Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамдын өлбөс жаны барбы?

Адамдын өлбөс жаны барбы?

Адамдын өлбөс жаны барбы?

Адам деген ким? Ал денесин түзгөн элементтерден гана турабы? Адам бүгүн жашап, эртең түбөлүккө жок болобу? Же ал өлгөндөн кийин анын денесинен бир нерсе бөлүнүп чыгып, жашай береби?

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ диндерде «тиги дүйнө» тууралуу толгон-токой окуулар бар. Бирок алардын дээрлик баары бир эле нерсеге негизделет. Динчил кишилер адамдын ичиндеги кандайдыр бир өлбөс нерсе ал өлгөндөн кийин да жашай берет деп ойлошот. Көптөр ошол «нерсе» адамдын жаны деп ишенишет. Буга силер да кошуласыңарбы? Адамдын чынында эле өлбөс жаны барбы? Жан деген эмне? Бул суроолорго жооп алуу абдан маанилүү.

«Ал тирүү жан болуп калды»

Чын эле, «жан» адам өлгөндө денеден бөлүнүп чыгып, андан кийин да жашай берчү нерсеби? Бир эмгекте: «Жан көбүнчө адамдын өзүн билдирет»,— деп маалымдалат («Holman Illustrated Bible Dictionary»). Ыйык Китепте, тактап айтканда, Башталыш 2:7де да: «Анан Кудай-Теңир топурактан адам жаратып, анын жүзүнө өмүр демин үйлөдү, ошондо ал тирүү жан болуп калды»,— делет. Ооба, эң биринчи жаратылган киши, Адам, жан болгон.

«Жан» деген сөз адамдын өзүн билдирерин Ыйык Китептин башка аяттарынан да көрүүгө болот. Мисалы, бир аятта жандын иштей тургандыгы айтылат (Лебилер 23:30, «Мукаддас»). Башка аяттардан жандын кыйналгандыгы, кейигендиги, алсырагандыгы, корккондугу жана кайгыргандыгы жөнүндө окуйбуз (Башкаруучулар 16:16; Аюб 19:2; Забур 118:28; Элчилер 2:43, «ЖД»; 1 Тесалоникалыктарга 5:14, «ЖД»). Римдиктерге 13:1де: «Ар бир адам [«жан», «ЖД»] жогорку бийликтегилерге баш ийсин»,— деп айтылат. Ошондой эле 1 Петир 3:20да: «Нухтун убагында... сегиз гана жан суу аркылуу аман калган»,— делет. Бул аяттарда жан адам өлгөндөн кийин жашай берчү нерсе экендиги жөнүндө эч нерсе айтылган жок.

Ал эми жаныбарлар менен өсүмдүктөр тууралуу эмне айтууга болот? Алар да жандарбы? Ыйык Китепте жаныбарлардын жаратылганы кандайча сүрөттөлгөнүн карап көрөлү. Кудай: «Суу тирүү жандыктарга [«жандарга», «ЖД»] толсун»,— деген. Анан: «Жер тирүү жандыктарды [«жандарды», «ЖД»]: малдарды, сойлоп жүрүүчү жаныбарларды, жер жаныбарларын түр-түрү менен чыгарсын»,— деп айткан (Башталыш 1:20, 24). Өсүмдүктөр тууралуу болсо Ыйык Китепте алардын жан экендиги айтылбайт.

«Жан» деген сөз башка мааниде да колдонулат. Аюб 33:22де: «Анын жаны көргө, өмүрү өлүмгө жакындайт»,— деп айтылган. Бул жерде «жан», «өмүр» деген сөздөр бирдей мааниде колдонулуп, жан өмүрдү да билдирери көрсөтүлгөн. Демек, жан деген сөз тирүү жандын, башкача айтканда, адамдын өмүрүнө карата да колдонулат. Ошондуктан Мусанын душмандары аны өлтүрөбүз деп издеп жүрүшкөнү тууралуу Ыйык Китепте мындай делет: «Сенин жаныңды издегендер опат болду» (Чыгуу 4:19, «Мукаддас»). Ыйса Машайакка байланыштуу да: «Анткени Адам Уулу... Өз жанын [өмүрүн] берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген»,— деп айтылат (Матай 20:28).

