Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын күнүн чыдамкайлык менен күткүлө

Жахабанын күнүн чыдамкайлык менен күткүлө

Жахабанын күнүн чыдамкайлык менен күткүлө

«Ишенимиңерде... чыдамкайлыкты... көрсөткүлө» (2 Петир 1:5—7).

1, 2. Чыдамкайлык деген эмне жана ал Ыйсанын жолдоочулары үчүн канчалык маанилүү?

ЖАХАБАНЫН улуу күнү абдан жакын (Жоел 1:15; Сепания 1:14). Кудайдын алдында актыгыбызды сактоого чечкиндүү болгондуктан биз, Ыйсанын жолдоочулары, Жахаба Кудайдын эгедерлиги актала турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ошол эле учурда жек көрүүчүлүккө, шылдыңга, куугунтукка дуушар болуудабыз. Ишенимибиз үчүн бүгүнкү күндө өмүрүбүздөн да айрылышыбыз мүмкүн (Матай 5:10—12; 10:22; Аян 2:10). Андыктан бизден чыдамкайлык — кыйынчылыктарды көтөрө билүү — талап кылынат. Ошол себептүү элчи Петир: «Ишенимиңерде... чыдамкайлыкты... көрсөткүлө»,— деген (2 Петир 1:5—7). Чыдамкай болуу биз үчүн абдан маанилүү, анткени Ыйса: «Акырына чейин чыдаган адам куткарылат»,— деп айткан (Матай 24:13).

2 Ошондой эле ооруга, оор жоготууга жана башка кыйынчылыктарга туш болушубуз ыктымал. Эгер ушулардын айынан ишенимибизди жоготуп койсок, Шайтан кандай гана сүйүнмөк! (Лука 22:31, 32). Бирок Жахабанын жардамы менен ар кандай кыйынчылыктарга туруштук бере алабыз (1 Петир 5:6—11). Жахабанын күнүн ишенимибизди жоготпой, чыдамкайлык менен күтө аларыбызга далил катары айрым мисалдарды карап көрөлү.

Ооруга карабай

3, 4. Ооруга карабай Жахабага ишенимдүү кызмат кыла аларыбызды мисал менен бышыкта.

3 Азыр Кудай бизди оорулардан керемет жолу менен айыктырбаса да, аларга чыдоого күч берет (Забур 40:1—4). «Эс тарткандан бери эле майыптар коляскасында отурам. Себеби төрөлгөнүмдөн баштап церебралдык шал оорусу менен ооруйм. Балалыгымдын баары ушул оору менен өттү»,— дейт Шарон. Жахаба жана анын денсоолукка байланыштуу убадалары жөнүндө билгендери ага үмүт берген. Шаронго сүйлөө, басуу кыйынга турса да, ал кабар айтуу кызматына катышуудан чоң кубаныч алат. Мындан 15 жылдай мурун ал мындай деген: «Денсоолугум күндөн-күнгө начарлай бериши мүмкүн, бирок жашоомдо кубаныч тартуулаган жалгыз нерсе — Кудайга болгон ишенимим жана аны менен болгон мамилем. Жахабанын эли менен бирге болуу жана дайыма Анын колдоосуна ээ болуу кандай гана бакыт!»

4 Элчи Пабыл Ыйсанын Тесалоникадагы жолдоочуларын: «Алсыздарды колдогула»,— деп чакырган (1 Тесалоникалыктарга 5:14). Көңүл кайттык сыяктуу нерселер депрессияга себеп болушу мүмкүн. 1993-жылы Шарон мындай деп жазган: «Кылган аракетимден эч кандай майнап чыкпаарын билгенде... үч жылдай депрессия болуп кеткем... Аксакалдар мени жубатып, кеңеш беришти... „Күзөт мунарасы“ журналы аркылуу Жахаба депрессиянын эмне экендигин түшүнүүгө назиктик менен жардам берди. Ооба, ал өзүнүн элине кам көрөт жана сезимдерибизди жакшы түшүнөт» (1 Петир 5:6, 7). Шарон азыр дагы Жахабанын улуу күнүн күтүп, ишенимдүү кызмат кылып келатат.

5. Ыйсанын жолдоочулары катуу стрессти да көтөрө аларына кандай далил бар?

