Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ачкөздүктүн бардык түрүнөн сак болгула

Ачкөздүктүн бардык түрүнөн сак болгула

Ачкөздүктүн бардык түрүнөн сак болгула

«Адамдын өмүрү байлыгынын көптүгүнө көз каранды эмес» (Лука 12:15).

1, 2. а) Бүгүн адамдардын көбү эмнелерге кызыгып, умтулушат? б) Алардын ошондой маанайы бизге кандай таасир этиши мүмкүн?

ИЙГИЛИК, көптөрдүн ою боюнча, акча, мал-мүлк, атак-даңк, айлыгы көп жумуш, үйбүлө менен өлчөнөт жана булар коопсуз келечектин ачкычы катары эсептелет. Жетишкен жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдө жашагандардын көбү байлыктын артынан сая түшүп, бардар жашоону көздөп келишет. Ал эми рухийликке болгон кызыгуу барган сайын сууп баратат.

2 Бул жөнүндө Ыйык Китепте алдын ала мындай деп айтылган: «Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил. Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү... Кудайга караганда, ыракатты сүйгөн, такыбаа болуп көрүнгөн, бирок такыбаалыктын күчүнөн баш тарткан адамдар болушат» (2 Тиметейге 3:1—5). Айланабыздагы ошондой адамдардын ой жүгүртүүсү, жашоо мүнөзү бизге, Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына, күчтүү таасир этиши мүмкүн. Анда «бул дүйнөгө ылайыкташпоого» эмне жардам берет? (Римдиктерге 12:2).

3. Ыйсанын кайсы кеңешин карап чыгабыз?

3 «Ишенимибиздин баштоочусу жана бүтүрүүчүсү болгон» Ыйса Машайак ачкөздүктөн алыс болуу канчалык маанилүү экенин көрсөткөн (Эврейлерге 12:2). Бир жолу ал элге терең рухий ойлорду айтып жатканда, бир киши сөзүн бөлүп: «Устат, агама айтчы, ал мурасты мени менен бөлүшсүн»,— деп суранат. Жооп катары Ыйса ага жана угуп тургандардын баарына олуттуу кеңеш берет. Ал ачкөздүктөн качуу керектигин эскертип, ойлондура турган мисал келтирет. Ыйсанын ошондогу айткандарына өзгөчө көңүл буруп, кеңешин колдонуудан кандай пайда аларыбызды карап чыгалы (Лука 12:13—21).

Орунсуз өтүнүч

4. Кишинин Ыйсанын сөзүн бөлгөнү эмне үчүн орунсуз болгон?

4 Алиги киши өтүнүч менен кайрыла электе, Ыйса шакирттерин жана угуучуларын экижүздүүлүктөн качууга, Адам Уулунун тарабында экенин ачык билдирүү үчүн кайраттуу болууга, ыйык рухтун жардамын алууга үндөп жаткан (Лука 12:1—12). Албетте, бул маанилүү чындыктарды жолдоочулары жүрөгүнө бекем түйүшү керек эле. Ошентип, Ыйса жүрөк козгоорлук насаатын айтып жатканда, бир киши сөзүн бөлүп, андан мал-мүлккө байланыштуу үйбүлөсүндөгү чыр-чатакты чечип беришин өтүнгөн. Бул окуяны талдап чыгуудан биз өзүбүзгө маанилүү сабак алабыз.

5. Ыйсага кайрылган кишинин өтүнүчүнөн ал жөнүндө эмнени билүүгө болот?

5 Адамдын кулк-мүнөзү, адатта, диний акыл-насааттарды укканда эмне жөнүндө ой жүгүрткөнүнөн билинет деп айтышат. Ыйса рухий нерселерди түшүндүрүп жатканда, баягы киши канткенде пайда көрө аларын ойлоп отурган сыяктанат. Анын мурасты бөлүштүрүү жөнүндөгү арыз-муңу канчалык жөндүү экени айтылбайт. Балким, ал киши Ыйсаны талаш маселелерди чече ала турган акылдуу сот катары көрүп, анын бийлиги менен аброюн өз пайдасына колдонууга аракеттенгендир (Ышайа 11:3, 4; Матай 22:16). Ниети кандай болбосун, анын өтүнүчүнөн жүрөгүндө эмне бар экенин, тактап айтканда, рухий нерселерди көп баалабаганын билүүгө болот. Бул өзүбүздү изилдеп көрүүгө түрткү бербейби? Мисалы, жыйналышта оңой эле алаксып кетишибиз же анан кыла турган иштерибизди ойлой башташыбыз мүмкүн. Андан көрө асмандагы Атабыз Жахаба менен жана ишенимдештерибиз менен болгон достугубузду өрчүтүш үчүн, айтылгандарды кунт коюп угуп, аларды кантип колдоно аларыбыз жөнүндө ойлонуп отурганыбыз жакшы эмеспи? (Забур 21:23; Марк 4:24).

