Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба тил алганыбызды баалайт

Жахаба тил алганыбызды баалайт

Жахаба тил алганыбызды баалайт

«Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант» (Накыл сөздөр 27:11).

1. Бүгүнкү күндө кандай рух кеңири таралган?

БҮГҮНКҮ күндө көзкарандысыздык жана баш ийбестик руху кеңири таралган. Мунун себебин элчи Пабыл Эфестеги Ыйсанын жолдоочуларына жазган катында түшүндүргөн. Ал мындай деп жазган: «Силер бир кезде бул дүйнөнүн адаты боюнча, абада бийлик кылып жаткан төрөнүн жана Кудайга баш ийбеген адамдарда азыркы учурда аракеттенип жаткан рухтун каалоосу боюнча жашачусуңар» (Эфестиктерге 2:1, 2). Ооба, «абада бийлик кылып жаткан төрө» — Шайтан Ибилис — баш ийбестик рухун биринчи кылымдан баштап азыркы күнгө чейин баарына жуктурууга аракет кылууда. Анын мындай таасири асмандан жерге ыргытылгандан бери, болжол менен Биринчи дүйнөлүк согуш башталгандан тартып, ого бетер күчөп жатат (Аян 12:9).

2, 3. Жахабага баш ийүүгө кандай себептер бар?

2 Бирок биз — Ыйсанын жолдоочулары — Жахаба Кудайдын Жараткан, Өмүр Берүүчү, Ааламдын Эгедери жана Куткаруучу экенин билгендиктен, Ага чын дилден баш ийүүнү каалайбыз (Забур 148:5, 6; Элчилер 4:24; Колосалыктарга 1:13; Аян 4:11). Мусанын убагында ысрайылдыктар Жахабанын Өмүрдүн Булагы жана Куткаруучу экенин билишкен. Ошондуктан Муса аларга: «Байкагыла, Кудай-Теңириңер кандай буйрук кылса, так ошондой кылгыла»,— деген (Мыйзам 5:32). Ооба, Жахаба алардын баш ийүүсүнө татыктуу эле. Бирок алар тез эле Кудайдан баш тартып кетишкен.

3 Ааламдын Жаратканына баш ийүү канчалык маанилүү? Бир жолу Кудай Шемуел аркылуу Шабул падышага: «Тил алуу курмандыктан артык»,— деп айттырган (1 Шемуел 15:22, 23). Эмне себептен?

Кандайча тил алуу «курмандыктан артык»?

4. Жахабага эмнебизди бере алабыз?

4 Жахаба Жаратканыбыз болгондуктан, биз ээ болгон нерсенин баары Ага таандык. Анда ага эмнебизди бере алабыз? Эң баалуу нерсебизди. Ал эмне экенин төмөнкү аяттан билүүгө болот: «Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга жооп бере алам» (Накыл сөздөр 27:11). Демек, Кудайга баш ийүү менен Ага эң баалуу нерсебизди берген болобуз. Ар бирибиздин жагдайыбыз жана тек-жайыбыз ар башка болсо да, тил алганыбыз менен Шайтандын адамдар актыгын сактай албайт деген жалаасына жооп кайтара алабыз. Бул кандай чоң сыймык!

5. Тил албаганыбыз Жаратканга кандай таасир этет? Мисал менен түшүндүр.

5 Жахаба биздин кандай чечим чыгарып жатканыбызга кызыкдар. Баш ийбегенибиз ага кандай таасир этет? Кимдир бирөөнүн туура эмес жолго түшкөнүн көрүү анын жүрөгүн оорутат (Забур 77:40, 41). Мисалы, диабет менен ооруган киши догдур жазып берген диетага кармангандын ордуна, денсоолугуна зыян алып келген тамактарды иче баштаса эмне болот? Камкор догдур ал үчүн тынчсызданат. Ошо сыңары, Жахаба да адамдар ага баш ийбегенде капаланары шексиз. Себеби Ал тилалбастыктын кесепеттүү экенин билет.

6. Тил алчаак болууга эмне жардам берет?

6 Ар бирибиз тил алчаак болушубуз үчүн эмне кылышыбыз керек? Биз, Сулайман падышадай болуп, Кудайдан «акылдуу жүрөк» сураганыбыз абзел. Ал Кудайдан ысрайылдыктарды башкаруу үчүн «жаман, жакшыны ажырата билүүгө» «акылдуу жүрөк», башкача айтканда, тил алчаак жүрөк сураган (1 Падышалар 3:9). Тилалбастык руху кеңири таралган бул дүйнөдө биз да жаман, жакшыны ажырата алышыбыз үчүн «акылдуу жүрөккө» ээ болушубуз зарыл. Ан үчүн Кудай бизге өз Сөзүн, Ыйык Китепти изилдөөгө арналган адабияттарды, жыйналыш жолугушууларын, камкор аксакалдарды берген. «Акылдуу жүрөккө» ээ болуу үчүн Жахабанын караштырган чараларын колдонуп жатабызбы?

