөн жылдыз чыкканга чейин» иштеген. Натыйжада дубал эки эле айдын ичинде тургузулуп бүткөн (Некемия 4:21; 6:15). Бул, чынында эле, абдан таң калыштуу болгон. Анткени куруу иши башталгандан бүткөнгө чейин ысрайылдыктар ар кандай тоскоолдуктарга дуушар болушкан. Некемиянын душмандары кимдер эле? Алар кандай максатты көздөшкөн?

4. Некемиянын душмандары эмнени көздөшкөн?

4 Санбалат, Тобия жана Гешем атуу колунда бийлиги бар кишилер ысрайылдыктардын негизги душмандарынан болгон. Ошондуктан «Ысрайыл уулдарынын жыргалчылыгы үчүн кам көргөнү бир адам [Некемия] келгендигин укканда, абдан ачууланышкан» (Некемия 2:10, 19). Алар Некемиянын куруу ишине байланыштуу пландарын бузууну көздөшүп, атүгүл жамандык кылууну ойлонуштурушкан. Некемия «жамандыкка жеңилгенби»?

«Ачуусу келип, кыжырланды»

5, 6. а) Некемиянын душмандары анын куруу ишине кандай карашкан? б) Некемия душмандарынан эмне себептен корккон эмес?

5 Некемия өзүнүн элин кайраттандырып: «Жүргүлө, Иерусалим дубалдарын тургузалы»,— деген. Ошондо алар: «„Курабыз“,— дешип, жакшы ишти баштоого бел байлашкан». Некемия китебинде душмандардын элди шылдыңдап, жек көрүү менен: «Эмне иш кылганы жатасыңар? Падышага каршы чыкканы жатасыңарбы?» — дешкени айтылат. Некемия алардын шылдыңынан жана жалган жалаасынан корккон эмес. Ал душмандарына: «Бизди асмандагы Кудай Өзү колдойт, биз болсо, Анын кулдары, шаарды курабыз»,— деген (Некемия 2:17—20). Некемия «жакшы ишти» улантууга чечкиндүү болгон.

6 Душмандардын бири — Санбалат, «ачуусу келип, кыжырланып»: «Бул байкуш жүйүттөр эмне кылып жатышат?.. Үйүлгөн топурактан таштарды кайра тургуза алышмак беле?» — деп шылдыңдаган. Ага Тобия да кошулуп алып: «Кура беришсин, түлкү секирип чыкса эле, булардын таш дубалдары талкаланат»,— деген (Некемия 4:1—3). Некемия буга кандай караган?

7. Некемия душмандарынын шылдыңына кантип жооп берген?

7 Некемия душмандарынын шылдыңына көңүл бурган эмес. Кудайдын Мыйзамына баш ийгендиктен, ал өч алууга да умтулган эмес (Лебилер 19:18). Ал баарын Жахабанын колуна тапшырып: «Оо Кудайыбыз, кандай жек көрүндү абалда турганыбызды уга көр! Булардын шылдыңын өз баштарына сал, буларды туткун болуп барган жеринде жек көрүндү кыл»,— деп тиленген (Некемия 4:4). Некемия Жахабанын: «Мен аларды жазалап, алардан өчүмдү алам»,— деген сөзүнө бекем ишенген (Мыйзам 32:35). Ошондуктан ал өз эли менен бирге «дубалды тургуза берген». Алар душмандарына алагды болушкан эмес. Ошентип, дубалды жарымына чейин көтөрүп коюшкан, «анткени элдин иштегенге каалоосу бар эле» (Некемия 4:6). Чыныгы сыйынууга каршы чыккандардын тилеги таш кабып, куруу иштерин токтото алышкан эмес! Биз Некемияны кантип туурай алабыз?

8 а) Шылдыңдап, жалаа жабылганда Некемияны кантип туурай алабыз? б) Өч албоо акылдуулукка жатарын көрсөткөн окуя айтып бер.

8 Бүгүнкү күндө да бизге каршы болгон адамдар мектептеби, жумуштабы, атүгүл үйдөбү бизди шылдыңдап, жалаа жабышы мүмкүн. Андай учурларда Ыйык Китептеги «унчукпай турган убак бар» деген принципти колдонуу жардам берет (Насаатчы 3:1, 7). Биз да Некемияны туурап, аларга заар тил менен жооп кайтарбайбыз (Римдиктерге 12:17). Биз: «Мен тиешесин берем»,— деп айткан Кудайга тиленип, ага толугу менен таянабыз (Римдиктерге 12:19; 1 Петир 2:19, 20). Ошентүү менен бүгүнкү күндө аткарууга тийиш болгон рухий ишибизден — Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабар таратуу жана шакирт даярдоо ишинен — душмандардын алагды кылышына жол бербейбиз (Матай 24:14; 28:19, 20). Кабар айтуу ишине катышып, бизди токтотууга аракет кылгандарга багынбай, ишенимдүүлүк көрсөткөн Некемияны туурайбыз.