5 Ыйсанын айрым жолдоочулары жашоосунда мурун болуп өткөн кандайдыр бир окуядан улам катуу стресс болушу ыктымал. Мисалы, Харли Экинчи дүйнөлүк согушка катышкандыктан согуш жөнүндө жаман түштөрдү көп көрчү. Кээде ал уктап жатып: «Кач! Кач!» — деп кыйкырып ойгончу. Андайда көл-шал болуп тердеп чыгар эле. Бүгүнкү күндө болсо ал Кудайга жаккыдай жашоо өткөрүүдө. Убакыттын өтүшү менен ага жаман түштөр да көп кирбей калган.

6. Бир ишенимдешибиз эмоциялык жактан кандай кыйынчылыктарга дуушар болгон?

6 Ал эми башка бир ишенимдешибиз биополярдык бузулуу деген оору менен ооругандыктан, ага үйдөн үйгө кабар айтуу оңойго турчу эмес. Ошентсе да ал кызматын уланта берген, анткени бул өзүнө да, кабарды жакшы кабыл алгандарга да зор пайда алып келерин түшүнчү (1 Тиметейге 4:16). Кээде ага эшиктин коңгуроосун басуу үчүн өзүн мажбурлоого туура келчү. Ал мындай дейт: «Андайда болгон күчүмдү жыйнап, өзүмдү колго алып, кийинки эшиктин коңгуроосун басууга кайрадан аракет кылчумун. Кабар айтууну токтотпогонумдун аркасында рухий жактан бекем бойдон кала алдым». Ал ишенимдешибиз үчүн жыйналыш жолугушууларына баруу да оңой эмес. Бирок рухий биртуугандар менен пикирлешүү канчалык баалуу экенин жакшы түшүнгөндүктөн ал жыйналыштарга үзгүлтүксүз барууга аракет кылат (Эврейлерге 10:24, 25).

7. Айрымдар жыйналышка баруудан жана эл алдында сүйлөөдөн коркушса да, кандайча туруктуулук көрсөтүүдө?

7 Ыйсанын айрым жолдоочулары болсо фобия, башкача айтканда, кандайдыр бир жагдайлардан же нерселерден коркуу сезими менен күрөшүүдө. Алсак, алар эл алдында сүйлөөдөн, атүгүл жыйналышка баруудан коркушат. Андай кишилерге жыйналыштан жооп берүү же Теократиялык кызмат мектебинен тапшырма аткаруу канчалык кыйын экенин элестетип көрсөңөр! Ошого карабай алар туруктуулук көрсөтүүдө. Алардын жыйналышка келип, ага катышып жатканы абдан баалуу.

8. Эмоциялык кыйынчылыктарды жеңүүгө өзгөчө эмне жардам берет?

8 Эмоциялык кыйынчылыктарды жеңүүгө жетиштүү эс алуу жана уктоо жардам берет. Ошондой эле медициналык жардам алуу талап кылынышы мүмкүн. Бирок андайда Кудайга тиленип, ага таянуу өзгөчө натыйжалуу болот. «Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттүү адамдын олку-солку болуусуна эч качан жол бербейт»,— делет Забур 54:23тө. Андыктан «бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн» (Накыл сөздөр 3:5, 6).

Оор жоготууга карабай

9—11. а) Жакыныбыздан айрылганда чыдоого эмне күч берет? б) Аннанын үлгүсү оор жоготууга учурагандарга кандайча жардам берет?

9 Өлүмдүн айынан жакынынан айрылгандар терең кайгыга батышы мүмкүн. Маселен, Ыбрайым сүйүктүү аялын жоктоп, катуу кайгырып, ыйлаган (Башталыш 23:2). Атүгүл жеткилең адам, Ыйса да, досу Лазар өлгөндө «көзүнө жаш алган» (Жакан 11:35). Чынында, жакыныңан айрылганда күйүт тартуу табигый нерсе. Бирок Ыйсанын жолдоочулары тирилүү болорун билишет (Элчилер 24:15). Ошондуктан алар «үмүтсүз адамдарга окшоп кайгырышпайт» (1 Тесалоникалыктарга 4:13).

