Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Обого сүйлөгөн жыландын буту бар беле?

Башталыш 3:14кө ылайык, Жахаба Кудай Эйден багында Обону алдаган жыланга мындай деген: «Ушуну кылганың үчүн бардык малдардын, бардык талаа жаныбарларынын ичинен сага каргыш тийсин. Сен эми бооруң менен жылып, өмүрүң өткөнчө топурак жейсиң». Обону азгырууда колдонулган жыландын мурда буту болуп, анан жок болуп калганы Ыйык Китепте айтылбайт. Башталыш 3:14тө жазылгандарды окугандардын кээси Кудайдын каргышына калган жыландын буту болгон деп ойлошу ыктымал. Бирок ал аятта айтылгандар сөзсүз эле андай болгонун билдирбейт. Эмне үчүн?

Себеби Жахабанын сот өкүмү, негизинен, Шайтанга — арам оюн ишке ашырууда жыланды колдонгон, көзгө көрүнбөгөн рухий жаратууга — карата айтылган. Ыйык Китепте Шайтан «жалгандын атасы» жана «байыркы жылан» катары сүрөттөлөт. Ушул эки сөз айкашы анын кадимки жылан аркылуу сүйлөп, Обону Кудайдын буйругун бузууга түрткөнүн ачык көрсөтүп турат (Жакан 8:44; Аян 20:2).

Жыланды Кудай жараткан. Ал эми Адам ага, Шайтан Обону азгырганга чейин эле, ат койсо керек. Чынында, Обого сүйлөгөн ал макулукта эч кандай күнөө жок болчу. Анткени жылан Шайтандын куралы катары колдонулуп жатканын жана Кудайдын козголоңчуларга кандай сот өкүмүн чыгарганын түшүнгөн эмес.

Анда эмне үчүн Кудай жыландын басынтыларын айткан? Жыландын жерде сойлоп жүрүшү, топурак жегенсип, тилин соймоңдотушу Шайтандын басынтылган абалын таамай сүрөттөйт. Ал Кудайдын периштелеринин бири катары ээлеген жогорку абалынан Ыйык Китепте айтылган «туңгуюкка», башкача айтканда, төмөн абалга түшүрүлүп, басынтылган (2 Петир 2:4).

Андан тышкары, кадимки жылан кишинин бутун чаккандай эле, Шайтан Кудайдын «тукумунун» «согончогун чакмак» (Башталыш 3:15). Бул тукумдун негизги бөлүгү болгон Ыйса Машайак Шайтандын кызматчыларынын колунан убактылуу азап тарткан. Бирок жакында Ыйса Машайак менен анын тирилтилген майланган жолдоочулары каймана маанидеги жыландын башын жанчышат (Римдиктерге 16:20). Ошентип, Кудайдын кадимки жыланга карата айткан каргышы «байыркы жыландын» — Шайтан Ибилистин — басынтылганын жана акыры жок кылынарын даана көрсөтүп турат.