Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Улутчулдукту кантип жоюуга болот?

Улутчулдукту кантип жоюуга болот?

Улутчулдукту кантип жоюуга болот?

ИСПАНИЯДАГЫ футбол оюндарынын биринде судья оюнду токтотууга аргасыз болгон. Эмне үчүн? Күйөрмандар Камерундун бир оюнчусун сөгүп-сагып басынтышкандыктан, ал оюндан чыгып кетерин билдирген. Орусияда болсо Африка, Азия жана Латын Америкасынан келгендерге кол салуулар кадимки нерсеге айланып баратат. Маселен, 2004-жылдын ичинде улутчулдуктун негизинде жасалган кылмыштын саны Орусия боюнча 55 пайызга өсүп, 2005-жылы 394 кылмыш иши катталган. Бир сурамжылоого ылайык, Улуу Британиядагы ар бир үчүнчү киши азия улутуна же негроид расасына таандык болгондуктан, жумушунан айрылып каларын билет. Бул мисалдар бүткүл дүйнөдөгү көйгөйдү көрсөтүп турат.

Улутчулдук ар кандай жол менен көрсөтүлөт. Кээде кай бир улуттун укугу тебеленип-басынтылат. Айрым учурда болсо бүтүндөй бир элди тукум курут кылуу улуттук саясатка айланат *. Улутчулдуктун себеби эмнеде? Андай маанайды чагылдыруудан кантип кача алабыз? Бүткүл адамзат биримдикте жашай турган күн келеби? Бул суроолордун жообун Ыйык Китептен табууга болот.

Кордоо жана жек көрүү

Ыйык Китепте айтылгандай, «адамдын ойлору жаш чагынан эле жаман» (Башталыш 8:21). Андыктан кээ бирөөлөр башкаларды кордоодон ырахат алышат. Андан сырткары, Ыйык Жазмада: «Мына, эзилгендердин көз жашы агып жатат, бирок алардын сооротуучусу жок. Аларды эзип жаткандардын колунда — күч, ал эми алардын сооротуучусу жок»,— делген (Насаатчы 4:1).

Ыйык Китептен улутчулдуктун адамзат коомунан байыртадан эле орун алганын билебиз. Алсак, 3 700 жыл мурун Мисир фараону бир эврейди, Жакыпты, чоң үйбүлөсү менен Мисирге жашоого чакырган. Кийинчерээк, бийликке башка фараон келгенде, алардан корко баштайт да, өз элине: «Ысрайыл эли бизден алда канча көп жана күчтүү болуп кетти. Көбөйүп кетпеши үчүн, аларды алдайлы»,— дейт. «Ошентип, фараон оор жумушка салып эзиш үчүн, алардын үстүнөн башчыларды койгон» (Чыгуу 1:9—11). Ал Жакыптын урпактарынан төрөлгөн эркек балдарды өлтүрүүнү да буйрук кылган (Чыгуу 1:15, 16).

Себеби эмнеде?

Дүйнөдөгү диндер улутчулдукка каршы күрөшүүгө анча деле ынтызар болушкан эмес. Албетте, кордоп, басынткандарга каршы эржүрөктүк менен күрөшкөндөр да болгон. Анткен менен, жалпы жонунан алганда, диндер көп учурда эзүүчүлөрдү жактаган. Мисалы, Кошмо Штаттарда негроид расасындагыларды өкүмсүз эле жазалоого жана эзүүгө мыйзам тарабынан да жол берилген. Ошондой эле 1967-жылга дейре аларга башка расадагылар менен үйбүлө курууга тыюу салынып келген. Түштүк Африкада болсо апартеиддин, башкача айтканда, расалык басмырлоо жана кодулоо саясатынын негизинде европалыктар жогорку абалын сактап калуу үчүн, негроид расасындагыларга башка расадагылар менен турмуш курууга тыюу салган мыйзам чыгарылган. Бул эки учурда тең ошол кыймылды жактагандар абдан динчил адамдардан болушкан.

Ыйык Китепте улутчулдуктун негизги себеби, эмне үчүн бир улут башка улутка үстөмдүк кылары түшүндүрүлөт. Анда: «Ким сүйбөсө, ал Кудайды билбейт, анткени Кудай — сүйүү... Ким: „Мен Кудайды сүйөм“,— десе, бирок бир тууганын жек көрсө, ал — жалганчы. Анткени өзү көрүп турган бир тууганын сүйбөсө, көрүнбөгөн Кудайды кантип сүймөк эле?» — деп айтылат (1 Жакан 4:8, 20). Бул сөздөргө ылайык, улутчул адамдарда Кудайга ишенишеби, жокпу, Кудай тууралуу билим да, ага болгон сүйүү да жок.