10 Оор жоготууга учураганда эмне жардам берет? Төмөнкү мисалдын үстүнөн ой жүгүртүү пайдалуу болушу ыктымал. Жакын досуң алыс жакка кетсе, ага катуу кайгырбайсың. Анткени анын кайтып келерин жана кайра көрүшөрүңөрдү билесиң. Ошо сыяктуу эле берилгендигин сактаган ишенимдешибиздин өлүмүнө карата ушундай көзкарашта болсок, алда канча жеңилирээк болот, анткени анын тирилүүгө үмүтү бар экенин билебиз (Насаатчы 7:1).

11 «Сооронуунун булагы болгон Кудайга» толугу менен таянуу оор жоготууга учурагандарга көмөк кылат (2 Корунттуктарга 1:3, 4). Биринчи кылымда жашаган жесир аял Анна жөнүндө ой жүгүртүү да пайдалуу болушу мүмкүн. Турмушка чыкканына жети эле жыл болгондо ал күйөөсүнөн айрылып калган. Ал 84кө чыкканда да, Жахабага ийбадатканада ыйык кызмат кылчу (Лука 2:36—38). Албетте, анын Кудайга берилгендик менен кызмат кылганы жүрөгүндөгү кайгысы жана жалгыздык менен күрөшүүгө жардам берген. Анын сыңарындай, Падышалыктын иштерине, анын ичинде кабар айтуу кызматына үзгүлтүксүз катышуу жакынын жоготуп, күйүт тарткандарга чыдоого күч берет.

Башка кыйынчылыктарга карабай

12. Айрым ишенимдештерибиз үйбүлөдө кандай кыйынчылыктарга дуушар болууда?

12 Ыйсанын кээ бир жолдоочулары үйбүлөлүк жашоого байланыштуу кыйынчылыктар менен күрөшүүдө. Мисалы, жубайлардын бири ойноштук кылса, үйбүлө үчүн бул кандай гана залакалуу! Ушунчалык катуу кайгыргандыктан күнөөлүү эмес жубайы далай көз жаш төгүп, уйкусу да качышы ыктымал. Ал үчүн жөнөкөй эле нерселерди кылуу да кыйын болуп, көп нерселерди туура эмес кылышы мүмкүн. Андан сырткары, жүрөгүнө тамак баспай, арыктап, эмоциялык абалы начарлашы ыктымал. Андай кишиге кабар айтуу ишине катышуу да оңойго турбай калат. Ал эми балдардын канчалык жабыркаары айтпаса да түшүнүктүү.

13, 14. а) Сулаймандын ийбадаткананы арноо аземиндеги тиленүүсүнөн кандай бекемдөө алдыңар? б) Эмне үчүн ыйык рух сурап тиленебиз?

13 Ушуга окшогон кыйынчылыктарга кабылганыбызда, Жахаба бизге зарыл болгон жардамды берет (Забур 93:19). Сулаймандын Жахабанын ийбадатканасын арноо аземинде тиленгенинен Кудай өз элинин тиленүүсүн угарын көрүүгө болот. Ал мындай деп тиленген: «Өз элиң Ысрайылдын ичинен кайсы бир адам сыйынып, жалынганда, алар алааматты жүрөгү менен сезип, ушул ийбадатканага колун сунушканда, Сен асмандан — Өзүң жашаган жайдан угуп, ырайым кыл. Алардын жүрөгүн карап көрүп, ар кимге өз жолуна жараша тиешесин бер, анткени адам баласынын жүрөгүн бир гана Сен билесиң. Сен Өзүң ата-бабаларыбызга берген жерде жашап жатканда, алар бардык убактарда Сенден коркушу үчүн ушундай кыл» (1 Падышалар 8:38—40).

14 Кудайдан ыйык рух сурап тиленүү өзгөчө жардам берет (Матай 7:7—11). Анткени ыйык рухтун жемишине кубаныч, тынчтык жана башка ушу сыяктуу сапаттар кирет (Галатиялыктарга 5:22, 23). Асмандагы Атабыздын тиленүүлөрүбүздү угарын билүү кандай гана жубатат: жүрөгүбүздөгү азап-кайгынын ордуна кубаныч жана тынчтык орнойт!

15. Тынчсыздана бербөөгө кайсы аяттар жардам берет?

15 Оор жагдайларга туш болгондо, албетте, тынчсызданбай койбойбуз. Бирок Ыйсанын төмөнкү сөздөрүн көңүлгө алсак, көп сарсанаа болбойбуз. Ал мындай деген: «„Эмне ичип, эмне жейбиз?“ — деп, жаныңар үчүн; “Эмне киебиз?“ — деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла... Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет» (Матай 6:25, 33, 34). Элчи Петир болсо: «Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт»,— деген (1 Петир 5:6, 7). Албетте, көйгөйлөрүбүздү чечүүгө аракет кылышыбыз керек. Бирок колубуздан келгендин баарын кылгандан кийин ашыкча тынчсыздана берүүнүн ордуна, Кудайга тиленгенибизди уланта беришибиз зарыл. Забурчу: «Теңирге өз жолуңду тапшыр, Ага таян, ошондо Ал ишке ашырат»,— деген (Забур 36:5).

16, 17. а) Эмне үчүн эч нерсеге тынчсызданбай жашоо мүмкүн эмес? б) Филипиликтерге 4:6, 7де айтылгандарды колдонсок, эмнеге ээ болобуз?

16 Пабыл мындай деп жазган: «Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла. Ошондо Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Машайак Ыйса аркылуу сактайт» (Филипиликтерге 4:6, 7). Адам атанын жеткилеңсиз урпактары эч нерсеге тынчсызданбай жашай албаары чын (Римдиктерге 5:12). Мисалы, Эйсаптын хеттик аялдары анын Кудайдан корккон ата-энеси «Ыскак менен Ребеканын башына түшкөн кайгы болгон» (Башталыш 26:34, 35). Тиметей жана Трофим болсо, сыягы, оорунун айынан кыйналышкан (1 Тиметейге 5:23; 2 Тиметейге 4:20). Ал эми Пабыл ишенимдештери үчүн тынчсызданган (2 Корунттуктарга 11:28). Бирок «тиленүүнү Угуучу» аны сүйгөндөргө ар дайым жакын (Забур 64:3, «ЖД»).

17 Жахабанын күнү келгиче, «тынчтыктын булагы болгон Кудай» бизди бекемдеп, жубатууда (Филипиликтерге 4:9). Жахаба «ырайымдуу, чыдамдуу... Кудай», ал «боорукер», ошондой эле «биздин топурак экенибизди билет» (Чыгуу 34:6; Забур 85:5; 102:13, 14). Андыктан, келгиле, каалоолорубузду «Кудайга айталы», ошондо «Кудайдын... тынчтыгына» — адамдын акылы жеткис бейкуттукка — ээ болобуз.

18. Аюб 42:5ке ылайык, Кудайды кандайча «көрө алабыз»?

18 Тиленүүлөрүбүзгө жооп алганда Кудай биз менен экенин сезебиз. Аюб кыйынчылыктарды башынан өткөргөндөн кийин: «Мен Сен [Жахаба] жөнүндө ушуга чейин кулагым менен уккам, азыр болсо Сени өз көзүм менен көрүп турам»,— деп айткан (Аюб 42:5). Кудайдын бизге кылган мамилесин ишеним көздөрү менен көрүп, ал жөнүндө ой жүгүртө алабыз. Анын аркасында Кудай тууралуу түшүнүгүбүз жана ага болгон ыраазычылыгыбыз тереңдегендиктен, аны даанараак «көрө алабыз». Кудай менен ушундай жакын мамиледе болуу жандүйнө бейкуттугуна ээ кылат.

19. Түйшүктөрүбүздү Жахабага тапшырсак, өзүбүздү кандай сезебиз?

19 Эгер бардык түйшүктөрүбүздү Жахабага тапшырсак, жандүйнөбүздө тынчтык орноп, кыйынчылыктарды жеңе алабыз. Жүрөгүбүздүн түпкүрүндө коркунуч, кооптонуу болбойт. Ашыкча тынчсызданып, сарсанаага да батпайбыз.

20, 21. а) Степан менен болгон окуядан куугунтук учурунда жүрөктөгү тынчтыкты жоготпоо мүмкүн экени кандайча көрүнүп турат? б) Кыйынчылыктарга дуушар болгондо жандүйнө бейкуттугуна ээ болгондорду мисал келтир.

20 Ишеними катуу сыналып жатканда да Ыйсанын жолдоочусу Степандын жандүйнөсүндө тынчтык өкүм сүргөн. Акыркы жолу күбөлөндүрүү берердин алдында Синедриондогулардын баары «анын жүзү периштенин жүзүндөй жаркырап турганын» көрүшкөн (Элчилер 6:15). Анын жүзүндө периштеникиндей болуп, эч кандай коркунуч жок эле. Степан Синедриондогулардын Ыйсанын өлүмүнө айыптуу экенин ачык айтканда, алар «ага кыжырданып, тиштерин кычыратышкан». «Ыйык Рухка толгон Степан болсо асманга көз жиберип, Кудайдын даңкын жана Кудайдын оң жагында турган Ыйсаны көрөт». Аян алгандан кийин Степан аябай бекемделип, өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүүлүгүн сактаган (Элчилер 7:52—60). Биз бүгүн аян албасак да, куугунтукка дуушар болгондо Кудай жандүйнө тынчтыгын берет.

21 Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттердин колунан жапа чеккен айрым ишенимдештерибиздин мисалын карап көрөлү. Алардын бири сот учурунда кандай сезимде болгону тууралуу мындай деген: «Мага өлүм өкүмү чыгарылды. Аны уккандан кийин өзүмө: „Акырына чейин ишенимдүү бойдон кал“,— дедим да, Теңирибиздин айткан сөздөрүнүн кээ бирлерин кайталадым. Бүттү, сыноо аяктады... Бирок азыркы абалымды, жандүйнөмдөгү тынчтыкты элестете да албайсыңар!» Ал эми башы алынган бир жаш ишенимдешибиз ата-энесине: «Түн ортосунан ооп калды. Чечимимди азыр деле өзгөртсөм болот. Бирок Теңирибизден баш тартып, бул дүйнөдө бактылуу боло алат белем?! Эч качан! Азыр өлүм алдында турсам дагы, бактылуу экениме жана жүрөгүм тынч экенине шектенбесеңер болот»,— деп жазган. Ооба, Жахаба өзүнүн берилген кызматчыларын колдооруна бекем ишене алабыз.

Чыдай аласыңар!

22, 23. Жахабанын күнүн чыдамкайлык менен күтүп жатып, эмнеге шектенбесек болот?

22 Балким, силер жогоруда айтылгандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан жоксуңар. Анткен менен Кудайдан корккон Аюбдун: «Аялдан туулган адамдын өмүрү кыска жана азапка толгон»,— деп айткан сөздөрүндө калет жок (Аюб 14:1). Эгер балдарыңарды Ыйык Китептин негизинде тарбиялоого умтулуп жаткан ата-эне болсоңор, балдарыңар мектепте ар кандай сыноолорго кабылып жатышы мүмкүн. Бирок алар Жахабага жана анын адил принциптерине берилгендик көрсөтсө, бул силерди, албетте, кубандырбай койбойт! Же болбосо, иштеген жериңерде кыйынчылыктар же азгырыктар болушу ыктымал. Ушундай жана башка жагдайларда чыдамкайлык көрсөтө алабыз, анткени Жахаба бизди бардык кыйынчылыктарыбыздан куткарат (Забур 67:20, «ЖД»).

23 Сен өзүңдү башкалардан эч деле айырмаланбаган адам катары эсептешиң мүмкүн, бирок Жахаба сенин эмгегиңди жана анын ысмы үчүн көрсөткөн сүйүүңдү эч качан унутпаарын эсиңден чыгарба (Эврейлерге 6:10). Анын жардамы менен сыноолорду жеңе аласың. Кудайдын эркин аткаруу жашооңдо биринчи орунда турсун. Ал жөнүндө тилен. Ошондо Жахабанын күнүн чыдамкайлык менен күтүп жатып, анын баталарына жана колдоосуна сөзсүз ээ болосуң.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Ыйсанын жолдоочуларына эмне үчүн чыдамкайлык керек?

• Ооруну жана оор жоготууну көтөрүүгө эмне жардам берет?

• Кыйынчылыктарга туруштук берүүгө тиленүү кандайча жардам берет?

• Жахабанын күнүн эмне үчүн чыдамкайлык менен күтө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги сүрөт]

Ишенимибиз сыналганда жалындуу тиленүү жардам берет