6. Ыйса ал кишинин суранычын эмне үчүн аткарган эмес?

6 Өтүнүч менен кайрылууга эмне түрткү бербесин, Ыйса анын суранычын аткарган эмес. Тескерисинче, ага: «Ким Мени силерге сот же мурас бөлүштүрүүчү кылып койду эле?» — деген (Лука 12:14). Муну менен Ыйса, Мусанын мыйзамы боюнча, шаарларда ошондой маселелерди чечкен соттор бар экенин анын эсине салган (Мыйзам 16:18—20; 21:15—17; Рут 4:1, 2). Анын үстүнө, ал үчүн Падышалык жөнүндөгү чындыкты күбөлөндүрүү жана элди Кудайдын эркине окутуу баарынан маанилүү болгон (Жакан 18:37). Биз да, Ыйсаны туурап, убактыбызды, күчүбүздү күнүмдүк түйшүктөргө эмес, жакшы кабарды жарыялоого жана «бардык элдерди... шакирт кылууга» жумшайбыз (Матай 24:14; 28:19).

Ачкөздүктөн сак болуу

7. Ыйса кишинин жүрөгүнөн эмнени байкаган?

7 Адамдардын жүрөгүнүн түпкүрүн көрө билген Ыйса ал кишинин өтүнүчүнөн ниетин билип койгон. Анан ага эмне түрткү бергенин айтып: «Байкагыла, дүнүйөкордуктан [«ачкөздүктүн бардык түрүнөн», «ЖД»] сак болгула! Анткени адамдын өмүрү байлыгынын көптүгүнө көз каранды эмес»,— деген (Лука 12:15).

8. Ачкөздүк деген эмне, ал эмнеге алып барат?

8 Акча же башка кымбат баалуу нерселер туура максатта колдонулса, пайдасы тиет. Бирок ачкөздүк аларга ээ болууну каалоодон да көптү билдирет. Бир сөздүккө ылайык, ал «байлыкка, мал-мүлккө же дагы башка нерселерге тойбостук менен умтулуу» деп берилет. Ошондой эле ачкөздүн өзү тойсо да, көзү тойбой, атүгүл башка бирөөгө таандык нерсени, өзүнө зарылбы, жокпу, самай берет. Андай каалоо адамды толук башкарып алат да, самаган нерсеси кудайына айланат. Ошондуктан элчи Пабыл ачкөздөрдү бурканга табынуучуларга теңеп, Кудайдын Падышалыгын мурасташпаарын айткан (Эфестиктерге 5:5; Колосалыктарга 3:5).

9. Ачкөздүк кандайча көрсөтүлөт? Мисал келтир.

9 Чынында, ачкөздүктүн ар кандай түрү бар. Ошон үчүн Ыйса «ачкөздүктүн бардык түрүнөн сак болууну» эскерткен. Алардын кээ бири Он осуяттын акыркысында мындайча аталып өткөн: «Жакыныңдын үйүнө көз артпа. Жакыныңдын аялына, кулуна, күңүнө, өгүзүнө, эшегине, эч нерсесине көз артпа» (Чыгуу 20:17). Ыйык Китепте ачкөздүктүн айынан олуттуу күнөөгө баткандардын бир нече мисалы камтылган. Алсак, ачкөздүк көрсөткөндөрдүн биринчиси Шайтан өзүнө таандык болбогон нерсени — Жахабага гана таандык атак-даңкты, урмат-сыйды жана бийликти — самаган (Аян 4:11). Ал эми Обо эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечүүнү каалап, рухий жаратууга алдангандыктан, адамзат тукуму күнөө менен өлүмдүн жолуна түшкөн (Башталыш 3:4—7). Башында адил периштелер болгон жин-перилер да кийин нааразы болуп, укугу жок ишти жасаш үчүн, «алгачкы абалын сактабай, өздөрүнүн жайын таштап» кетишкен (Жүйүт 6; Башталыш 6:2). Ошондой эле Билам, Ахан, Гейхази жана Жүйүт Искариот жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Колунда бар нерсесине ыраазы болуп жашагандын ордуна, алар байлыкка ээ болуу каалоосунун өрчүшүнө жол берип, өздөрүнүн ээлеген абалын кыянат колдонушкан. Натыйжада бул алардын кыйрашына жана өлүмүнө алып келген.

10. Биз канткенде Ыйсанын «байкагыла» деген кеңешине ылайык иш кылабыз?