7. Жахаба курмандыкка караганда тил алууну эмне себептен жогору баалайт?

7 Байыркы убакта эле Жахаба тил алуу чалынган курмандыктан алда канча маанилүү экенин ысрайыл элине ачып бергенине көңүл бурсаң (Накыл сөздөр 21:3, 27; Ошуя 6:6; Матай 12:7). Жахаба тил алууну эмне үчүн маанилүүрөөк деп эсептейт? Жаныбарларды курмандыкка чалууну ал өзү буйрубады беле? Ойлонуп көрсөң, курмандык чалууга адамга эмне түрткү берген: Кудайга жагууну каалообу же өзүн милдеттүү сезгендиги элеби? Эгер адам чын эле Кудайга жагууну кааласа, анда Анын бардык мыйзамдарына баш ийүүгө аракет кылат. Албетте, Кудай адамдын алып келген курмандыгына муктаж эмес. Бирок биз Ага анын көз алдында абдан баалуу болгон нерсени — тил алчаактыгыбызды — бере алабыз.

Бизге берилген эскертүү

8. Жахаба Шабул падышаны эмне себептен четке каккан?

8 Ыйык Китептеги Шабул падыша жөнүндөгү билдирүүдөн тил алуунун канчалык маанилүү экенин көрүүгө болот. Шабул жаңы эле падыша болуп майланганда момун, жөнөкөй болгондуктан, «өзүн кичинекей эле адаммын» деп эсептечү. Бирок кийин ал текеберденип кеткен (1 Шемуел 10:21, 22; 15:17). Бир жолу Шабул пелиштиликтерге каршы согушат. Падыша Шемуелдин курмандык чалышын жана Жахабанын жетекчилик беришин күтүшү керек эле. Бирок Шемуел Шабул ойлогондой тез келбейт. Эл болсо туш-тушка тарай баштайт. Муну көргөн Шабул «бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты» өзү чала баштайт. Бул Кудайдын алдында жийиркеничтүү эле. Анан Шабул Шемуел келгенде, ал кечиккендиктен, Жахабанын ырайымына ээ болуу үчүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты «өрттөөгө батынганын» айтып, өзүнүн тил албастыгын актап кирет. Шабулга Шемуел берген көрсөтмөгө баш ийүүгө караганда курмандык чалуу маанилүүрөөк болгон. Ошондуктан Шемуел ага: «Кудай-Теңириңдин сага берген буйругун аткарбай, жаман иш кылдың»,— дейт. Шабул Жахабага тил албаганы үчүн падышалыгынан ажыраган (1 Шемуел 10:8; 13:5—13).

9. Шабул Кудайга тил албаганын кантип көрсөткөн?

9 Падыша бул окуядан сабак алды беле? Жок. Кийин Жахаба Шабулга ысрайылдыктарга кол салган амалыктыктарды жок кылууну буйруган. Шабул алардын малын да аябашы керек эле. Ал «амалыктыктарды Хабиладан тартып... Шур аймагына чейин талкалоо» менен Кудайды укканын көрсөтмөк. Шемуел келгенде, Шабул жеңишке жеткенине кубанып: «Сага Теңир батасын берсин, мен Тенирдин сөзүн аткардым»,— дейт. Бирок берилген буйрукту аткарбай, Шабул жана эл амалыктыктардын Агак падышасын, «эң жакшы койлор менен өгүздөрүн, бордолгон козуларын, бардык жакшы нерселерин» жок кылышкан эмес. Шабул падыша өзүн актап, мындай дейт: «Кудай-Теңириңе курмандыкка чалуу үчүн, эл эң мыкты койлор менен өгүздөрдү өлтүрүшкөн жок» (1 Шемуел 15:1—15).

10. Шабул эмнени үйрөнө алган эмес?

10 Шабулдун бул сөзүнө Шемуел мындай дейт: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар, башка курмандыктар кантип эле Теңирге тил алуудан артык болсун? Тил алуу курмандыктан артык, баш ийүү кочкорлордун майынан артык» (1 Шемуел 15:22). Жахабанын көзкарашы боюнча, амалыктыктардын малы да жок кылынышы керек болгондуктан, курмандык чалууга жарамак эмес.