Ыйык Китептен «жан» тууралуу жөнөкөй жана айкын түшүнүк алууга болот. Бул сөз адамга же жаныбарга же алардын өмүрүнө карата колдонулат. Жогоруда айтылгандардын адам өлгөндө эмне болору жөнүндөгү Ыйык Китептеги окууларга кандайча шайкеш келерин карап көрөлү.

«Күнөө кылган жан өлөт»

Ыйык Китепте: «Күнөө кылган жан өлөт»,— деп айтылат (Жезекиел 18:4). Кыйынчылыктарга кабылганда Илияс пайгамбар өзүнө өлүм сурап, Кудайга: «Жанымды ал»,— деп тиленген (1 Падышалар 19:4). Ошондой эле Жакып 5:20да: «Күнөөкөрдү туура жолго салуу менен ал анын жанын өлүмдөн алып калат»,— деп айтылат. Ооба, жан өлөт, ал өлбөс эмес. Адам өзү жан болгондуктан, ал өлгөндө, жан өлдү деп айтууга болот.

Бирок Ыйык Китепте жандын чыгып баратканы же анын кайрылып келгендиги жөнүндө айтылгандарды кандай түшүнүүгө болот? Мисалы, Рахелдин төрөттөн кыйналып жатканда эмне болгону тууралуу мындай делет: «Жаны чыгып бара жаткан (анткени ал өлүп бара жаткан) Рахел баланын атын Бен-Они койду. Бирок баланын атасы анын атын Бенжемин койду» (Башталыш 35:18). Ошондой эле жесир аялдын баласынын тирилишине байланыштуу 1 Падышалар 17:22де: «Теңир Илиястын үнүн укту. Баланын жаны өзүнө кайра келди, ал тирилди»,— деп айтылат. Бул жерде айтылгандар жан денеге кирип же андан бөлүнүп чыгып, жашай берчү көрүнбөгөн нерсе экендигин көрсөтүп турабы?

«Жан» деген сөз «өмүр» дегенди да билдирерин эстесеңер. Демек, Рахелдин жаны чыгып бараткандыгы анын өлүп бараткандыгын билдирет. Ыйык Китептин башка котормолорунда, мисалы, Нокстун котормосунда «жаны чыгып бара жаткан» деген сөз айкашы «өлүп бара жаткан» деп берилген. Ал эми «Иерусалим Ыйык Китебинде» ошол эле сөз айкашы «ал жан берди» деп которулган. Ошол сыяктуу эле, жесир аялдын баласына кайрылып келген нерсе анын өмүрү болгон (1 Падышалар 17:23).

Адам деген ким?

Ыйык Китепте адамдын ким экени так-даана айтылган. Адамдын ичинде жан жок, ал өзү — жан. Андыктан өлгөндөр үчүн жападан жалгыз үмүт — тирилүү. Ыйык Китепте мындай убада берилет: «Буга таң калбагыла, анткени мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат: жакшылык кылгандар өмүргө ээ болуу үчүн, жамандык кылгандар соттолуу үчүн тирилишет» (Жакан 5:28, 29). Өлгөн адамдарга өлбөс жан тууралуу окуу эмес, тирилүү жөнүндөгү ушул убада чыныгы үмүт берет.

Тирилүү жөнүндө так билим алуу жана анын адамзат үчүн эмнени билдирерин билүү кандай гана маанилүү! Андан сырткары, Кудай жана Машайак жөнүндө билим алуу да абдан зарыл. Анткени Ыйса: «Ал түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу»,— деп тиленген (Жакан 17:3). Силердин аймакта жашаган Жахабанын Күбөлөрү силерге Ыйык Китептен Кудай, анын убадалары жана Уулу жөнүндө билүүгө жардам берүүгө кубанычта болушат. Биз силерди Күбөлөргө кайрылууга же бул журналды чыгаргандарга кат жазууга чакырабыз.

[4-беттеги сүрөт]

Булардын баары жандар

Goat: CNPC—Centro Nacional de Pesquisa de Caprinos (Sobral, CE, Brasil)