10 Ыйсанын ачкөздүктөн сак болуу керектигин айтар алдында «байкагыла» деп эскерткени кандай гана орундуу! Эмне үчүн? Себеби адамга башка бирөөнүн ачкөз экенин байкоо оңой, ал эми өзүндө андай сапат бар экенин моюнга алуу кыйын. Элчи Пабыл да: «Бүт жамандыктын тамыры — акча жандуулук»,— деген (1 Тиметейге 6:9, 10). Шакирт Жакып болсо туура эмес каалоо күчөп отуруп, кумарга айланарын, ал эми «кумар түйүлүп, күнөө тууларын» түшүндүргөн (Жакып 1:15). Андыктан биз Ыйсанын «байкагыла» деген кеңешине ылайык иш кылып, «ачкөздүктүн бардык түрүнөн» сак болуу үчүн, башкаларды эмес, өзүбүздүн жүрөгүбүздү текшеришибиз керек.

Майкөл-сүткөл жашоо

11, 12. а) Ыйса ачкөздүккө байланыштуу кандай эскертүү берген? б) Ал эскертүүгө эмне үчүн кулак кагышыбыз керек?

11 Ачкөздүктөн дагы бир себептен улам качышыбыз керек. Ыйса: «Адамдын өмүрү байлыгынын көптүгүнө көз каранды эмес»,— деп эскерткен (Лука 12:15). Бул жөнүндө дүнүйөкордукка чоң маани берилген жана байлык бакыттын, ийгиликтин ачкычы деп эсептелген азыркы доордо ойлонуу өзгөчө маанилүү. Анткени, Ыйсанын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, байлык адамга канааттандырарлык, маңыздуу жашоо бере албайт.

12 Бирок кээ бирөөлөр буга кошулбашы мүмкүн. Алар материалдык нерселер кубаныч тартуулап, жашоону ыңгайлуураак кылат дешет. Ошондуктан мал-мүлккө, дүнүйөгө жана заманбап техникага ээ болууну көксөп, жашоосун карьерага арнашат. Бул, алардын ою боюнча, майкөл-сүткөл жашоого жеткирет. Мындай ой жүгүртүү менен алар Ыйсанын айткандарын эске албай калган болушат.

13. Жашоого жана байлыкка байланыштуу кандай теңсалмактуу көзкарашта болушубуз керек?

13 Ыйса байлыкка ээ болуунун туура же туура эместигин айткан эмес, ал адамдын өмүрү байлыгынан «көз каранды эмес» экенин баса белгилеген. Чынында эле, баарыбызга белгилүү болгондой, жашоо үчүн анча деле көп нерсе талап кылынбайт. Болгону, тамак-аш, кийим-кече жана баш калкалоого жай болушу зарыл. Байларда бул нерселер жетиштүү болот, ал эми кедей-кембагалдарга муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бир топ эмгектенүүгө туура келет. Бирок бай да, кедей да ажал алдында бирдей: экөө тең өлүмгө моюн сунат да, эч нерсеге муктаж болбой калат (Насаатчы 9:5, 6). Демек, жашоо маңыздуу болушу үчүн материалдык нерсеге умтулуунун зарылдыгы жок. Бул ойду айкыныраак түшүнүү үчүн, Ыйсанын «өмүр» деген сөзү эмнени билдирерин карап чыгалы.

14. Ыйык Китептеги «өмүр» деген сөздүн маанисинен эмнени биле алабыз?

14 Ыйса «адамдын өмүрү байлыгынын көптүгүнө көз каранды эмес» дегенде колдонгон «өмүр» деген грек сөзү (зои́) Луканын Инжилинде жашоо мүнөзүнө эмес, өмүрдүн өзүнө карата айтылат *. Муну менен ал, адамдын байбы же кедейби, байлыкка тунуп жашайбы же жанын араң багып жатабы, канча жашаары, атүгүл эртеңки күнү аман болор-болбосу анын бийлигинде эмес экенин баса белгилеген. Тоодогу насаатында Ыйса: «Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар?» — деген (Матай 6:27). Ыйык Китепте бир гана Жахабанын «өмүрдүн булагы» экени жана ишенимдүү кызматчыларынын баарына, асманда же жерде жашоого үмүттөнүшөбү, чексиз жашоону — «түбөлүк өмүрдү» — берери айтылат (Забур 35:10; 1 Тиметейге 6:12, 19).

15. Көптөр эмне себептен байлыкка таянышат?