Биримдиктин негизи — Кудай жөнүндөгү билим

Кудай жөнүндөгү билим жана Ага болгон сүйүү адамдардын биримдикте жашашына кандайча өбөлгө түзөт? Кудай Сөзүндөгү билим башка улуттагы адамдарга жамандык кылбоого кандайча жардам берет? Ыйык Китепте Жахаба бардык адамдардын Атасы экени айтылат. Анда: «Бизде бир гана Кудай Ата бар. Баарын Ал жараткан»,— делет (1 Корунттуктарга 8:6). Ошондой эле: «Ал бир адамдан бүткүл адамзатты жаратты»,— деп жазылган (Элчилер 17:26). Демек, бардык адамдар — бири-бирине тууган.

Кудай баарыбызга өмүр берген. Андыктан бардык улуттар Ага ыраазы болууга тийиш. Бирок, тилекке каршы, баарыбызга түпкү ата-энебизден бир нерсе тукум кууп өткөн. Ал тууралуу Ыйык Китептин жазуучусу Пабыл: «Дүйнөгө бир адам аркылуу күнөө кирди»,— деген. Ошентип, «бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан» (Римдиктерге 3:23; 5:12). Жахаба — көп түрдүүлүктү жакшы көргөн Кудай. Анын жаратууларынын бири да бири-бирине окшошпойт. Бирок ал бир улутту башкасынан жогору кылып жараткан эмес. Бир эл башка элге караганда артыгыраак деген кеңири таралган пикир Ыйык Жазмада айтылгандарга карама-каршы келет. Ооба, Кудай Сөзүндөгү билим улутчулдукка эмес, биримдикке үндөйт.

Бардык улуттар үчүн көрүлгөн чара

Айрымдар: «Кудайдын ысрайылдыктарды эли катары тандап алып, аларга башка улуттардан оолак болууну буйруганы улутчулдукка жатпайбы?» — деши мүмкүн (Чыгуу 34:12). Кудай ысрайыл элин алардын түпкү атасы Ыбрайым зор ишеним көрсөткөнү үчүн, өзүнүн энчиси катары тандап алган. Ал ысрайыл элин өзү башкарган, ошондуктан аларга падышаларын дайындап, мыйзам берген. Ошол учурдагы башка элдер Кудайдын башкаруусу менен адамдардын башкаруусунун ортосундагы айырмачылыкты айкын көрүшкөн. Жахаба өз элине адамдар Аны менен кайрадан жакшы мамиледе болуу үчүн курмандыкка муктаж экенин көрсөткөн. Жахабанын ысрайыл эли менен мамиле түзгөнү акыры бардык улуттарга пайда алып келмек. Себеби ал аркылуу Жахабанын Ыбрайымга берген: «Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат»,— деген убадасы аткарылмак (Башталыш 22:18).

Ошондой эле ысрайыл эли Кудайдын ыйык сөздөрүн алышкан жана ошол элден Машайак келип чыккан. Бирок Кудайдын мындай чараларды караштырганы бүтүндөй адамзатка пайда алып келмек. Ысрайыл элине берилген Эврей Жазмаларында бардык улуттар бата ала турган убак тууралуу мындай делген: «Көп элдер келип: „Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели, Ал бизге Өзүнүн жолдорун үйрөтөт...“— дешет. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга үйрөнүшпөйт, тескерисинче, ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжыр дарагынын түбүндө отурат, аларды эч ким коркутпайт» (Михей 4:2—4).

Ыйса Машайак жакшы кабарды жүйүттөргө айтса да: «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат»,— деген (Матай 24:14). Ошондуктан бир да эл бул жакшы кабарды укпай калбашы керек. Жахабанын бардык улуттарга бирдей мамиле кылганы — биз үчүн кандай сонун үлгү! Ыйык Китепте: «Кудайда бет карамалык жок... ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагат»,— деп айтылат (Элчилер 10:34, 35).

Кудайдын байыркы ысрайыл элине берген мыйзамдарынан да анын беткарама эмес экенин айкын көрүүгө болот. Маселен, Мыйзам ысрайылдыктардан келгиндерге, башка улуттагы адамдарга, жаман мамиле кылбоодон да көптү талап кылганын байкасаңар. Анда: «Көчүп келген келгин адам силер үчүн жергиликтүү адамдай болсун. Аны өзүңдү сүйгөндөй сүй, анткени силер да Мисир жеринде келгин болгонсуңар»,— деп айтылган (Лебилер 19:34). Кудай берген көптөгөн мыйзамдар ысрайылдыктарды келгиндерге кайрымдуу болууга үйрөткөн. Ошондуктан Бууз — Машайактын чоңаталарынын бири — бөтөн жерден келген жакыр аялдын машак терип жүргөнүн көргөндө, орокчуларына машак калтырып жүрүүнү буйрушу менен Кудайдын мыйзамына ылайык иш кылган (Рут 2:1, 10, 16).

Ыйса башкаларга жакшы мамиле кылууга үйрөткөн

Ыйса улутчул болбоого Кудай жөнүндөгү билим жардам берерин көрсөткөн. Ал өзүнүн жолдоочуларына башка улуттагыларга кандай мамиле кылуу керектигине байланыштуу үлгү калтырган. Мисалы, бир жолу ал самариялык аял менен сүйлөшкөн. Жүйүттөр самариялыктарды жек көргөндүктөн, алар менен сүйлөшчү эмес. Ошол себептүү Ыйса сүйлөшө баштаганда, аял абдан таң калган. Ыйса ага түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышы керектигин түшүндүрүп берген (Жакан 4:7—14).

Боорукер самариялык киши жөнүндө үлгү-насаат аңгеме айтканда да Ыйса башка улуттагы адамдарга кандай мамиле кылышыбыз керектигин баса белгилеген. Ал самариялык киши жолдон каракчылар сабап, араңжан кылып таштап кеткен жүйүттү көрөт. Ошондо: «Бул жүйүткө мен эмнеге жардам беришим керек экен? Анын эли менин элимди жек көрөт да»,— десе деле болмок. Бирок ал самариялык киши бөтөн улуттагы адамдарга таптакыр башкача караган. Жолдо жаткан бечараны көрүп, башкалар өтүп кетишсе да, ал «ага боору ачыгандыктан», жардам берген. Ыйса мисалын корутундулап, Кудайдын жактыруусуна ээ болууну каалагандардын баары дал ушундай маанай чагылдырууга тийиш экенин баса белгилеген (Лука 10:30—37).

Элчи Пабыл Кудайга жагууга умтулгандарды ой жүгүртүүсүн өзгөртүүгө жана башка улуттагы адамдарга мамиле кылууда Кудайды тууроого үндөгөн. Ал мындай деп жазган: «Бири-бириңерге жалган айтпагыла, анткени эски табиятыңарды жаман иштери менен бирге чечип салып, жаңы табиятты кийгенсиңер. Кудайды таанып билүү аркылуу Жаратуучунун бейнесине окшошуу үчүн жаңыланып турган табиятты кийгенсиңер. Жаңы табиятта эллин да, жүйүт да, сүннөттүү да, сүннөтсүз да, варвар да, скиф да... жок... Сүйүүнү курчангыла, ал — жеткилеңдиктин куру» (Колосалыктарга 3:9—14).

Кудай жөнүндөгү билим адамдарды өзгөртөбү?

Жахаба Кудай жөнүндө билим ар башка улуттагы адамдардын бири-бирине болгон мамилесин чынында эле өзгөртө алабы? Буга байланыштуу бир мисалды карап көрөлү. Канадага көчүп барган азиялык бир аял ал жердегилердин кылган мамилесинен көңүлү чөккөн. Кийинчерээк ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Анан Күбөлөргө ыраазычылыгын билдирип, мындай кат жазган: «Силер адамгерчиликтүү, боорукер адамдар экенсиңер. Башкалардан айырмаланып турганыңарды көрүп, башында мен аябай таң калгам. Ошон үчүн көпкө ойлонуп: „Кудайдын Күбөлөрү болгондуктан, ушундай болушса керек“,— деген жыйынтыкка келдим. Ыйык Китеп чынында эле таасирдүү тура. Жыйналышыңарга келгендердин терисинин өңү ак, кара, күрөң жана сары болсо да, жүрөктөрү бирдей экен, биринин да ичинде кири жок. Силер бири-бириңерге биртуугандардай мамиле кылат экенсиңер. Ушундай жакшы кишилерден болууга силерди, көрсө, Кудайыңар үйрөтөт тура».

Ыйык Китепте «жер Кудайдын билимине толо» турган убак келери алдын ала айтылган (Ышайа 11:9). «Ар бир уруудан, ар бир улуттан, ар бир элден, ар бир тилден» миллиондогон адамдар чогулары жөнүндөгү пайгамбарлык азыртадан эле аткарылууда (Аян 7:9). Жакында жек көрүүчүлүк эмес, сүйүү өкүм сүрө турган заман келет. Ошондо Жахабанын Ыбрайымга берген: «Жер үстүндөгү бардык элдер... бата алат»,— деген убадасы аткарылат. Ар улуттан турган Күбөлөр азыр ошол убакты чыдамсыздык менен күтүшүүдө (Элчилер 3:25).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Бул макалада адамдын улутуна эле эмес, расасы, дини, тили жана маданиятына карап мамиле жасоо же басынтуу тууралуу сөз жүрөт.

[4-беттеги сүрөт]

Кудайдын мыйзамына ылайык, ысрайылдыктар келгиндерге сүйүү көрсөтүшү керек болчу

[5-беттеги сүрөт]

Боорукер самариялык киши жөнүндөгү аңгемеден эмнеге үйрөнө алабыз?

[6-беттеги сүрөт]

Кудай бир улутту башкасынан жогору кылып жараткан эмес