Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жезекиел китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)

Жезекиел китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)

Жахабанын Сөзү тирүү

Жезекиел китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)

БИЗДИН заманга чейинки 613-жыл. Жүйүт жеринде Жеремия пайгамбар Иерусалимдин, Жүйүттүн талкаланары тууралуу тайманбастык менен айтууда. Бабылдын падышасы Небухаданасар көптөгөн жүйүттөрдү туткунга алып кеткен эле. Алардын арасында Даниел жана анын үч досу да болгон. Алар каздимдердин падыша сарайында кызмат кылып жатышкан. Ал эми туткундалып кеткен жүйүттөрдүн көпчүлүгү «Каздим жериндеги» Кебар дарыясынын жанында жашачу (Жезекиел 1:1—3). Жахаба ошол жүйүттөргө кам көрүп, 30 жаштагы Жезекиелди пайгамбар кылып дайындайт.

Б.з.ч. 591-жылы жазылып бүткөн Жезекиел китебинде 22 жыл убакыт аралыгында болгон окуялар камтылат. Жезекиел китепти абдан кылдаттык менен жазган. Ал өзүнүн качан пайгамбарлык кылганын, жылын, атүгүл айын, күнүн да, так көрсөткөн. Жезекиел китебинин биринчи бөлүгүндө Иерусалимдин талкаланышы тууралуу айтылган. Экинчисинде болсо Ысрайылдын тегерегиндеги коңшу элдерге каршы айтылган пайгамбарлыктар бар. Ал эми акыркы бөлүгүндө чыныгы сыйынуунун кайрадан калыбына келтирилиши жөнүндө жазылат. Бул макалада Жезекиел китебинин 1:1—24:27-аяттарындагы урунттуу ойлор талкууланат. Китептин ушул бөлүгүндө аяндар, пайгамбарлыктар жана Иерусалимдин эмне болорун көрсөткөн Жезекиелдин иш-аракеттери камтылган.

«МЕН СЕНИ... САКЧЫ КЫЛЫП КОЙДУМ»

(Жезекиел 1:1—19:14)

Жезекиел Жахабанын тактысы жөнүндө кастарлоо сезимин туудурган аян алгандан кийин, Жахаба ага: «Адам уулу! Мен сени Ысрайылга сакчы кылып койдум, сен Менин оозумдан чыккан сөздөрдү угуп, аларды Менин атымдан эскертесиң»,— деп тапшырма берет (Жезекиел 3:17). Иерусалимдин курчалары жана андан кийин эмне болору тууралуу Жезекиел эки иш-аракет көрсөтүп, пайгамбарлык кылат. Жүйүттөргө Жахаба Жезекиел аркылуу мындай деген: «Мен силерге каршы кылыч жиберем, бийик жерлердеги бутканаларыңарды кыйратам» (Жезекиел 6:3). Ошондой эле: «Кырсык сага жетти, өлкөнүн тургуну!» — деп айткан (Жезекиел 7:7).

Б.з.ч. 612-жылы Жезекиел Кудайдын руху менен Иерусалимге алынып барылат, башкача айтканда, Иерусалим тууралуу аян алат. Ал Кудайдын ийбадатканасынан кандай гана жийиркеничтүү иштер жасалып жатканын көрөт! Жахаба ишенимден чегингендердин үстүнөн сот жүргүзүү үчүн периштелерди (аянда «алты киши» деп сүрөттөлгөн) жибергенде, «чекесинде белгиси» бар адамдар гана аман калышмак (Жезекиел 9:2—6). Бирок ага чейин шаарга «күйүп жаткан көмүр» — Кудайдын талкалоо жөнүндөгү кабары — «ыргытылышы» керек болчу (Жезекиел 10:2). Жахаба мыйзамсыздарды «өздөрүнүн жолдоруна жараша жазалайт». Ал эми чачылган Ысрайыл элин кайрадан чогултарын убадалайт (Жезекиел 11:17—21).