«Талкалайбыз»

9. Некемиянын душмандары кандай каршылык көрсөтүшкөн жана ал эмне кылган?

9 Некемиянын душмандары «Иерусалимдин дубалы калыбына келтирилип жатканын» угушканда «Иерусалим менен согушуу» үчүн колдоруна кылыч алышкан. Жүйүттөргө ошондогу абал абдан оор көрүнгөн. Анткени түндүктө — самариялыктар, чыгышта — амондуктар, түштүктө — арабиялыктар, ал эми батышта азоттуктар жашачу. Иерусалим бардык жактан курчалып, жүйүттөр камалып калгандай эле болушкан. Андай жагдайда алар эмне кыла алышмак? Некемия: «Биз болсо Кудайыбызга сыйындык»,— деп жазган. Душмандары аларды коркутуп: «Талкалайбыз, иштерин токтотобуз»,— дешкен. Некемия болсо куруучуларга шаарды «кылыч, найза, жаа менен» коргоону буйруган. Адамдык көзкараш менен караганда, кенедей эле Жүйүт эли алда канча күчтүү душмандарынын аскерине туруштук бере алмак эмес. Бирок Некемия элди: «Коркпогула. Улуу, коркунучтуу Теңириңерди эстегиле»,— деп бекемдеген (Некемия 4:7—9, 11, 13, 14).

10. а) Жагдайдын капыстан өзгөрүшүнүн себеби эмнеде эле? б) Некемия кандай чара көргөн?

10 Ошондогу коркунучтуу жагдай капыстан эле өзгөрүлгөн. Душмандар кол салбай калган. Эмне үчүн? «Кудай алардын арам ниетин талкалады»,— делет Некемия китебинде. Ошентсе да Некемия душмандар дагы деле коркунуч туудурарын билген. Ошондуктан ал акылдуулук менен куруучулардын ишине айрым өзгөртүүлөрдү киргизген. Эми «алар бир колу менен иш кылып, экинчи колуна найза кармап жүрүшмөк». Андан сырткары, Некемия душмандар кол салганда элге белги берүү үчүн «сурнайчыны» дайындаган. Ошондой эле ал: «Биз үчүн Кудайыбыз Өзү күрөшөт»,— деп элди кайраттандырган (Некемия 4:15—20). Душмандардын кол салышына даяр турган эл куруу ишин уланта берген. Бул билдирүүдөн биз эмнеге үйрөнө алабыз?

11. Тыюу салынган өлкөлөрдөгү ишенимдештерибизге жамандыкты жеңүүгө эмне жардам берет жана алар жамандыкты жакшылык менен кандайча жеңүүдө?

11 Ыйсанын жолдоочулары да айрым учурда катуу каршылыктарга дуушар болушат. Кээ бир өлкөлөрдө чыныгы сыйынуунун душмандары, чынында эле, алда канча күчтүү келет. Мындай караганда, ал жердеги ишенимдештерибиз аларга туруштук бере албачудай сезилет. Анткен менен ал жактагы Күбөлөр Кудай алар үчүн күрөшөрүнө бекем ишенишет. Чынында, ишеними үчүн куугунтукталып жаткандарда Жахаба алардын тиленүүлөрүнө жооп берерине жана душмандарынын «арам ой-ниетин талкаларына» ынандырган жагдайлар көп болгон. Ыйсанын жолдоочулары Падышалык ишине тыюу салынган өлкөлөрдө да кабар айтуунун жолдорун табышат. Иерусалимдеги куруучулар куруу ишине айрым өзгөртүүлөрдү киргизген сыңары, Жахабанын азыркы учурдагы Күбөлөрү да каршылыкка дуушар болгондо кабар айтуу ыкмаларын өзгөртүшүп, акылдуулук көрсөтүшөт. Албетте, алар кадимки курал-жаракты колдонушпайт (2 Корунттуктарга 10:4). Бирок эч кандай коркунучтарга карабай, кабар айтуу ишин уланта беришет (1 Петир 4:16). Ал кайраттуу ишенимдештерибиз «жамандыкты жакшылык менен жеңип» келишүүдө.