15 Ыйсанын сөздөрүнөн көрүнгөндөй, адамдын жашоого болгон көзкарашы оңой эле бурмаланып калышы ыктымал. Бай болобу, кедей болобу, адамдардын баары жеткилеңсиз жана өлүмгө моюн сунат. «Биздин өмүр жашыбыз — жетимиш жыл, ал эми күч-кубаттуу болсок — сексен жыл.— деп жазган улгайган Муса.— Анын эң сонун учуру — эмгек жана оору. Анткени өмүрүбүз зуулдап тез өтөт» (Забур 89:10; Аюб 14:1, 2; 1 Петир 1:24). Ошондуктан Кудай менен тыгыз мамиле өрчүтпөгөндөр көп учурда, элчи Пабыл айткандай, «ичип-жейли, баары бир өлөбүз да» деп жашашат (1 Корунттуктарга 15:32). Ал эми башкалар өмүрдүн зуулдап тез өтөрүн, эртеңки күнү эмне болору белгисиз экенин көрүп, коопсуздукту, туруктуулукту материалдык нерселерден табууга аракет кылышат. Балким, алар буюмдары, үй-жайы, материалдык нерселери көп болсо, коопсуз, бактылуу жашайбыз деп ойлошоттур. Ошон үчүн дүнүйө, мал-мүлк топтоого умтулуп, керели кечке иштешет (Забур 48:7, 12, 13).

Коопсуз келечек

16. Өмүрдүн баалуулугу эмне менен өлчөнбөйт?

16 Жогорку деңгээлдеги жашоо — тамак-аштын молдугу, кийим-кечек, заңгыраган үй жана башка жыргалчылыктар — жашоону ыңгайлуураак кылып, сапаттуу дарылануу менен узагыраак өмүр сүрүүгө өбөлгө түзүшү ыктымал. Бирок бул чынында эле жашоону маңыздуураак жана коопсузураак кылабы? Өмүрдүн баалуулугу адамдын жашоосунун узактыгы же байлыгынын көптүгү менен өлчөнбөйт. Элчи Пабыл байлыкка таянуунун кооптуулугун айтып, Тиметейге: «Бул дүйнөдөгү байларга мындай деп насаат айт: алар өздөрү жөнүндө жогору ойлошпосун жана өздөрүнүн ишенүүгө болбой турган байлыгына таянышпасын, тескерисинче, биздин жыргалчылыгыбыз үчүн бардыгын мол берүүчү тирүү Кудайга таянышсын»,— деп жазган (1 Тиметейге 6:17).

17, 18. а) Байлыкка байланыштуу кимдердин мисалы биз үчүн үлгү? б) Кийинки макалада эмне талкууланат?

17 Байлыкка таянуу — акылсыздык, себеби ага «ишенүүгө болбойт». Мисалы, Аюб абдан бай болчу, бирок күтүлбөгөн жерден кырсыкка кабылганда, байлыгы ага жардам берген эмес: көз ачып-жумгуча мал-мүлкү жок болуп кеткен. Ошол оор күндөрдө Аюбга кыйынчылыктарды, күйүттү көтөрүп кетүүгө Кудай менен болгон тыгыз мамилеси гана жардам берген (Аюб 1:1, 3, 20—22). Ыбрайымдын да дүнүйөсү көп болгон. Бирок бул ага Жахабанын берген оор тапшырмасын кабыл алууга тоскоолдук кылган эмес. Ошон үчүн ал Кудайдан бата алып, «көптөгөн элдердин атасы болуп» калган (Башталыш 12:1, 4; 17:4—6). Булар биз үчүн сонун үлгү. Ошондуктан карыбызбы, жашпызбы, жашообузда эмне маанилүү экенин жана эмнеге таянарыбызды билүү үчүн, өзүбүздү изилдеп чыгышыбыз керек (Эфестиктерге 5:10; Филипиликтерге 1:10).

18 Ыйсанын ачкөздүк жана жашоого болгон туура көзкараш жөнүндө айткан сөздөрүн талкуулап чыгуу биз үчүн маанилүү да, пайдалуу да болду. Ал андан ары акылсыз бай адам жөнүндө ойлондурарлык мисал айтып берген. Андан эмнеге үйрөнө алабыз жана аны жашообузда кантип колдонсок болот? Бул суроо эмки макалада талкууланат.

[Шилтемелер]

^ 14-абз. «Био́с» деген дагы бир грек сөзү да «өмүр» деп которулат. Андан «биография, биология» деген сөздөр келип чыккан. Вайндын сөздүгүнө ылайык, «био́с» «жашоо мөөнөтүн же узактыгын», «жашоо мүнөзүн» же «жашоо каражатын» билдирет («Vine’s Expository Dictionary of Old and New Testament Words»).

Кантип жооп берет элеңер?

• Ыйсанын бир кишинин өтүнүчүн аткарбаганынан эмнеге үйрөнө алабыз?

• Ачкөздүктөн эмне үчүн сак болуу керек жана кантип?

• Эмне үчүн өмүр байлыктан көзкаранды эмес?

• Жашоону эмне чындап коопсуз, бактылуу кылат?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Ыбрайым байлыкка карата туура көзкарашта экенин кантип көрсөткөн?