Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдын ысмын билесиңерби?»

«Кудайдын ысмын билесиңерби?»

«Кудайдын ысмын билесиңерби?»

БУЛ суроо Орто Азиянын түштүк-батышында жашаган бир аялдын кызыгуусун туудурган. Ал аны ушул журналды коштогон «Ойгонгула!» журналынын 2004-жылдын 22-январындагы санынын аталышынан окуган. Анан ал журналды басып чыгаргандарга мындай кат жазып жиберген: «Журналды окуп баштаар замат кызыгуум артты, адеп-ахлактыкты жогору баалоого түрткү алдым. Жашоого болгон көзкарашым, маанайым да кыйла оңолду. Азыр мен баарына Кудайыбыз жөнүндө жана Ал тууралуу билим жан-дүйнө тынчтыгын алып келери жөнүндө айтып жатам».

Көптөгөн өлкөлөрдө, «атүгүл, бүт дүйнө жүзүндө» адамдар Кудайдын Жахаба деген ыйык ысмын билип жатышат (Элчилер 1:8). Мисалы, Кудайдын түркмөнчө Йехова деген ысмы Ыйык Жазманын түркмөн тилиндеги котормосунда да кездешет. Алсак, Забур 8:2де: «Кудайыбыз [Йехова]! Сенин ысымың жер жүзүндө кандай улуу!» — деп жазылган.

Жахаба Кудай жөнүндө көбүрөөк билүү максатында «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебин алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот.