Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Таң каларлык жаратылганбыз»

«Таң каларлык жаратылганбыз»

«Таң каларлык жаратылганбыз»

«Мен таң каларлык жаратылгам» (Забур 138:14).

1. Ой жүгүрткөн адамдар кереметтүү жаратууларды Кудай жаратканына эмне үчүн ишенишет?

ДҮЙНӨ кереметтүү жаратууларга жык толгон. Алар кантип пайда болгон? Айрымдар бул суроого Жаратканды эске албай эле жооп берүүгө болот деген ойдо. Ал эми башкалар Жаратканды четке кагуу жаратылыш жөнүндө жакшы билүүгө тоскоолдук кылат дешет. Алардын ишеними боюнча, жердеги жаратуулар ушунчалык татаал, түрдүү жана кереметтүү болгондуктан, кокустуктан улам пайда болгон эмес. Ошон үчүн көптөгөн адамдар, анын ичинде айрым окумуштуулар да, айкын далилдердин негизинде акылман, кудуреттүү жана кеңпейил Жараткандын бар экенине ынанышкан *.

2. Дөөткө Жахабаны даңктоого эмне түрткү берген?

2 Байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөт кереметтүү жаратуулары үчүн Жаратканды даңкталууга татыктуу деп эсептеген. Дөөт илим өнүккөн азыркы доордон миңдеген жылдар мурун жашаса да, айланасындагы жаратылышка көз чаптырып, анын баарын Кудай жаратканын түшүнгөн. Өз денесин карап чыгуу менен ал Кудайдын чебер Жаратуучу экенин көрүп, Анын алдында кастарлоо сезимине ээ болгон. «Мен Сени даңктайм, анткени мен таң каларлык жаратылгам.— деп жазган ал.— Сенин иштериң керемет, аны менин жаным толук түшүнөт» (Забур 138:14).

3, 4. Жахабанын иштери жөнүндө терең ой жүгүрткөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

3 Терең ой жүгүртүүнүн аркасында Дөөт ушундай тыянакка келген. Тилекке каршы, бүгүн мектеп программасы менен массалык маалымат каражаттары аркылуу адамдын пайда болушуна байланыштуу ишенимди солгундаткан теориялар таңууланууда. Андыктан ишенимибиз Дөөттүкүндөй бекем болушун кааласак, терең ой жүгүртүшүбүз зарыл. Жараткандын бар экенине жана жашоонун пайда болушунда анын кандай роль ойнооруна байланыштуу маселеде башкалардын биз үчүн ойлонушуна жол бербешибиз керек.

4 Андан сырткары, Жахабанын кереметтүү иштери жөнүндө ой жүгүртүү ыраазычылыгыбызды арттырып, келечекке карата берген убадаларына ишенимибизди бекемдейт. Бул Жахаба жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана ага кызмат кылууга түрткү берет. Ошондуктан, келгиле, биздин «таң каларлык жаратылганыбызды» азыркы илим кандайча тастыктап турганын карап чыгалы.

Денебиздин кереметтүү өрчүшү

5, 6. а) Ар бирибиздин жашообуз кантип башталган? б) Бөйрөк кандай кызмат аткарат?

5 «Менин ички мүчөлөрүмдү бөйрөктөрүмдү», «ЖД»] Сен жараткансың, Сен мени энемдин ичинде токугансың» (Забур 138:13). Ар бирибиздин жашообуз энебиздин курсагында өлчөмү ушул сүйлөмдүн аягындагы чекиттей келген бир клеткадан башталган. Ал клетка химиялык кичинекей лаборатория сыяктуу абдан татаал. Ал тез ылдамдык менен өрчүйт. Экинчи айдын соңунда түйүлдүктүн негизги органдары, анын ичинде бөйрөктөрү да, толук өрчүп бүтөт. Ал эми бала төрөлгөндө, бөйрөктөрү канды чыпкалоого — уу заттардан тазалоого, ашыкча сууларды айдап чыгууга, ошол эле учурда организмге керектүү заттарды сактап калууга — даяр болот. Негизи, чоң кишинин бөйрөктөрү, жакшы иштесе, кандагы болжол менен 6 литр сууну ар бир 45 мүнөт сайын чыпкалап турат.

6 Ошондой эле бөйрөк кандын минералдык курамын, кычкылдуулугун жана кан басымын жөнгө салат. Бул органдын башка да маанилүү функциялары бар. Мисалы, сөөктүн өсүшүнө зарыл болгон Д витаминин активдүү формага келтирип, эритроциттердин пайда болушуна шарт түзгөн эритропоэтин гормонун иштетип чыгат. Чынында эле, бөйрөктү «дененин чебер химиги» * деп атоого болот.

7, 8. а) Түйүлдүктүн кантип өрчүүрүн айтып бер. б) Түйүлдүк кандай мааниде «жашыруун» жайда өрчүйт?

7 «Мен жашыруун жаратылып жатканда, курсактын тереңинде пайда болуп жатканда, менин сөөктөрүм Сенден жашыруун эмес болчу» (Забур 138:15). Түйүлдүктүн алгачкы клеткасы бөлүнө баштайт да, улам жаңы клеткалар пайда болуп, бөлүнө берет. Көп өтпөй клеткалар дифференциацияланып, нервдин, булчуңдун, теринин жана башка клеткаларына айланат. Окшош клеткалар чогулуп, адегенде ткандарды, анан органдарды түзүшөт. Алсак, түйүлдүк пайда болгондон үч жума өткөн соң, сөөк системасы өрчүй баштайт. Негизи, чоң кишинин 206 сөөгү болот. Жети жума өткөн соң, 2,5 сантиметрге жеткен түйүлдүктө ошол сөөктөрдүн баары өрчүйт, болгону, кичинекей жана жумшак келет.

8 Бул укмуштуудай өрчүү процесси адамдардын көзүнө көрүнбөгөн «жашыруун» жайда, эненин курсагында, жүрөт. Дегинкиси, түйүлдүктүн өрчүшү жөнүндө көп нерсе белгисиз. Мисалы, белгилүү бир клетканын дифференциацияланышына эмне түрткү берет? Балким, илим бул суроого кийинчерээк жооп берер, бирок, Дөөттүн кийинки сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Жаратканыбыз Жахабага бул башынан эле белгилүү.

9, 10. Түйүлдүктүн өрчүшү Кудайдын «китебине» кандайча «жазылып коюлган»?

9 «Мен жаңыдан түйүлдүк боло баштаганда эле, Сен мени көргөнсүң. Мен төрөлө электе эле, мага белгиленген күндөрдүн бири да боло электе эле Сенин китебиңде баары жазылып коюлган» (Забур 138:16). Адамдын алгачкы клеткасында организми кандай өрчүй турганы жөнүндө план камтылган. Ошол план боюнча түйүлдүк төрөлгөнгө чейин эненин курсагында тогуз ай бою, анан дагы жыйырма жылдан ашуун, чоң киши болмоюнча, өрчүйт. Ошол убакыт аралыгында адамдын организми алгачкы клеткадагы программага баш ийип, көптөгөн өсүү процесстерин басып өтөт.

10 Дөөт клетка, ген тууралуу эч нерсе билген эмес. Анын микроскопу да жок болчу. Бирок ал организминин алдын ала түзүлгөн план боюнча өрчүгөнүн айкын түшүнгөн. Балким, анын түйүлдүктүн өрчүшү тууралуу азыноолок билими болгондур. Ошондуктан ал ар бир баскыч алдын ала түзүлгөн кандайдыр бир тартип боюнча өтөт деген жыйынтыкка келген. Көркөм тил менен Дөөт ошол тартипти Кудайдын «китебине» «жазылып коюлган» деп сүрөттөгөн.

11. Адамдын денелик өзгөчөлүктөрү эмне менен аныкталат?

11 Бүгүнкү күндө балага ата-энесинен көп өзгөчөлүктөр тукум кууп өтөрү белгилүү. Мисалы, бою, бет түзүлүшү, көзү менен чачынын түсү жана башкалар ген аркылуу аныкталат. Ар бир клетка он миңдеген генди камтыйт. Ал эми ар бир ген ДНК (дизоксирибонуклеин кислотасы) молекуласынын узун чынжырчасынын бир бөлүгүн түзөт. Негизи, ДНКнын химиялык түзүлүшүндө адамдын организминин «курулушуна» байланыштуу көрсөтмөлөр «жазылган». Убакыттын өтүшү менен клеткалар бөлүнүп, жаңылары пайда болот же эскилеринин ордун толукташ үчүн өз ара бөлүнүшөт. Ошол учурда ДНК ал клеткаларга андан ары да көрсөтмөлөрдү бергендиктен, жашоо уланып, адамдын өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрү сакталат. Бул асмандагы Жаратканыбыздын кудурети күчтүү жана акылман экенинин кандай сонун далили!

Акылыбыздын өзгөчөлүктөрү

12. Адам жаныбарлардан эмнеси менен айырмаланат?

12 «Кудайым, Сенин ойлоруң мен үчүн кандай баалуу, алардын саны кандай көп! Мен аларды санай турган болсом, алар кумдан да көп» (Забур 138:17, 18а). Жаныбарлар да таң каларлык жаратылган жана алардын айрымдарынын туюу сезимдери менен жөндөмдүүлүктөрү адамдыкына караганда мыкты өрчүгөн. Бирок Кудай адамдарга акыл-эс жөндөмдүүлүгүн берген. Андыктан алар жаныбарлардан жогору турат. Бир илимий эмгекте мындай деп белгиленет: «Биз көп жагынан жаныбарларга окшош болсок да, алардан сүйлөө, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү менен өзгөчөлөнөбүз... Ошондой эле өзүбүз жөнүндө көбүрөөк билүүгө умтулабыз. Биздин: „Денебиз кандай түзүлгөн? Организмибиз кантип өрчүгөн?..“ — деген суроолорго жооп алгыбыз келет». Ушул сыяктуу суроолор жөнүндө Дөөт да ой жүгүрткөн.

13. а) Дөөт Кудайдын ойлорун канткенде түшүнө алмак? б) Биз Дөөттү кантип туурай алабыз?

13 Биз жаныбарлардан кескин айырмаланып, Кудайдын «ойлору» * тууралуу ой жүгүртө алабыз. Бул өзгөчө белекке «Кудайдын бейнеси» боюнча жаратылгандыктан ээбиз (Башталыш 1:27). Дөөт ошол белекти туура колдонгон. Ал Кудайдын бар экенин тастыктаган далилдер жана Анын жакшы сапаттары тууралуу терең ой жүгүрткөн. Ошондой эле Дөөттө Кудайдын өзү жана иштери жөнүндө баяндалган Ыйык Жазманын алгачкы китептери болгон. Бул ага Кудайдын ойлорун, ниетин түшүнүүгө жана касиет-сапаттарын билүүгө жардам берген. Дөөт Жазмадан окугандары, жаратылыштан көргөнү жана Кудайдын ага жасаган мамилеси жөнүндө ой жүгүртүп, Жаратканын даңктоого түрткү алган.

Кудайга ишенүү эмнени билдирет?

14. Кудайга ишениш үчүн ал жөнүндө сөзсүз эле баарын билиш керекпи?

14 Дөөт курчап турган табият жана Ыйык Жазмадан билгендери жөнүндө ой жүгүрткөн сайын Кудайдын билиминин тереңдиги жана анын кудурети күчтүүлүгү акыл жеткис экенин түшүнгөн (Забур 138:6). Биз да Кудайдын бардык иштерин толук түшүнө албайбыз (Насаатчы 3:11; 8:17). Ошентсе да Кудай чындыкты издегендерге, алар кайсы доордо жашабасын, өзү жөнүндө Ыйык Китеп жана жаратылыш аркылуу жетишерлик ачып берген. Мунун аркасында адам далилдерге негизделген ишеним өрчүтө алмак (Римдиктерге 1:19, 20; Эврейлерге 11:1, 3).

15. Ишеним жана Кудай менен болгон достуктун ортосунда кандай байланыш бар экенин мисал менен бышыкта.

15 Андай ишеним жашоого жана Ааламга башталыш берген Жараткандын бар экенин моюнга алуу менен эле чектелбейт. Ишеним Жахабага, өзү жөнүндө билишибизди, аны менен ынак мамиледе болушубузду каалаган чыныгы тирүү Кудайга, ишеним артууну билдирет (Жакып 4:8). Адатта, бала мээримдүү атасына ишенет. Кимдир бирөө сен кыйынчылыкка кабылган кезде атаңдын жардам берерине күмөн санай баштады дейли. Албетте, атаңдын кулк-мүнөзүн жакшы билбесең, кыйналган кезде андан жардам алып көрбөсөң, күмөн санаган адамды атаңдын жакшы киши экенине ишендире аларың күмөн. Анын сыңарындай эле, Жахабага болгон ишенимибизди Ыйык Китепти изилдөө, жаратылышка байкоо жүргүзүү, ошондой эле тиленгенде жардам бергенин байкоо менен өрчүтөбүз. Ошондо ал жөнүндө көбүрөөк билүүгө умтулабыз да, аны жан-дилден түбөлүк даңктоого түрткү алабыз. Бул — адам көздөй ала турган эң сонун максаттардын бири (Эфестиктерге 5:1, 2).

Жаратканыбыздын жетекчилигин изде

16. Дөөттүн Жахаба менен болгон ынак мамилесинен эмнеге үйрөнө алабыз?

16 «Кудайым, мени сынап, жүрөгүмдү бил; мени сынап, ойлорумду бил. Кара, мен коркунучтуу жолдо эмесминби, мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр» (Забур 138:23, 24). Дөөт Жахабанын аны жакшы билерин: анын ойлору, сөздөрү жана иштери Жаратканына беш колдой белгилүү экенин түшүнгөн (Забур 138:1—12; Эврейлерге 4:13). Кичинекей бала мээримдүү атасынын жанында бейкапар болгондой эле, Дөөт да Кудайдын алдында өзүн коопсуз сезген. Ал Жахаба менен болгон ынак мамилесин жогору баалагандыктан, Анын иштери жөнүндө терең ой жүгүртүүгө жана ага тиленип турууга умтулган. Белгилей кетерлик жери, Дөөттүн көптөгөн забурлары, анын ичинде 138-забур да, музыка менен коштолгон тиленүүлөр. Биз да жалындуу тиленип, терең ой жүгүртсөк, Жахабага жакындай алабыз.

17. а) Дөөт жүрөгүн изилдешин Жахабадан эмне үчүн сураган? б) Эрк боштондугуна ээ болгонубуз жашообузга кандай таасир этет?

17 Биз Кудайдын бейнеси боюнча жаратылгандыктан, эрк боштондугуна ээбиз. Ошондуктан жакшы же жаман иш кылууну өзүбүз чечебиз. Анткен менен бул эрк боштондугу жоопкерчилик артат. Дөөт ыймансыздардын катарында болууну каалаган эмес (Забур 138:19—22). Ал коркунучтуу жолдо жүрүүдөн качкан. Жахабанын бардыгын беш колдой билери жөнүндө ой жүгүрткөн Дөөт Кудайдан жүрөгүн изилдешин жана өмүр жолунан адашып кетпеш үчүн жетекчилик беришин момундук менен сураган. Кудай баарыбыздан анын адил нормалары боюнча жашашыбызды талап кылат. Андыктан биз туура чечим чыгарышыбыз зарыл. Жахаба ар бирибиздин баш ийишибизди каалайт. Ага тил алчаак болсок, ырайымына ээ болуп, көптөгөн пайда алабыз (Жакан 12:50; 1 Тиметейге 4:8). Ошентип, Жахаба Кудайдын алдында дайыма түз жүрсөк, көйгөйлөрүбүздүн көптүгүнө карабай жандүйнө бейкуттугуна ээ болобуз (Филипиликтерге 4:6, 7).

Кереметтүү Жаратканды ук

18. Дөөт жаратылыш жөнүндө ой жүгүртүп, кандай жыйынтыкка келген?

18 Бала кезинде Дөөт көп убактысын талаада кой кайтарып өткөргөн. Койлор оттогон учурда ал асманга көз чаптыра турган. Ал эми түнкүсүн Дөөт кең Ааламдын кереметтүүлүгү жана аны ким жаратканы жөнүндө ой жүгүртүп, мындай деп жазган: «Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат. Күн күнгө сүйлөп, түн түнгө билим берет» (Забур 18:1, 2). Ал бардык нерсени кереметтүү жараткан Кудайды издөө, аны угуу керектигин түшүнгөн. Биз да ошондой кылышыбыз керек.

19. «Таң каларлык жаратылганыбыз» жөнүндө ой жүгүртүүдөн кары-жаштар эмнеге үйрөнө алышат?

19 Дөөт уулу Сулайман кийинчерээк жаштарга айткан сөздөрүнө ылайык иш кылган: «Жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба... Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул — адамга өтө керек» (Насаатчы 12:1, 13). Дөөт жаш кезинде эле «таң каларлык жаратылганын» түшүнгөн. Жаратканын эсинен чыгарбай жашагандыктан, ал көп бата алган. Эгер биз, жаш-кары дебей, Улуу Жаратканыбызды даңктап, ага кызмат кылсак, азыр да, келечекте да бактылуу болобуз. Жахаба менен ынак мамиледе болгондор жана анын адил нормалары боюнча жашагандар жөнүндө Ыйык Китепте мындай делет: «„Теңир адилеттүү...“,— деп жар салуу үчүн, алар карыганда да мөмөлүү, ширелүү, жашыл болуп турушат» (Забур 91:15, 16). Ооба, биздин Жаратканыбыздын кереметтүү иштерин көрүп, түбөлүк ырахат алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

[Шилтемелер]

^ 1-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ойгонгула!» журналынын 2004-жылдын 22-июнундагы санын (ор.) карагыла.

^ 6-абз. Ошондой эле «Ойгонгула!» журналынын 1997-жылдын 8-августта чыккан санындагы (ор.) «Бөйрөк — өмүр үчүн зарыл чыпка» деген макаласын карагыла.

^ 13-абз. Дөөттүн Забур 138:18б жазылган сөздөрүн, сыягы, мындай түшүнүү керек: ал бир күн кечке, уктаганга чейин, Кудайдын ойлорун санап отурса да, эртеси ойгонгондо дагы деле санагыдай көп ойлор болмок.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Түйүлдүктүн өрчүшү «таң каларлык жаратылганыбызды» кандайча тастыктап турат?

• Жахабанын ойлорун түшүнүүгө эмне үчүн аракет кылышыбыз керек?

• Ишеним жана Жахаба менен болгон достуктун ортосунда кандай байланыш бар?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Unborn fetus: Lennart Nilsson

ДНК

Түйүлдүктүн эненин ичинде өрчүшү алдын ала долбоорлонгон

[10-беттеги сүрөт]

Биз, мээримдүү атасына ишенген бала сыяктуу, Жахабага ишенебиз

[11-беттеги сүрөт]

Дөөт Жахабанын иштери жөнүндө ой жүгүртүп, аны даңктоого түрткү алган