Бардык учурда тил алчаактык көрсөтүү

11, 12. а) Кудайга жагуу үчүн жасаган аракетибизге Ал кандай карайт? б) Кимдир бирөө Кудайдын эркин аткарып жатам дегени менен, кантип тилалбастык көрсөтүшү мүмкүн?

11 Куугунтук маалында туруктуулугун сактаган, адамдардын кошкөңүлдүгүнө карабай жакшы кабар тараткан, жашоого каражат табуу кыйын болсо да жыйналышты калтырбаган ишенимдүү кызматчыларын көрүү Жахабага кандай гана жагымдуу! Биздин ушундай рухий иштерде көрсөткөн тил алчаактыгыбыз Анын жүрөгүн кубантат. Ал сүйүүдөн улам жасалган иш-аракетибизди жогору баалайт. Адамдар көрбөсө да, Жахаба Кудай чын жүрөктөн кылган иштерибиздин баарын байкайт да, унутпайт (Матай 6:4).

12 Жахабанын жактыруусуна ээ болуу үчүн жашообуздун бардык тармактарында тил алчаактык көрсөтүшүбүз зарыл. Биз Кудайга ынталуу кызмат кылсак эле, башка талаптарын аткарбай койсок болот деп өзүбүздү алдабашыбыз керек. Мисалы, кимдир бирөө Кудайга сыйынып жатып эле, адеп-ахлаксыздыкка барып же башка олуттуу күнөө кылып коюп, жазаланбай жүрө алам деп ойлогону кандай гана туура эмес болор эле! (Галатиялыктарга 6:7, 8).

13. Жахабага тил алар-албасыбыз жеке турмушубуздан кандайча көрүнүшү мүмкүн?

13 Андыктан өзүңдөн минтип сурап көр: «Күндөлүк иштерде, атүгүл жеке өзүм чече турган иштерде да Жахабага баш иемби?» Ыйса мындай деген: «Аз нерседе ишенимдүү адам көп нерседе да ишенимдүү. Аз нерседе ишенимсиз адам көп нерседе да ишенимсиз» (Лука 16:10). Өз үйүбүздө жүргөндө, башкалар көрбөгөн маалда да адилдигибизди сактайбызбы? (Забур 100:2). Ооба, биздин берилгендигибиз үйүбүздө жүргөндө да сыналышы мүмкүн. Азыр көптөгөн өлкөлөрдө үйдөн чыкпай эле компьютер аркылуу адепсиз тасмаларды көрүү оңой болуп калды. Мындан бир нече жыл мурун бул уят деп эсептелчү. Биз Ыйсанын: «Аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот»,— деген сөздөрүн жүрөгүбүзгө бекем түйүшүбүз зарыл. Ошондуктан адеп-ахлаксыз сүрөт, тасмаларды көрүүдөн качышыбыз керек (Матай 5:28; Аюб 31:1, 9, 10; Забур 118:37; Накыл сөздөр 6:24, 25; Эфестиктерге 5:3—5). Ал эми зордук-зомбулукту камтыган телеберүүлөр жөнүндө эмне айтууга болот? Кудай зордук-зомбулукту жек көрөт. Бизчи? (Забур 10:5). Ошондой эле ичкиликти ченемсиз колдонууга кандай кароо туура? Ыйык Китепте аракечтикке тыюу салынат жана бир аз ичүүнү да адатка айлантуудан качуу керектиги айтылат (Титке 2:3; Лука 21:34, 35; 1 Тиметейге 3:3).

14. Акча табуу жагынан Кудайга тил алар-албасыбыз эмнелерден көрүнөт?

14 Абайлоону талап кылган дагы бир тармак — акча табуунун жолу. Биз кыска мөөнөт ичинде шектүү жол менен көп акча табууга умтулабызбы? Салык төлөөдөн качуу үчүн мыйзамсыз жолдорду издейбизби? Же чынчыл болуп, «ар кимге өз тиешесин бергиле: кимге салык төлөө керек болсо, салык төлөгүлө» деген көрсөтмөгө карманабызбы? (Римдиктерге 13:7).

Сүйүүдөн улам тил алуу

15. Сен Жахабанын көрсөтмөлөрүнө эмне себептен тил алып жатасың?