Жезекиел Кудайдын руху менен кайрадан каздимдердин жерине алынып барылат. Андан кийин ал элге Ситкия падышанын жана элдин Иерусалимден качып чыгарын көрсөтүп берет. Жалган пайгамбарлардын баары айыпталып, бурканга табынуучулар четке кагылат. Жүйүт эли болсо жаман жүзүм сабагына салыштырылат. Ал эми бүркүт жөнүндөгү табышмак Иерусалимдин Мисирге жардам сурап кайрылганынын канчалык кесепеттүү болорун көрсөткөн. Ошол табышмактын аягында Жахабанын «жаш бутак үзүп алып, бийик жана даңктуу тоонун үстүнө отургузарын» убадалаганы айтылат (Жезекиел 17:22). Бирок Жүйүттө «бийлөөчүнүн бийлик таягы үчүн катуу бутак калбай калган» (Жезекиел 19:14).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жезекиел 1:4—28 — Дөңгөлөктөр менен сүрөттөлгөн асман арабасы эмнени билдирет? Ал араба Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгүн билдирет. Уюмдун ал бөлүгү ишенимдүү рухий жаратуулардан турат. Ал Жахабанын ыйык рухунун таасири менен жүрөт. Арабада Отургандын — Жахабанын — улуулугу, даңкы чексиз. Укмуштуудай кооз көк желе анын зор тынчтыгын, бейкуттугун чагылдырып турат.

Жезекиел 1:5—11 — Төрт тирүү жандык кимдер? Араба тууралуу көргөн экинчи аянында Жезекиел төрт тирүү жандыкты керуптар деп атаган (Жезекиел 10:1—11; 11:22). Ал төрт жандыкты сүрөттөп жатып, буканын бетин «керуптун бети» деген (Жезекиел 10:14). Бука күчтү символдоштургандыктан, бул абдан жөндүү болгон. Керуптар, чынында эле, күчтүү рухий жаратуулар.

Жезекиел 2:6 — Эмне үчүн Жахаба Жезекиелге «адам уулу» деп кайрылган? Жахаба Жезекиелге ошентип кайрылуу менен анын пенде экенин эсине салып, кабарды жарыялоону буйруган Кудай менен аны жарыялап жаткан адам баласынын ортосундагы айырмачылыктын канчалык чоң экенин баса белгилеген. Ушул эле сөздөр Ыйса Машайакка карата да Инжилдерде, болжолу, 80 жолу колдонулат. Бул Кудай Уулунун жерге жөн гана адам кейпин кийип келбестен, чынында эле, адам болгонун айкын көрсөтүп турат.

Жезекиел 2:9—3:3 — Ый, онтоо жазылган түрмөктөр Жезекиелге эмне үчүн балдай таттуу болгон? Ал түрмөктөрдүн балдай таттуу болгону Жезекиелдин өзүнө берилген тапшырмага карата кандай маанайда экенин көрсөткөн. Ал Жахабанын пайгамбары болуп кызмат кылганын абдан баалаган.

Жезекиел 4:1—17 — Жезекиел Иерусалим курчалганда эмне болорун чынында эле көрсөтүп бергенби? Жезекиелдин нанды эмне менен бышырары тууралуу өтүнүчүнөн жана Жахабанын ага макул болгонунан пайгамбар Иерусалим курчалганда эмне болорун чындап эле көрсөтүп бергенин билүүгө болот. Жезекиел он уруудан турган Ысрайылдын падышалыгынын — б.з.ч. 997-жылдан, ал түзүлгөндөн тартып, б.з.ч. 607-жылга дейре, Иерусалимдин талкаланышына чейин — 390 жыл аралыгында кылган күнөөсү үчүн сол капталы менен жаткан. Ал эми Жүйүттүн 40 жыл ичинде — Жеремия пайгамбар болуп дайындалган жылдан тартып — б.з.ч. 647-жылдан б.з.ч. 607-жылга дейре жасаган күнөөсү үчүн оң капталы менен жаткан. Ал 430 күн бою нан менен сууну өлчөп ичип-жеп, Иерусалим курчалганда ачарчылык болорун көрсөткөн.

Жезекиел 5:1—3 — Жезекиелдин бир аз чачты шамалга сапырганы жана этегине байлаганы эмнени билдирген? Бул Ысрайылдын калдыгы 70 жылга ээн калган Жүйүт жерине кайтып келип, чыныгы сыйынуу калыбына келтирилерин билдирген (Жезекиел 11:17—20).

Жезекиел 17:1—24 — Эки бүркүт деген кимдер, кедрдын жаш бутактары кандайча үзүлөт, Жахаба үзүп алган «жаш бутак» кимди билдирет? Эки бүркүт Бабыл менен Мисирдин башкаруучуларын билдирет. Биринчи бүркүт кедр дарагынын башына, башкача айтканда, Дөөттүн тукумунан чыккан өкмөттүн башкаруучусуна барат. Ал бүркүт Жүйүт жеринин падышасы Жайахиндин ордуна Ситкияны коюп, жаш бутактардын учун үзүп алат. Бабылдын падышасына берилгендигимди сактайм деп ант бергени менен, Ситкия экинчи бүркүттөн, Мисирдин падышасынан, жардам издейт, бирок андан эч майнап чыкпайт. Ал Бабылга туткундалып барып, ошол жерден өлөт. Ал эми Жахаба «жаш бутакты» — Мессиялык Падышаны — үзүп алып, аны «бийик жана даңктуу тоого», асмандагы Сион тоосуна отургузат. Ал «эң сонун кедр» болуп, келечекте жерге укмуштуудай баталарды төгөт (Аян 14:1).