«Кел... кездешели»

12, 13. а) Душмандар кандай амал ойлоп табышкан? б) Некемия эмне үчүн душмандарынын сунушун четке каккан?

12 Некемиянын душмандары түзмө-түз кол салуудан эч кандай майнап чыкпаарын түшүнүшкөндө куулук менен башка амал ойлоп таап, үч ыкманы колдонушат. Кандай ыкмаларды?

13 Биринчиден, Некемияны алдоого аракет кылышат. Алар ага: «Кел, Оно түздүгүндөгү бир кыштактан кездешели»,— дешет. Оно Иерусалим менен Самариянын ортосунда жайгашкандыктан, душмандар Некемия сүйлөшүү үчүн жарым жолго чейин келет деп ойлошкон. Некемия: «Чын эле, согушкандан көрө алар менен сүйлөшкөнүм оң эмеспи»,— деп ойлошу мүмкүн эле. Бирок Некемия алардын сунушун кабыл алган эмес. Себебин: «Алар мага кыянаттык кылууну ойлошту»,— деп түшүндүргөн. Некемия алардын арам ою бар экенин билгендиктен, алданган эмес. Ал душмандарына: «Бара албайм. Эгер жумушумду таштап, силер менен жолугуша турган болсом, анда иш токтоп калат»,— деп төрт жолу айткан. Ошентип, душмандардын Некемияны алдап көндүрүү үчүн кылган аракети ишке ашпай калган. Некемия куруу иштерин биринчи орунга коюп, ишин уланта берген (Некемия 6:1—4).

14. Жалган жалаа жабылганда, Некемия эмне кылган?

14 Экинчиден, душмандар Некемия Артакшашта падышага каршы чыкканы жатат деген ушак таратышкан. Алар Некемияны: «Чогуу кеңешели»,— деп, жолугууга дагы бир жолу чакырган. Некемия болсо душмандарынын эмне ойлонуштуруп жатканына көзү жеткендиктен, ошондо да макул болбой койгон. Анын себебин: «Анткени алар: „Алардын ындыны өчүп, бул ишти аягына чыгара албай калышат“,— деп, бизди коркутушту»,— деп түшүндүргөн. Бул жолкусунда Некемия: «Сенин айткандарыңдын бири да болгон эмес. Сен муну өз акылың менен ойлоп тапкансың»,— деп, душмандарынын жалаасын четке каккан. Андан тышкары, ал Жахабага кайрат беришин сурап тиленген. Некемия Жахабанын жардамы менен душмандарынын арам оюн буза аларына жана куруу ишин уланта аларына ишенген (Некемия 6:5—9).

15. Жалган пайгамбар Некемияга эмне кылууну сунуштаган жана ал эмне үчүн аны уккан эмес?

15 Үчүнчүдөн, душмандар Некемияны Кудайдын Мыйзамын буздуруу үчүн чыккынчыны, ысрайылдык Шемаяны, колдонушкан. Шемая Некемияга: «Кудайдын үйүнө барып, ийбадаткананын ичине кирип, эшикти бекитип алалы. Анткени алар сени өлтүргөнү жатышат»,— деген. Шемая душмандар Некемияны өлтүргөнү жатышканын билдирип, ийбадатканага жашынса, аман каларын айткан. Бирок Некемия ыйык кызмат кылуучу эмес болчу. Андыктан Кудай үйүнө кирсе, күнөө кылмак. Өмүрүн сактап калыш үчүн ал Кудайдын Мыйзамын бузат беле? Некемия ага: «Мендей адам тирүү калам деп, ийбадатканага кантип кирсин? Барбайм»,— деп жооп берген. Некемия ал кылтакка эмне үчүн түшкөн эмес? Ал Шемая ысрайылдык болгону менен «аны Кудай жибербегенин» түшүнгөн. Анткени чыныгы пайгамбар Кудайдын Мыйзамын бузууну эч качан кеңеш кылбайт болчу. Ошентип, Некемия анда да душмандарына жеңилген эмес. Ошондон көп өтпөй «дубал Элул айынын жыйырма бешинчи күнү, элүү эки күндө курулуп бүткөн» (Некемия 6:10—15; Сандар 1:51; 18:7).

16. а) Жалган досторго, жалаа жапкандарга жана жалган ишенимдештерге кандай мамиле кылышыбыз керек? б) Кудайдын мыйзамдарын бузбоого чечкиндүү экениңерди үйдөн, мектептен же жумуштан кантип көрсөтөсүңөр?