15 Кудайдын көрсөтмөлөрүнө баш ийгендер мол бата алат. Мисалы, биз чылым чекпөө, адеп-ахлактуу жашоо өткөрүү, канды ыйык эсептөө менен өзүбүздү көптөгөн оорулардан сактайбыз. Андан сырткары, экономикалык тармакта, коомдогу жана үйбүлөдөгү жашообузда өзүбүздү Ыйык Китептеги чындыкка ылайык алып жүрүү менен көп пайда алабыз (Ышайа 48:17). Ал пайдаларды, чынында, Кудайдын мыйзамдарына кармануунун аркасында келген баталар десек болот. А бирок биз Жахабага сүйүүбүздөн улам, аны жакшы көргөндүктөн тил алабыз. Ага өз кызыкчылыгыбыз үчүн кызмат кылбайбыз (Аюб 1:9—11; 2:4, 5). Кудай бизге эркиндик берген, ошондуктан кимге тил алабыз десек өз эркибиз. Жахабага тил алууну тандаганыбыздын себеби, биз Кудайга жаккыбыз келет жана туура жашоо өткөрүүнү каалайбыз (Римдиктерге 6:16, 17; 1 Жакан 5:3).

16, 17. а) Ыйса Кудайга сүйүүсүнөн улам баш ийгендигин кантип көрсөткөн? б) Ыйсадан кандай үлгү алсак болот?

16 Ыйса Жахабаны сүйгөндүктөн тил алган. Ошонусу менен бизге жеткилең үлгү калтырып кеткен (Жакан 8:28, 29). Жерде жүргөн кезинде Ыйса «азап чегүү аркылуу моюн сунууга үйрөнгөн» (Эврейлерге 5:8, 9). Ал устунда «өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, Өзүн басынткан» (Филипиликтерге 2:7, 8). Албетте, Ыйса асманда жүргөндө тил алчаак болчу. Бирок тил алчаактыгы жерге келгенде да сыналган. Андыктан Ыйса рухий биртуугандарына жана ага ишеним көрсөткөн башка адамдарга да мыкты Башкы ыйык кызмат кылуучу боло алат (Эврейлерге 4:15; 1 Жакан 2:1, 2).

17 Биз да, Ыйсадан үлгү алып, Кудайдын эркине толук баш ийүүнүн зор мааниге ээ экенин түшүнүшүбүз керек (1 Петир 2:21). Туура эмес иш кылууга азгырык пайда болгондо же башкалар кысым көрсөткөндө, Жахабага болгон сүйүүбүздөн улам Анын көрсөтмөлөрүнө бекем кармансак, кубаныч алабыз (Римдиктерге 7:18—20). Таза сыйынууда жетекчиликти колго алгандар жеткилең эмес болушса да, алардын көрсөтмөлөрүнө баш ийүүгө даяр болуу менен да Кудайга тил аларыбызды көрсөтөбүз (Эврейлерге 13:17). Жахаба анын мыйзамдарын жашоосунун бардык тармагында аткаргандарды баалайт.

18, 19. Кудайга чын жүрөктөн баш ийүү кандай натыйжа берет?

18 Бүгүнкү күндө Жахабага тил аларыбызды куугунтук маалында берилгендигибизди сактоо менен көрсөтө алабыз (Элчилер 5:29). Ошондой эле Жахабага тил алып, анын кабар айтууга жана шакирт даярдоого байланыштуу көрсөтмөсүн дүйнөнүн акыры келгенче аткаруу талап кылынышы мүмкүн (Матай 24:13, 14; 28:19, 20). Дүйнө тарабынан көрсөтүлгөн кысым күчөсө да, рухий биртуугандарыбыз менен чогулуп туруу үчүн чыдамкай болушубуз зарыл. Сүйүктүү Кудайыбыз ушул жактардан тил алуу үчүн кандай күч-аракет жумшап жатканыбызды түшүнүп-көрүп турат. Бирок бардык жактан тил алчаак болуу үчүн күнөөлүү денебиз менен күрөшүп, жамандыктан оолак болуп, жакшылыкты сүйүүгө үйрөнүшүбүз керек (Римдиктерге 12:9).

19 Жахабага сүйүүбүздөн, ыраазычылыгыбыздан улам кызмат кылсак, ал бизге, Аны издегендерге, «тиешелүүсүн берет» (Эврейлерге 11:6). Ооба, курмандыктарга барганыбыз дурус жана Жахабага жагымдуу. Бирок ал, баарынан мурда, сүйүүбүздөн улам тил алганыбызды баалайт (Накыл сөздөр 3:1, 2).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабага эмнебизди бере алабыз?

• Шабул кандай ката кетирген?

• Эмне үчүн тил алуу курмандыктан артык?

• Сага Жахабага тил алууга эмне түрткү берет?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги сүрөт]

Бейтап көрсөтмөгө карманбаса, камкор догдур ал үчүн тынчсызданат

[14-беттеги сүрөт]

Шабул падыша эмне үчүн Жахабаны каарданткан?

[16-беттеги сүрөт]

Кудайдын көрсөтмөлөрүнө үйүңдө жалгыз калганда да баш иесиңби?