Биз алчу сабактар:

Жезекиел 2:6—8; 3:8, 9, 18—21. Биз каардуу адамдардан коркпошубуз жана аларга Кудайдын эскертүүлөрүн камтыган кабарды жарыялабай койбошубуз керек. Кайдыгерликке же каршылыктарга кабылганда алмаздай катуу болуу зарыл. Бирок ташбоор, мээримсиз, катаал болуп кетүүдөн сак болуу абзел. Ыйса өзү кабар айткан адамдарга боорукердик менен мамиле кылган. Башкаларга кабар айтууга бизге да боорукердик түрткү бериши керек (Матай 9:36).

Жезекиел 3:15. Жезекиел тапшырма алган соң, Тел-Абипте жети күн «таң калып», айта турган кабар тууралуу терең ой жүгүртөт. Анын сыңарындай, рухий терең чындыктарды түшүнүү үчүн кылдат изилдөөгө, ой жүгүртүүгө убакыт бөлүшүбүз керек эмеспи?

Жезекиел 4:1—5:4. Пайгамбарлык мааниси бар эки иш-аракет көрсөтүп берүү үчүн Жезекиелден момундук жана тайманбастык талап кылынган. Биз да Кудайдан кандай тапшырма албайлы, аны момундук жана тайманбастык менен аткарышыбыз зарыл.

Жезекиел 7:4, 9; 8:18; 9:5, 10. Кудай тараптан айыпталгандарды аябашыбыз да, аларга боор оорубашыбыз да керек.

Жезекиел 7:19. Жахаба бул дүйнөнүн үстүнөн сот жүргүзгөндө, акча аттуунун баарынын пайдасы болбой калат.

Жезекиел 8:5—18. Чындыктан четтегендер менен пикирлешүү Жахаба менен болгон мамилебизди бузат. «Эки жүздүү өз жакынын тили менен өлтүрөт» (Накыл сөздөр 11:9). Чындыктан четтегендердин айткандарына кенедей да кулак салбоо менен акылдуулук көрсөтөбүз.

Жезекиел 9:3—6. Белги коюлганын өзүбүздү Жахабага арнап, чөмүлтүлүү жана Ыйсанын жолдоочуларына таандык сапаттарга ээ болуу менен көрсөтөбүз. Ал белги «улуу кайгыдан» аман өтүү үчүн абдан маанилүү (Матай 24:21). Ыйсанын майланган жолдоочулары катчынын сыя челеги бар кишини билдирет. Алар белги коюу, башкача айтканда, кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин жетектөөнү колго алышат. Коюлган белгибиз өчүп калбашы үчүн, аларга бул ишти аткарууга жигердүү жардам көрсөтүшүбүз талап.

Жезекиел 12:26—28. Эл Жезекиелдин айтканын укпай, аны шылдыңдаса да, ал Жахабанын: «Мындан ары Менин сөзүмдүн бири да кийинки мөөнөткө калтырылбайт»,— деген сөздөрүн айтууну уланта берген. Биз да бул дүйнө жок кылынгыча, башкаларга Жахабага ишеним артууга жардам берүү үчүн колубуздан келгендин бардыгын кылышыбыз керек.

Жезекиел 14:12—23. Куткарылуубуз өзүбүздөн гана көзкаранды. Биз үчүн бөлөк эч ким иш-аракет кыла албайт (Римдиктерге 14:12).

Жезекиел 18:1—29. Кылган ишибизге ар бирибиз өзүбүз жооп беребиз.

«КУЛАТАМ, КУЛАТАМ, КУЛАТАМ»

(Жезекиел 20:1—24:27)

Б.з.ч. 611-жылы, сүргүндө жүргөндөрүнө жети жыл болгондо, Ысрайыл аксакалдары Жезекиелге Жахабанын «эркин сураганы» келишет. Алар ысрайылдыктардын козголоң чыгарганы жана Жахаба аларга каршы «кылычын» сунары жөнүндөгү эскертүүнү угушат (Жезекиел 20:1; 21:3). Ал эми Ысрайылдын башчысы Ситкияга Жахаба мындай деген: «Баш кийимиңди чеч, таажыңды алып кой. Эми андай болбойт. Кемсинтилген көтөрүлөт, көтөрүлгөн кемсинтилет. Кулатам, кулатам, кулатам. Ал жок болот, ал Кимге таандык болсо, Ошол [Ыйса Машайак] келгенге чейин ошондой болот, Мен аны Ошого берем» (Жезекиел 21:26, 27).