16 Биз да Некемия сыңары жалган достор, жалаа жабуучулар жана жалган ишенимдештер тарабынан каршылыктарга дуушар болушубуз мүмкүн. Некемияны душмандары Оного чакырып, азгыргандай эле, айрымдар бизди да Жахабага кызмат кылуу менен бирге дүйнөгө мүнөздүү максаттарды да көздөй аларыбызга ынандырууга аракет кылышы ыктымал. Бирок Кудайдын Падышалыгы жашообузда биринчи орунда тургандыктан, андай азгырыктарга алдырбайбыз (Матай 6:33; Лука 9:57—62). Душмандарыбыз бизге жалган жалаа да жабышы мүмкүн. Некемияга падышага каршы чыкканы жатат деп жалаа жабышкандай эле, кээ бир өлкөлөрдө бизге да мамлекет үчүн коркунуч туудурат деп жалаа жабышат. Бирок мындай айыптоолордун айрымдары сот аркылуу төгүндөлгөн учурлар болгон. Жагдай кандай болбосун, биз Жахабага ишти өзүнүн эркине ылайык жетектешин суранып тиленебиз (Филипиликтерге 1:7). Каршылык Жахабага сыйынам дегендер тараптан да болушу ыктымал. Аман калуу үчүн Некемияны Кудайдын Мыйзамын буздурууга аракет кылган жүйүткө окшоп, ишенимден четтегендер да бизди Кудайдын мыйзамдарын кандайдыр бир жол менен буздурууга аракет кылышы мүмкүн. Бирок биз өмүрүбүздү Кудайдын мыйзамдарын бузуу менен эмес, аткаруу менен сактап кала аларыбызды билгендиктен, ишенимден четтегендердин таасирине алдырбайбыз! (1 Жакан 4:1). Ооба, Жахабанын жардамы менен жамандыктын кандай гана түрү болбосун, жеңе алабыз.

Жамандыкка карабай жакшы кабарды таратабыз

17, 18. а) Шайтан жана ал тараптагылардын максаты эмне? б) Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң жана эмне үчүн?

17 Кудай Сөзүндө Ыйсанын майланган жолдоочулары тууралуу: «Алар аны [Шайтанды]... өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү менен жеңишти»,— деп айтылат (Аян 12:11). Демек, жамандыктын булагы — Шайтанга — каршы күрөшүү менен Падышалык жөнүндө кабар таратуунун ортосунда тыгыз байланыш бар. Андыктан Шайтандын майлангандардын калдыгы менен «эбегейсиз көп адамдарга» каршылыкты күчөтүп, аларга каршы аёосуз күрөш жүргүзүп жатканы таңкалыштуу деле эмес (Аян 7:9; 12:17).

18 Жогоруда айтылгандай, каршылык сөз түрүндө да, коркутуп-үркүтүү менен да же байкалбаган түрдө да көрсөтүлүшү мүмкүн. Кандай болбосун, Шайтандын эң негизги максаты — кабар айтуу ишин токтотуу. Бирок ал көздөгөнүнө жетпейт. Анткени Кудайдын эли Некемияга окшоп, «жамандыкты жакшылык менен жеңүүгө» чечкиндүү. Алар чечкиндүүлүгүн Жахаба ылайык көргөн убакка чейин жакшы кабарды таратууну улантуу менен көрсөтүшөт (Марк 13:10; Римдиктерге 8:31; Филипиликтерге 1:27, 28).

[Шилтемелер]

Эсиңердеби?

• Байыркы учурда Кудайдын кызматчылары кандай каршылыктарга дуушар болушкан жана азыр кандай каршылыктарга дуушар болууда?

• Некемиянын душмандарынын негизги максаты эмне эле жана азыр Кудайдын душмандары эмнени көздөшөт?

• Жамандыкты жакшылык менен кандайча жеңе алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги кутуча]

Некемия китебинен эмнелерди билдик: Кудайдын кызматчылары

шылдыңга

коркутууга

азгырыкка дуушар болушат

Алдамчылык, азгырыктар

жалган достор

жалаа жапкандар

жалган ишенимдештер тарабынан болушу мүмкүн

Кудайдын кызматчылары жамандыкты

Кудайдын берген тапшырмасын аткаруу менен жеңе алышат

[27-беттеги сүрөт]

Некемия куруучулар менен бирге катуу каршылыктарга карабай Иерусалимдин дубалын тургузган

[31-беттеги кутуча]

Ыйсанын жолдоочулары жакшы кабарды тайманбастык менен таратышууда