Иерусалим айыпталган. Айоланын (Ысрайылдын) жана Айолибанын (Жүйүттүн) айыбы ачылган. Жахаба Айоланы «кумарын арттырган ойношторунун — Ашур уулдарынын колуна салып берген» (Жезекиел 23:9). Ал эми Айолибанын кыйратылышына жакын калган. Б.з.ч. 609-жылы Иерусалим 18 айга созулган курчоого алынат. Акыры шаар талкаланганда, жүйүттөр катуу кайгынын чеңгелинде калышмак. «Качып кутулган бир адам» шаардын кыйратылышы тууралуу Жезекиелге кабар бермейинче, ал сүргүндө жүргөндөргө Кудайдын кабарын айтпашы керек эле (Жезекиел 24:26, 27).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жезекиел 21:3 — Жахабанын кынынан сууруган «кылычы» эмнени билдирет? Иерусалим менен Жүйүттүн үстүнөн сот жүргүзүү үчүн Жахаба колдоно турган «кылыч» Бабылдын падышасы Небухаданасар жана анын аскери болгон. Ал Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгүн, күчтүү рухий жаратууларды да, билдириши мүмкүн.

Жезекиел 24:6—14 — Даты бар казан эмнени билдирет? Курчоого алынган Иерусалим ошондой чоң казанга салыштырылган. Анын даты шаардын адеп-ахлактык жактан ушунчалык таза эместигин — ыпылас, бузуку иштерге толгонун жана жазыксыз төгүлгөн канга жооптуу экенин — көрсөткөн. Ал жийиркеничтүү нерселер менен ушунчалык булгангандыктан, чокко какталып какшыса да, кызарып күйсө да, даты кеткен эмес.

Биз алчу сабактар:

Жезекиел 20:1, 49. Ысрайыл аксакалдары Жезекиелдин айткандарына шек санашкан. Кудай берген эскертүүлөргө эч качан шек санабайлы.

Жезекиел 21:18—22. Небухаданасар төлгө салса да, Жахаба Иерусалимди бутпарас падыша талкалаарын чечип койгон. Бул Жахабанын өз ой-ниетин аткарууда колдонгон сот өкүмүн ишке ашыруучуларына жин-перилер да тоскоолдук кыла алышпаарын көрсөтүп турат.

Жезекиел 22:6—16. Жахаба ушакты, бузуку жүрүм-турумду, паракорчулукту жана бийлигин кыянат колдонгондорду жек көрөт. Биз ошондой нерселерди кылуудан алыс болушубуз керек.

Жезекиел 23:5—49. Ысрайыл менен Жүйүттүн саясий келишимдерди түзгөнү элдин жалган сыйынууга иришип кетишине себеп болгон. Ишенимибизди кыйрата турган бул дүйнөдөгү адамдар менен жакын мамиледе болуудан сактаналы (Жакып 4:4).

Тирүү жана таасирдүү кабар

Жазмадагы Жезекиел китебинин биринчи 24 бөлүмүнөн кандай гана сонун ойлорду окудук! Андагы принциптерде Кудайдын жактыруусунан кандайча айрылып каларыбыз, анын ырайымына кантип ээ болорубуз жана эмне үчүн дүйнөдөгү адамдарга эскертүү беришибиз керектиги көрсөтүлгөн. Андан тышкары, Иерусалимдин талкаланышы тууралуу пайгамбарлыктын аткарылышынан Жахаба биринчиси аткарыла электе эле «жаңысын алдын ала» айта ала турган Кудай экенин билдик (Ышайа 42:9).

Жезекиел 17:22—24 жана 21:26, 27де жазылган пайгамбарлыктар Мессиялык Падышалыктын асманда орнотулушуна карата айтылган. Жакын арада ал Падышалык, Кудайдын эркине ылайык, жер үстүнөн башкара баштайт (Матай 6:9, 10). Падышалык алып келе турган баталарды бекем ишеним менен күтсөк болот. Чынында эле, «Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү» (Эврейлерге 4:12).

[18-беттеги сүрөт]

Асман арабасы эмнени билдирет?

[20-беттеги сүрөт]

«Белгибизди» кабар айтуу кызматына ынталуу катышуу менен сактайбыз